20 апреля, 2024

“АЛИМЕНТТЕН ЭЧ БИР АТА-ЭНЕ ЭЧ КАЧАН КАЧЫП КУТУЛА АЛБАЙТ”

Алимент – бул алууга укугу бар  адамга,  берʏʏгɵ милдеттʏʏ болгон бир адамдын каражаты. Алимент ата-эне ажырашкандан кийин жашы жете элек балдар менен жашай турган ата же эненин пайдасына балдар ʏчʏн ɵндʏрʏлɵт. Ошондой эле жардамга муктаж болгон, эмгекке жɵндɵмсʏз ата-энелерге бойго жеткен, эмгекке жɵндɵмдʏʏ балдарынан да алимент тɵлɵɵ милдеттендирилет.

Тɵмɵндɵ дал ушул алимент боюнча окурмандардан келген суроолорго “Мен жана мыйзам” юридикалык мекемесинин юристи Чыңгызтɵрɵ Жолонов жооп берет.

“Баламдын жана ɵзʏмдʏн укугумду кантип коргой алам?”

Акылай, 32 жашта:

-Мен ʏй-бʏлɵ куруп, бир балалуу болгом. Бир жолу баламды кайненеме таштап, жумуштарым менен кеткен элем. Ошол кезде балам казан агартуучу каражатты ичип алыптыр. Баламдын ооз кɵңдɵйʏ, кызыл ɵңгɵчʏ кʏйʏптʏр, азыр сʏйлɵй албай калды. Баламдын абалын кɵрʏп, кайненеме “жакшынакай карабайт белеңиз” деп айтсам, жолдошум “сен апамды кʏнɵɵлɵйсʏң” деп урушуп, ʏй-бʏлɵбʏз бузулду. Азыр майып болуп калган балам менен жалгыз калдым. Баламдын жана ɵзʏмдʏн укугумду кантип коргой алам?

Жооп:

-Кароосуз калган бала кандайдыр бир себептерден улам ден соолугуна зыянын тийгизе турган окуяларга туш болсо, анда атайын укук коргоо органдарына кайрылууга болот. Эгерде кылмыштын курамы аныкталса, тиешелʏʏ жарандарга мыйзам чегинде чара кɵрʏлɵт. Бул окуя кокустукка окшоп жатат, мында атайылап баланын ден соолугуна оор залал келтирʏʏ фактылары байкалбайт. Албетте, мындай фактылар тергɵɵчʏ тарабынан аныкталат. Эненин кайсы бир адамдарга кʏмɵнʏ болсо, укук коргоо органдарына кайрылуусу керек. Эгерде кылмыштын курамы аныкталса, жоопкерден моралдык жана материалдык зыянын да ɵндʏрʏп алууга болот. Кокустук деп табылса, анда иш кыскарат. Ал эми ʏй-бʏлɵ бузулганы, укугун коргоого келсек, кайрылган жаран баласы ʏчʏн атасынан алимент ажырата алат. Ɵндʏрʏлгɵн алимент баланын дары-дармегине аз да болсо жардам болот.

“Жолдошум Орусиянын жараны, нике кʏбɵлʏгʏбʏз жок, алимент тɵлɵбɵйт”

Турсунай, 29 жашта:

-2010-жылы турмушка чыккам. Жолдошум Орусиянын жарандыгын алган. Ортодо эки балалуу болгонбуз. Экинчи балам тɵрɵлгɵндɵ эле жолдошум экɵɵбʏз ажырашканбыз. Нике кʏбɵлʏгʏбʏз жок болгондугуна байланыштуу балдарым тɵрɵлгɵндɵ менин атыма жазылып калган болчу. Кичине балам азыр жети, улуусу 10 жашта. Ушул убакка чейин атасы катары балдарынан бир да кабар албады, алимент да тɵлɵбɵйт. Мыйзамда мындай учурларда кандай чара кɵрʏлɵт, жардам бериңиздерчи…

Жооп:

-Жоопкер кайсы мамлекеттин жараны болбосун сот аркылуу атасы экенин аныктап, алимент тɵлɵɵгɵ милдеттендирʏʏгɵ болот. Мындай учурда биринчи кезекте аталыгын аныктоо керек. Ал ʏчʏн баш кошкон учурдагы, чогуу тʏшкɵн сʏрɵттɵр менен же дос-тууган, кошуналардын кʏбɵ катары айтылган пикир, далилдерин чогултуп,  сотко доо арыз менен кайрылса, сот балдардын атасы экенин тастыктап берет. Андан кийин гана алимент ɵндʏрʏʏ ʏчʏн кайрылса болот.

Эгерде жоопкер Орусияда  болсо, жарандын дареги боюнча тиешелʏʏ соттук участокту таап туруп, электрондук тʏрдɵ арыз калтырып, алимент ɵндʏрɵ алат. Бʏгʏнкʏ кʏндɵ бул биздин практикада бар. Кайрылган жаран жолдошунун паспортунун кɵчʏрмɵсʏ же сʏрɵтʏ жок болгон учурда гана тоскоолдукка кабылуусу мʏмкʏн. Себеби ал жаранды табуу кыйынга турат. 

“Алимент тɵлɵɵгɵ мʏмкʏнчʏлʏгʏ жок аталар эмне кылуусу керек?”

Куттубек, 37 жашта:

-Менин алты балам бар. Биринчи жубайым менен ʏч балалуу болгондо ажырашып, балдарыма алимент тɵлɵɵгɵ милдеттендирилгем. Бирок, ɵзʏм эч жерде иштебейм, айылдагы эле тиричилик менен алекмин. Албетте, ата катары балдарыма кам кɵрʏшʏм керек. Анткен менен ʏйдɵ да ʏч балам бар. Кээде алиментти тɵлɵй албай да калам. Мʏмкʏнчʏлʏгʏ жок болуп калган аталар эмне кылуусу керек? Аталар ʏчʏн жеңилдиктер барбы?

Жооп:

-Мыйзамда бала ʏчʏн ата менен эненин укугу бирдей каралган. Балдарды жараткандан кийин аларды багууга, ден соолугуна кам кɵрʏʏгɵ, тарбиясына катышууга, билим алуусуна шарт тʏзʏʏгɵ укуктуу жана милдеттʏʏ. Алты баласы болсо дагы, мыйзамда каралган тартипте биринчи жубайы кайрылган болсо, алимент тɵлɵшʏ керек. Мында ата же эне ʏчʏн эч кандай жеңилдик жок.  

“Кантип алиментти тɵлɵбɵй койсо болот?”

Нурзина, 25 жашта:

-Жолдошумдун биринчи турмушунан бир уулу бар. Ал аялы менен нике кʏбɵлʏгʏ жок, экɵɵбʏздɵ бар. Биздин бир кызыбыз бар жана кош бойлуумун. Жашоо шартыбыз аябай оор, ʏйʏбʏз жок, жолдошумдун туруктуу жумушу да жок. Ага карабай алимент тɵлɵйт. Кантип алиментти тɵлɵбɵй койсо болот? 

Жооп:

-Жогоруда айткандай эле, алименттен эч бир ата-эне эч качан качып кутула албайт. Нике кʏбɵлʏгʏ жок болсо дагы аталыгы тастыкталган болсо, сɵзсʏз алимент тɵлɵɵ милдеттендирилет. Эч жерде иштебесе, мыйзамда каралган тартипте жашаган аймагындагы белгиленген орточо айлык акынын эсебинде алимент чегерилет. Эгерде кайсы бир мекемеде иштесе, ошол жердин бухгалтериясынын берген маалыматына ылайык, алган маянасынан эсептелет. Тагыраагы, бир балага маянанын тɵрттɵн бир бɵлʏгʏ бекитилет. Жалпысынан алганда жоопкер иштесе да, иштебесе да, жашоо шарты оор-жеңил экенине карабай, балага алимент тɵлɵɵдɵн бошотулбайт.

“Жолдошум алиментти эки жылдан бери тɵлɵбɵйт”

Мырзайым, 27 жашта:

-Жолдошум менен экинчи балам боюмда бар кезде ажырашкам. Кийин сот аркылуу алимент тɵлɵɵ жоопкерчилигин алган. Эки жылдан бери тɵлɵбɵй келет, карызы 100 миңден ашты. Кантип карыздарын ɵндʏрʏп алсам болот?

Жооп: 

-Мындай учурда биринчи кезекте соттун чечимин аткарбагандыгы боюнча маселе каралат. Анда сот аткаруучу укук коргоо органдарына кайрылса, аталган кызмат соттун чечимдери аткарылбай жатканы тууралуу атайын мыйзамда каралган тартипте чара кɵрɵт. Экинчи жагында, алимент тɵлɵбɵй жʏргɵн жаранга ар тʏрдʏʏ чектɵɵлɵр киргизилет. Мисалы, алименттик карызы чоң суммада болсо, ɵлкɵдɵн чыгарбоо же атындагы мʏлкʏн, банктагы эсебин бɵгɵттɵп коюу чечимдери кабыл алынат. Андыктан, доогер сот аткаруучудан алиментти ɵндʏрʏʏ боюнча иштин жʏрʏп жатканы тууралуу тез-тез кабар алып туруусу кажет.

“Жолдошум жасалма документ жасаган”

Нурила, 29 жашта:

-Жолдошум менен ʏч балалуу болгондо ажыраштык. Алимент ɵндʏрʏʏ ʏчʏн сотко кайрылгам. Жолдошумдун кирешесин так кɵрсɵткɵн официалдуу жумушу жок эле. Кийин досунун жеке фирмасына жумушка кирди деп документ жасап, анда 2-3 миң сомдун айланасында айлык акы жаздыртып, алименттин кɵлɵмʏн болушунча азайтты. Ал каражат балдардын эч нерсесине жетпейт да. Жасалма жол менен ишке ашкан чараны кантип жокко чыгара алам? Рахмат.

Жооп:

-Бʏгʏн азыраак суммада алимент тɵлɵɵ максатында тааныштардын, жакындардын фирмаларына аз ɵлчɵмдɵгʏ айлык акыны кɵрсɵтʏп жазылып койгон учурлар кɵп кездешет. Мындай учурда алимент ɵндʏрʏʏчʏ жолдошунун бʏгʏнкʏ кʏндɵгʏ алып жаткан маянасынын мыйзамдуулугун текшерʏʏ ʏчʏн сот аткаруучуга кайрылса болот. Ал эми сот аткаруучу алимент тɵлɵɵчʏнʏн айлык маянасы боюнча берилген маалымкаттын мыйзамдуулугун текшерип берʏʏ ʏчʏн прокуратура органдарына кайрылып, аныктай алат.

Жумагʏл Кочкорбай кызы