25 апреля, 2024

Ош шаардык Кеңешинин депутаты, акын Назима Алмазбекова: «Жʏзʏмдɵн катуу кɵрʏнгɵнʏм менен жʏрɵгʏм назик»

Менин кɵз карашымда саясат менен поэзияны карама-каршы коюуга болот. Бул макаладан ошол эки нерсени катар алып жʏргɵн айым тууралуу окуй аласыздар. Эскерте кетсек, автор 1-июнда «Жаз дʏйнɵ» аттуу ырлар жыйнагынын бет ачар аземин ɵткɵрдʏ. Кеп башынан болсун.

-Мен 1992-жылы 30-мартта Нарын облусунун Кочкор районунда тɵрɵлгɵм. Тегим Чʏй облусунун Жайыл районунан. Аябай кɵп жердин каны кошулган кыргыздын кызымын. Жаштайымдан Ош шаарынын Жапалак айылында чоңоюп, жергиликтʏʏ 48-орто мектептен билим алгам. Жогорку билимди Кыргыз-ɵзбек университетинен алып, филолог, юрист адистигине ээ болуп, башкаруу академиясынан мамлекеттик башкаруу боюнча магистрдик даражага ээ болгом.

«Ыр жазуудагы устатым  — атам»

-Биринчи жолу 5-класста ыр жазгам. Апама окуп берсем, “сонун жазыптырсың, жаза бер” деп дем берген. Балким, ошондо шагымды сындырып койгондо ыр жазбай калмакмын. Ыр жазуудагы устатым — атам. Атам мурун ыр жазчу, болгондо да сонун жазчу. Кийин жазбай калды. Мен устатты жол кɵрсɵтʏʏчʏ, багыт берʏʏчʏ инсан деп билем. Аял киши ʏчʏн кɵп тармакты алып кетʏʏ кыйынчылыкты жаратат. Мындай учурда жакын адамдарым кɵп колдоого алышат. Саясатта жʏрʏп, кɵп нерселерди жʏрɵгʏм аркылуу ɵткɵрʏп, жан дʏйнɵм ооруп калган учурлар болот. Сессия учурунда жетекчилерге, кызматкерлерге катуу тийип алып, кайра ичимден таарынтып албадым бекен деп кыжаалат болгон учурларым болот. Жʏзʏмдɵн катуу кɵрʏнгɵнʏм менен жʏрɵгʏм назик.

“Ырларым балдарым сыяктуу эле сезилет”

— Жан дʏйнɵ менен жаралат. Кɵбʏнчɵ жашоомдогу болуп аткан окуялар окурмандарга ыр болуп чагылдырылат. Мен ыр жазып калганыма мектептеги кыргыз тили мугалимим Мыскал эжей себеп болгон. 8-март майрамына карата дил баян жаздырып, ыр кошо жазсаңар да болот деген. Ага чейин атамдын ырларын окуп, ушинтип уйкаш болуш керек экен деп кызыгып жʏргɵм. Ошентип  5-класста дилбаянга кошуп, 1 куплет ыр жазгам.

«Эргʏʏ келбей калганда…»

Китептин аталышы «Жаз дʏйнɵ». Ɵзʏм жазда тɵрɵлгɵнʏм, жыл мезгилдеринен жазды жакшы кɵргɵнʏм ʏчʏн, анан дʏйнɵбʏздɵ ар дайым жаз болсун деген максатта «Жаз дʏйнɵ» деп атадым. Ичинде жыйналган ырларым жана кʏндɵлʏктɵгʏ ой-толгоолорум камтылган.Чыгармачылыкта ɵзʏмдʏ дайым эркин сезем десем жалган айткан болуп калам. Кээде ойлорумду рамкага салып, чектелип калгандай сезимдер болот. Мындай учурда жазылган ырларды ɵзʏмдɵн башка эч ким окубайт (кʏлʏп). Чыгармачылык кризиске мен да кабылып турам. Такыр ыр жаза албай, жазгым да келбей калат. Китептерди окуп, тɵкмɵлɵрдʏн айтыштарын угуп, жакшы чыгармаларды угуп эргʏʏ чакырганга аракет кылам. Убакыттын ɵтʏшʏ менен акырындан кайра эргʏʏлɵр жанданып калат.

«Ыр жʏрɵктɵн чыгышы керек»

-Китеп чыгаруу идеясы кɵптɵн бери бар болчу, шаардык Кеңештеги кесиптештерим, жакын адамдарым колдоп, алгачкы ырлар жыйнагымды колго алып отурам. Китептин ичинде ата-эне, мекен, махабат, жашоо, балалык, саясий ырлар да камтылган. Баш сɵзʏн КРнын эмгек сиңирген ишмери, белгилʏʏ акын Зинакан Пасанова эже жазды.

 Мен жаңы ыр жаза баштаганда аягы уйкаш болсо эле ыр болуп калат деп ойлочумун да. Кɵрсɵ уйкаштыктан сырткары маани-мазмун, муундардын туура келʏʏсʏ, изденʏʏчʏлʏк, салыштыруу, ойду ачып берʏʏ, сʏрɵттɵɵ да ыр жазуудагы ɵтɵ маанилʏʏ критерийлердин бири экен. Анан негизгиси жʏрɵктɵн чыгыш керек.

АДАМДАР БАР…

Ак сʏйʏʏгɵ арбалбаган, жанбаган,

Ар кʏн сайын башка жанды тандаган.

Аныгында татпай сезим жыргалын,

Ашыктар бар арзууларын арнаган.

Оомат барда оролушуп, топтолгон,

Ооздон чыккан кеби дайым ок болгон.

Кɵп достор бар кʏн чыкканда жаныңда,

Кɵлɵкɵдɵ кɵрʏнʏшпɵй жок болгон.

Салам дешке араң гана жараган,

Санаа тартсаң ичте бугу тараган.

Мансап келсе бʏтпɵй мактоо сɵздɵрʏ,

Туугандар бар кызматыңа караган.

Ɵз ою жок, кɵрʏнгɵндʏ коштогон,

Ɵмʏр жолу акыйкатка коошпогон.

Адилдикти жалган менен жеңишкен,

«Адамдар» бар адамдарга окшогон…

* * *

Суукка тоңбой жалындаган денелер,

Мээнетиңе ким бар экен теңелээр?

Таңдан кечке шаар тазалап жʏрʏшкɵн,

Бар болушсун «сары кемзир» энелер.

Баштыгына таштандыны салышып,

Баратышат мезгил менен жарышып.

Бешенесин бырыш баскан апалар,

Берекени ак эмгектен табышып.

Жанып кɵздɵр, чарчоосу жок келбети,

Жаркып турат жумушунан жер бети.

Артынышкан коомдун, ʏйдʏн, ɵз жʏгʏн,

Ал аялдар — «тазалыктын» «бермети».

Мен

Кээде кʏлдʏм, кээ кʏндɵрʏ куурадым,

Кээде турдум, кээде ылдый куладым.

Кемсинтишти, кекээрлешти, кʏлʏштʏ,

Кейибедим… кадамымды уладым.

Кɵбʏ колдоп, а жарымы урушту,

Кɵпкɵндɵрʏ табалашып турушту.

Кɵпчʏлʏгʏ кɵкʏлʏмдɵн сылашып,

Кɵз жашымды аарчууга кол сунушту.

Жагынбадым, каалгаларды какпадым,

Жасалмалуу масканы да такпадым.

Чыркыраган акыйкатты айтам деп,

Чынды сʏйбɵс адамдарга жакпадым.

Бири сʏйсɵ, башкалары зекишти,

Билбейм, бирок эмнелерге жетишти.

Оомат барда жандап эле жʏргɵндɵр,

Оош-кыйышта жʏзʏн ʏйрʏп кетишти.

Байды мактап, бийдин колун ɵппɵдʏм,

Барга кɵппɵй, жокчулукта чɵкпɵдʏм.

Адамзаттын улуулугу ушунда,

Акча ʏчʏн абийиримди тɵкпɵдʏм.

Жашоо татаал… кантип анан кɵнбɵймʏн?

Жамандарга убактымды бɵлбɵймʏн.

Жазылганын маңдайыма кɵрɵм деп,

Жалпы элдей алга жылып, ɵрдɵймʏн.