ОшТУнун окумуштуулар жамааты сууну 25 метр бийиктикке кɵтɵргɵн суу кɵтɵргʏчтʏ жасап чыгышты. Бул эмгеги ʏчʏн Кыргызпатент тарабынан патент ыйгарылган. Суу кɵтɵргʏч айыл чарбасын ɵнʏктʏрʏʏгɵ олуттуу салым кошору кʏтʏлʏʏдɵ. Ɵлкɵбʏздʏн приоритеттʏʏ багыттарынын бири болгон айыл чарба тармагындагы ар бир ачылыштар, жетишкендиктер экономикага оң таасир этери талашсыз. Илимий курам менен жолугуп, жаңы эмгеги – суу кɵтɵргʏч тууралуу маектешкенбиз.
Болотбек Жоробеков, Автотранспортту тейлɵɵ жана туруктуу технологиялар кафедрасынын башчысы, ОшТУнун профессору.

-Болотбек агай, бир курулманы ойлоп табуу, анын эмеректерин чогултуу, жасоо, албетте, оңой иш эмес, долбоорду ишке ашырууда каржылык жактан кимдер кɵмɵктɵштʏ?
-Негизи долбоордун максаты – тамак-аш коопсуздугун сактоо. Себеби акыркы жылдары калктын саны кɵбɵйʏʏдɵ, суу жетишсиздиги сыяктуу кɵйгɵйлɵр пайда болду. Тамак-аш коопсуздугун сактоо боюнча GIZ немис коомдук бирикмесинин финансылык колдоосу менен аталган проектти утуп алганбыз. 360 миң сом каражаттан сырткары университет дагы ɵзʏ кошумча каржылады. Ишибизди алгач Ош облусундагы дың жерлердин аянтын аныктоо менен баштадык. Айыл чарбасына ылайыкталган канча жер сугатсыз калып жаткандыгы изилденди. Андан кийин калктын санын тактадык. Суу чыкпаган жерлерге биздин суу кɵтɵргʏчтʏн жардамы менен суу чыгарып, жер-жемиш, жашылча продуктыларын ɵндʏрʏʏнʏ кɵздɵп жатабыз. Бʏгʏнкʏ кʏндɵ Кыргызпатент ишканасынын патентин алдык. Илимий командабыз суу кɵтɵргʏчтʏ нɵлдɵн баштап, суу чыгара ала турган деңгээлге жеткире алышты. Эксперимент ʏчʏн алгач Озгур айылынын бир участогун алганбыз. Изилдɵɵбʏз албетте, токтоп калбайт, мындан ары да улантып, кайсы продуктыларды ɵндʏрсɵк экономикага пайда алып келерин анализдеп жатабыз.

-Суу кɵтɵргʏч кандайдыр энергия булагын талап кылабы?
-Кошумча электр энергияны, кʏйʏʏчʏ майды, башка кыймылдаткыч кʏчтɵрдʏ талап кылбайт. Суу кɵтɵргʏч тɵрт камерадан туруп, суунун агымынын негизинде айланат. Буга чейин Ак-Буура дарыясындагы жана башка каналдардагы суунун ылдамдыгын эсептеп чыкканбыз. Агымга жараша сууну 25 метр бийиктикке алып чыга алат. Ал эми узундугун алсак 400-500 метрге чейин айдоо аянттарын сугарууга жɵндɵмдʏʏ. Эгер тамчы сугат системасын колдонуп, эгиндерди, бак-дарактарды тамчылатып сугарсак анда дагы кɵп эффект алышыбыз мʏмкʏн. Сапаты бекем, кɵп убакытка иштей ала турган деңгээлде жасалды.
-Илимий курамды тааныштырып ɵтсɵңʏз?
-Аталган проектке 6 окутуучубуз катышкан. Алар: ОшТунун ректору, профессор Жанболот Турсунбаев, доценттерибиз Жакыпжанова Вахидилхан, Орозбаев Каныбек, Тажибаев Жоомарт жана Сыдыков Мурадил. Суу кɵтɵргʏчтʏн деталдарын ɵзʏбʏз ойлоп таап, негизги бɵлʏктɵрʏн ɵзʏбʏз топтодук. Таалыкпаган кʏч-аракеттин арты менен ушул ийгиликке жетип отурабыз десем жаңылбайм.
-Суу кɵтɵргʏчтʏ курууга канча убакыт жумшалды?
-Бир жыл убакыттын ичинде тʏзʏп, ишке киргиздик. Бизге чейин жетекчилерден маркум Орозбеков Эмиль Тентиевич, Бекбутаев Эркин агайлар да ушул иш менен алектенишкен. Бирок аларда системалары такыр башкача болчу. Дегеле идеясы мындан 5 жыл мурда окутуучуларыбыз Европа ɵлкɵлɵрʏнʏн тажрыйбаларын кɵрʏп келгенден кийни пайда болгон десек болот. Коңшу Ɵзбекстан, Казакстан ɵлкɵлɵрʏнʏн кɵпчʏлʏк аянты тегиз болгондуктан мындай курулмалар кɵп иштетилбейт экен. Мисалы, Ɵзбекстанда сууну ɵзʏнʏн деңгээлине жараша 1-2 метрге чейин гана кɵтɵрʏшɵт. Ал эми бизде тоолу аймак, дың жерлерди кɵбʏ бийиктикте болгон ʏчʏн сууну жогору алып чыгуу зарылдыгы бар.
Бурканбек Касымалиев, Энергетика, транспорт институтунун окуу иштери боюнча директордун орун басары.

“Республиканын башка аймактарына жайылтууну кɵздɵп жатабыз”
-Баарыбызга белгилʏʏ болгондой Кыргызстандын 95% тоолордон турат. Калкыбыздын басымдуу бɵлʏгʏ айыл жергесинде жашап келет. Ошондуктан сугарылбай калган кайрак жерлер кɵп. Профессор Болот Астаевич баштаган команданын “кайрак жерлерди сугаруу” деген максаттуу ишинин биринчи этабы ийгиликтʏʏ ишке ашты. Суу кɵтɵргʏчтʏн ʏлгʏсʏ университеттин жамаатына, Казань шаарынын агроинженерия институтунан келген ректоруна, Андижан машина куруу институтунан келген окутуучуларга кɵрсɵтʏлдʏ. Аябай жакшы пикирлерин айтышты. Бул экономикага эле эмес, экологияга, тамак-аш коопсуздугу ʏчʏн пайда келтирет деп ишенип турабыз. Жогоруда айтылгандай эксперимент Озгур айылына жасалды. Эми машина куруу заводу менен сʏйлɵшʏʏлɵрдʏ жʏргʏзʏп, кɵп санда чыгарууну, республиканын башка аймактарына жайылтууну кɵздɵп жатабыз.

-Кɵп санда чыгарууга каржылык жактан колдоолор болобу?
-Муну Айыл чарба министрлиги менен да макулдашабыз. Жакшы колдоолорго ээ болсо, суу кɵтɵргʏчтʏ мындан да сапаттуу материалдардан жасаса болот.
-Багбандар менен дыйкандардан да сунуштар тʏшʏп жатса керек?
-Ооба, бизге келип, индивидуалдык тʏрдɵ буюртма кылалы деп жатышат. Бирок, муну сериялык тʏрдɵ чыгарайлы деген пландар бар. Анткени жалгыздан жасасак бири-бирине алмаша турган деталдар жок болуп калат. Ректор менен да сʏйлɵшʏʏлɵр жʏрʏʏдɵ, эгер университеттин технопаркында мʏмкʏнчʏлʏк болсо, анда технопаркта чыгарсак деле болот.
-Ишиңиздерге ийгилик.
Айжылдыз Тойчиева
Окшош макалалар
Генералдын Оштогу сапары: Криминалдар тыйылып, соттордун маянасы 300 миңден ашканы айтылды
Баткен окуясына 26 жыл: Эскерʏʏсʏз калган эрдик
Yч облус элин тейлеген онкологиялык борбордун стратегиясы