27 июля, 2024

Кападокияда кʏз

Кападокия Тʏркияга келген дʏйнɵлʏк саякатчылардын тизмесинин сап башында турат десек жаңылышпайбыз. Уникалдуу аска тʏзʏлʏштɵрʏ, ондогон метрлик тоннелдери бар укмуштуудай жер астындагы шаарлар, аскагаоюлуп жасалган ʏйлɵр, чиркɵɵлɵр, монастырлар, ɵзгɵчɵ аба шарларынын тажрыйбалары жана фантастикалык ʏңкʏр мейманканалары бул аймактын ɵзгɵчɵлʏгʏ десек болот. Кʏз айлары келгенде температура орточо деңгээлге тʏшʏп, табият кʏрɵң тʏскɵ боёлот жана Кападокия конокторун жогорку деңгээлде тосуп ала баштайт. Кʏздʏн жылуулугунан ырахат ала турган Кападокиядагы ɵзгɵчɵлʏктɵрдʏн тизмесин карап кɵрʏңʏз…

Шар менен асманга саякат

Processed with VSCO with c7 preset

Кападокия менен интеграцияланган иш-чаралар ар дайым тʏстʏʏ аба шарында асманды аралап учууну камтыйт.

Таң эрте асманга кɵтɵрʏлгɵн тʏстʏʏ аба шарлары 800 метр бийиктиктен дʏйнɵгɵ белгилʏʏ Пери моруларын кɵрʏʏгɵ мʏмкʏнчʏлʏк берет. Бул асман сапары сʏрɵткɵ жана видеого тʏшʏʏнʏ жакшы кɵргɵндɵр ʏчʏн сонун мʏмкʏнчʏлʏк тартуулайт.

Кʏзʏндɵ Пери морулары

Миңдеген жылдар бою пайда болгон Пери морулары, Кападокия дегенде эң биринчи ойго келген кереметтердин бири. Миллиондогон жылдар бою жамгыр жана шамал азыркы кездеги Пери моруларын тʏзгɵн Эржиес, Хасандаг жана Гʏллʏдаг сыяктуу бир нече вулкандар тарабынан атылып чыккан лава жана кʏлдɵн пайда болгон жумшак катмарларды калыптандырган. Бул аймактагы эң сонун пейзажды зыярат кылуу жана андан ырахат алуу ʏчʏн сентябрь жана октябрь айлары ыңгайлуу болуп саналат. Кападокия кʏз айларында мээлʏʏн аба ырайы менен саякатыңызды эстен кеткис кылаарына кʏмɵн жок.

Кереметтʏʏ жер асты шаарлары

1985-жылы ЮНЕСКОнун Дʏйнɵлʏк мурастар тизмесине кирген Гɵреме ачык асман музейи аймактын эң маанилʏʏ жерлеринин бири. Гɵреме аскаларга оюлуп жасалган жана эң урматтуу олуялардан шыктанган фрескалар менен кооздолгон алгачкы христиан доорундагы монастырлары жана чиркɵɵлɵрʏ менен ɵзгɵчɵлɵнɵт. Жер астындагы шаарлар Кападокиянын эң кɵрʏнʏктʏʏ жерлеринин бири болуп саналат, булл конокторго бир эле учурда аймактын байыркы элинин жаратылышынын, тарыхынын жана архитектуралык чеберлеринин сыйкырын сезʏʏгɵ мʏмкʏндʏк берет. Бул жер астындагы шаарлар, анын ичинде Каймаклы, Деринкую, Ɵзконак жана Мазы туф таштарга оюлуп, алардын бардыгында он миңдеген адамдарды кабыл ала турган бɵлмɵлɵр, залдар, жер тɵлɵлɵр, азык-тʏлʏк кампалары, ашканалар, сарайлар, желдетʏʏ аянттары жана храмдар болгон.

Аймактагы дагы башка кɵрʏнʏктʏʏ жерлердин катарында дʏйнɵдɵгʏ кɵп кабаттуу конуштардын бири болгон Ортохисар сепили, Тɵɵ сымал пери морулары менен белгилʏʏ болгон Деврент ɵрɵɵнʏ, Ата-эне жана бала деп аталган ʏч жанаша пери морудан тʏзʏлгɵн ʏч сулуу да бар. Белгилей кетсек, Пери моруларынын эң атактуусу катары таанымал болгон Пашабагы жана Бириккен Улуттар Уюмунун Дʏйнɵлʏк Туризм Уюму (UNWTO) тарабынан дʏйнɵнʏн эң мыкты туризм айылдарынын бири болуп тандалган Мустафапаша да, кɵрʏлʏʏсʏ керек болгон жерлердин катарында турат.

Cave мейманканаларындагы люкс тажрыйбалар

Кападокиядагы люкс ʏңкʏр мейманканалары аймактын укмуштуудай пейзажы менен айкалышып, конокторго болуп кɵрбɵгɵндɵй жагымдуу тажрыйбаны тартуулайт. Заманбап комфорт менен мейманканаларга айландырылган булл ʏңкʏр мейманканалар мистикалык дизайнга жана эс алуучу атмосферага ээ. Сиз булл жерде батып жаткан кʏндʏн кооз кɵрʏнʏшʏнɵн ырахат алып, бир стакан жергиликтʏʏ шараптарды ичʏʏ менен салкын мезгилдин ырахатын кɵрɵ аласыз. Ошондой эле эс алуу кʏнʏңʏздʏ таш менен курчалган ачык бассейндерде сʏзʏʏ менен баштап, курортто эс алуучу массаж менен аяктасаңыз болот.

Терең тамыры бар шарап жасоо салты

Миңдеген жылдардан бери келе жаткан шарап салты бар Кападокиянын аймагын кыдырып, ал жердин   даамдуу шараптарын татып кɵрʏңʏз.  Шараптын ɵзгɵчɵ дамы Анадолунун Ɵкʏзгɵзʏ, Калежик Карасы, Богазкере, Наринже жана Эмир сыяктуу атактуу жʏзʏмдɵрʏнɵн даярдалган. Кападокияга болгон сапарыңызда сɵзсʏз ачык шарап заводдорун кыдыруу менен, белгилʏʏ шарапчылар уюштурган дегустация иш-чараларына да катышыңыз.

Жергиликтʏʏ даамдар

Укмуштуудай географиянын мекени болгон Кападокия даамдуу ашканалары менен да ɵзгɵчɵлɵнɵт. Карапачылыгы менен белгилʏʏболгон Кападокиянын уникалдуу тамагы чопо идиш кебабы (testikebabı). Ал салттуу чопо мештерде эт, жашылча жана жасмык жабылган чопо идиште жай бышырылат. Башка жергиликтʏʏ даамдардын арасында Невшехир мантысы, аймактын жʏзʏмʏнɵн жасалган жʏзʏм ширеси,  кɵфтʏр-тʏрк локуму, органикалык бал менен берилʏʏчʏ кургатылган каймак жана сары май кошулган Тереяглиун халвасы да сиздин табитиңизди ачат…