Физика боюнча 2024-жылкы Нобелдик сыйлык физиктерге эмес, жасалма интеллект боюнча адистерге тапшырылды. Сыйлыкты Пристон университетинин окумуштуусу Жон Хопфилд жана Торонто университетинин аалымы Жеффри Хинтон алды. Хопфилд 1982-жылы эле нейротʏйʏндʏн прототибин, Хинтон аны окутуунун ыкмаларын ачкан.
Батыш физиктеринин кɵбʏнɵ бул жаккан жок. Нобелдик комитет сыйлыкты кимдерге берʏʏнʏ билбей же кɵрбɵй жатат! Физиктер тынбай ɵз талапкерлерин сунуштап келишет, алардын арасынан кызыктуураак бешɵɵсʏн мисалга алып кɵрɵлʏ.

ИЛОН МАСК: КƟП ИРЕТ КОЛДОНУЛУУЧУ РАКЕТА
Албетте, Илон Масктын инженерлери Маск АКШдагы президенттик шайлоого баш оту менен киришип жатып калгандан кийин эч нерсе албай каларын баары эле билип турушкан.
“Киндигине” этияттык менен конуучу ракета эң биринчи жолу 1959-жылкы “Асман чакырат” аттуу советтик кино картинада чагылдырылган. Советтик цивилизациянын кʏйɵрманы катары Маск ал картинаны кɵргɵн жана идеяны ошол жактан алган болуш керек. Лентаны Илимдер академиясынын мʏчɵ-корреспонденти Авенир Яковкин жана конструктор Алексей Борин консультациялашкан. Борин идеянын автору болсо керек ( Якорвкин астроном, Борин- нукура технарь).
Башталышында эле Альфред Нобель физика боюнча сыйлык чоң маңдай теория ʏчʏн эмес, ойлоп табуучулукка берилет деп ойлогон. Бирок, иш жʏзʏнɵ келгенде, 1901-жылдан бери сыйлыктын 23 гана пайызы конкреттʏʏ бир ойлоп табууларды жасагандарга, болгондо да жыйырманчы кылымдын башталышындагыларга кеткен.

ЖОН ПЕНДРИ: КƟРYНБƟС-КАЛКАНДАР
Бул роликтер интернетте хит болуп калды: ачык тʏстʏʏ калкандын артында тур да, эрип кет. Мындай трюктун артында бʏтʏндɵй бир тармак-метаматериалдарды иштеп чыгуу турат. Бирок, Нобель комитети материалга киришʏʏ жагына тырыша кɵрмɵксɵн мамиле жасап келе жатат. Супер материалдын идеясын 2000-жылы физик Жон Пендри сунуш кылган. Супер материал жарыкты тескери сындыруу касиетине ээ. Башкача айтканда, жарыкты аңтарасынан сындырат. Бʏтʏндɵй самолетту же танкты “эритип” жиберʏʏ технологиясынын астанасында турабыз. 2005-жылы Беркли университетинде эч кандай микроскоп менен кɵрʏʏгɵ мʏмкʏн болбогонду да кɵрсɵтɵ алган гиперлинзаны ойлоп табышкан. Атайын чагылдыргычтарды жер титиреген зоналарга жайгаштыруу аркылуу сейсмикалык толкундарды кайтарып, чачып жиберсе болот.
Сыягы, Нобель комитети бул ачылыш ɵзʏн коргоп, кандайдыр бир жактан ɵзʏн кɵрсɵтʏшʏ керек деген ойдо окшойт. Ал эми Альфред Нобель ɵзʏ мынтип керээз айткан: сыйлыкты ɵткɵн жылдагы ачылыштарга тапшыргыла, создуктурбагыла!
ДЭВИД ДОЙЧ: КВАНТТЫК КОМПЬЮТЕР
Кванттык компьютер жɵнɵкɵй компьютерден кʏчтʏʏ болушу шарт эмес, ал тек гана башка компьютер. Эгерде “электрондук” мээ эсеп чыгарса, кванттык мээ алдын-ала билип тургансыйт. Машина милдетти чечʏʏнʏн бардык варианттарын билет, анын максаты – оптималдык вариантты тандоо. Кванттык эсептɵɵнʏн негизине Дэвид Дойч жана Питер Шор жол салган. Экɵɵ тең абдан оригиналдуу адамдар. Ал эми Нобелдик комитетте андай адамдарды жактыра беришпейт. Мисалы, Дойч кванттардан бошураак болуп калган мезгилде таңкалычтуу дегенден да артыгыраак теорияны тʏзгɵн. Айталы, бир тандоону жасап жатып( метродо кетсемби же такси жалдасамбы, чай ичсемби же кофеби) биз ошол метродо же таксиде бараткан, чай же кофе ичип олтурган ааламга тʏшʏп калабыз же ошол абалдагы ааламдын жанынан учуп ɵтʏп бараткан болобуз. Ошентип, биз ааламдарды кол мээлейдей эле алмаштырабыз.
Ал эми Шордун бадал сыяктанган коюу сакалы бар. Эмне, ал сакалын кырдырып салышы керекпи?

МОРДЕХАЙ МИЛГРОМ, ЖЕЙМС МАКГОУ: АНТИГРАВИТАЦИЯ
Бир физиктер кʏңʏрт материяны издеп жаткан маалда башкалары Исаак Ньютонго оңдоо-тʏзɵтʏʏлɵрдʏ киргизишет. 1983-жылы Мордехай Милгром “модификацияланган ньютондук динамиканы” сунуштаган. Анда дʏйнɵ кʏңʏрт материясыз тʏшʏндʏрʏлɵт. Башкача айтканда, бʏткʏл дʏйнɵлʏк тартылуу мыйзамы ар дайым эле иштей бербейт.
-Силер эмнеге бизге антигравитацияны тʏрткʏлɵп жатасыңар?- деп ретрограддар анда бир дуулдап алышкан. Бирок, теория ɵзʏнʏн акыйкаттуулугун далилдеди жана кʏңʏрт материяга ишенгенин улантып жаткандар да аны акырындык менен колдонушууда. Жеймс Макгоунун “Жеймс Уэбб” телескобу аркылуу жʏргʏзгɵн байкоолору аталган теорияны дагы бир ирет далилдеди жана экɵɵнɵ тең Нобель сыйлыгын берʏʏ идеясы пайда болду.
А балким, жогоруда аталгандардын баарын сыйлыкка сунуш кылышкандыр, аны дагы 50 жылдан кийин гана билʏгɵ болот. Нобелдик комитет дагы ушунча жыл сыйлыкка талапкерлердин аттарын сыр кылып сактайт.
Процедураны эске салалы: Комитет ɵзʏ ишенген окумуштууларга суроо жɵнɵтɵт, алар талапкерлерди сунушташат, тандоо комитетте калат. Ачык эмеспи? Шардана эмеспи? Ооба, эмне дегенде бул жеке сыйлык.
Комитетке коюлган башкы дооматтар булар:
-Ɵтɵ эле жай. Мисалы, азыркы лауреаттар ɵз ачылыштарын 1980-жылдары эле жасаган.
-Таарынгандар кɵп. Нобелдин керээзинде эреже бар: лауреаттардын саны ар жолкусунда ʏчтɵн ашпашы лаазым. Бирок, ал жыйырманчы кылымдын башында, ачылыштарды жалгыз аалым жасаганда болгон. Хигстин бозонун ачууга авторлоштордун тизмеси эле 15 бетти ээлейт, сыйлыкты эки адамга беришкен. Гравитациялык толкундарды ачкан миң фамилиянын ичинен ʏчɵɵнɵ гана сыйлык ыйгарылган.
-Эмне себептен экени элʏʏ жылдан кийин белгилʏʏ болот. Россиялык окумуштууларга каалай бербегендей таризде сыйлык ыйгарышат. Нобель сыйлыгына, сыягы, “Евровидение сыйлыгындай эле мамиле жасоо туура окшойт. Андан культ жасоонун кереги жок.Алдыңбы- жакшы, албадыңбы- а мейли.

НОБЕЛДИК КОМИТЕТ МЕНДЕЛЕЕВ МЕНЕН ЭЙНШТЕЙНДИ ДА ТААРЫНТКАН
1901-жылы химия боюнча Нобель сыйлыгы Мезгилдик системанын таблицасы ʏчʏн Менделеевге тиет деп баары кʏтʏшкɵн. Бирок, сыйлыкты кайсы ачылышы ʏчʏн экени эч кимге белгисиз Якоб Вант-Гоффко ыйгарышкан. Андан кийин эки ирет Менделеевге сыйлыкты “бул кеңири белгилʏʏ жана эми жаңы эмес теория” деген формулировка менен ыйгарбай коюшкан. Нобель сыйлыгына сунуш кылынып,бирок ала албай калган аалымдардын арасында тɵмɵнкʏлɵр да бар:
Уоллес Карозерс, нейлонду ойлоп табуучу. Сыйлыкты “сыйлык белгилʏʏ химикке номиналдаштырылышы керек” деген жʏйɵ менен бербей коюшкан. Аалым муну кɵтɵрɵ албай, акырында уу ичип ɵлгɵн.
Николай Аничков. Холестерин кан тамырларды толтурарын ачкан. Сыйлыкка кɵрсɵтʏлгɵн, алган эмес.
Евгений Павловский, пандемиялар теориясынын тʏзʏʏчʏсʏ, сыйлыкка сунушталган эмес, анткени “пандемия актуалдуу эмес кɵйгɵй” деп саналган. Аалым 1965-жылы кɵз жумган.
Уильям Кувенховен жана Пол Золл. Дефибрилляторлорду ойлоп табышкан. Сыйлыкты эмне ʏчʏн бербей коюшкан деп сурагыңар келип турабы? Анда эмне ʏчʏн тамеки тартуунун зыяндуулугун ачкан Ричард Долл, УЗИни ойлоп тапкан Инге Эдлер, Карл Герц, Гепатитти дарылоо ыкмалары ʏчʏн Харви Алтер жана ɵзɵктʏк клеткалар жана статиндер ʏчʏн Майкл Хоутон да сыйлыктан кур калышкан деп мен да сурагым келип турат.
Гастон Рамон. Окумуштуу-коллегалары ага дифтерия жана шал илдетинин вакциналары ʏчʏн Нобель сыйлыгын берʏʏ сунушун 155 жолу киргизишкен. Бирок бир да жолу алган эмес.
Стивен Хокинг.Кара тешиктер (черные дыры) бууланып кетерин ачкан. Бʏгʏн бул идея заманбап космологиялык курулуштарга негиз болуп берʏʏдɵ.
Абдираим Мамытов
Окшош макалалар
Генералдын Оштогу сапары: Криминалдар тыйылып, соттордун маянасы 300 миңден ашканы айтылды
Баткен окуясына 26 жыл: Эскерʏʏсʏз калган эрдик
Yч облус элин тейлеген онкологиялык борбордун стратегиясы