Бʏтʏндɵй мамлекеттик тʏзʏлʏшкɵ коркунуч келтирʏʏчʏ кудурет кʏчкɵ эгедер болгон коррупция азыр ɵлкɵдɵ кандай абалда? Ага каршы кʏрɵшʏʏ кандай темпте жана кандай масштабда жʏрʏп жатат? Дегеле, коррупцияны ооздуктоого мʏмкʏнбʏ?
Орус акылмандарынын бири Козьма Прутковдун: “Тамырга ʏңʏл!” (“Зри в корень!”) деген накылы бар. Ар нерсенин, ар бир кɵрʏнʏш, окуянын башталышы, тамыры бар экендигинде эч бир шек жок. Коомдук маани-масштадагы балакет-мээнет категориясын ичине камтыган коррупция да ушундай абай салууну талап кылат.
СОВЕТ ДООРУНДАГЫ КОРРУПЦИЯ

Советтик доордо эле коррупциялык кɵрʏнʏштʏн тамырлап башташынын тʏпкʏ себептерин башынан эле социалисттик тʏзʏлʏштʏн келечегине “Социализмди куруу ʏчʏн зарыл болгон токочту жасоого керектелʏʏчʏ ун али орус тегирменинде тартылып бʏтɵ элек” деп айтуу менен кɵзʏ жетпеген орустун алгачкы марксчыларынын бири Г.В. Плеханов мындайча мʏнɵздɵгɵн: “Социалисттик ɵндʏрʏштʏ уюштуруу аны ɵлкɵнʏн “мурдагы ɵнʏгʏʏсʏнʏн” логикалык акыбеттери катары каралуучу экономикалык мамилелердин мʏнɵзʏн талап кылат. Анткени, декреттер аркылуу эле азыркы замандын экономикалык мамилелеринин мʏнɵзʏнɵ чоочун болгон шарттарды тʏзʏʏгɵ болбойт. Эгерде бул жок болсо анда социалдык революциядан кийин “бергенди ала бериш керек” деген эреже менен келишʏʏ керек. Мындай учурда “ɵндʏрʏштʏ социалисттик уюштуруунун имараты жумушчулардын, эмгекчилердин эмес, ɵкмɵттʏн “колу менен “жогору жактан” курулат”. Плехановдун пикиринде, жумушчуларга партия кызмат кылбай эле жумушчулар табы партияга, партиянын жогорку структураларына кызмат кылат. “Улуттук ɵндʏрʏшкɵ “социалдык каста” (советтик доордогу партиялык номенклатура), жетекчилик кылып, анын мʏчɵлɵрʏ ээлеп турган кызматтарын жумушчу табынын кызыкчылыктарына таптакыр дал келбеген максаттарга жумшабайт деген эч бир кепилдик жок”.
СССРде коррупция Россия империясы менен кошо жок болбой, бул улуу державанын акыркы кʏндɵрʏнɵ чейин жашап келген жана ɵзʏнɵн калган “мурасты” кийинки мамлекеттик тʏзʏмдɵргɵ да ɵткɵрʏп берген оор социалдык илдет болуп кала берген. Ал ар кандай шарт-кырдаалдарда, СССРдин бʏткʏл тарыхында мамлекетти башкаруунун башкы проблемаларынын бири болуп келген.
ЦРУнун 1954-жылдагы агентинин билдирʏʏсʏ боюнча башкы кызмат адамдары дээрлик эч качан коррупция ʏчʏн куугунтукка алынган эмес. Мындайлар болуп калганда деле, алар саясий себептер менен шартталган.
ЦРУнун советтик анализ офисинин 1982-жылкы докладына ылайык, бʏткʏл советтик системада коррупциянын ɵсʏп кетʏʏсʏнɵн советтик элита тынчсызданып жатканы белгиленген. Коррупция жарандардын бийликке болгон ишенимин кетирет деген пикир кɵптɵгɵн расмий адамдарды коркута баштаган. Ушуну менен бирге эгерде коррупцияга бийликти ɵз максаттарын ишке ашыруу ʏчʏн колдонуу деп аныктама берилсе анда советтик элитанын баарын коррупцияланган деп эсептɵɵгɵ мʏмкʏндʏгʏ документте баса белгиленген. Башканы кой, Брежнев ɵзʏнʏн баласы менен кʏйɵɵ баласын чоң кызматтарга, алар коррупциялык иштерге аралашкан деген маалыматтарга карабай, кызматка алып келген.
Докладда белгиленгендей, 1981-жылы башталган антикоррупциялык кампания Саясий бюро мʏчɵлɵрʏнɵ саясий оппоненттер менен кʏрɵшʏʏнʏн каражаты катары кызмат ɵтɵгɵнʏ жашыруун эмес. Ал кезде атагы таш жарып баштаган Андропов антикоррупциялык ал кампанияны ɵзʏнʏн саясий салмагын кɵтɵрʏʏ ʏчʏн эптʏʏ пайдалангандыгы белгилʏʏ.

“ЖЕБЕГЕН – ЖЕРДИН АСТЫНДА”
Советтик доордун нанын жеп калган адамдардын дээрлик баарына бул сарказм белгилʏʏ. Мынтип баары айтышчу да, мындай жолго тʏшʏп кетʏʏдɵн, башкача айтканда, “жегенден” эч ким кооптончу эмес, “жебеген” адам ак каргадай бɵлʏнʏп турчу. Ал доордо, мисалы, мындай анекдот бар эле: директор бир адамды жумушка кабыл алып жатып, мындай дептир:
-Сага ылайыктуу бир жумуш бар, складчы деген, бирок айлык акысы азыраак…
-Ие! деп чочуп кетет жумушка алынып жаткан адам.
-Аныңдын айлык акысы да барбы?
Советтик доор ɵттʏ да, кетти деген менен анын жакшысы да, жаманы да мурас катары кыйлага дейре кала берээри айдан ачык. Алардын арасында эгемендʏʏлʏк доору башталгандан бери бийлик тынымсыз эле кʏрɵшʏп келаткансыган, бирок кайра эле мамлекетти башкаруу ишинде олуттуу кɵйгɵйлɵрдʏ жаратуусун улантып келе жаткан коррупция да маанилʏʏ орунду ээлейт.
Швед саясат таануучусу Йохан Энгвалль ɵзʏнʏн “Коррупция бул – бʏткʏл Кыргызстан. Мамлекет инвестициялык рынок катары: Кыргызстандагы саясатты жана бюрократияны тʏшʏнʏʏ ʏчʏн аналитикалык база” аттуу эмгегинде (эмгектин аталышынын ɵзʏндɵ эле маанилʏʏ суроолорго мазмундуу жооптор жатат)мындайча жазган: “Кыргызстан деп аталган мамлекетти мамлекеттик кызмат орундарын сатууга жана сатып алууга боло турган рынок сыпатында кɵз алдыга келтирʏʏгɵ мʏмкʏн. Мамлекеттин сасып-ирий башташынын кульминациясы катары укук коргоо органдары менен уюмдашкан кылмыш дʏйнɵсʏнʏн симбиозун (биригип кетʏʏсʏн) алса болот. Ɵзʏнʏн диссертациясында доктор Энгвалль эгемендʏʏлʏктʏн жылдарынын Бакиевге чейинки мезгилиндеги ар тʏрдʏʏ булактардан алынган маалыматтарга таянган. Анын маектештеринин сɵздɵрʏ боюнча, акаевдик доордо министрдин кызмат орду жʏздɵн эки жʏз миң долларга чейинки суммада сатылган. Губернатор болуш ʏчʏн 40 миңден ашык, аким болуш ʏчʏн 20 миңден кем эмес доллар пара бериш керек эле.
Мурдагы судья менен министрдин мурдагы орун басары берген маалыматта Бишкектин биринчи инстанциядагы судьяларынын креслосу ондон элʏʏ миң долларга чейин бааланган. Мындай “тариф” каяктан жана кандай эсептɵɵлɵрдɵн келип чыкканы жана албетте, азыркы учурда кандайча ɵзгɵргɵнʏ гана белгисиз.

КYРƟШТYН ЖАҢЫ ЭТАБЫ
Садыр Нуркожоевич Жапаровдун президенттик доору да коррупцияга каршы кʏрɵштʏн кʏрдɵɵлдʏʏ дегидей эле жаны этабы менен коштолууда. Албетте, бул кʏрɵш билинбегени менен абдан оор жʏрʏп жатканын баамдоого болот. Мамлекеттин жаркын келечеги, коркпой эле айтканда, мамлекеттин мындан аркы тагдыры ʏчʏн болуп жаткан кʏрɵштʏ жеңил деп мʏнɵздɵɵгɵ ооз барбайт. Аны илгерки замандагы таптык кʏрɵш катары караган киши деле жаңылбайт. Бирок, мындайда мамлекеттик бийликтин чыныгы кʏч-кудурети чоң сыноодон ɵтʏʏгɵ тийиш экени бештен белгилʏʏ. “Бийликти кулатууга, бийлик адамдарына кол салууга аракеттер болуп жатат” деген “пиарлар” ансыз деле аз эмес кооптонууну башынан ɵткɵрʏп жаткан коомчулукту арсар ой-пикирлерге жетелеп коерун да эстен чыгарбоо керек. Кʏрɵш ɵзʏ ушундай шарт-кырдаалды талап кылат. “Баштадыңбы, коркпо!” деш керек.
“Азыркы этапта коррупция дʏйнɵнʏн бардык ɵлкɵлɵрʏндɵ, ар кандай даражада жайылган жана мурдатан бери келе жаткан кɵйгɵй болуп саналат коом жана жалпысынан мамлекет ʏчʏн кыйла коркунучтуу кɵрʏнʏштɵрдʏн бири бойдон калууда.
Коррупция кɵптɵгɵн ɵлкɵлɵрдɵ, анын ичинде Кыргызстанда социалдык-экономикалык реформаларды киргизʏʏ жана демократиялык ɵнʏктʏрʏʏ жолунда олуттуу тоскоолдук болуп саналат” деп белгиленет Кыргыз Республикасынын Президентинин 2024-жылдын 5-июндагы Жарлыгы менен бекитилген “2025-2030-жылдарга Кыргыз Респбуликасында коррупцияга каршы аракеттенʏʏ боюнча мамлекеттик стратегиясында. Стратегия бар, тиешелʏʏ органдар жана кʏч тʏзʏмдɵрʏ бар, кеп эрк-аракетте экенин кɵрʏп жатасыздар.
Абдираим Мамытов
Окшош макалалар
Ош ОИИБ: Кара-Сууда жарандын турак үйүнөн автоунааны уурдап чыгып, бир нече кылмыш жасаганга шектүү адам кармалды
“АЯЛДАР КООМДО ЗОР КʏЧ”
ЖАЗГЫ YЧ АЙЛЫКТЫН БАЙГЕ ФОНДУ МИЛЛИОН СОМ