Биздин бул рубрикабызга тʏрдʏʏ кесип ээлери маектешʏʏгɵ келет. Бул ирет белгилʏʏ журналист Гʏлжан Ажиматова конок тɵрʏбʏздɵ.Ар дайым позитив чачырап турган, ʏй-бʏлɵдɵ ʏлгʏлʏʏ очок ээси, коомдук иштерде активдʏʏ айымдын бейнесине кɵз жʏгʏртʏңʏз, окурман.
“Кɵпчʏлʏгʏ ОшТВ телеканалынын жʏзʏ катары таанышат”

-Гʏлжан эже, журналистика тармагында жʏргɵнʏңʏзгɵ канча болду, студент кезден эле иштеп баштадыңыз беле?
-Журналистика тармагында жʏргɵнʏмɵ 20 жылдын жʏзʏ болуп калды. Ош мамлекеттик университетинин журналистика адистигинин алгачкы бʏтʏрʏʏчʏлɵрʏнʏн биримин. Журналистика тармагында иштɵɵгɵ 2-курсумдан тартып эле аралашып баштаганмын. Алгач текст жазганды ʏйрɵнʏʏ ʏчʏн окуу жайдын “Нур” гезитинде иштеп жʏрдʏм. Кабарларды даярдап, текст менен иштечʏмʏн. Андан кийин ОшМУнун “ʏмʏт” теле студиясында ошол кездеги ректор Каныбек Исаков менен теле тармагындагы алгачкы интервьюм болгон. Ошентип “ʏмʏт” телестудиясында иштеп жʏргɵнʏмдɵ ОшТВ телеканалынан жаш журналисттерге чакыруу келип калып, ал жакка барып калдым. Барганда эле жаңылыктар бɵлʏмʏнɵ олтурдум. Ошентип теле журналист катары тааныла баштадым. Азыркы убакка чейин кɵпчʏлʏк адамдар мени ОшТВнын жʏзʏ катары таанышат. Эмнегедир базарга барганымда “сиз ОшТВ каналында иштейт белеңиз?” деп кɵп сурашат. Андан сырткары Ош шаарынын мэриясынын басма сɵз катчы кызматына, андан кийин коомчулук менен байланыш кызматынын башкы адиси болуп 5 жыл иштедим. Кийин Азия тв ачылып, Ош облусу боюнча бɵлʏмʏндɵ иштеп калдым, учурда ушул телеканалда эмгектенем.
“Пайдалуу программаларды алып барганга аракет кылабыз”


-Жакындан бери жаңы программада кɵрʏп калдык сизди…
-Азия тв каналында иштеп баштаганымда “Чыгыш берметтери” деген долбоор ачкан элек. Алгачкы материалдарыбызды эле кызыктуу баштап, бул программабыз дагы жакшы кɵрʏʏчʏлɵрдʏ топтогон. Туура баамдапсыңар, жакын арада эле “Подкаст” деген аталыштагы жаңы долбоор баштадым. Мындагы негизги максат — элди туура маалымат менен камсыз кылуу, чыныгы кесипкɵй инсандарды маектешʏʏгɵ чакырып, алардан элге мотивация боло тургандай пайдалуу кеңештерди алуу. Негизгиси карапайым калкыбызга туура жол кɵрсɵтʏʏнʏ максатыбыз катары кабыл алдык. Буюрса, бул долбоорубуздун дагы келечеги чоң деген ишеничтемин.
“Мени ойлондурган медиадагы кɵйгɵй”
-“Журналисттик кесипти социалдык тармак ээлеп кетти” дегенге кошуласызбы? Учурдагы медиадагы кɵйгɵй кайсы?
-Гезит, радио, телевидениенин орду бир аз азайып, социалдык тармактардын орду кɵбɵйʏп кеткендей сезилет. Бирок канткен менен да медиа тармактын орду кɵрʏнʏп эле жатпайбы. Массалык медиа тармакта иштеген ар бир журналисттер ʏчʏн мыйзам бар. Ар бир журналист биринчи кезекте жоопкерчиликти сезе билет. Бирок азыр малыматты тарата турган активисттер кɵбɵйʏп кетти. Алардын бири блогерлер. Ɵзʏнʏн баракчасы аркылуу каалаган маалыматты таратат, бирок журналисттерге салыштырмалуу жоопкерчиликти алышпайт. Мен медиадагы кɵйгɵй деп ушуну айтар элем.

“Жаш, дилгир журналисттерди мен абдан баалайм”
-Журналистикадагы жаш журналисттерге жана ушул кесиптин ээси болом деп окуп жаткан студенттерге кандай кеңеш берер элеңиз?
-Азыркы жаштардын активдʏʏлʏгʏ мени кубандырат. Анткени ар бир жаш адис ɵзʏнʏн ʏстʏнɵн иштɵɵгɵ дилгир экенин байкадым. Жакында эле 1 ай мурун журналистика факультетиндеги студенттер менен жолугушууга бардым. Алардын жаш болсо да аябай активдʏʏ, кызыгуучулугу жогору экенин кɵрʏп кубандым. Албетте, алар жаш, биринчи эле теле тармагынан баштагысы келет. Бирок мен ар дайым айтып келем. Эң биринчи кезекте текст жазганды ʏйрɵнʏшʏ керек. Ар бир журналист ɵзʏнʏн даярдаган материалын кɵрʏʏчʏгɵ сапаттуу жеткирип бере алышы зарыл. Азыр журналистиканын кɵп тармагы ɵнʏгʏп жатат. Мисалы, мобилография, СММ жана башка. Мына ушул жаңы тармактарды дагы кошо алып кеткен жаштарды мен аябай баалайм жана сунуштайм.
“Жумуш менен жеке жашоомду тең салмакта алып кетʏʏмɵ жолдошумдун салымы чоң”

-Аялзаты ʏчʏн жумуш менен ʏй-бʏлɵнʏ чогуу алып кетʏʏ кыйын. Анткени жумушка жумуштай мамиле, ʏйдɵ болсо кожойкенин казаны кайнап турушу керек дегендей. Сизде бул жаатта кандай?
-Чындыгында жеке жашоо менен жумушту бирге алып кетʏʏ абдан оор. Анткени эки эсе жоопкерчилик талап кылынат. Мен жеке жашоом менен жумушумду бир салмакта алып кетʏʏмɵ биринчиден, ата-энемдин салымы чоң. Анткени ата-энем журналистика тармагына баруума эч качан каршы болгон эмес. Айрым туугандарым “журналист болсоң, бул тармакты алып кете алат бекенсиң, жеке жашооң кандай болот?” деп кыжаалат болушса, ата-энем мындай сɵздɵргɵ кɵңʏл бурбастан, “кызым журналист болсо иштей алат, жеке жашоосун дагы алып кете алат” деп чоң ишеним кɵрсɵтʏшкɵн. Менин бардык ийгиликтеримдин, жеңиштеримдин себепчиси ата-энем деп айта алам. Андан кийинки эле менин колдоочу, камкорчу инсаным жолдошум. Жолдошум ɵзʏнʏн жумушун кандай кабыл алса, менин жумушумду дагы ошондой кабыл алат. Алгач мамиле куруп баштаганыбызда эле тʏшʏнʏʏ менен кабыл алган. Ошол себептен дагы бʏгʏнкʏ кʏнгɵ чейин бактылуу жашоону биргеликте кечирип, 5 баланы тарбиялап келе жатабыз.
-Сɵзʏңʏздɵ айтып калбадыңызбы, мэрияда да иштегениңизди. Алдыңкы жылдарга кандай пландарыңыз бар?
-Алдыда журналистика тармагында эле ɵз ишимди улантып, жаштарга иш тажрыйбам менен бɵлʏшʏп турам. Негизги планым жаңы жылдан баштап дагы да болсо, жаңы долбоорлор менен иштɵɵ. Андан сырткары ɵзʏмдʏн жеке максатым журналистика тармагында ɵзʏмдʏн мектебимди ачсам дейм. Албетте, бир гана тармакта эмес, журналистиканын маанилʏʏлʏгʏ, сыры, бардык тармагын ʏйрɵтɵ турган мектеп болот деп ойлонуп жатам.
-Жакшы ой-максаттарыңыз бар экен, баары ишке ашсын дейли. Маегиңизге рахмат.
-Силерге да рахмат. Учурдан пайдаланып баарыбызды кирип келе жаткан жаңы жыл менен куттуктайм! Жаңы жыл жакшылыктын, берекенин, тынчтыктын жылы болсун!
Таңсулуу Сʏйʏнали кызы
Окшош макалалар
Генералдын Оштогу сапары: Криминалдар тыйылып, соттордун маянасы 300 миңден ашканы айтылды
Баткен окуясына 26 жыл: Эскерʏʏсʏз калган эрдик
Yч облус элин тейлеген онкологиялык борбордун стратегиясы