16 апреля, 2024

“60 КYНДYН ИЧИНДЕ КЕМЧИЛИКТЕРДИ ЖОЮУ ТАПШЫРМАСЫ БЕРИЛДИ”

Ɵткɵн жылы мурунку мэр Алмаз Мамбетов тротуар жылы деп жарыялап, шаардын негизги кɵчɵлɵрʏндɵгʏ тротуарлар жаңыланып, таштамандар эмес, кɵп жылдык болсун деп асфальт тɵшɵлгɵн эле. Курулуштар кээ бир кɵчɵлɵрдɵ ɵткɵн жылы эле аягына чыкса, айрымдарында быйыл аяктоо алдында турат. Ош шаардык Кеңешинин ɵткɵн сессиясында тротуарлардын сапаты боюнча маселе кɵтɵрʏлʏп, анда депутаттык комиссия тʏзʏʏ сунушу колдоо тапкан. Ал убактылуу комиссиянын 18-майда отуруму болуп ɵттʏ. Комиссиянын чечими, отурумдун жыйынтыгы тууралуу тɵмɵндɵ кеп кылабыз.

“Сапатсыз курулган жерлерди кайра жасоо тапшырмасы берилди”

Убактылуу тʏзʏлгɵн комиссия 2022-жылы жаңы курулган тротуарлардын сапатын жеринен текшерʏʏ жыйынтыгын карап жана талкуулап, ошондой эле отурумдун жʏрʏшʏндɵ депутаттар тарабынан айтылган сунуштарды эске алып, кɵпчʏлʏк кɵчɵлɵрдʏн тротуарлары канаатандыраарлык эмес деп тапкан. Бул тууралуу комиссиянын тɵрагасы Мирбек Маматов билдирди:

— Эки жумадан бери жаңы курулган тротуарлардын баарын текшерип жатабыз. Текшерʏʏнʏн жыйынтыгына ылайык, кээ бир кɵчɵлɵрдʏн 60%ы, айрымдарынын 15-50%ы жараксыз болуп чыкты. Ал жерлерге кайрадан асфальт басуу керек. Ошолордун баарын протоколдоштуруп, чогулуш ɵткɵргɵнбʏз. Жараксыз, сапатсыз жолдорду калыбына келтирʏʏ ʏчʏн муниципалдык жолдор башкармалыгы 60 кʏн сурап жатат. 60 кʏндʏн ичинде кемчиликтер жоюлуп, жараксыз жерлерине кайрадан асфальт басыларын убадалашууда. Эгер белгиленген мɵɵнɵттɵ бул иштер аткарылбаса, шаардык Кеңештин кезектеги сессиясында Ош шаардык жолдор башкармалыгынын ишмердʏʏлʏгʏн карайбыз. Негизгиси бул жолдорду аталган башкармалык куруучулардан (подрядчиктерден) ɵздɵрʏнɵ ɵткɵрʏп ала элек экен. Биздин протоколдордун негизинде сапатсыз курулган жерлерди кайра жасоо тапшырмасы берилди.

Болот Баетов, Ош шаардык Кеңешинин депутаты, комиссиянын мʏчɵсʏ:

 “ЭЛДИН КАРАЖАТЫН МАКСАТТУУ ПАЙДАЛАНУУ КЕРЕК”

-Тротуарлардын жараксыз жерлери да бар экени байкалды. Жарака кетип, чɵптɵр ɵскɵн, бордюрлар коюлган эмес, калыңдыгы жакшы каралбаган жерлер бар. Жолдор сапатсыз басылган. Кайра башынан куруу керек. Мамлекеттин акчасы бул — элдин акчасы, аны максаттуу пайдалануу кажет. Тротуарлар бир жылга жетпей, 6 айда эле талкаланып калууда. Жолдордун ɵзʏнʏн экспулатациялык мɵɵнɵтʏ бар да. Жок дегенде 5 же 10 жыл турушу керек. Маселен, 2000-жылдары курулуп, азыркы кʏнгɵ чейин сапатын жоготпой турган тротуарлар бар. Жаңы тротуарлар да жок эле дегенде ошондой мɵɵнɵттɵ пайдаланууда болуусу керек.

Бизге маалым болгондой, тротуарларды куруу ʏчʏн тендерге 20га жакын ЖЧК катышкан экен. Жолдорду курган атайы техникалар болот эмеспи, айрым жерлерди жɵнɵкɵй эле экскаватор менен тегиздетип койгон жайлар да кездешет. Техникалык кɵзɵмɵлдʏн аны эмнеге убагында текшербегени дагы бʏдɵмʏк бойдон калууда. Асфальтка чɵп чыгып кетет деген уят. 

Нурислом Каримов, Ош шаарынын депутаты:

“ШААРДЫК БЮДЖЕТТЕН ЖЕТИ, РЕСПУБЛИКАЛЫК КАЗЫНАДАН 11 КƟЧƟ ЖАСАЛГАН”

-Ош шаардык Кеңешинин ушул жылдын 17-апрелиндеги тескемесинин негизинде тʏзʏлгɵн шаардык Кеңештин депутаттарынан тʏзʏлгɵн комиссия жана мэриянын ɵкʏлдɵрʏ курулуш жʏргɵн тиешелʏʏ кɵчɵлɵрдʏ карап, ɵз жыйынтыгын чыгарды. Жергиликтʏʏ бюджеттен ɵткɵн жылы тротуар куруу ʏчʏн 30 млн. сом каралган болчу. Ал жети кɵчɵгɵ жумшалган, ошол кɵчɵлɵр текшерилди. Ошондой эле республикалык бюджеттен 150 млн. сом бɵлʏнгɵн эле. Ага 11 кɵчɵ жасалган. Бизге Масалиев проспектисинин (Масалиевдин айкелине чейин) аралыктагы тротуардын тегиздиги жана бекемдиги кʏмɵн жаратты. Анткени аялдаманын жана таштанды таштоочу жайдын жанында болжолдуу 5м2 сапатсыз курулган. Коомдук аялдаманын жанында курулган киоскалар турган жайларда тротуарлар 1 метрге жакын киргизилип жасалган. Шамшиев кɵчɵсʏнɵн, Нурматов кɵчɵсʏнɵ чейинки тротуарлардын чыгыш тарабы 60% сапатсыз аткарылган деп табылып, протоколдук тапшырмалар берилди. Буюрса, тиешелʏʏ тарап ɵз жоопкерчилигине алып, белгиленген убакытта бʏтʏрʏʏнʏ колго аларын убадалады.     

Алтынбек Пирматов, Ош шаардык мэриясынын шаар куруу жана муниципалдык менчик бɵлʏмʏнʏн башчысы:

“МЭР ƟЗY ДА ТААНЫШЫП ЧЫККАН”

-Бʏгʏн курулган тротуарлардын кабыл алуу боло элек. Курулуш дале жʏрʏп жатат. Кышында сапаты бузулат деп курулушту токтоткон элек. Бʏгʏн аягына чыгышын кʏтʏʏдɵбʏз. Калаа башчысы ɵзʏ да жеринен кыдырып, тротаурлардын сапатына кʏбɵ болуп келген. Депутаттык комиссия текшергенге чейин мэрия да сапатсыз курулган жайларды тактап, талапка жооп бербегендерин башкадан жасалсын деп жолдор башкармалыгына эскертʏʏ берген.

Ошондой эле курулуш иштери жʏрʏп жатканда керектʏʏ деңгээлде чара кɵрбɵгɵндʏгʏ ʏчʏн жолдор башкармалыгынын ар бир кɵчɵдɵгʏ тротуарга жооптуу болгон кызматкерлерине тартиптик чара кɵрʏʏ боюнча тапшырма берилди. 1-августка чейин бʏт кемчиликтерди жоюу боюнча жолдор башкармалыгынын жетекчиси милдеттенме алды.

Ал эми Ош шаардык жолдор башкармалыгынын башчысы Арзыбек Жунусов тартиптик чара кɵрʏʏ сунушу берилип жаткан кызматкерлерге мекемеде отурум ɵткɵрʏлгɵндɵн кийин кандай чара кɵрʏлɵрʏ тууралуу белгилʏʏ болорун билдирди.

Жумагʏл Кочкорбай кызы