26 апреля, 2024

БАР БОЛГУЛА, БААТЫР ЭНЕЛЕР!

Энелер кʏнʏнɵ карата 19-майда шаар бийлиги ʏлгʏлʏʏ айымдарды сыйлады. Иш чарага Ош шаардык Кеңешинин тɵрагасы Салман Назылбеков, мэрдин орун басары Сонунбек Жунусбаев жана жʏздɵн ашык аялдар катышып, куттуктоо сɵздɵр айтылып, ардак грамоталар, белектер тапшырылды.

Салман Назылбеков, тɵрага:

“АДАМ ƟМYРYНДƟ БИР ГАНА ИНСАНДЫ ИДЕАЛ ТУТАТ, АЛ – ЭНЕСИ”

-Бардык энелерди, айымдарды энелер кʏнʏ менен Ош шаардык Кеңешинин депутаттарынын атынан, жеке ɵзʏмдʏн атымдан чын дилимден куттуктайм. Баарыбыз ʏчʏн эң ыйык болгон асылзаада энелерибиз, ʏй-бʏлɵнʏн гана эмес, мамлекетибиздин да куту. Жашоодо ар бириңиздердин ɵзгɵчɵ ордуңуздар бар. Жараткан “эне” деген ыйык сɵздʏ сиздерге ыроологон, сиздерсиз бул дʏйнɵнʏ элестетʏʏ мʏмкʏн эмес. Энелер бир эле бала тɵрɵп, тарбиялап, ʏй-бʏлɵнʏн тʏйшʏгʏн кɵтɵрбɵстɵн, азыркы заманда бʏткʏл коомдун, мамлекеттин жʏгʏн кошо кɵтɵрʏп, ɵз салымыңыздарды кошуп келесиздер. Мамлекетибиз да сиздерди ɵз камкордугуна алып, сиздерге арнап бир катар мыйзамдарды иштеп чыккан. Сиздер ага татыктуусуздар, урматтуу энелер, апалар.

Кандай акын, жазуучу болбосун ɵзʏнʏн энеси жɵнʏндɵ чыгарма жазбаган адам болбосо керек. Ар бир инсан энеси тууралуу сɵзсʏз жакшы сɵз калтырганы аракет кылат. Себеби адам ɵмʏрʏндɵ бир гана инсанды идеал тутат, ал – энеси. “Бейиш эненин таман алдында” деп айтылат эмеспи. Ушул тɵрт сɵздɵн артык сɵз жок болсо керек. Дагы бир жолу энелерди майрамы менен куттуктайм.  

Сонунбек Жунусбаев, шаар мэринин орун басары:

“ЭНЕЛЕРДИН БАТАСЫ МЕНЕН БYГYН ЭЛ АМАН, ƟЛКƟ ТЫНЧ”

-Бир колу менен бешикти, бир колу менен ааламды терметкен апалар, сиздерди калаа башчысы Бакытбек Жеңишбековичтин атынан жана ɵзʏмдʏн атымдан майрамыңыздар менен кызуу куттуктайм. Энелер бизди эч нерсебизге карабастан, жакшы кɵргɵн, кам кɵргɵн инсандар. Ким энелердин батасын алса, анын жолу да, иши да ачык болот. Энелердин батасы менен бʏгʏн эл аман, ɵлкɵ тынч, дʏйнɵ сакталуу. Биздин бактыбызга ар дайым аман болуңуздар, бар болуңуздар, — дейт шаар мэринин орун басары. 

“Адамдын жашоодогу негизги милдети — ʏйʏнɵн адам болор балдарды тарбиялап ɵстʏрʏʏ” деп айтылат элибизде. Баланы жарык дʏйнɵгɵ алып келʏʏ, алардын тʏйшʏгʏн тартып, тарбиялап, татыктуу уул-кыздарды элдин катарына кошуу ар бир ата-эненин баа жеткис эмгеги десем эч ким каршы болбос. Илгери чоң ата-чоң энелерибиз айткандай, ар бир ʏйдɵ арты 7, алды 15ке чейин балдар тɵрɵлʏп жетилсе, азыркы кʏндɵ жаштар арасында баатыр энелердин саны ɵтɵ аз. Жумуш менен кошо балдарды тɵрɵп, тарбиялап, ʏй-бʏлɵнʏн тʏйшʏгʏн да кɵтɵрʏшкɵн энелердин эмгеги ат кɵтɵргʏс. Иш чаранын жʏрʏшʏндɵ мына ошол баатыр энелерди кепке тарттык. Алардын бири 95 жаштагы Зырапа Тобокалова. ʏч уул, беш кыздын энеси. Бʏгʏнкʏ кʏндɵ небере-чɵбɵрɵлɵрʏнɵ ɵз акыл-насаатын айтып, балдарынын тɵрʏндɵ бактылуу карылыгын ɵткɵрʏп келет.

Зырапа апа ɵзʏ жɵнʏндɵ буларга токтолду:

“БАЛДАРЫМА ЖАКШЫ ТАРБИЯ БЕРYYГƟ АРАКЕТ КЫЛДЫМ”

-Кудайга шʏгʏр, жашоодон сегиз бала таптым. Баары турмуштан ɵз ордун таап, ʏлгʏлʏʏ ʏй-бʏлɵ курушуп, бактылуу турмуш кечиришʏʏдɵ. Балдарыма башка энелер сыяктуу жакшы тарбия берʏʏгɵ аракет кылдым. Балдарым удаа тɵрɵлʏшкɵн. Батма, Зуура деген эгиз кыздарым бар. Эгиз кыздарым эки, андан улуусу ʏч жаш, эң улуусу студент болгондо жолдошума кол кабыш кылайын деп текстилге жумушка чыккам. Эл катары эмгектенип, балдарыбызды окутуп, ата-энелик милдеттерибизди аткардык. Кезинде эмгектенгенибиздин акыбетин карыганда кɵрʏп, бʏгʏн белгилʏʏ ɵлчɵмдɵ пенсия алабыз.

Ал эми Жумакан Зулпукарова 9 баланын энеси. ʏйʏндɵ балдарын гана тарбиялабастан, мектепте да балдарга билим берип, кайненесинин колдоосу менен “декреттик ɵргʏʏ дегенди билчʏ эмесмин” дейт ал ɵз сɵзʏндɵ:

“КАЙНЕНЕМ БИР УБАКТА 18 БАЛАНЫ КАРАГАН”

-19 жашымда ʏй-бʏлɵ куруп 9 баланы жарык дʏйнɵгɵ алып келдим. Балдарымдын баарын эле анда кайын энем карашкан. Кайын энем мыкты аял эле. Менин 9 баламды гана эмес, абысынымдын дагы 9 баласын кошо бакчу. Азыр ойлосом кайненем ʏйдɵ ɵзʏ эле бала бакчанын ролун аткарчу экен. Балдар деле ашыкча чыргоолонуп ыйлачу эмес. Ɵзʏм анда жашмын, мектепте иштейм, эрте менен сумканы кɵтɵрʏп кетем, кечинде келем. Тɵрɵп ʏйдɵ эки ай олтуруп эле ишке чыгып кетчʏмʏн. Мектеп директору “ʏйдɵ олтуруп эмне кыласың, иштей бер” десе иштей берчʏ экенмин. Кайненем ɵзʏ эле балдарды карап, бизге эркиндикти бериптир. Ɵтɵ тʏшʏнʏктʏʏ аял эле, кээде жетишпей калганда тамакты да жасап койчу. Отуруш, чогулуш дегендерден калтырчу эмес. “Иштериңди жасап бара бер” дечʏ. Мага ʏчʏнчʏ баламды тɵрɵгɵнгɵ чейин тандырга нан жаптырбаган. “Кой, кʏйʏп каласың, мен жабам” деп ɵзʏ жабар эле. Раматылык кайненеме абдан ыраазымын. Анын тарбиясын алып, мен да келиндериме ошондой мамиле жасаганга аракет кылам. Келиним бир ишти жасап жатса, экинчисин ɵзʏм кыла берем.

Кудайга шʏгʏр, бʏгʏн 30 неберем бар. Буюрса, жакында чеберелʏʏ болом. Балдарымдын баарын окутуп, жогорку билимдʏʏ кылганга аракет кылдык, врач, мугалим кесиптерин аркалашты. Азыр эми кыздарымдын, балдарымдын тɵрʏндɵ, неберелеримдин курчоосундамын. Балдары тынч болсо эле эненин жʏрɵгʏ тынч болот эмеспи. Балдар бактылуу болсо, биз да бактылуубуз. Алардын амандыгы, саламаттыгы биздин бактыбыз.

8 баланы ɵстʏрʏп, тууруна кондуруп гана тим болбостон, неберелерине да тарбия берип келе жаткан Айзада ʏсɵнова. Жаштарга ʏлгʏ болсок деген тилегин билдирди:

“БYГYН КАРАМАГЫМДА 9 НЕБЕРЕМ БАР”

-Менин тɵрт уул, тɵрт кызым бар. ʏй-бʏлɵдɵ балдардын тарбиясы менен кɵбʏрɵɵк эне алектенет эмеспи. Мен да балдарыма колумдан келишинче жакшы тарбия берип, жакшы адам кылып ɵстʏрʏʏгɵ болгон аракетимди жумшадым. Шʏгʏр, балдарым тартиптʏʏ болуп ɵсʏштʏ. Учурда 15 неберем бар. Аларды кароодо да ɵзʏм жардам берип, кол кабыш кылып турам. Ата-эне балдарыңдын ɵстʏргɵндɵн кийин неберени да карайт экенсиң, бʏгʏн карамагымда 9 неберем бар. Алардын жакшы билим алуусуна кɵмɵктɵшʏп, туура жол кɵрсɵтʏп, кеп-кеңешимди берип келе жатам. Кезинде мектепте, ооруканаларда иштедим, базарга соодага чыктым. Анда балдарымды тɵрɵп, улуу кызыма таштап кетчʏмʏн. Ал убакта азыркыдай жалаяк деген кайдан болсун, бешикке бɵлɵп эле ɵстʏрдʏк. Азыр эми бардык шарттар бар. Балдарым ɵз жолдорун таап, максаттарына, кыялдарына жетʏʏгɵ аракет кылышууда. А биз турмуштук тажрыйбабыз менен бɵлʏшʏп, жаштарга жакшы ʏлгʏ болсок деген ниеттебиз.

Активдʏʏ баатыр энелердин катарын Марипа Осмоналиева да толуктайт. Ал Ош шаарынын патриоттор коомунун мʏчɵсʏ:

“БААРЫНА ЖЕТИШКЕНИ АРАКЕТ КЫЛЧУБУЗ”

-Ош шаарынын тургунумун. Пенсия курагына чейин Алай районундагы чек ара кызматында байланыш кызматында 30 жыл иштедим. Ал жакта бийик тоолуу аймак делип, пенсия курагы 45 жаш деп белгиленген эмеспи. Пенсияга чыккандан кийин балдарды окутайын деп шаарга келип калганмын. Бʏгʏнкʏ кʏндɵ алты уулум бар. Баарын окутуп, тууруна кондуруп, эми небере, чеберелерибизди тарбиялап, ошол эле учурда коомдук иштерге да активдʏʏ катышып жʏрɵм. Ош шаарынын патриоттор коомун тʏзгɵнʏбʏзгɵ эки жыл болду. Мамлекетибизди, президентибизди колдоп, ɵлкɵбʏздʏн ɵнʏгʏʏсʏнɵ биз дагы ɵз салымыбызды кошолу деген максатта биригип, иш алып баруудабыз.

Буга чейин 10 жыл Алайда аялдардын тɵрайымы милдетин аткардым, аялдар арасында бир катар жакшы иштерди алып бардык. Андан сырткары “Кʏжʏрмɵн эмгек” гезитине бир топ жыл кабарларды, макалаларды жазып жʏрдʏм. Макалаларымды окугандар кʏлʏшчʏ. Албетте, эне болгон соң, ʏйдɵгʏ тиричиликти да кошо алып кетʏʏ керек. Баарына жетишкени аракет кылчубуз. Мен да бардык энелерди майрамы менен куттуктайм. “Энелер бар дʏйнɵ жарык” делет. Эне жок дʏйнɵ караңгы.

Жумагʏл Кочкорбай кызы