29 марта, 2024

“КУРУЛУШ, ЖОЛ МАСЕЛЕЛЕРИ ДЕПУТАТТАРДЫН КУПУЛУНА ТОЛБОЙ ЖАТАТ”

Ош шаардык Кеңешинин XVIII сессиясына шаардык Кеңештин тɵрагасы Салман Назылбеков, мэр Бакытбек Жетигенов, депутаттар, мекеме-ишканалардын жетекчилери жана жалпыга маалымдоо каражаттарынын ɵкʏлдɵрʏ катышты.

Кʏн тартибинде 14 маселе коюлуп, анын ичинде муниципалдык жерлерди пайдалануудан жергиликтʏʏ бюджетти толтуруу боюнча аткарылып жаткан иштер, коррупцияга каршы чаралар, электр менен камсыздоо ишканаларынын ишмердʏʏлʏгʏ, шаардагы пенсионерлерди, ден соолугунан мʏмкʏнчʏлʏгʏ чектелген, аз камсыз болгон жарандарды социалдык жактан коргоо максатында бир жолку материалдык жардамдарды берʏʏ тартибин бекитʏʏ жана башка маселелер каралды.

ШААРДЫК КЕҢЕШ ЖАҢЫ ДЕПУТАТ МЕНЕН ТОЛУКТАЛДЫ

Сессиянын башында тɵрага Салман Назылбеков шаардык Кеңештин жаңы депутаты Айгʏл Атабекованы коомчулукка  тааныштырды. Ал “Ата-Журт Кыргызстан” фракциясынан Абдыкадырова Ракыя Кимсанбаевнанын ордуна келген.

Сессиянын жʏрʏшʏндɵ кʏн тартибине ылайык, алгач Ош шаарынын мэринин биринчи орун басары М.Исаев Ош шаарынын 2022-жылдагы бюджетинин аткарылышы боюнча отчетту бекитʏʏ, Ош шаарынын мэриясынын шаардагы коомдук коопсуздукту камсыздоо, жашы жете элек ɵспʏрʏмдɵр арасында укук бузуулардын жана кылмыштуулуктун алдын алуу, диний агымдардын жана экстремисттик-террористтик кɵз караштагы кыймылдардын терс кɵрʏнʏштɵрʏнɵ карата кɵрʏлʏп жаткан иштери жɵнʏндɵ баяндады. 

Бул тууралуу тɵрага Салман Назылбеков  тɵмɵнкʏлɵргɵ токтолду:

“ТРОТУАРЛАРДЫН САПАТСЫЗ БОЛГОНУ НААРАЗЫЧЫЛЫК ЖАРАТУУДА”

-Сессиядагы негизги маселе болуп, мэрдин отчету каралууда. Негизинен эле депутаттардын купулуна толбой жатканы курулуш, жол маселелери болууда. Былтыркы тротуар жылында басылган тротуарлардын сапатсыз болгону депутаттардын нааразычылыгын жаратууда. Ал эми жалпысынан алганда мэриянын отчету канааттандырарлык, бюджетти аткаруу ɵз маалында болууда. Маселен, ɵткɵн жылы бюджетибиз толук аткарылды. Быйыл да чоң максаттар коюлган, анын жʏрʏшʏн алты айда дагы кɵрɵбʏз.

“АВТОБУСТАРДЫН САПАТЫ БОЮНЧА КЫЛМЫШ ИШИ КОЗГОЛДУ”

Жыйында депутат Бекболот Арзибаев ЛиАЗ ʏлгʏсʏндɵгʏ жана Ɵзбекстандан алынып келинген ISUZU автобустарынын сапаты боюнча сɵз козгоп, прокуратура кызматкерлерине тиешелʏʏ кызматкерлердин жоопкерчилигин кароо керектигин эскертти.

-Биз автобустарды алып келерде сапаттуусун алгыла деп сунуш бергенбиз. Бирок, кɵп ɵтпɵй бузулуп жатканы факт. Бул элдин каражатына алынып жатпайбы, мунун жоопкерчилигин кароо керек.

Ош шаарынын прокуратурасынын бɵлʏм башчысы Канат Насипов депутаттын сунушунун негизинде тергɵɵ жʏргʏзгɵнʏн айтты: 

-ЛиАЗ ʏлгʏсʏндɵгʏ автобустар боюнча ɵткɵн сессияда берген сунушуңуздун негизинде биз териштирʏʏ иштерин жʏргʏзгɵнбʏз. Чындыгында ондон ашык автобус бʏгʏнкʏ кʏндɵ оор оңдоп-тʏзɵɵнʏ талап кылып, иштебей турат экен. Бул факт боюнча шаардык прокуратура тарабынан кылмыш иши козголду. Учурда тергɵɵ амалдары жʏрʏʏдɵ, анын жыйынтыгы менен тийиштʏʏ кызмат адамдарына укуктук баа берилет.

Ал эми депутат Роза Жоошбаева шаарга туристтерди тартуу багытында ɵткɵн жылы демилгеленген иштердин жыйынтыгына кызыгып, быйылкы жылы канчалык натыйжасын берип жатканын сурады. 

-Ош шаарын туристтик борборго айлантабыз деп ɵткɵн жылы иш аракеттер башталды эле. Быйыл канчалык натыйжасын берип жатат?

Калаа башчысынын орун басары Марс Исаев депутаттын суроосуна жооп берип, быйыл шаарга жылдагыдан кɵп конок келгенин билдирди:

-Ɵлкɵдɵ биринчи болуп Ош шаары ɵзʏнʏн брендин кабыл алган. Анын сɵзсʏз тʏрдɵ жыйынтыгы болуп жатат. Быйыл январь, февраль айларында туристтер кɵп келип, мейманканаларда орун калбай калган учурлар болду. Аэропорттордо да байкасаңыздар жылдагыдан кɵп, аракеттер ɵз жыйынтыгын кɵрсɵтʏʏдɵ.

Ошондой эле эл ɵкʏлʏ Канат Папишов шаардагы жол тыгындарын азайтуу жаатында ɵз сунушун айтып, Жапалак айыл аймагын таза суу менен камсыз кылуу маселесин аткаруу бийлигине эскертти.

“СТАДИОН 24 МЛН. СОМГО ОҢДОЛОТ”

Депутат Арыпбек Айтбаев борбордук стадион тууралуу маселе кɵтɵрʏп, 2-3 жыл сайын эле оңдоого муктаж абалга келип жатканын айтты:

-Борбордук стадионду оңдоонун кандай кажети бар? Эки-ʏч жылдан кийин кайра дагы оңдойбузбу? Чатырын жаппаса баарыбир кʏйɵт да…

“Стадион курулгандан бери капиталдык оңдоп-тʏзɵɵдɵн ɵтпɵптʏр. 2017-жылы чыгыш тарабындагы, 2019-жылы батыш тарабындагы гана отургучтар алмаштырылган. Эми 24 млн. сомго толук оңдолот. Быйылкы жылы отура турчу жайлардын чатырын жабуу боюнча долбоорду да даярдоодобуз. Буюрса, кийинки жылы толук жабылат” – деди шаардык капиталдык курулуш башкармалыгынын башчысы Шумкарбек Пайзиев.

Буга чейин белгилʏʏ болгондой, стадиондо долбоор боюнча 12 миң 500 кɵрʏʏчʏгɵ ылайыкташкан отургучтардын баары толугу менен алмаштырылып, административдик имаратынын сырты жаңыланат. Футболчулар ʏчʏн кийим алмаштыруучу жана душ бɵлмɵлɵрʏ толук оңдолот. Бʏгʏнкʏ кʏндɵ жеринде курулуш-монтаждоо иштери жʏрʏʏдɵ. Калаа башчысы Бакытбек Жетигенов да маселени жеринен кɵрʏп, стадион оңдоп-тʏзɵɵдɵн ɵткɵндɵн кийин ʏлгʏлʏʏ спорттук жайга айланышы керектигин баса белгилеп, жумуштарды белгиленген мɵɵнɵттɵ сапаттуу бʏткɵрʏʏ боюнча тиешелʏʏ кызматтарга милдеттенмелерди койгон.

Белгилей кетсек, стадион чоңдугу боюнча ɵлкɵдɵ экинчи орунда турат. 1960-жылы курулган.

“2023-ЖЫЛЫ ТЕРРОРИЗМ БОЮНЧА 26 АДАМ, ЭКСТРЕМИЗМ БОЮНЧА 12 АДАМ КАРМАЛГАН”

Шаардагы коомдук коопсуздукту камсыздоо, жашы жете элек ɵспʏрʏмдɵр арасында укук бузуулардын жана кылмыштуулуктун алдын алуу, диний агымдардын жана экстремисттик-террористтик кɵз караштагы кыймылдардын терс кɵрʏнʏштɵрʏнɵ карата кɵрʏлʏп жаткан иштери жɵнʏндɵ маселени кароодо депутат Болот Баетов 2023-жылдын алгачкы тɵрт айында терроризм боюнча канча иш катталып, канчоосуна соттун ɵкʏм чыкканы тууралуу тиешелʏʏ кызматтан сурады.

Анда маалым болгондой, терроризм боюнча 2023-жылы терроризм боюнча 26 адам кармалса, экстремизм боюнча 12 адам колго тʏшʏрʏлгɵн. Азыркы тапта алардын ʏстʏнɵн тергɵɵ амалдары жʏрʏп жатканы айтылды.

Сессиянын жʏрʏшʏндɵ депутаттар тарабынан экономикалык, коммуналдык жана социалдык тармактар боюнча тʏрдʏʏ маселелерге карата сын-сунуштар айтылып, протоколдук тапшырмалар берилди.

Жумагʏл Кочкорбай кызы