1 мая, 2024

Талаш пикир жараткан такма жалаяк

Такма  жалаяк (памперс) тууралуу ар тараптуу адистердин кеңешин  бɵлʏшʏʏнʏ максат кылдык эле. Бирок, азыр кеп-кеңеш да акылуу  болгондуктан, ар тараптуу маалыматтарды жыйнактадык.

 Учурда памперстин зыяндуулугу боюнча сɵздɵрдʏн бардыгы тастыкталган эмес. Жɵн гана айтылып келе жатат. Болгону аны туура колдоно билʏʏ зарыл.

Такма жалаяктын тарыхы

Procter & Gamble аттуу компаниянын химик-технологу Виктор Миллзге такма жалаяк чыгаруу жɵнʏндɵ ой ɵзʏнʏн кызынын балдарына жардам берген учурда пайда болгон. Миллз баланын алдына жалаякты салып, аны кайра жууп кургатып жатканды кɵрʏп, бир жолу колдонуучу атайын материалдан жасалган такма жалаякты ойлоп чыгарып, биринчи ɵзʏнʏн неберелерине кийгизип кɵргɵн. Белгилей кетʏʏчʏ жагдай, ал учурда эл тишти атайын тиштин айнасы менен жуушса, Миллздин ʏй-бʏлɵсʏ суюк паста колдонушкан. Бул да анын ойлоп тапканы болгон. Убакыт ɵтʏп Миллз ар кандай материалдардан эксперимент жʏргʏзʏп, Pampers соода маркасын ойлоп тапкан.

Шаарларды булгоо боюнча  такма жалаяк желим бɵтɵлкɵ жана целлофан пакеттерден кийинки 3-орунда турат. Америкада бир жылда 3,5 миллион тонна такма жалаяк таштанды катары ташталат.

Такма жалаяктар он алтыдан ашык химиялык заттардын компоненттеринен турат. Бизге келген техникалык регламентте ошол химиялык заттар канча кɵлɵмдɵ колдонулушу керек экени толугу менен кɵрсɵтʏлгɵн. Текшерʏʏдɵ нормадан ашып кеткени аныкталса, ал талапка жооп бербегенин тастыктайт. Мындай товарларды сатыкка чыгарууга уруксат берилбейт. Учурда Кыргызстанда жалаяк чыгарган бир гана фирма бар. Андан тышкары мамлекеттин кɵзɵмɵлʏнɵн ɵткɵн жети ɵндʏрʏʏчʏ бар. Бирок ɵзʏңʏздɵр билгендей, учурда Кыргызстанга келип жаткан памперстердин аталыштары ɵтɵ кɵп. Алардын бардыгы Германия, Тʏркия, Украина, Ɵзбекстан сыяктуу мамлекеттерден келет. Жалаяктардын барына тең Евразиялык экономикалык биримдиктин эмблемасы коюлуп, атайын декларациянын негизинде келет. Эгер тастыктоочу документтери туура болсо, Бажы биримдигине кирген мамлекеттерден келген товарлар дароо эле сатыкка чыгарылат.

«Такма жалаяк кийген балдардын буту кыйшык болуп калабы?»

Эгер бул пикир туура болсо, азыркы 2-3- класстын балдарынан башталган кичинекей тайтак буттуулар жайнап жʏрмɵк. Бирок, кɵрʏнʏп тургандай, кыйшык бут менен жалаяктын эч кандай байланышы жок.

«Такма жалаяк аллергияны чакырабы?»

Эгер ата-эненин бири аллергияга жакын болсо, балада дагы аллергиялык фон болушу мʏмкʏн. Андай учурда аба киргизʏʏчʏ жана жыпар жыттуу жалаяктарды колдонбоо зарыл. Арзан, жасалма памперстерди кийгизгенде да баланын териси аллергия болушу мʏмкʏн. Белгилʏʏ компаниялардын чыныгы сапаттуу жалаяктары териден нымды толук бойдон соруп алуучу материалдан жасалат. Баланын териси жалаякты туура эмес тандоодон же туура эмес кийгизʏʏдɵн да кызарышы мʏмкʏн.

“Эркек бала кийин тукумсуз болуп калабы?”

Ɵзгɵчɵ эркек балдардын энелерин «такма жалаяк териге аба ɵткɵрбɵйт, натыйжада, баланын жыныс калтасына терс таасирин тийгизип, кийин тукумсуз болуп калат» деген ой кооптондурат. Чындыгында памперстин ичинде жыныс калтасынын температурасы анча-мынча эле кɵтɵрʏлɵт да (36 С), бул ден соолукка эч кандай терс таасирин тийгизбейт. Анын ʏстʏнɵ эркек гормондордун иштелип чыгышы ʏч жашка чейин ɵтɵ эле пассивдʏʏ болот, ал эми сперматогенез, башкача айтканда, жыныс клеткаларынын пайда болуу процесси 7-8 жаштан башталат. Эркектердин жумурткасы  7 катмар менен корголгон ɵтɵ жандуу жер. Эгер жалаяк ɵтɵ сийдикке толуп, аба ɵткɵрбɵй турган болсо, жумуртканын каптагычын  ысытышы мʏмкʏн, жумуртканын ɵзʏн ысыта албайт.

Кеп-кеңеш

• Бала 2-3 жашка чейин деле такма жалаяк менен жʏрсɵ, шымына заара кылып коюшу мʏмкʏн. Бир жаштан баштап тʏндɵ жана сейилге чыкканда гана памперс колдонгондо мындай маселе жаралбайт.

• Эркек балдарга бир ɵлчɵм чоң такма жалаяк кийгизʏʏ сунуш кылынат.

• Адатта такма жалаяктын таңгагынын сыртында канча айлык балага эсептелгени жазылат, бирок, бул дайым эле туура келе бербейт. Анткени бир бала арык болсо, экинчи бала толук болот. Ошондуктан жалаякты дароо эле таңгагы менен алуу сунушталбайт.

• Такма жалаякты 2  саатта бир алмаштырып туруу керек.

• 2-3 жолу заара кылгандан кийин баланын жыныс органын жылуу суу менен чайкоо зарыл. 

• Баланы жуундурган соң терисине упа, крем же май сʏйкɵгɵн болсоңуз, денесине сиңип кеткенче жалаяк кийгизбей туруу керек.

• Балага жалаякты кийгизип бʏткɵн соң сɵзсʏз териси кыпчылып калбаганын текшерʏʏ туура.

• Эркек бала менен кыз баланын жалаяктары бири-биринен ɵзгɵчɵлɵнʏп турат.

• Ымыркайга биринчи ирет такма жалаяк кийгизгенден соң сɵзсʏз тʏрдɵ терисинде кызаруу жокпу, текшерʏʏ кажет. Эгер кызаруу билинсе, анда башка маркадагы жалаякка алмаштыруу керек.

Сапатсыз такма жалаяктан абайлаңыз!

Сапатсыз жалаяк начар кийим сыяктуу эле аллергияга алып келет. Алтургай жыныстык мʏчɵлɵрдʏ сезгентип, ооруга чалдыктырышы да толук мʏмкʏн. Андыктан кɵчɵдɵ арзан сатылган жалаякты албаган оң. Дарыканалардан маркаларына карап, сертификатын сурап, анан сатып алуу зарыл.

Арзан жалаяктар заараны жакшы сиңирбей, сапатсыз материалы абаны ɵткɵрбɵй, денени кысат. Мындан тышкары терини дʏʏлʏктʏрʏп, кычыштырат.

Бʏкалча Маматали кызы