27 апреля, 2024

Инструктор: “40 жыл автобус айдап, кийин инструктор болдум”

Унааны мыкты айдоо да ɵзʏнчɵ бир жɵндɵм. Адамдын жʏрʏм-турумунан анын кандай экенин оңой эле ажыраткан сыяктуу, унаа башкаруу да башка айдоочуларга сен жɵнʏндɵ кɵп нерсени ачыктап коёт. Эл суктанган айдоочу болуу ʏчʏн алгач инструктор агай-эжейлерди жакшылап тыңдап, ʏйрɵткɵн эрежелерин акылга тʏйʏп алуу зарыл. “Кесип” рубрикасынын кезектеги коноктору КРнын спорттук техникалык коргонуу уюмунун Оштогу бириккен техникалык мектебинин инструкторлору.

Мухамаджан Усманов, инструктор:

“Автобусту ʏйрɵнʏʏ ʏчʏн кеминде 4 жыл тажрыйба керек”

-Бул автомектепте D категориясы боюнча окуп жаткан балдардын практикалык окутуучусумун. Тагырагы, аларга автобус, кичи автобус айдаганды ʏйрɵтɵм. Автобус айдоо албетте, оңой эмес. Ошондуктан бул категорияны алганга чейин айдоочунун В, С, С1 категориялары боюнча кеминде тɵрт жылдык тажрыйбасы болуусу керек. Адегенде окуучулар кичи автобусту шаар ичинде айдашат. Аялдамаларга токтоону, жʏргʏнчʏ отурганда гана кыймылды улап кетʏʏнʏ ʏйрɵнʏшɵт. Кичи автобустун узундугу 5 метр, ал эми чоң автобустун узундугу 12 метр. Мына экɵɵнʏн ортосундагы айырма кыйла чоң. Дароо чоң автобуска отургузбоонун себеби да ошол. Мисалы, айдоочу автобусту буруп жатканда жолдун кеңдигин кɵз ɵлчɵмдɵ байкап, бурулуштун эсебин ала билсе капталдагы унааларды кошо илип кетпей, туура бурулат.

“55 жылдан бери ушул тармакта жʏрɵм”

-Жʏргʏнчʏлɵрдʏ ташуу автобазасында 40 жыл автобус айдап иштедим. Андан кийин автомектепте инструкторлук кызматты аркалап, бʏгʏнкʏ кʏнгɵ чейин иштеп келе жатам. Дээрлик 55 жылдан бери ушул тармакта жʏрɵм. Иш албетте, оңой эмес. Инструктордун алдында бир аз ыңгайсыз болушабы, айтор кээде 4 жылдык тажрыйбасы бар айдоочу деле адашат. Окуучулардын ар бирине «токто, бурулуш белгилерин унутпай кʏйгʏз, кʏзгʏгɵ кара» деген сɵздɵрдʏ кайталап отуруп эле чарчайбыз. Окуучу адашкан учурда эч качан урушпаганга аракет кылабыз. Анткени адам ар бир иште ката кетирет, унаа деле ошондой, ар бир ката тажрыйба алууга себеп болот. Эгер катуу айтып, урушчу болсоң рулдагы курсанттын ою ого бетер бɵлʏнʏп, стресс абалга кептелет да мурункудан да чоң каталарды жасап коюшу мʏмкʏн. Окуучулар автобусту бир кʏндɵ 2 саат гана айдоого уруксат. Андан ашыкча болсо чарчап калышат. Ошентип унааны айдап чыгуу графигин туура бɵлʏштʏрʏп отуруп, D категориясындагылар сынакка чейин 25 саат практика кылышат.

Мамлакатхан Азамхожаева, инструктор:

“Унааны тʏз жолдо гана айдата берсең окуучу эч нерсени ʏйрɵнбɵйт”

-Унаага отурардан мурда балдарыбыздан медициналык кароодон ɵткɵн кагазын жана кайсы тайпада окуганын сурайбыз. Унааны айдап чыгардан мурда ар бир окуучу теорияны билʏʏсʏ керек. Теория менен практика айкалышып турса эң сонун жыйынтык болот. Эгер унааны эң мыкты айдаган менен жол белгилерин билбей калуу эң кооптуу болуп эсептелет. Курсант рулга отурары менен отургучту ɵзʏнɵ ыңгайлап жылдырууну, рулду туура кармоону, курду унутпай тагууну эскертебиз. Учурда аялдарга гана В категориясы боюнча унаа башкарууну ʏйрɵтʏп келем. Эскерте кетʏʏчʏ нерсе, айрыкча артка жʏрʏʏнʏ, кʏзгʏлɵр менен иштей билʏʏнʏ, унааны башка унаалардын катарына коюп, кайра алып чыгып кетʏʏнʏ жакшылап ʏйрɵтʏʏ керек. Курсанттардын кɵпчʏлʏгʏ ушул жагдайларда кыйналышат. Тʏз жолдо айдата берсең окуучу эч нерсени ʏйрɵнбɵйт. Унааны кадимкидей токтотуп, суусун, майын кандай алмаштырат, бензинди кандай куюу керек, жол белгилер эмнени тʏшʏндʏрɵт, ушунун баарысын  ʏйрɵтɵ кетʏʏ милдетибиз. 

“Азыркы жаштардын мээнетин баалайм”

-Бир кʏндɵ беш-алты ирет окуучуларды унаа айдоого алып чыгам. Мени шаар ичинде бараткандагы бир нерсе капа кылат, эреже бузган айдоочулар ушунчалык кɵп. Бурулуу белгилерин кʏйгʏзбɵй бурулушат же линия алмаштырышат. Жол чырагында кызыл кʏйʏп турганына карабай газды баскан бойдон кетип калышат. Ар бир айдоочу жоопкерчиликти сезип, ɵзʏнʏн да, ɵзгɵлɵрдʏн да ɵмʏрʏнɵ коркунуч жаратуудан алыс болушса. Айдоочулук кʏбɵлʏк алууга келип жаткан азыркы жаштардын мээнетин айта кетпесе болбойт. Алар ушунчалык аракет кылып жатышат. Кʏн сайын сабакты калтырбай, убагында келип, тапшырмаларды аткарышат.

“Тормозду теп десең газды тээп…”

-Ишке келген алгачкы жылдары кыйналган учурларым болду. Балдарга унаа айдоону ʏйрɵтʏʏ чоң мээнетти талап кылат экен. Айрымдары «силерге келбей эле айдоочулук кʏбɵлʏк алып алсам болчу экен» деп айтышчу. Окубай эле ала беришет турбайбы деп аябай таң калгамын. Иштебей эле койсомбу деп кɵпкɵ чейин ойлонуп жʏрдʏм. Бирок, тагдырыма ушул кесип жазылган экен, 13 жылдан бери инструктормун. Кесибим ɵзʏмɵ жагат. Ошондуктан айрым кыйынчылыктарга кɵз жумуп иштейбиз. Тормозду теп десең газды тээп жиберген окуучулар кɵп эле болот. Кандай гана жагдай болбосун сылык айтып ʏйрɵтɵбʏз. Окуучубуз унааны мыкты ɵздɵштʏрʏп алса биздин утук ошол. Кубантарлыгы, акыркы 5-6 жылдан бери элдин тʏшʏнʏгʏ кеңейип, айдоочулук кʏбɵлʏктʏ сɵзсʏз окуп алууга ɵтʏштʏ. Айдоочулукка кызыккан аялдарды кʏйɵɵлɵрʏ, кайнатасы же кайненелери алып келип жатышат. Аялдарга жакындары, кайын журту тарабынан ушундай колдоолор кɵрсɵтʏлʏп жатканы да ɵзʏнчɵ мактоого арзыйт.

Мурат Собиров, инструктор:

“Кыз-келиндер унаа башкарууну бат ɵздɵштʏрʏп жатышат”

-2019-жылдан бери инструктор кесибин аркалап келе жатам. 1988-жылы автожол техникумун аяктадым. Кичинекей кезимен эле автомобилге абдан кызыкчумун. Ошол кызуугум жыл ɵтʏп менин инструктор болушума себеп болду. Учурда В категориясы боюнча 17 жаштан жогорку, ВС категориясына 18 жаштан жогорку окуучуларга унаа башкарууну окутуп келем. Болжол менен бир айда 15тен 30га чейинки курсант билим алып чыгат. Жеңил унааны окутуу программасы эки жарым айга тʏзʏлгɵн. Экзаменге чейин окуучулар 30 жолу унаа башкарууга чыгышы керек. Жʏк ташуучу унааны ʏйрɵнʏп жаткан болсо 50 жолу практика кылат. Учурда кыз-келиндер аябай активдʏʏ окуп, теорияны да, унаа айдоону да ɵтɵ бат ɵздɵштʏрʏп жатышат. Муну менен сыймыктанабыз.

“ʏч педалды кɵрʏп таң калган окуучулар болот”

-Бир ирет жаш кыз В категориясы боюнча унаа айдап чыгып калды. Автомектепке киргенден бери алгачкы ирет чыгышы экен. Бир убакта тʏшʏнбɵй карап туруп, “машина айдаганды ʏйрɵнɵм деп ʏйдɵгʏ машинабызды айдап турчу элем. Анын эки эле педалы бар болчу, мында ʏчɵɵ турбайбы” деп таң калып жʏрɵт. Аларды да туура тʏшʏнʏʏ керек, бизде механикалык башкаруудагы унаалар гана ʏйрɵтʏлɵт эмеспи.

Айдоочулук кʏбɵлʏктʏн категорияларынын негизги классификацияларын билип алыңыз!

А – мотоциклдин кыймылдаткычынын кубуна, кубаттуулугуна, каптал тʏрʏндɵгʏ жабдууларына карабастан айдоого мʏмкʏндʏк берет.

В – эң популярдуу категория. Массасы 3,5 тоннадан ашпаган автоунааны жана массасы 750 килограммдан ашпаган чиркегичи (прицеп) менен башкарууга мʏмкʏндʏк берет.

С – максималдуу массасы 3,5 тоннадан ашкан жʏк ташуучу унааларды айдоого арналган.

D – автобустун тʏрлɵрʏ ʏчʏн.

М – мопеддер ʏчʏн.

Tb же Tm – троллейбус айдоочусу болом десеңиз (Тб), трамвай айдоочусу болом десеңиз (Тм) категориясын ыйгарышат. Эскерте кетчʏ жагдай, категориялардын цифра менен белгиленген тʏрлɵрʏ бар. Аны ɵзʏнчɵ сɵз кылууга туура келет.

Айжылдыз Тойчиева