20 августа, 2025

Бирдиктүү салык декларациялары боюнча тынымсыз прокурордук көзөмөл жүргүзүлүп жатат

Ош шаарынын прокуратурасы тарабынан Мамлекеттик жана муниципалдык кызмат орундарын ээлеп турган же ээлеген жеке жактардын бирдиктүү салык декларациялары боюнча тынымсыз прокурордук көзөмөл жүргүзүлүп келүүдө.

Атап айтканда, Ош шаарынын прокуратурасы тарабынан бул багытта  отчёттук мезгилде жалпы 11 текшерүү жүргүзүлүп, жыйынтыгында 129 мыйзам бузуучулук аныкталып, 108 мыйзам бузуучулук четтелип, ченемдик укуктук актыларды четтетүү боюнча 2 сунуштама келтирилип, 43 кызмат адамына карата укук бузуу өндүрүш иши козгоо менен негизинен кароо үчүн сотко материалдар жиберилип, Ош шаардык соту тарабынан аларга айып пулдар салынган.

Анткени, Кыргыз Республикасынын Салык кодексинин 107-бер. 1-бөлүмүндө, ушул берененин күчү төмөнкүдөй жеке жактарга карата колдонулат: 1) саясий, атайын мамлекеттик кызмат ордун ээлеген адамга; 2) административдик мамлекеттик кызмат ордун ээлеген адамга; 3) мөөнөттүү аскер кызматын өтөп жаткан аскер кызматчыларын, жогорку аскердик окуу жайларынын курсанттарын жана угуучуларын кошпогондо, укук коргоо органдарынын, дипломатиялык кызматтардын кызматкерине жана аскер кызматчысына; 4) саясий жана административдик муниципалдык кызмат орундарын ээлеп турган жана ээлеген адамга; 5) Улуттук банктын төрагасына жана анын орун басарына деп көрсөтүлгөн.

Ушул эле кодекстин 106-бер. 7-бөл. 2-пунктуна ылайык, бирдиктүү салык декларациясы календардык жыл үчүн түзүлөт жана ушул Кодекстин 107-беренесинин 1-бөлүгүндө көрсөтүлгөн жеке жак тарабынан — отчеттук жылдан кийинки жылдын 1-апрелине чейин бериле тургандыгы көрсөтулгөн.

Ал эми, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 16-декабрындагы 687 сандуу токтому менен бекитилген «Мамлекеттик жана муниципалдык кызмат ордун ээлеп турган же ээлеген жеке жактын бирдиктүү салык декларациясында көрсөтүлгөн маалыматтарды изилдөө тартиби жана талдоо жүргүзүүнүн негиздери жөнүндө» Жобонун 11-пунктуна ылайык, Толтуруунун тууралыгын жана толуктугун текшерүүдө декларацияда каралган бардык параметрлерди чагылдыруу жана толтуруу, ошондой эле ага декларантка жана анын жакын туугандарына таандык бардык мүлктү киргизүү фактысы изилденет деп белгиленген.

Ошондой эле, Кыргыз Республикасынын «Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө» Мыйзамынын 14-бер. 1-бөл. 1-пунктунда, кызматчы  Конституцияны жана башка ченемдик укуктук актыларды жетекчиликке алуу менен кызматтык милдетин жана кызматтык ыйгарым укуктарын, тиешелүү мамлекеттик органдардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын ыйгарым укуктарынын чектеринде чыгарылган чечимдерин ак ниеттүү аткарууга милдеттүү деп белгиленген.

Мындан сырткары, Кыргыз Республикасынын “Коррупцияга каршы аракеттенүү жөнүндө” Мыйзамынын 7-беренесинде, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык декларацияда маалыматтарды бербегени же болбосо билип туруп анык эмес же толук эмес бергени үчүн ээлеген кызмат ордунан бошотуу, Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларында белгиленген тизмекке киргизилген мамлекеттик жарандык кызмат же муниципалдык кызмат ордун ээлеген адамды мамлекеттик жарандык кызматтан же муниципалдык кызматтан ээлеген ордунан бошотуу үчүн же ага карата юридикалык жоопкерчиликтин башка чараларын колдонуу үчүн негиз катары белгилөө жагы көрсөтүлгөн.

Андыктан, Ош шаарынын прокуратурасы учурдан пайдаланып, мамлекеттик жана муниципалдык кызмат орундарын ээлеп турган же ээлеген адамдарга өздөрүнүн кирешелерин, чыгымдарын, милдеттенмелерин жана мүлкүн бирдиктүү салык декларациясына өз убагында, толук жана анык көрсөтүү зарыл экендигин эскертет.

Ош шаарынын прокуратурасынын бөлүмүнүн улук прокурору С.Жунусов

About The Author