20 августа, 2025

“Балдарды комплекстʏʏ ɵнʏктʏрʏʏ зарыл”

Билим берʏʏ тармагыбыз чоң ɵзгɵрʏʏлɵрдʏ кабыл алуу алдында турат. Эгемендʏʏлʏктʏ алгандан бери аталган тармакта кɵйгɵйлɵр кɵп эле болуп келатканы талашсыз. Балдардын татыктуу билим алуусуна кандай шарттарды тʏзʏʏ керек, кɵйгɵйлɵрдʏн себеби кандай чечилет? Ош шаардык билим берʏʏ башкармалыгынын жаңыдан дайындалган башчысы Салтанат Аманова менен маектештик.

-Салтанат Абдылдаевна, балдардын ɵнʏп-ɵсʏʏсʏ, толук кандуу билим алуусу ʏчʏн кандай кадамдарды жасоо керек?

-Балдарды комплекстʏʏ ɵнʏктʏрʏʏ бʏгʏнкʏ кʏндʏн талабы. Комплекстʏʏ ɵнʏктʏрʏʏ бул – билиминин сапаты, тарбиясы, коомдук иштерге аралашуусу, спорт жана искусство менен алектенʏʏсʏ. Ошондой эле баланын психологиялык, физикалык жактан коопсуздугун алдын алуу менен бактылуу балалыкта ɵсʏшʏн камсыз кылуубуз зарыл. Учурда сынчыл ойлорду ɵстʏрʏʏ жана компотенттʏʏлʏк боюнча шаарыбызда эң кʏчтʏʏ методистер бар. Быйылкы жылы Билим берʏʏ министрлигинен сунушталып жаткан методикалар тууралуу республикалык жана эл аралык деңгээлдеги методистер менен сʏйɵшʏʏлɵр жʏрʏп жатат. Директорлор корпусу жаңы усулдарды ʏйрɵнʏʏ боюнча семинардан ɵтɵрʏ кʏтʏлʏʏдɵ. Директордун окуу-тарбия иштери боюнча орун басарлар корпусу, усулкана башчылары да толугу менен окутуудан ɵткɵрʏлɵт.

-Сиздин оюңузча билим берʏʏ тармагыбыз кай жеринен аксап жатат?

-Буга чейин окуучулар Союздун эски методикасы менен окутулуп келген. Ал да жакшы, фундаменталдуу, классикалык билим болчу. Бирок, Союздун системасы менен окутуп туруп, Американын методу менен экзамен алып коюудабыз. Жалпы Республикалык тестирлɵɵнʏн(ЖРТ) суроолору Америка методу менен тʏзʏлгɵн. Фактология менен окутулган балдар экзаменде логикалык, аналогиялык суроолорго даяр эместигинен 5 ке окуган балдар да босого балдан ɵтпɵй калышууда. Аталган маселени чечʏʏ ʏчʏн мониторинг системасын киргизебиз. Окуу китептеринин баары союздун убагындагы классикалык ʏлгʏдɵ тʏзʏлгɵн. Кырдаалдан чыгуу ʏчʏн мониторинг системасына ɵтʏлгɵн программа боюнча ар бир чейректе эл аралык деңгээлде жооп бере ала турган суроолор тʏзʏлɵт. Усулкана башчылары менен окуу-методикалык комплексти бир жылга тʏзʏʏнʏ колго алмакчыбыз.

About The Author