20 августа, 2025

Мугалимдин укугун ким коргойт?

Мугалимдин укугун коргоо коомдо актуалдуу маселе бойдон калууда. “Баланы урушпаш керек” деп жатып айрым ата-энелер мугалимдин укугун тебелеп салган жокпу, мыйзамда кандай каралган? Адистер жооп берет.

Абдыкалык Балтабаев, Билим жана илим кызматкерлеринин профсоюзунун Ош шаардык комитетинин тɵрагасы.

Мугалимдин укуктарынын мыйзамда каралышы

-Ош шаарында эмгектенип жаткан мугалимдердин жана тарбиячылардын укуктарын коргоо боюнча Кыргыз Республикасынын Эмгек кодексинин, “Билим берʏʏ” жɵнʏндɵгʏ мыйзамынын жана “Мугалимдердин статусу” жɵнʏндɵ мыйзамдарына таянып, шаардык профсоюз комитети иш алып барат. КРнын Эмгек кодексинин ар бир статьяларынын, ар бир главаларынын негизинде мугалимдерге, жалпы эмгекчилерге шарттар тʏзʏлгɵн. Бул жерде эс алуудан баштап иштɵɵ убактысы, кайсы мезгилде иштен бошотулушу жɵнʏндɵ жана аялдардын укуктары бардык тармактар боюнча мыйзамда кенен каралат. Билим берʏʏ мыйзамынын 45-беренесинде педагог кызматкердин социалдык укуктуктары жана кепилдиктери, 46-беренесинде педагогикалык кызматкерлерди кесиптик даярдоо менчигинин тʏрʏнɵ карабастан кесиптик орто жана жогорку билим берʏʏ уюмдарында жʏзɵгɵ ашырылат. Мамлекет келечектеги педагогдорду окутуу процессинде жумуш ордунда окутууну (билим берʏʏнʏн дубалдык формасын) колдонууну кубаттайт. Педагогика кызматкерине тийиштʏʏ эмгек жана тиричилик шарттарын кепилдейт, эс алуусуна кɵңʏл буруп, акысыз медициналык кароодон ɵткɵрɵт. Эң негизгиси кесиптик педагогика ишине байланышпаган айыл-чарба жана башка иштерге тартууга жол берилбейт. Мурда шаарыбызда мугалимдер кɵбʏрɵɵк ишембиликтерге жана башка ɵз милдеттерине кирбеген иштерге тартылчу эле, акыркы жылдары бул кɵрʏнʏш азайып жатат. Бирок мектептин ремонттун, класстарды актап-сырдоону дагы эле мугалимдер ɵздɵрʏ жасап келет. Ɵкмɵт тарабынан атайы усталарга акча бɵлʏнʏп берилип, ремонт иштерин усталар жасаса жакшы болмок. Ошондой эле КРнын “Мугалимдер статусу” жɵнʏндɵгʏ мыйзамына ылайык 2-главада “мугалимдин укуктары” деген жери бар. 5-статья мугалимдин кесиптик ишиндеги укуктары. Зарыл билими жана мыйзамда аныкталган тиешелʏʏ педагогикалык квалификациясы бар адамдар педагогикалык иш жʏргʏзʏʏгɵ укуктуу. Мугалим окутуу формаларын ɵзʏнɵ керектʏʏ предметтер боюнча тандап алууга, жаңы инновациялык усулдарды киргизʏʏгɵ, педагогикалык иште инновациялык усулдарды тʏзʏʏгɵ укуктуу.

“Ата-энелер мугалимдин ишине жʏйɵɵсʏз кийлигишʏʏгɵ укуксуз”

6-беренеде Кыргыз Республикасынын же башка ɵлкɵнʏн жараны катары мугалимдин ар-намысын жана кадыр-баркын коргоо кепилдикке алынат. Мугалимдин кесиптик ишмердигин инспекциялоо жана контролдоо тутуму анын эркин чыгармачылык демилгесине чектɵɵ киргизбɵɵгɵ тийиш. Аттестациянын жʏрʏшʏндɵ жана башка учурларда мугалимдин ишине баа берʏʏ калыстык менен жʏргʏзʏлʏʏгɵ жана мугалимдин ɵзʏнɵ маалымдалууга тийиш. Мугалимдин ишин аттестациялоо, инспекциялоо жана контролдоо тартиби билим берʏʏ жаатындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан иштелип чыгат жана Ɵкмɵт тарабынан бекитилет. Окуучулардын ата-энелери, ɵзʏнʏн мʏнɵзʏ боюнча мугалимдин кесиптик милдетине кирген маселелерге жʏйɵсʏз кийлигишʏʏгɵ укуксуз.

Yч тараптуу келишимдин максаты…

Ош шаардык мэриясынын, Ош шаардык билим берʏʏ башкармалыгынын жана Билим-илим кызматкерлеринин профсоюзунун Ош шаардык комитети тарабынан 2022-жылдан 2025-жылга чейин мугалимдердин социалдык-экономикалык укуктарын коргоо, турмуш-тиричиликтʏʏ шарттарын жакшыртуу боюнча ʏч тараптуу келишими тʏзʏлгɵн. Келишимдин негизинде иштер жасалып келʏʏдɵ. Мында мугалимдердин мыйзамсыз иштен бошоп кетпешине, мезгилинде айлык алып, медициналык кароодон ɵтʏʏсʏнɵ, социалдык-экономикалык абалы оор жана ооруган мугалимдерди каттоого алып, материалдык жардамдар кɵрсɵтʏʏгɵ, турак-жай маселесин чечʏʏгɵ кɵңʏл бурулат. Талаш-тартыштар комиссиясы мугалимдер менен байланышкан талаш маселелерди чечет. Мугалимдердин тарификациядан туура ɵткɵрʏлʏʏсʏ, декреттеги мугалимдердин тарификациядан ɵткɵрʏлʏʏсʏ контролго алынат. Ар бир мугалимдин юбилейлик 50-55-60-65-70 жашта материалдык жардамдар жана куттуктоолор берилип турат. Мугалимди профсоюздун макулдугусуз директор иштен бошото албайт. Дегеле Эмгек кодексинин ар бир беренесине ылайык мугалимдин укугун коргоого кɵңʏл бурабыз.

Тынчтыкбек Досмуратов, Ош билим берʏʏ институтунун кабинет башчысы.

“Ата-бабаларыбыз деле баланы уруп, урушкан эмес”

-Адам катары адам укугу жɵнʏндɵ тийиштʏʏ документтер, билим берʏʏ жɵнʏндɵ мыйзамдарда мугалимдердин укугу, ишмердʏʏлʏгʏ каралат. Мындан сырткары ʏй-бʏлɵлʏк кодекс бар. Ата-эне балага, билимине, тарбиясына кандай жооптуу болуш керек? Мыйзам ɵз жолу менен, ошол эле учурда мугалимдин аброюн кɵтɵрʏп, ардактуу кесип экенин балдарга ʏйрɵтʏʏ зарыл. “Азыркы мезгилде баланы урбаш керек, урушпаш керек” деп батышчылдар ʏйрɵтʏп жатат деп кабыл алып жатабыз. Негизи биздин ата-бабаларыбыз деле баланы уруп, урушкан эмес да. Уруп-урушкан советтик доордогу тарбия. Биз, орто муун да советтик тарбияны алган мугалимдерден токмок жеп чоңойдук. Байкасаңар орто муундар арасында “токмок жеп, эч нерсе болбой эле чоңойдук го” деген сɵз кɵбʏрɵɵк айтылып жатат тилекке каршы. Аны менен кошо “эч нерсе болбой, жакшынакай эле чоңойдук го” деп ɵздɵрʏнɵ да ɵздɵрʏнɵ “баа” берип жатышат, негизи бааны башкалар бериш керек го?.

Айжылдыз Тойчиева

About The Author