Пайдалуу азыкты кайра зыяндуу тамакка айлантабыз
Желим идиштер (пластик) азыр эл арасында кеңири таралган кʏндɵлʏк керектелʏʏчʏ буюмга айланды. Желим идиштерди кɵпчʏлʏк ар тʏрдʏʏ тамак-аш азыктарын сактоо ʏчʏн колдонот. Алсак суу, сʏт, айран, кымыз куюп бир нече жолу иштетишет, айранды да ошол эле желим идишке куюп уютушкан учурлары да болот, сары май, балды, кыямды куюп муздаткычтын тоңдургучуна 3-5 айга коюп коюшат. Тилекке каршы, мындай тамак-аш азыктары ʏчʏн желим идишти иштетʏʏ такыр туура эмес, пайдалуу тамак ашты кайра ɵз колубуз менен зыяндуу тамакка айлантып жатабыз. Анткени ошол биз пайдаланган желим идиштер химиялык жол менен жасалып, курамы нукура химиядан (плистирол, поливинилхлорид, формальдегид, фенол, дибутилфталат, плистирол) турат. Бул химиялык кошулмалар белгилʏʏ гана шартка ыңгайлашкан (20±50С). Айтайын дегеним температуранын жогорулашы же тɵмɵндɵшʏ, кʏндʏн жарыгынын тʏз тийʏʏсʏ, аба менен болгон катышы сыяктуу таасирлерден желим идишинде реакция жʏрʏп, андагы химиялык заттар тамак-аш азыктарына ɵтɵт. Ошондой эле кээ бир тамак- аштардын рН чɵйрɵсʏ кычкыл чɵйрɵ (айран, бал ж.б.у.с) болгондуктан алар да желим идиштер менен тез эле реакцияга кирет.
Ошондой эле желим идиштердеги суюктуктардын идишин бошотуп алып ордуна суу куюп коюп машинада кʏн катуу тийген жерге калтырып 4-5 сааттан кийин ичсең да даамы ɵзгɵргɵн болот. Анткени ошол жерде температура бийик болуп суу менен желим идиш арасында реакция жʏрʏп, кандайдыр бир деңгээлде химиялык заттар сууга аралашып кетет.
Кɵпчʏлʏк желим идиштер бир жолу эле колдонууга сунушталат
Желим идиштерге куюлган суулар бɵтɵлкɵдɵ ачылбай турганда (аба менен катыш жок) жакшы сакталып турат, ошол себептен желим бɵтɵлкɵгɵ куюлган ар кандай ичимдиктерди сактабай убагында ичип, кайра иштетʏʏ сунушталбайт.
Бул маалыматтарды тактоо максатында бизде Ош облусу боюнча координациялоо милдети жʏктɵлгɵн Ош шаардык ооруларды алдына алуу жана санитардык эпидемиологиялык кɵзɵмɵлдɵɵ борборунун санитардык гигиена лабораториясынын адистери тарабынан анализ ʏчʏн ʏлгʏгɵ (проба) келген желим идиштерге бир нече ирет изилдɵɵ (стиролго, формальдегидке, дибутилфталатка, фенолго) жʏргʏзʏлгɵн.
Анализ учурунда желим идиштердин ʏлгʏсʏнɵ (желим бɵтɵлкɵлɵрʏ, тʏстʏʏ желим бачоктору) дистирленген суу, 1% уксус кислотасын куюп ар тʏрдʏʏ шарттарга коюлган:
— лабораториялык бɵлмɵдɵ, туруктуу температурада (кондиционер менен башкаруу) 200С тʏз тийген кʏн нуруна алыс жерде 24 саат ;
— лабораториялык бɵлмɵдɵ, туруктуу эмес температура 200С-280С кʏн нуру тийип турган терезе жакта 24 саат;
— термостатта 370С жылуу температурада 24 саат;
— желим бɵтɵлкɵгɵ 1% уксус кислотасын куюп лабораториялык бɵлмɵдɵ, туруктуу эмес температура 200С-280С кʏн нуру тийип турган терезе жакта 24 саат;
— желим бɵтɵлкɵгɵ 1% уксус кислотасын куюп муздаткычта -100С-120С 24 саат;
Жыйынтыгында бир гана ʏлгʏдɵ (лабораториялык бɵлмɵдɵ, туруктуу температурада (кондиционер менен башкаруу) 200С тʏз тийген кʏн нуруна алыс жерде 24 саат) химиялык заттар (стиролго, формальдегидке, дибутилфталатка, фенолго) аныкталган эмес, калган бардык ʏлгʏлɵрдɵн бир аздан ɵлчɵмдɵн дибутилфталат жана формальдегид чыккан, (айрыкча тʏстʏʏ желим идиштерден) табылган химиялык заттар Техникалык регламентте берилен нормадан ашкан эмес.
Ошентсе да албетте, коопсуздук жаратпай койбойт, аталган изилдɵɵ 24 саатка гана жасалды, эми ɵзʏңʏз элестетиңиз, биз бул желим идиштерди бир нече айлап, жылдап колдонгон учурлар кездешпей койбойт.
Санитардык гигиена лабораториясынын адиси врач-лаборант Баймуратова Ш.Э.
Окшош макалалар
Генералдын Оштогу сапары: Криминалдар тыйылып, соттордун маянасы 300 миңден ашканы айтылды
Баткен окуясына 26 жыл: Эскерʏʏсʏз калган эрдик
Yч облус элин тейлеген онкологиялык борбордун стратегиясы