ВИЧ-СПИД илдети дʏйнɵ жʏзʏ боюнча олуттуу кɵйгɵй. Дʏйнɵдɵ кʏн сайын миңдеген адамдардын ɵмʏрʏн алып жаткан бул илдетке каршы кʏрɵшʏʏ ар бирибиздин колубузда. Адистердин айтымында илдетти алдын алуу ʏчʏн эрте аныктоо, туура маалыматка ээ болуу жана коопсуз жʏрʏм-турумду сактоо абдан маанилʏʏ. Бирок коомдо ВИЧ менен ооруган адамдарга карата терс стероиптер дале кʏчʏндɵ. Макалада оору тууралуу туура тʏшʏнʏктɵрдʏ жайылтуу жана ага каршы кʏрɵшʏʏ жолдору тууралуу сɵз кылабыз.
Моторов Улукбек, Ош облустук кан аркылуу жугуучу вирустук гепатиттерди жана АИВди кɵзɵмɵлдɵɵ борборунун дарылоо бɵлʏмʏнʏн башчысы.

ВИЧ жана СПИД тууралуу тʏшʏнʏк
-Вич – вирустун аталышы. Ал эми кыргызча АИВ (адамдын иммуножетишсиздигинин вирусу) деп которулат. Ал эми бул вирусту алып келген оору ВИЧ инфекция деп аталат. ВИЧ инфекциясынын ɵтʏшʏп кеткен баскычы СПИД. Вирус адамга жуккандан кийин ВИЧ инфекциясын алып келет. Аны убагында дарылабаса СПИД баскычына жетип калышы мʏмкʏн дегендик. ВИЧ организмге киргенден кийин адамдын иммунитети жабыркай баштайт. Ар кандай узак убакытта адамдын сырттан келген оорулар менен кʏрɵшɵ турган функциясын жараксыз кылат.
“ВИЧ бир гана лабораториялык жол менен аныкталат”
-ВИЧ- СПИД оорусунун кʏрɵшʏʏгɵ тоскоол боло турган ɵзгɵчɵлʏгʏ бар. Ал кандай ɵзгɵчɵлʏк? Бул оору адамга жуккандан кийин кандайдыр бир белги бербейт. Бул кɵрʏнʏш жалпы эле коомду кыйнап келет. ВИЧ инфекциясын жугузуп алган адам бир нече жыл же ай ооруну жуктуруп алганын билбей жашап жʏрɵ берет. Ушул эле учурда башкаларга жуктуруп коюусу толук мʏмкʏн. Бул ооруну эч кандай дарыгер же адис адамдын келбетине карап, “сен ВИЧ менен жашайт экенсиң, жуктуруп алыптырсың же сенде ВИЧ жок экен” деп айта албайт. Бир гана лабораториялык жол менен аныкталат. Биздин жарандарыбыз тестирлɵɵдɵн ɵтмɵйʏнчɵ биз ал адамдын ВИЧ боюнча статусун биле албайбыз. Бирок бул вирус адамга жуккандан кийин таптакыр белги бербей коет дегенден алыспыз. Белги бериши дагы мʏмкʏн. Бирок ВИЧ оорусуна тиешелʏʏ эмес. Кандайдыр бир баш оору же дене табы кɵтɵрʏлʏʏ, шалдыроо, ушул сыяктуу белгилер болушу мʏмкʏн. Бирок мындай белгиде эч кайсы адам ВИЧ жɵнʏндɵ ойлонбойт. Жада калса медицина кызматкерлери дагы. Ошентип жʏрʏп оору ɵтʏшʏп кеткендигин билбей калат.

“ВИЧ оорусу 3 жол менен жугат”
1. Кандан канга жугуучу
-Жарандарыбыз кан аркылуу кайсы жерде жуктуруп алуусу мʏмкʏн? Биринчи эле баңгизатты ийне аркылуу колдонуучулар оюбузга келет. Мындайда жугузуп алуу тобокелдиги абдан чоң. Мындан сырткары кан кайсы жерде болсо, ошол жерде жуктуруп алуу тобокелдиги жогору. Мисалы, кыз-келиндерибиз каштарын, тырмактарын жасатканда, татуаж кылып, хиджамага барганда, балдарыбызды сʏннɵткɵ отургузуп, кыздарыбыздын кулагын кɵзɵгɵндɵ, андан сырткары стоматологияга барганда. Ошондуктан мʏмкʏн болушунча мындай жерлерде этият болуп, ар кимибиз ɵзʏбʏз ʏчʏн бир жолу гана колдонулуучу инструменттерди, шаймандарды кодонууну талап кылышыбыз керек.
2. Жыныстык жол менен жугуучу
— Бул жол менен кɵбʏнчɵ жаштарыбыздын жуктуруп алуусу кʏчɵдʏ. Качан гана корголбогон жыныстык катнашта болгондо ВИЧ оорусунун жугуп калуу тобокелдиги жогору болот. Себеби организмге киргенден кийин сперманын курамында дагы вирус пайда болот. Бул жолго бɵгɵт коюу ʏчʏн корголуучу жыныстык катнашты колдошубуз керек. Жыныстык ɵнɵктɵштɵрдʏ азайтып, ишеничтʏʏ, дени сак бир гана жыныстык ɵнɵктɵштʏ тандоо керек. Статистикалык маалыматка токтолсок, 2024-жылдын 1-ноябрында алынган маалымат боюнча, акыркы 5-10 жылдан бери жарандарыбыз кɵбʏнчɵ жыныстык жол менен жуктуруп жатышат. Алардын арасынан дагы 70-80%ы жаштар.
3. Энеден балага жугуучу
-Кандайдыр бир учурда ВИЧ оорусу энеден балага дагы жугуп калуусу мʏмкʏн. Бул жерде “мʏмкʏн” деген сɵзгɵ кɵңʏл бурабыз. Себеби бʏгʏнкʏ кʏндɵ медицина ɵнʏктʏ. ВИЧ менен жашап жаткан аялдар деле толук кандуу дени сак бала тɵрɵɵгɵ болот. Ал ʏчʏн ВИЧ менен жашаган аял ɵз учурунда дарыгерге кɵзɵмɵлгɵ туруп, убагында дары-дармектерди ичип туруусу керек. Эгерде ВИЧ менен жашап жаткан аял тɵрɵп, баласын эмчек сʏтʏ менен эмизбесе анда ВИЧ балага жукпоосу толук мʏмкʏн. Ош облусу, Ош шаары боюнча жылына 60 тан 70 ке чейин ВИЧ менен жашаган кыз- келиндерибиз тɵрɵшɵт. Алардын арасынан акыркы 3-4 жылда балага жуктуруп койгон учур каттала элек. Баары убагында кɵзɵмɵлгɵ туруп, баласын тɵрɵгɵндɵн кийин эмизбейт.

ВИЧти алдын-алуу чаралары
-Бул ооруну 2 жол менен алдын алса болот. Контактан кийин алдын алуу жана контакка чейин алдын алуу. ВИЧ инфекциясын жуктуруп же кандайдыр бир абалга туш келип калган болсоңуз, 72 саатка чейин биздин борборго кайрылсаңыз вирус сиздин организмиңизге тʏшʏп калган болсо деле сактап калганга мʏмкʏнчʏлʏк болот. Кыргызстанда ВИЧ инфекциясы менен жашаган адамдарга бардык медициналык кызматтар акысыз. Андан сырткары мамлекет тараптан ВИЧ менен жашаган балдарга атайын жɵлɵк пул каралган.
Ал эми контакка чейинки алдын алуу бул – ооруну жугузуу тобокелчилиги жогору адамдардын алдын- ала врач менен иштешкендиги. Мындай адамдар жугузуп алганды кʏтʏп олтурбастан алдын ала керектʏʏ дары-дармектерди ичип, ɵздɵрʏн сакташат.
ВИЧ менен жашаган жаранга кандай мамиле болушу керек?
-ВИЧ менен жашаган адамдарга коом тараптан, медицина кызматкерлери тараптан кандай мамиле болушу керек? Коомубузда элдин арасында ВИЧ- СПИД инфекциясы боюнча маалыматтын аздыгына байланыштуу бул инфекция менен жашаган адамдарга кɵз караш башкача. 10 жыл мурун жалпы коомчулук гана эмес, медицина кызматкерлери дагы ВИЧ менен жашаган адамдарга туура эмес мамиле кылышкан. Ал эми бʏгʏнкʏ кʏндɵ медицина тараптан мындай мамиле жоголо баштады. Ал эми коомчулук тараптан дале болсо кооптонуу менен мамиле жасалат.
Таңсулуу Сʏйʏнали кызы
Окшош макалалар
Ош областтар аралык бириккен клиникалык ооруканасы – тʏштʏктɵгʏ саламаттыкты сактоонун флагманы
Курманжан-Датка МАБынын башчысы Равшан Мирзабаев: “Ак-Буура дарыясынын жээгине жана суу ʏстʏнɵ курулган объекттер алынып жатат”
Салык санкциясы деген эмне?