20 апреля, 2024

Кыргызда каймана сɵздʏн касиети кʏч

Баш сɵз ордуна

Президенттин «Инсандын руханий адеп-ахлактык ɵнʏгʏʏсʏ жана дене тарбиясы», «Улуттук нарк» жɵнʏндɵгʏ жарлыгы ɵз учурунда чыкпадыбы. Мунун алкагында ɵлкɵбʏздɵ бир топ жакшы иштер жасалууда. Алсак  Ош шаардык жаштар иштери боюнча комитетинин демилгеси, Ош шаарынын мэриясынын колдоосунда ɵткɵн жолу жаштар форуму уюштурулду. 

“Баса белгилɵɵчʏ жагдай, бул иш-чаранын негизги кʏнɵɵкɵрлɵрʏ шаарыбыздын активдʏʏ жаштары болду. Мына ушул жаштарыбыздын ɵтʏнʏчʏн Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик катчысы Касмамбетов Сʏйʏнбек Сапарбекович кабыл алып, ушул шарапат менен келип кетти. Ош шаарынын мэриясына караштуу жаштар иштери боюнча комитетинин негизги максат, милдети да ушул. Жаш муундун руханий адеп-ахлактык тарбиясын калыптандыруу, жаштарды улутмандыкка, улутун, ɵлкɵсʏн сʏйʏʏгɵ ʏндɵɵ. Бул багытта буга чейин деле кɵптɵгɵн иш-чараларды уюштуруп, ɵткɵрʏп келебиз жана уланта беребиз. Айталы, президенттин улуттук нарк-насил, кɵркɵм дɵɵлɵт, улуттук идеологияга багытталган долбоорлордон биздин жаштар иштери боюнча комитетинин «Таалим» инсандык ɵнʏгʏʏ клубун, «Адеп мектеби» окуу долбоорун, Кыздар кеңешин мисал кылып айтсак болот. Алдыда жакшы ойлорубуз бар. Кыргыз Республикасынын кɵз карандысыздыгынын 32 жылдыгына карата «Эгемен муун: ɵтмʏш, учур жана келечек» аталышындагы чоң форумду ɵткɵрʏʏнʏ алдыда ниеттенип турабыз.

Президентибиз Садыр Нургожоевичтин бул жарлыктары мезгилдин талабы болду деп айтар элем. Анткени, мына ушул жарлыктардан кийин буга чейин кулагыбыз угуп эле жʏргɵн, анча маани бербей келаткан «нарк-насил, каада-салт, ʏрп-адат, улуттук баалуулук» сыяктуу терминдер кадимкидей коомчулукта кызыгууну, актуалдуулукту жаратты. Эл ɵзʏнʏн тʏпкʏ ɵзɵгʏнɵ кайрылып, кандай улут экендигибизди, кандай бийик дɵɵлɵттɵрʏбʏз бар экендигин аңдап, билип, сыймыктанып келе жатабыз. Бул абдан жакшы кɵрʏнʏш”,-дейт жаштар комитетинин жетектɵɵчʏ адиси Бектурган Мизамидин уулу. Мамлекеттик катчынын жаштарга айткан маанилʏʏ баянын улантабыз.

Тагдырга хан да моюн сунат

-Жетимишке жакындап калган хандын энеси тирʏʏ экен. Ичер суусу, кɵрɵр кʏнʏ азайып калганда энеси катуу ооруга чалдыгат. Кармаса кан чыккан, жармашса жан чыккан аябай каардуу адам табыптардын бардыгын чакырып:

-Менин энемди ыкчам айыктыргыла, кимде ким менин энемди бутуна тургуза албаса башын алам,- дейт.

Хандыктагы табыптар аябай коркуп-калтырап калганда хандын тегерегинен бир табып чыгып:

-Ханым, энеңизди мен айыктырам,  башка табыптардын убалына калбаңыз. Бирок менин бир эле шартым бар,ошону аткарсаңыз мен энеңизди айыктырам, болбосо кудайдын жазмышына, тагдырга баш ийиш керек,-дейт

-Эмне ɵтʏнʏчʏң бар, аткарайын, энемдин ден соолугун сактап кал.

-Ханым, жаш болуп шарактап санын чаап, жаштар менен отура албай же салт айтып карыларга кошула албай калган, алтымыштан ɵтʏп пайгамбар жашына жетип калган, жетимишке жакындаган, боору бʏтʏн аксакалдардын ичинен ата-энеси тирʏʏ ʏч жардамчы керек.

Хан жигиттерин ошондой кишилерди таап келгиле деп  чаптырат. Алтымыш менен жетимиштин ортосунда ата-энеси тирʏʏ адамды жигиттери тʏрɵ кыдырып таппай келет. Себеби алтымыш-жетимиш жашта же энеси же атасы кайтыш болот экен. Табып ханга келип:

-Ханым, тагдыр ушул, ɵмʏр бою ата-энесин сактап калган сиздин курактагы адам табылбады, жɵн эле зордогон болбойт, кɵрɵр кʏнʏ, ичер суусу тʏгɵнсɵ батасын алып акыретке узатууга туура келет,- дегенде таап айтылган сɵзгɵ башы жерге кирип уялып, тагдырга хан дагы моюн сунган экен. Эч кандай философияны окубаган биздин аталарыбыз кандай ой жортумдар менен жʏрɵккɵ жеткире айтып жатышат.

Тʏштʏ жакшылыкка жоруш керек

Бир хан тʏш кɵрɵт, тʏшʏндɵ оозунда жалгыз тиши калып калат. Ойгонуп кеңешчилерин чакырып тʏшʏн жорутат. Менин оюма жаккандай жорушуңар керек деп коркутуп-ʏркʏтсɵ арасынан тың чыкма кеңешчиси:

-Ханым, ичер сууңуз тʏгɵнгɵн экен, сен да калган отуз эки тиштей болуп о дʏйнɵгɵ кетет экенсиң дегенде шак басын кесип салат.

Экинчи кеңешчиси:

-Ханым, тʏшʏң абдан жакшы. Отуз эки курбуң ɵлʏп, сен жалгыз калыпсың  сен деле жашай берет экенсиң,- дегенде алдына мал айдатып,аябай кастарлап коноктогон экен.

Мындан кандай жыйынтык.Тʏш кɵрɵбʏзбʏ, иш ɵткɵрɵбʏзбʏ, жумуш жасайбызбы,аягы белгилʏʏбʏ, белгисизби дайыма жакшылыкка ʏндɵп коюш керек. Жакшылыкка жоруп коюп, ал киши да тирʏʏ калган, жɵнɵкɵй эле сɵз, бирок маанисине кɵңʏл бурсак денең дʏркʏрɵйт.

Кыр аркага таш ʏйгɵн кандай ырым?

Ала-Белде, Кызарттын белинен ашканда байкасаңар кээ бир жеде таштар чогулуп турат. Мисалы, менин муунумдагы кишилер кɵргɵн болуш керек, буларды кимдер, эмне максатта чогултканын. Наркыбызда тɵмɵндɵгʏдɵй айтып жатат. Аксакал менен жигиттер бастырып келатып бир кырды ашып ɵтʏшɵт, кырдын ʏстʏнɵ келип ашып оогондон кийин аксакал унчукпастан таштарды кырдын ʏстʏнɵ ʏйʏп кирет. Жанындагы жигиттер:

-Жарыктык, эч кимге кереги жок ташты эмнеге чогултуп жатабыз?

-Уулум, биз бел ашып ɵттʏк, ылдыйлатып койдук, биздин бел дайыма бийик туруш керек,- деп ташты дɵбɵлɵтʏп бийиктетип коёт. Ырым. Белибиз дайыма мертинбестен кыр аркабыз жон бойдон турсун, канчалык басып ɵтсɵк да ал ылдыйлабайт, тʏгɵнбɵйт деген сɵз экен. Мунун дагы  бир мааниси жаратылышка астейдил мамиле кылып, жаратылыш менен сиз деп сʏйлɵшкɵнгɵ бизди бʏгʏнкʏ кʏндʏн талабы ʏйрɵтʏп жатат.

Кыл аркандан курт-кумурска ɵтɵ албайт

Бир топ жигиттер Жылан-Жылга деген жерден айылына жетип келе албай калышат. Караңгы тʏндɵ жылан каптаган жерде тʏнɵп аман-эсен айылына келгенде тосуп алган атасы:

-Кайда тʏнɵдʏңɵр?

-Жылан-Жылгада.

Кантип аман калдыңар, жылан ордосу да ал жер?

-Кыл арканды тегерете таштап коюп жатып аман-эсен ʏйгɵ жеттик,-деген экен.

Кыл аркан жылан, чаян, бɵйɵндɵн кантип коргойт? Сʏт эмген тайдын куйругунан кыргыздар кыл аркан эшет. Кыл арканды байкабай биринчи кармаганыңда колуңду сайгылап, денең дʏрт эте тʏшɵт. Кыл аркандын ʏстʏнɵн жылан сойломок тургай курт-кумурска да ɵтɵ албайт. Ошол ʏчʏн кыргыз наркында боз ʏй тигилгенден кийин ичинен да, сыртынан да бир сыйра кыл арканды таштап коёт. Бул илимий ачылышка тете болгон жорук-жосун кɵчмɵн маданиятында, кɵчмɵн журтунда бизде гана бар нарк. Муну биле жʏрʏшʏбʏз керек, айта жʏрʏшʏбʏз керек. Кʏнʏгɵ арканды тегерете тартып жатпасак да наркты айтышыбыз керек. Биздин гимнде жазылып турат. “Ата салтын, мурасын ыйык сактап урпактарга берели” деп. 33 жылдан бери аны аткарып келатабыз, мына ушул салт, нарк уланыш керек.

Конокту биринчи кʏнʏ – кʏт, экинчи кʏнʏ – тʏт, ʏчʏнчʏ кʏн калган конок жут

Бир ʏйгɵ мейман келет экен, ʏй жакшы: тирелген тɵшɵк , жɵлɵнгɵн жаздык, мейман келип жайыты жарашып, конушу кооз болуп ал ʏйдɵн кеткиси келбей конуп калат. Адеп биринчи кʏнʏ келгенде эле 3 жаздыкты жаздап, 3 кабат жан тɵшɵктʏ коюп кыргыз наркында конокту кастарлайт. Оң жак капталга оодарылсаң он жаздык, солго оодарылсаң сол жаздык, тʏз жатам десең ортодо ʏч жаздык коёт, ал кʏнʏ мейман болот. Эртеси ʏй ээси мейманга кош жаздык жаздайт, ал кʏнʏ да астейдил жакшынакай конок болот. ʏчʏнчʏ кʏнʏ тʏнɵгɵндɵ бош жаздык коёт. Эрте менен туруп мейман тʏшʏнɵт. Атын токуп минейин десе ʏйдʏн ээси:

-Азиз мейманым, шашып жатасыз го, конок болбойсузбу?

-Мен кара жерге кирейин, биринчи кʏнʏ эле тʏнɵп кетишим керек эле. Биринчи келген конокту кʏт, экинчи кʏнʏ – тʏт,чыда  ʏч кʏн калган конок бул жут. Кыргыз бетке чаап, бетке айтпаса да 3 жаздык менен туюндуруп койгон. Каймана сɵздʏн касиетин, кʏчʏн карагыла.

Китепте жок, каныбыз менен келген адат

Кɵчɵмɵн журтубузда каганат доордо бир боз ʏйдʏ жыйнап киришет. Экинчи боз ʏйдʏн балдары тегеретип чапкылап ойноп жʏрʏшʏп бир кыз атасына чуркап келип:

-Ата, бул боз ʏйдɵгʏ уукту, тʏндʏктʏ жыйнады. Тʏндʏккɵ ак жоолук байлап койду, эмнеге,- деп сурайт. Жообу ушул.

Кээде боз ʏйдʏ тойго, зыйнатка тигет экенбиз. Сɵɵк узатууга тигилген боз ʏйдʏ кайра ээсине кайтарганда жолуңар ак болсун,ак жалгасын ак ниет, апакай адамдар келсин деп ырымдап байлашчу. Бирɵɵнʏн идишин бирɵɵ пайдаланса кур бербей ичине жети нан же боорсок салып узатат. Бирɵɵнʏн бычагы менен эт кессе учуна эт сайып кайра кайтарат. Бул китепте жок каныбыз менен келген адат.

Уктарда жаздыктын алдына бычак жаздоо. Кыргыз кɵч ʏстʏндɵ тɵрɵлʏп, ат ʏстʏндɵ ɵлʏп, аркасынан келип бычак сайса алдынан кучак жайып душманды меймандостук абийир менен тосуп алып, жада калса баласынын бешигинин башына бычак жɵлɵп ɵскɵн ɵжɵр журтпуз.  Мына кандай элдин урпагы, кандай элдин тукумубуз биз.