Ош шаары жана облусу боюнча мите курт ооруларын алдын алууда жана ага каршы кʏрɵшʏʏдɵ алгылыктуу иш-чаралар жʏргʏзʏлʏп келет.
Жылына мите курт ооруларын алдын алууда жана дарылоодо эпидемиологиялык абалды эске алуу менен жаш балдар арасында 1-4 класс окуучулар жана бала бакча балдары арасында акысыз лабораториялык изилдɵɵлɵр жʏргʏзʏлʏп, анын негизинде балдарды мите курттардан жапырт арылтуу (дегельментизация) иш-чаралары ɵткɵрʏлʏп келет. Паразитардык оорулардын ичинен эң эле коркунучтуусу болуп эхинококк жана альвеококк оорулары саналат.
Ош шаарында жыл сайын 300 гɵ жакын жаран эхинококк оорулары менен ооруп, операция болот, алардын ичинен 14 жашка чейинки балдар 30 % тʏзɵт. Ош шаары боюнча 2024-жылдын 11 айына 20 бейтап эхинококк оорусу менен катталып, 2023-жылга салыштырмалуу 5 учурга ɵскɵн.
Эхинококк жана альвеококк ооруларын алдын алууда медицина кызматкерлери жана ветеринар адистери менен биргеликте эпидемиологиячлык изилдɵɵлɵр жʏргʏзʏлʏп, санитардык агартуу жана тʏшʏндʏрʏʏ иштери жʏрʏп жатат.
Эхинококкоз — боордо, ɵпкɵдɵ жана башка органдарда мителик кылуучу эхинококк личинкасы пайда кылган оору.
Эхинококкоз менен негизинен кишилер жана ʏй айбандары ооруйт. Эхинококк ит, мышык, бɵрʏ, чɵɵ, тʏлкʏ жана башка жаныбарлардын ичегисинде мителик кылып, мите ичегиде ɵсʏп жетилет да анын денесинин акыркы бɵлʏкчɵсʏ жумурткалары менен кошо ʏзʏлʏп, заң менен айлана-чɵйрɵгɵ бɵлʏнʏп чыгып тегерегиндеги чɵп, бакча, буюмдарды булгайт. Кɵп жумурткалары ылаңдуу иттин жʏнʏнɵ жабышып жашайт. Алар абдан чыдамдуу келип, айлана-чɵйрɵдɵ бир нече айга чейин сакталат да, адамга жана малга оору пайда кылуу коркунучун туудурат.
Эхинококк оорусунун жугуу жолдору
Кɵбʏнчɵ балдар ит менен ойногондо митени жугузуп алышат. Оору мындан сырткары ылаңдуу койдун жʏнʏн кыркканда, митенин жумурткалары менен булганган тамак-ашты жегенде жугат. Тамак менен кирген мите жумурткалары ичегиден канга, кан аркылуу боор, ɵпкɵгɵ, мээге жана башка органдарга ɵтʏп личинкага айланат. Ал акырындык менен ɵсʏп, андан ыйлаакчага айланат. Ыйлаакчалар жайгашкан органдар жабыркап, алардын кɵлɵмʏ, функциясы ɵзгɵрʏлʏп, оору пайда болот.
Ит эхинококкоз менен ылаңдаган малдын ɵпкɵ-боорун жегенден кийин ылаңдайт. Ичегидеги мителер ɵсʏп, 55-60 кʏндʏн ичинде кадимкидей жетилген жумурткалуу митеге айланат. Ыландуу иттин заңы менен жумурткаларын айлана-чɵйрɵгɵ бɵлʏп чыгаруу менен адамдарга жана малга эхинококкозду жугузат, ал эми малдын жабыркаган органдарын чийки итке берген учурда итке ɵтʏп, ит менен малдын ортосунда эхинококкоз цикли айланып жʏрɵт. Эхинококкоз оорусу адамдан адамга жукпайт.
Эхинококк курту иттин ичегисинде ɵрчʏйт.
Оорунун алгачкы белгилери
Эхинококкоздун белгилери алардын жайгашкан жерине, кɵлɵмʏнɵ, санына жараша болот. Боордун эхинококк ыйлаакчасы акырындык менен ɵскɵндʏктɵн кɵпкɵ чейин адам ɵзʏнʏн оорулуу экенин сезбей жʏрɵ берет. Ыйлаакча чоңойгон кезде гана боорду чоңойтуп жиберет. Ушул мезгилде оң кабырганын алды ооруйт. Боор чоңоюп, айрым убакта киндикке, андан ылдый тʏшʏп кетиши мʏмкʏн. Кээде ыйлаакча боордун ылдыйкы капталында жайгашкан мезгилде ичтеги шишик колго урунушу мʏмкʏн. Ушул мезгилде оорулуунун тамакка табити тартпай, алсырап, арыктап кетиши ыктымал. Боор эхинококкозун башка оорулардан айырмалап билʏʏ ɵтɵ зарыл. Кээде эхинококк ыйлаакчасынын ɵт жолдорун кысуусунан оорулуу саргарып кетиши да мʏмкʏн. Айрым убактарда эхинококк ыйлаакчасына микробдун кирип кетишинен ал ириңдейт. Мындай учурда оорунун абалы начарлап, дене ууланат, оорулуунун дене табы кɵтɵрʏлɵт. Ɵз убагында операция жасабаса эхинококк ыйлаакчасы жарылып, ɵлʏм коркунучу туулат. Мында ич кɵндɵйʏ ɵтɵ катуу кол тийгизбей ооруйт, кɵңʏлʏ караңгылап, ɵңдɵн азат.
Эхинококк ыйлаакчалары боордо эле ɵспɵстɵн, кээде бир эле убакытта ɵпкɵдɵ, кɵк боордо, ичегилерде, карында жана башка органдарда болушу мʏмкʏн.
Ɵпкɵнʏн эхинококкозунда эхинококк ыйлаакчасы боордукунан тез ɵсɵт. Бир-эки жылдын ичинде эле чоңоюп кетет. Ɵпкɵ эхинококкозунда алгачкы убакта оорунун белгилери байкалбайт, кээде анча-мынча жɵтɵл болушу мʏмкʏн. Ыйлаакча чоңойгон сайын ɵпкɵнʏ кысып, оорулуу жɵтɵлɵт, кээде кан аралаш какырат. Оорулуунун дем алуусу начарлап басканда, оор жумуш аткарганда демигет. Ыйлаакча жайгашкан ɵпкɵдɵ оору пайда болот. Жаш балдардын дене табы кɵтɵрʏлʏп, жɵтɵлɵт, ынтыгат. Ɵпкɵ эхинококкозу ɵтɵ чоңоюп кеткен убакта ɵпкɵнʏ иштен чыгарып, оорулуунун жалпы абалын начарлатат. Дарылоодо жалгыз гана хирургиялык ыкма колдонулат.
Эхинококк оорууларын алдын алуу
Эхинококкоздон коргоо ʏчʏн тɵмɵнкʏлɵр зарыл:
• ар бир 3 ай сайын иттерди дегельминттерден тазалоо;
• Иттерди дегельминтизациялоо боюнча ветеринардын сунуштарын аткарыңыз:
• топуракты, жашылчаларды, чɵптɵрдʏ эхинококкоздун козгогучтары менен булгабашы ʏчʏн итти багып кармоо;
• Жабыркаган ички органдарды иттерге ыргытпаңыз жана жебеңиз. Аларды жерге терең кɵмʏʏ же ɵрттɵп салуу керек;
• жаныбарлар менен байланышта болгондон кийин, ошондой эле бакчада иштегенден кийин колду самындап жакшылап жуу;
• мɵмɵ-жемиштерди, жашылчаларды, чɵптɵрдʏ агын сууга жакшылап жууп жеп, кайнатылган сууну гана ичиңиз.
Ош шаардык МСЭКБнин паразитология бɵлʏмʏнʏн башчысы Миргул Жусупова
Окшош макалалар
Ош областтар аралык бириккен клиникалык ооруканасы – тʏштʏктɵгʏ саламаттыкты сактоонун флагманы
Курманжан-Датка МАБынын башчысы Равшан Мирзабаев: “Ак-Буура дарыясынын жээгине жана суу ʏстʏнɵ курулган объекттер алынып жатат”
Салык санкциясы деген эмне?