28 марта, 2024

Косметологиялык борборлорго рейд жʏрʏп, айып пул салынууда

Мамлекет ʏчʏн калктын саламаттыгы биринчи орунда турат. Дени сак эл гана кʏчтʏʏ мамлекетти тʏзɵ алат. Ошондуктан ар бир жаран ɵз ден соолугуна кайдыгер болбоосу керек. Айрыкча сырткы келбетти оңдоодо тобокелге барбай, чыныгы адиске гана кайрылыңыз. Ден соолук темасын улай учурда шаарыбыздагы косметологиялык борборлорго жʏрʏп жаткан рейд тууралуу адис менен маектешкенбиз.

Бекмырза Каныбеков, Ош облусу боюнча кызматтын иш-аракетин координациялоо милдети жʏктɵлгɵн Ош шаардык оорулардын алдын алуу жана мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык кɵзɵмɵлдɵɵ борборунда башкы дарыгердин орун басары.

-Буга чейин косметологиялык борборлорду тартипке салууга эмнеге анчейин кɵңʏл бурулган эмес?

-“Проверка.кж” порталына биздеги кызматкерлер текшерʏʏ боло турган объекттердин маалыматын, ИНН номерлерин киргизет. Маалыматты экономика министрлиги тастыктагандан кийин бизге текшерʏʏгɵ уруксат берилет. Ошондой эле бир нече мекемелерди белгиленген убакытта текшеребиз деген пландарды коёбуз. Ошол планга кɵпчʏлʏк косметологиялык объекттер кирбей жʏргɵн. Анткени, шаарыбызда жайгашкан косметологиялык борборлор медициналык мекеме болуп эсептелгени менен ɵз убагында Саламаттыкты сактоо министрлигинен лицензия алышкан эмес. Буга чейин текшерʏʏлɵргɵ катышпай жʏргɵндɵрʏнʏн себеби ушул. Андан сырткары 2019-жылдан 2022-жылга чейин мораторий болуп, кɵзɵмɵлдɵн ɵтпɵй турган. Учурда гепатит Вга эмдɵɵ жʏрʏп жатпайбы, ошонун негизинде жарандардан вирустун белгиси бар же жок экенин текшергенде ɵткɵн жылга салыштырмалуу быйылкы кɵрсɵткʏч жогору болгон. Бул шаарыбызда кан аркылуу жуккан оорулардын кɵбɵйʏп баратканынан кабар берет. Ош шаарынын мэриясына кайрылып, тиешелʏʏ объекттерди текшерʏʏгɵ мʏмкʏнчʏлʏк бериңиздер деп чукул кырдаалдарга каршы комиссиянын жыйынына койгонбуз. Мында бир эле косметологиялык борборлор эмес, процедуралык кабинеттер, хиджама жасагандарга толук текшерʏʏгɵ алынуусу каралган. Андан бери лицензиясы жок, медициналык билими жок, санитардык китепчелери толук эмес косметологиялык борборлор санитардык кɵрсɵтмɵ берилип, жабылды.

-Текшерʏʏгɵ дагы кайсы ишканалдар кɵмɵктɵшʏʏдɵ?

-Рейд Ош шаарынын мэриясынын жана Ош облустук кан аркылуу жугуучу гепатиттерди жана АИВди кɵзɵмɵлдɵɵ борборунун жардамы менен жʏргʏзʏлʏп жатат. Одоно мыйзам бузууларга протоколдор тʏзʏлʏп, бирдиктʏʏ реестрге катталды. Эмнегедир азыркы учурда блефаропластика, ооз чоңойтуу сыяктуу нерселер модага айланып баратат. Булардын баары медициналык процедура болгондуктан, косметолог, дерматолог, дерматовенеролог, пластикалык хирургдар гана жасашы керек. Бетти тазалоо кыздар ʏчʏн жɵнɵкɵй эле нерсе кɵрʏнʏшʏ мʏмкʏн, бирок бул да медициналык процедура болуп саналат. Жарандар кɵңʏл бурса дейм, мисалы, ооруканага барсаңыз укол саюу ʏчʏн канчалаган стандарттык процедураларды жасашат. Ийнени даярдоонун да ɵзʏнʏн ыкмалары бар.

Буга чейин шаарыбызда гана эмес, республика боюнча прокуратурага бир нече арыздар келип тʏшкɵн. Жогоруда айтылгандай, блефаропластика жасаткан айрым жарандардын нерв клеткалары жабыркап, кɵзʏ кыйшайган абалга жеткен. Ооз чоңойтуудан улам зыян тарткандары да жок эмес. Ал эми бизге 2023-жылдын февраль айында прокуратурадан арыз тʏшкɵн. Анын негизинде косметологиялык борборлор текшерилип, жыйынтыгында кɵпчʏлʏгʏнʏн документтери жоктугуна байланыштуу санитардык кɵрсɵтмɵ боюнча жабылган эле. Эгер талаптар аткарылбай калса, прокуратура менен ички иштер башкармалыгына ɵткɵрʏлɵт.

-Канча косметологиялык борборго чара кɵрʏлдʏ?

-Бʏгʏнкʏ кʏндɵ жʏргʏзʏлʏп жаткан рейдде 14 косметология борбору тизмеге алынды. Медициналык билими жана лицензиясы жок кызматкерлерине КРнын укук бузуулар жɵнʏндɵгʏ кодекси боюнча 14 протокол тʏзʏлʏп, жалпы 70 миң сом ɵлчɵмʏндɵ айып пул салынды. Кемчилдиктерин санитардык талаптарга туура келтирʏʏ максатында ишмердʏʏлʏгʏн убактылуу токтотуу боюнча кɵрсɵтмɵлɵр берилди. 8 косметологиялык борбордо жана 2 хиджама элдик дарылоо мекемесинде одоно мыйзам бузуулар катталгандыктан, жумушун токтотуу боюнча Ички иштер министрлигине кайрылып, тиешелʏʏ материалдар берилген. Мындан башка бардык сулуулук салондорду текшерип чыгууга аракет кылып жатабыз. Жогоруда айтканымдай, лицензиясы жок косметологиялык борборлор биздин базада жок. Ошондуктан кызматкерлерибиз интернет булактары аркылуу аныктаганга аракет кылып жатышат.

-Кыска мɵɵнɵттʏʏ курстарды окуп, косметолог болуу мʏмкʏнбʏ?

-Косметологиялык кызмат кɵрсɵтɵм деген адамдын университеттен алган 6 жылдык медициналык билими, косметология, дерматология боюнча 2 жылдык окуудан ɵткɵн сертификаты болуш керек. 2-3 айлык курстарды эл дагы деле жакшы тʏшʏнбɵй жатат, бул ɵздʏк колдонууга гана ʏйрɵтʏлɵт, бирɵɵ жарымга жасоо ʏчʏн эмес.

-Салон ээлерине мыйзамды кантип жеткирсе болот?

-Косметологиялык борборлордун ээлери ɵзʏ келсе, Кыргыз Республикасынын мыйзамында сулуулук салондоруна кандай талаптар коюлганын биз ʏйрɵтɵлʏ, тегерек столдорду уюштуруп берели деп мэрияга да сунуштарды берип жатабыз. Анткени кɵпчʏлʏгʏ мыйзамды жакшы билбейт экен.» Ушундай талаптары да бар беле, биз чач тарач сыяктуу эле иштейбиз деп жʏрʏптʏрбʏз» дегендери да болду.

-Сулуулук кызматтарына коюлган баалар боюнча эмне айта аласыз?

-Текшерʏʏ убагында салондордогу бааларга кʏбɵ болдук. Ɵзʏм косметологиялык борборлордун ишмердиги менен Москвада, Европада, Германияда жакындан таанышып чыккам. Ал жактарда косметологиялык кызматтар ɵтɵ кымбат болот. Анткени алар сертификатка ээ, бардык талапка жооп берген медицина кызматкерлери. Косметологиялык борборлору клиника сыяктуу эле. Бизде клиника сыяктуу болбосо да, кабыл алуу зонасы, кеңеш берʏʏчʏ, кичи операциялык зонасы болуу керек. Колдонгон каражаттарынын организмге зыяндуулугу жок деген уруксат кагаздары да маанилʏʏ. Азыр баарынын таңгагында орусча же кыргызча тʏшʏндʏрмɵ жок, кытай, корей же англис тилдеринде жазылган.   

-Сулуулук процедуралары боюнча элге тʏшʏндʏрʏʏ иштерин кандай алып барасыздар?

-Адегенде массалык маалымат каражаттары аркылуу элге жеткирʏʏгɵ аракет кылып жатабыз. Жер-жерлерге барганда семинарларды ɵтʏп, рейд учурунда ошол салондордогу кардарларга тʏшʏндʏрʏʏдɵбʏз. 

-Шаардагы тиги же бул косметология борбору мыкты деп айта алабызбы?

-Текшерʏʏлɵр азыр да уланууда. Материалдарды даярдап жатабыз. Буга чейин белгилеп ɵткɵнʏмдɵй, бизде алардын базасы да болбогондуктан азырынча сурооңузга жооп берʏʏ эрте.

Айжылдыз Тойчиева