27 апреля, 2024

Стоматологиядагы санитардык-эпидемиологиялык режим

Кооптуу делген оорулардын кɵпчʏлʏгʏ кан аркылуу жугары талашсыз. Ошондуктан канга байланышкан процедуралардын баары ɵтɵ кылдаттыкты талап кылат. Аларга стоматологиялык клиникалар да кирет. Жугуштуу оорулардан сактануу ʏчʏн тиш дарыгерлери кандай иш аракеттерди жасайт, келген пациент эмнени талап кыла билʏʏсʏ керек? Ош облустук стоматологиялык эмкананын инфекциялык кɵзɵмɵлдɵɵ боюнча адиси Жамила Жумабаева жооп берет.

“Коргоочу каражаттар пациенттин гана эмес, врачтын ден соолугуна да зарыл”

-Тиш дарылоо мекемелериндеги эпидемияга каршы иш-чараларды жакшыртуу, стоматологиялык кабинеттердеги дезинфекциялык жана стерилизациялык режим 251-буйруктун негизинде аткарылат. Буйрук 2016-жылы 15-апрелде Саламаттыкты сактоо министрлиги тарабынан иштелип чыккан. Ар бир пациентти кабыл алууда тиш дарыгерлери коргонуучу каражаттарды колдонууга милдеттʏʏ. Коргоочу каражаттарга баарыбызга белгилʏʏ болгон медициналык кол кап, бет кап, чепчик, кɵз айнек жана боркок кирет.

-Тишти дарылоо процессин баштардан мурда врач алгоритмге ылайык колун жууш керек. Колун жууган учурда шакек, билерик сыяктуу зер буюмдар болсо сɵзсʏз чечилет. Кагаз майлык менен кол кургатылып аарчылган соң антисептик менен тазаланат. Эгер врачтын колунда кесилген жаракаттары болсо, лейкопластырь жабыштырып, ʏстʏнɵн кол кап кийип дарылоону баштайт. Кол капты кийген соң башка нерселерди, мисалы кагаз, телефон же эшик терезелерди кармоого тыюу салынат. Отурган бойдон турбай, дарылоо процессин бʏтʏрʏʏ керек. Коргоочу каражаттар пациентти гана эмес, врачтын ɵзʏн да ар кандай жугуштуу оорулардан сактайт. Мындан сырткары боркоктор да бир жолу колдонууга ылайыкташып, ар бир пациентке бɵлɵк-бɵлɵк жабылат.

“Бɵлмɵлɵр тɵрт зонага бɵлʏнʏп, тазаланат”

Талапка ылайык тиш дарыгеринин ар бир инструменти стерилденген болот. Стоматологиялык бɵлмɵлɵрдɵгʏ стерилизация жана дезинфекция зоналарга жараша болот. Бɵлмɵдɵ жалпы тɵрт зона бар. Биринчи, дарылоо зонасына врачтын алдындагы предметтик ʏстɵлчɵ, анын ʏстʏндɵгʏ дары-дамектер кирет. Ар бир пациенттен кийин залалсыздандыруучу аралашмалар менен аарчылат. Экинчи зонага кресло, лампа кирет. ʏчʏнчʏ зона кир жана таза зонага болʏнɵт. Таза зонада инструменттерди сактоочу шкаф, предметтик ʏстɵлчɵ жайгашкан. Кир зонада раковина, инструменттерди тазалоо, чылоо иштери жʏрɵт. Тɵртʏнчʏ зона делип дубал, терезе, шып эсептелет. Кʏн сайын жумуш башталарда жана аяктаганда кабинеттер жуулуп, аптасына бир чоң жууп-тазалоо иши ɵткɵрʏлɵт.

Инструменттерди залалсыздандыруу канча саатка созулат?

-Дарылоо процесси аяктагандан кийин медайым иштетилген инструменттерди атайы контейнердеги оптимакс деген аралашмага 1 саат чылайт. Андан кийин таза сууга чайкап, стерилизация бɵлмɵсʏндɵгʏ тазалоочу аралашмада дагы 20 мʏнɵт чыланат, 10 мʏнɵт сууда, 30 секунда дистирленген сууда чайкалат. Кургатып алгандан кийин инструменттер эки тʏрдʏʏ текшерʏʏгɵ коюлат. Биринчиси инструментте кандын калдыгы калбаганын текшерет. Эгер кандын калдыгы калганы аныкталса чайкоо, чылоо иштери башкадан жасалат. Ал эми экинчиси инструментте жууп-тазалаган каражаттардын калдыктары калбаганын аныктайт. Бардык инструментер талаптагыдай стерилизация болгондон кийин журналга катталат. Ар бир пациент тиш дарыгерден таза инструмент колдонуусун, жаңы кол кап кийʏʏсʏн талап кылганга укуктуу.

Медициналык таштандыларды жок кылуу

Мындан чыккан таштандылар классификацияга бɵлʏнɵт. А классына кʏнʏмдʏк иште кɵп колдонулган дарылардын кагаздары, таңгактар кирет. Б классы кооптуу таштандылар. Б1 — кɵбʏнчɵ хирургия кабинетинде болот. Адамдын анатомиялык органдары, мисалы, алынган тиштер. Б2 – терапия кабинетиндеги кичинекей контейнерге салынган ийнелер. Нервди алып салуучу ийнелер бир жолку колдонууга жарамдуу. Ар бир тиштен кийин жаңысы колдонулат. Б3 – бардык эле кабинеттеги ар бир врачтын алдындагы челек. Ага атайы катуу желим баштык салынат да кʏнʏмдʏк колдонгон бет кап, кол каптар, боркоктор, кагаз майлыктар салынат. Медициналык таштандылар тынбай жыйналып, жер тɵлɵдɵгʏ атайы бɵлмɵгɵ контейнерлер менен алып тʏшʏрʏлɵт. Келишимдин негизинде залалсыздандыруучу компания жумасына эки ирет келип таштандыны алып чыгып кетишет. Шприцтердин ийнесин сындырып, андан ары таштандыны залалсыздандырып, жок кылышат.

Окурманга кеңеш

-Биздин Ош облустук стоматологиялык клиникасы ар бир жарандын ден соолугуна кайдыгер эмес. Жогоруда айтып ɵткɵн талаптардын негизинде иштеп келе жатабыз. Андан сырткары клиникабыз жаңы материалдар, рентген аппараттары менен камсыз болгон. Физиотерапиялык кабинетте заманбап аппараттар аркылуу тиштерди жана мʏлктʏ дарылоонун бардык процедуралары жасалат. Окурмандарга кичинекей кеңеш айта кетейин, бала бекем тишке ээ болсун десеңиз тʏйʏлдʏк мезгилинен кам кɵрɵ баштаңыздар. Келечектеги эне кальций менен бирге D3 витаминин тʏйʏлдʏктʏн 26-аптасынан баштап, 30-апатасына чейин кабыл алышы керек. Тиштер бекем болушу ʏчʏн кальцийди чоң кишилер да жылына эки ирет ичип турганы оң. Кʏздɵ анан жаз мезгилинде 1 ай аралыкта ичилет. Ал эми бала тамакка аралашкандан тартып, балдарга ылайыкталган тиш щеткалардын жардамы менен тиш пастасы жок эле тишин тазалап турса болот. 2 жаштан баштап балдар тиш пастасы менен жууп баштоосу керек. Эң негизгиси чоң-кичине экенине карабай кɵп чайнаган пайдалуу. Чайнаган мезгилде жаактардагы кан айналуу активдешип, тиштердин таза сакталуусуна шарт тʏзɵт.

Айжылдыз Тойчиева