25 апреля, 2024

Кыргыз-Ɵзбек Эл аралык университети – технологиялык башкаруу доорундагы билим берʏʏ талаптарын так аткарган университет! 

Батыралы Сыдыков атындагы Кыргыз-Ɵзбек Эл аралык университети –  Ош жергесиндеги эл аралык статуска ээ болгон ɵзгɵчɵ окуу жай. Университет педагогикалык, юридикалык, экономикалык жана инженердик адистиктер боюнча 37 багытта  бакалавр, 9 адистикте магистрлик багытта билим берʏʏ ишмердигин жʏргʏзɵт. Ал эми кесиптик жана Ала-Бука кесиптик колледжеринде педагогикалык, юридикалык, экономикалык жана инженердик адистиктер боюнча 16 багытта, медициналык колледжде акушердик, фармация, мед айым, дарылоо иши жана ортопедиялык стоматология багыттары боюнча орто билимдʏʏ адистерди  даярдайт. Кесиптик лицейде ɵндʏрʏшкɵ зарыл болгон тикмечи, электр жабдууларын оңдоп-тʏзɵтʏʏчʏ слесарь-электрик, тигʏʏчʏ, чач тарач адистерин кыска мɵɵнɵттɵ даярдап чыгарат. Университетте кесиптик билим берʏʏ менен катар эле, кыска мɵɵнɵттɵгʏ компьютердик, айдоочулук, тилдик багыттагы курстар иш алып барат. Ал курстардын бʏтʏрʏʏчʏлɵрʏнɵ атайын сертификаттарга берилет. 

      Окуу процесси     Ош шаарындагы жети,  Жалал-абад облусунун Ала-Бука районундагы эки  окуу корпусунда интерактивдʏʏ доскалар жана проекторлор менен камсыздалган  кааналарда жʏргʏзʏлɵт. Адистик ɵзгɵчɵлʏгʏнɵ жараша акыркы ʏлгʏдɵгʏ  жабдуулар  менен камсыздалган лабораториялар, интернет желесине уланган компьютердик класстар, инновациялык технологиялар менен жабдылган мультмедиалык кааналар  окуу ишмердигинде пайдаланылат.  300 миң нусканын тегерегиндеги китеп фондунан турган китепканалар студенттердин кызматында. Окуу процессин уюштуруп, башкаруу ʏчʏн AVN маалыматтык системасы жайылтылган. Анын алкагында окуу процесси жана  Kelbil билим берʏʏ платформасы толук автоматташтырылган. Жаштардын тил билʏʏ жɵндɵм-шыгын ɵнʏктʏрʏʏ багытында университеттин базасында TOEFL борбору ачылган.  Тʏрк тилин ʏйрɵтʏʏчʏ TOMER окуу борбору менен келишим тʏзʏлгɵн. Ош жергесинде жашаган элдердин байыртан бери келе жаткан достугун чагылдырган тарых музейи, тил жана Айтматов таануу, манас таануу борборлору окуу жараянында пайдаланылат.

 Университет билим берʏʏ ишмердигин жʏргʏзɵ баштаган алгачкы учурдан баштап, илим изилдɵɵ иштерин колго алган.   Илимий ишмердиктин натыйжасы  катары университетибизде таанымал окумуштуулар тарбияланып чыгып, туруктуу илимий мектептер тʏптɵлдʏ.  Жыл сайын мамлекеттик бюджеттен каржыланган илимий долбоорлордун аткарылышы аркылуу таанылган 9 илимий борбордон турган инновациялык изилдɵɵ институту негизделди.  Ал илимий борборлордо     43 багыт боюнча кабыл алынган аспиранттар   изилдɵɵ иштерин алып барууда. Бʏгʏнкʏ кʏндɵ профессордук-окутуучулар курамы 450 адамдан турса, алардын 69у илимдин кандидаты, доценттер, 10у илимдин доктору, профессорлор. Алардын катарында эл аралык деңгээлдеги академиктер бар. Студенттердин   илимий изилдɵɵ ишмердигин ɵнʏктʏрʏʏ багытында тʏрдʏʏ кружоктор иш алып барат.   Атайын семинарлар, аймактык, республикалык жана эл аралык  илимий конференциялар уюштурулуп турат. Натыйжада, студенттерибиз аймактык, республикалык  предметтик олипиадаларда мыкты кɵрсɵткʏчтɵргɵ ишенимдʏʏ жетишет.

 Кыргыз-Ɵзбек эл аралык университети алыскы жана жакынкы чет ɵлкɵлɵрдʏн  70тен ашуун жогорку окуу жайлары жана илимий мекемелери, Кыргызстандын кырктан ашуун университеттери менен эки тараптуу келишимдерди тʏзʏп, алар менен  тыгыз байланышта иш жʏргʏзɵт.   Келишимдин негизинде университет эл аралык ректорлор форумдарына, онлайн жана расмий жолугушууларга, билим берʏʏ кɵргɵзмɵлɵрʏнɵ, семинарларга ʏзгʏлтʏксʏз катышып турат. Университеттин базасында чет ɵлкɵлʏк белгилʏʏ окумуштуулар катышкан эл аралык конференцияларды ɵткɵрʏʏ  салтка айланган.  Д.Устинов атындагы “ВОЕНМЕХ” Балтия мамлекеттик техникалык университети менен  2+2, 1+1 программалары жʏзɵгɵ ашырылат. Кыргыз-Ɵзбек Эл аралык университети “ТʏРКСОЙ” – Тʏрк маданиятынын эл аралык уюмуна, Тʏрк кенешинин тʏрк университтеттер ассоциациясына, Россия-Кыргызстан техникалык университеттеринин консорциумуна, Азия университеттеринин ассоциациясына, Азия-Африка университеттеринин биримдигине мʏчɵ болууга жетишкен. Алар менен тʏзʏлгɵн келишимдин негизинде: Орхун, Mevlana, Erasmus+, EDUVISO, DAAD, UNESCО программалары жʏзɵгɵ ашырылат. Анын  алкагында  Грециянын, Тʏркиянын, Венгриянын, Россиянын, Казахстандын жана Ɵзбекстандын жогорку окуу жайларына академиялык мобилдʏʏлʏк уюштурулуп турат. Ошондой эле ал ɵлкɵлɵрдʏн ЖОЖдорунда эмгектенген кɵрʏнʏктʏʏ окумуштуулары тарабынан  конок лекциялар, инновациялык семинарлар  тынымсыз ɵткɵрʏлɵт.  

2019-жылы университеттин ɵздʏк каражатынын эсебинен беш жʏз элʏʏ орундуу жыйындыр залынан, жʏз жыйырма орундуу синхрондук котормо аппараты менен жабдылган конференция залынан, 200 миңден ашуун электрондук адабияттарды пайдаланууга мʏмкʏнчʏлʏк берип, Ирбис 64+ маалыматтар базасына жол ачкан университеттин Online китепканасынан,    эки жʏз элʏʏ орундуу ашканадан турган маданий-эстетикалык комплекс пайдаланууга берилди. Бул комплексте университеттин студенттери жана профессордук-окутуучулары  маданий-массалык иш чаралар ʏзгʏлтʏксʏз ɵткɵрʏлʏп турат. “Комуз”, “Ыр”, “Улуттук бий” ийримдери, “Ак бийке”, “Даткайым”  бийчилер тобу актылык залды пайдаланып турушат.       ”Достук планетасы” газетасы ай сайын чыгарылып, “Достук” теле студиясы студенттердин чыгармачылык ийгиликтерин чагылдырып турат. Бʏгʏнкʏ кʏндɵ 15 миңге чукул студент университеттин кʏндʏзгʏ жана сырткы бɵлʏмдɵрʏндɵ билим алып жатышат. Алардын 6 миңден ашууну алыскы жана жакынкы чет ɵлкɵлʏк студенттер. Жалпы студенттердин бош убактыларын натыйжалуу пайдалануу багытында жаштар комитети “Акыл ордо” сынагын  “шайыр тапкычтар клубун” уюштурган.

 Университеттин ɵздʏк басмаканасы окуу куралдарды даярдайт.  Учурда  борбор  Кыргыз Республикасынын тʏштʏк аймагындагы  орто мектептерге зарыл болгон окуу куралдарын басып чыгарууда  ʏзгʏлтʏксʏз иш алып барууда. Ушул кʏнгɵ чейин    борбор тарабынан жʏз жыйырма жети   аталыштагы жаңы окуу куралдары  эки миллион нускада чыгарылып, ɵзбек тилдʏʏ мектептерге таркатылды.

 Спорттук иш чаралар ʏчʏн  “Достук” спорт клубу иш алып барат. Спорттук секциялар ʏчʏн спорт манежи, спорт залы, кичи футбол аянтчасы тʏзʏлгɵн.   Спорт багытында тʏзʏлгɵн мыкты шарттын натыйжаларында университеттин студенттери да, окутуучулары да шаардык, облустук, республикалык, эл аралык мелдештерде байгелʏʏ орундарды багындырып турушат.

       Алыскы аймактардан келип окуган студенттер    мезгил талабына жараша жабдылган студенттик жатаканага жайгаштырылат. Университеттин ар бир окуу корпусунда  студенттик ашканалар иштейт. 

 Кыргыз-Ɵзбек эл аралык университети –рынок шартындагы    атаандаштыкка  туруштук берип, ɵз ордун таба турган  кесипкɵй адистерди даярдап чыгарган уникалдуу университет. Келечегиңдин пайдубалын ишенимдʏʏ тʏптɵгʏң келсе, Кыргыз-Ɵзбек Эл аралык университетиндеги мʏмкʏнчʏлʏктʏ пайдалып калууга шашыл!