8 мая, 2024

Ош шаарында курулуп жаткан 14 көп кабаттуу турак-жайдын курулушка уруксат документтери толук эмес

Ош шаарынын аймагында 2017-жылдан тартып бүгүнкү күнгө карата жалпы 141 көп кабаттуу турак-жайдын курулушу жүргүзүлгөн. Алардын ичинен аталган мөөнөттө 40 көп кабаттуу турак үйлөрдүн курулушу бүтүп, тийиштүү органдар тарабынан расмий  пайдаланууга (эксплуатациялоо) берилип, 8 көп кабаттуу турак-үйлөрдүн курулушу бүтүп, бирок пайдаланууга бериле элек.

Ал эми учурда 90 көп кабаттуу турак-жайлар курулуп жатат,3 көп кабаттуу турак-жайлардын курулушу баштала элек.

Жогорудагы курулуштарга карата Ош шаардык прокуратурасы тарабынан жүргүзүлгөн текшерүүлөрдүн жыйынтыгы менен 2017-жылдан тартып 2022-жылга чейин жалпысынан 23 курулушка карата 23 кылмыш иш козголуп, анын ичинен 4 кылмыш иштин тергөөсү токтотулуп,  19 кылмыш иш өндүрүштөн кыскартылган.

Ал эми 2022-жылы жана 2023-жылдын 1- кварталында мыйзамсыз курулуштар боюнча 16 кылмыш иш козголуп, анын ичинен 11 кылмыш иштердин тергөөсү аяктап, 10 кылмыш иш соттук кароого жиберилип, 1 кылмыш иш Кыргыз Республикасынын КЖПКнын 27-бер. 1-б. 7-п. негизинде кыскартылып, 2 кылмыш иштин тергөөсү соттук курулуш экспертизалар дайындалгандыгына байланыштуу токтотулуп, 3 кылмыш иш тергөө стадиясында турат.

Андан сырткары, үстүбүздөгү жылдын 1-кварталында сот органдарынын архитектуралык иш кагаздарды берүүнү милдеттендирүү боюнча чечимдеринин негизинде уруксат иш кагаздары берилип кеткен жалпы 12 курулуштун мыйзамдуулугу каралып, ал курулуштар дагы өз учурунда мамлекеттик архитектуралык контролго алынбай башталгандыктан, аталган фактылар кылмыштардын бирдиктүү реестри автоматташтырылган маалымат системасынын маалыматтарды каттоо журналына катталып,  курулуштун сапатын аныктоо үчүн соттук-курулуш экспертизалар дайындалып, кароо мөөнөтү келип калгандыгына байланыштуу кылмыш иш козгоодон баш тартуу чечимдери кабыл алынган.

Бүгүкү күндө жогорудагы курулуштардын ичинен 14 көп кабаттуу турак-жайдын эч кандай курулушка уруксат документтери алынбай, курулуштары жүргүзүлүп жаткандыктан өз учурунда курулушту көзөмөлдөө органы тарабынан Кыргыз Республикасынын Укук бузуулар кодексинин негизинде укук бузуу иштерин козгоо менен курулуштарды токтотуу жана курулушту бузуу менен баштапкы абалга алып келүү жөнүндө доо арыздар келтирилип, бирок соттордун тийиштүү аныктамалары менен документтер толук эмес жана мамлекеттик төлөм төлөнбөгөн деген негиздер менен кайра арыз ээсине кайтарып жибергендиктен Ош шаардык прокуратурасы тарабынан доо арыздарды келтирүү жөнүндө сунуштамалар келтирилип, бүгүнкү күндө көзөмөлгө алынган.

Ошондой эле бүгүнкү күндө жогорудагы бардык көп кабаттуу турак-жайлар толугу менен инвентаризациядан өткөрүлүп, тийиштүү карта, схемалары, ар бирине өзүнчө папкалар ачылып, анын алкагында бүгүнү күндө ар бир көп кабаттуу турак-жайдын мыйзамдуулугу текшерүүгө алынып, анын алкагында мыйзамдуу чечимдер кабыл алынууда.

Ош шаарынын прокуратурасынын

коррупцияга каршы аракеттенүү жана

мыйзамдардын аткарылышын көзөмөлдөө

бөлүмүнүн прокурору                                                                   К.Олжобаев