Ден соолугунун мʏмкʏнчʏлʏгʏнʏн чектелгенине карабастан, коомдо ɵз ордун тапкандар аз эмес. Алардын бири Зиягʏл Исмаилова. Чыгармачылыгы менен элдин жʏрɵгʏн багынтып, укук коргоо жаатында да чоң иштерди жасап келет. Бейɵкмɵт уюмдар менен кызматташып, майыптуулугу бар жарандарга дагы кɵмɵгʏн кɵрсɵтʏп келет. Ɵзʏнʏн кайраттуулугу жана таланты менен кɵптɵгɵн адамдарга ʏлгʏ болот десек жаңылышпайбыз.
Эрктʏʏ айым, чек арасыз мʏмкʏнчʏлʏктɵр


-Мен 4-класс болгонумда, бутумдан травма алып басапай калганмын. Башында балалык ой менен басып кетем го деп ойлоп жʏрдʏм. Улам ар жерге кɵрʏнʏп жʏрʏп, басып кетсем керек деген ʏмʏт да чоң болду. 18 жашка толуп акыл- эсимди токтоткуча баспай калам деп эч качан ойлобопмун. 20 жашымда баспай калганым тууралуу акыркы чечим чыкты. Дарыгерлер “мындан ары баса албайсың, анткени травма жʏлʏнгɵ кетип калыптыр. Мындан кийин эч кандай операция дагы жардам бербейт” деп айтышты. Ошондон кийин мен аябай катуу депрессияга тʏштʏм. Андан бери кɵп жылдар ɵттʏ. Азыр 1 кыздын энеси, чыгармачылыкта ɵз орду бар айымдардын катарын толуктайм.
“Жашоомдун ɵзгɵрʏшʏнɵ бир кыз себеп болду”
-Ден соолугума байланыштуу ооруканага барып, ал жактан мага окшогон эле орус улутундагы майыптуулугу бар кызды учуратып калдым. Кɵрʏнʏшʏ менден бир топ улуу. Кош бойлуу болгону ʏчʏн кɵрʏнгɵнʏ келиптир. Чынын айтсам, ал кызды кɵрʏп таң калдым. Кантип эле майыптуулугу болуп туруп эне болот деп? Анан орус тилин анча билбесем деле барып сʏйлɵшкʏм келди. Билген орусчамды иштетип аны менен сʏйлɵшʏп калдым. Ал мага “сен менден жаш, менден жакшынакай экенсиң, эмне ʏчʏн кайгырасың? Сага да тɵрɵгɵнгɵ болот” деп мени жашоого кайтаргандай кɵп сɵздɵрдʏ айтты. Мен ошондон баштап жашоомду ɵзгɵрттʏм. Депрессиядан чыктым, жашоого башкача кɵз караш менен карай баштадым. Менин ушул жашоого, ушул деңгээлге жеткениме ошол кыз да бирден бир себепкер деп айта алам. Мурун бир жакка чыга турган болсом бир эле мен баспагандай, баары мени карап тургандай сезиле берчʏ. Азыр болсо андай эмес, кандай болсом, ɵзʏмдʏ ошол бойдон кабыл алам.

“Бейɵкмɵт уюмдар менен иштешип келем”
-Акырындап убакыт ɵтʏп телефон колдонуп, интернеттен кɵп нерсени кɵрʏп калдык. Ошол кезде “Теңдик” аттуу бейɵкмɵт уюм тууралуу кɵрʏп калдым. Ал уюмда майыптуулугу бар жарандардын укугун коргоп, таланттууларды колдошот экен. Мен дагы ошол уюмга мʏчɵ болуп, чоң чɵйрɵгɵ аралашып баштадым. Ал жактан ɵзʏмдʏн талантымды ачып, чон сахнаны аттап, жаңы досторду таптым. Ошентип жʏрʏп жашоого болгон кɵз карашым 100% толук ɵзгɵрдʏ. Уюмга мʏчɵ болуп киргенден бери, майыптуулугу бар жарандардын укугун коргоп келем. Биздин жумуштун негизги максаты – майыптуулугу бар жарандарды жашоого кайтаруу, алардын талантын ачуу. Биздин олкɵбʏздɵ майыптуулугу бар жарандарды бей-бечара элестетип башкача кɵз караш менен карагандар бар. Мындай кɵрʏнʏштɵрдʏ жок кылуу максатында тренинг сабактарды уюштуруп келебиз. Анда ɵзʏңдʏ кандай болсоң ошондой кабыл алуу, кандай болсоң ошондой боюнча элге кɵрʏнʏʏ тууралуу айтылат. Эгерде талант болсо, аны эч качан жашыруу кажет эмес. Майыптуулугу болсо деле, ал да Кыргыз Республикасынын жараны, болгону майыптуулугу бар. Ага эч кандай тоскоолдуктар болбошу керек. Бизде кээ бир адамдар майыптуулугу бар жаранды ʏйʏнɵ бекитип, тойго алып чыкпай же тууган- урук келсе аралаштырбай койгондор да жок эмес. Биз мына ушуга окшогон окуяларга да туш болуп, мындай балдарыбыздын ата-энелерине тʏшʏндʏрʏʏ иштерин жʏргʏзʏп турабыз. Мындай учурга тʏшʏп калган кыздарыбыздын жашоосун ачканга жардам беребиз. Качан гана алардын жашоого болгон кɵз караштары ɵзгɵрʏп баштаганда турмуш курууга, келечегин ɵзгɵртʏʏгɵ бел байлай башташат. Биз атайы уюмдар тарабынан майыптуулугу бар жарандарды бекер окууларга окутабыз. Мисалы, кыздарыбызга тигʏʏчʏлʏктʏ, тамактардын тʏрʏн жасоону, компьютердик курстарды, тырмак, кирпик жасап иштɵɵнʏ ʏйрɵтɵбʏз. Ал эми балдарыбызга зер буюм-тайымдарды жасоону, сварщик, электрик сыяктуу окууларды окутабыз. Мында ар бир майыптуулугу бар жаран ɵзʏнʏн шыгына, шартына карап ɵз кесибин таап кетет. Ар бир адам ɵз ордун тапса эч качан, эч жерде кор болбойт эмеспи. Кандай жашаш керек, жашоого болгон кɵз карашты тʏздɵɵ, ар бир адамдын ɵзʏнʏн колунда. Бардык нерсеге чекит коюп “бʏттʏ, болду, эмне кереги бар мага?” деген жашоо болбойт. Эгер биз ушинтип наалый берсек, жашоого болгон ʏмʏтʏбʏздʏ эрте эле ɵчʏрʏп алабыз. Кээде караңгы жашоого тʏшʏп калган каарманды, жаркын жашоого кайра алып келе албаган учурубуз деле болот. Себеби, кээ бири мурунтадан майыптуулугу бар болуп, ошол жашоону гана сиңирип алып, андан чыга албай калат.

“Ырдабай калсам, ооруп калам”
-Жашоодогу менин эң жакшы кɵргɵн хоббим бул – ырдоо. Ырдоо менин кесибим десем да болот. Жаратканым мага ʏн берип койгон экен, ошонун аркасында азыр сахнада жʏрɵм. Негизи ырдоо ɵзʏмдʏн ата-энемден эле калган талант. Чыгармачылыкта эски ырларга кɵбʏрɵɵк басым жасайм. Музыкалык билимим деле жок. Майыптуулугу бар жарандардын арасында ыр кеселер, конкурстар уюштурулганда ошол жактарга барып, элдин алдына чыгып коомдо кичине болсо дагы ɵзʏмдʏн ордумду таптым десем болот. Белгилʏʏ, таанымал жылдыз болуп кетпесем дагы интернет чɵйрɵсʏндɵ тʏштʏк тарапта мени колдогон кʏйɵрмандарым кɵп. 2019-жылы “Маданияттын мыкты кызматкери” деген тɵш белгини алганмын. Жакында эле 5-декабрда Ташкентке чакыруу менен барып келдим. Атайы чакыруу менен барып ырдаганым ʏчʏн ɵзʏмдʏ ушунчалык бактылуу сездим. Себеби ал жерде ырдоо деле бардык адамга буйруй бербейт. Бул да болсо мен ʏчʏн бир сыймык болду деп ишенем.
Алдыга койгон максаттарым чоң. Мен жашоомдо чайды, нанды ташташым мʏмкʏн, бирок ырчылык кесибимди эч качан таштай албайм. Анткени мен ырдабай калсам, ооруп калам. Ыр менин жан дʏйнɵмдʏн дарысы десем болот. Ырдоо менен ички дʏйнɵмдɵгʏ бардык капачылыктарымды чыгарам. Ал эми алдыга койгон максаттарымдын бири ɵзʏмдʏн жеке концертимди берʏʏ. Анткени ырдап сахнада жʏргɵнʏмɵ 20 жылга жакындап калды. Ɵзʏмдʏн аз да болсо жеке концертимди берсем деген ой, тилек-максаттарым чоң. Буюрса, жакынкы 2 жыл ичине жеке концертимди пландап ойлонуп жʏрɵм.
Таңсулуу Сʏйʏнали кызы
Окшош макалалар
Генералдын Оштогу сапары: Криминалдар тыйылып, соттордун маянасы 300 миңден ашканы айтылды
Баткен окуясына 26 жыл: Эскерʏʏсʏз калган эрдик
Yч облус элин тейлеген онкологиялык борбордун стратегиясы