27 июля, 2024

Тɵкмɵ акын Асылбек Маратов:  “Сʏр жок жерден ыр чыкпайт”

Кадимки Арстанбек Буйлаш уулунун урпагы, Элмирбек Иманалиевдин шакирти айтылуу тɵкмɵ Асылбек Маратов эгемендʏʏлʏк майрамында Ошко айтышка келди. Тɵкмɵдɵн  айтыш ɵнɵрʏ, Оштогу таасирлери тууралуу сураганга ʏлгʏрдʏк.

Аты-жɵнʏ: Асылбек Маратов

Туулган жери: Нарын облусу, Нарын шаары

Туулган жылы: 1990-жыл, 11-март

Билими: Улуттук консерваториянын элдик ырдоо бɵлʏмʏн бʏтʏргɵн, 2016-жылдан бери “Айтыш” коомдук фондунун тең тɵрагасы,  тɵкмɵ акын

— Арыбаңыз, Асылбек ага! Бала кезден акындыкка шыктандырган таасирлер тууралуу айтып берсеңиз.

— Бар болуңуз! Акындык ɵнɵргɵ келип калганыбыз жɵндɵн-жɵн эмес.  2-класска барганда эле апам комуз классына берип койгон. Ал жерде комуз чертип, ɵнɵргɵ ышкыбоз болуп кызыгып жʏрдʏм. Жети атамды санай келсем, кадимки заманчыл, олуя акын Арстанбек Буйлаш уулу менин бешинчи атам болот. Ошол Буйлаш уулунун 180 жылдыгына арналган чоң айтыш 2005-жылы “Айтыш” коомдук фонду уюштуруп, Бишкек шаарында ɵткɵн. Мен анда 15 жашта элем. Филармонияга таенем ыраматылык жетелеп келип акындардын катарына кошкон. Ошондо Ашыраалы Айталиев, Тууганбай Абдиев, Тɵлɵгɵн Касымбеков, Эстебес Турсуналиев аталарыбыз акын бол деп жакшы бата берди эле. Ошондон бери эле акын боло албай, аракет кылып келатабыз. Азырынча тɵкмɵ акын деп эл тааныйт. Бирок ɵзʏбʏзчɵ келгенде айтып жʏргɵн саптарым бар: “Акын эмес, акындыктын фанатыбыз, биз жɵн гана ак калпак элдин баласыбыз” дегендей. Анын сыңарындай келечекте бизден дагы акын чыгат деген ойдомун. Азырынча эмгек менен аракет кылып жʏрɵбʏз. “Айтыш” коомдук фонду жаңыдан тузʏлʏп, Амантай Кутманалиев, Абдылда Нуралиев, Шекербек Адылов, Элмирбек Иманалиев, Жеңишбек Жумакадыр, Аалы Туткучев, Азамат Болгонбаев агаларыбыз айтышып жʏргɵндɵн баштап кызыгып, ушулардын жанына качан кошулам, ушулардай болуп мен дагы тɵксɵм экен деген тилегим бар эле. Кудай буюрса, ошол бала кездеги кыялдар, ойлор азыр ишке ашып жаткан маалы деп ойлойм.

— Сиз ʏчʏн Асылбек Маратов ким жана кандай адам?

—  Мен Асылбек Маратовду сыртынан карап кɵрсɵм, же акындыкты кыйрата албаган, же тɵрагалыкты кыйрата албаган, элдир-селдир жʏргɵн жамакчы сезилет. Алдыда бул Асылбек дагы ɵсʏш керек. Дагы кɵп-кɵп ийгиликтерди жасаш керек.

— Дастандарды,  санат-насыят ырларын ырдаганда  адашып же унутуп калбайсызбы? Концертиңизди  кɵрʏп аябай таң калдым. Ɵтɵ узак, тематикасы бир, бирок ар тʏрдʏʏ чыгармаларды  аткарыпсыз.

— Санат-насыят, термелерди айтканга, жаздырып интернет платформасына салганга аракет кылып келатабыз. Эл алдына чыгып термелерди ырдаганда жаңылыштык деген болбой койбойт. Тɵккɵндɵ канча адашабыз. Ырларды, терме-санаттарды ырдаганда да жаңылып кетʏʏ сɵзсʏз болот. Менин концертимде  чоң тематикадагы терме-санаттарды алып алганмын бирок, арасынан ʏзʏп-кесип, жаңылып жазып атып айткандарым эсимде.

— Айтышка чыгуу алдында кандай даярданасыз?

— Айтышка жакын акындар оюн топтоп, мындай деп учурашсам, талылуу маселени айтсам, атаандашымды ушул багытка буруп, ушул жɵнʏндɵ айтсам деп даярданат. Аябай даярданып барайын деген нерсе жок. Сɵздʏн ɵңʏтʏ ар жакка бурулуп кетиши мʏмкʏн. Тɵкмɵ акын деп бекер айтпайт. Капилеттен сɵз тапканга, жооп айтканга аракет болот. Сʏр жок жерден ыр чыкпайт. Кичинекей кезибизде улуулардан укканыбызга караганда акынды, ырчыны сʏр басып турбаса анда ал акын эмес. Сʏрдɵгɵнгɵ жараша жоопкерчилиги болот. Мен аябай эле сʏрдɵйм.

— Айтыштагы максатыңыз  кандай?

— Айтышуунун негизги максаты баш байге алуу эмес. Балким, чындап жакшы айтышып, баш байге алып кетишиң мʏмкʏн. Эки сабың же бир ооз сɵзʏң элдин эсинде калбаса жаман. Кээ бир акындар бар, баш байге албайт. Бирок, айткан сɵзʏ эл ичинде макал болуп айтылып кетет. Тɵкмɵ акындык ɵнɵр – кыргыз тилин ɵстʏрʏʏчʏ, сактап, ɵнʏктʏрʏʏчʏ негизги курал. Айтыштагы менин максатым тилди сактап калуу. Элмирбек Иманалиев устатым: “Сахарага ыргытса, сайрап ɵтɵм кыргызча,  Канадага ыргытса, какшап ɵтɵм кыргызча” деп айтып калчу эле. Анын сыңарындай биздин вазыйпабыз, милдетибиз биринчи эле тɵкмɵ акын болгондон дагы кыргыз тилин сактоо, кыргыздын тарыхын, санжырасын, андан сырткары учур кɵйгɵйʏн айтуу.  Олуя заада акындар Арстанбек, Калыгул аталар 100 жыл, 200 жыл алдыда боло турган окуяларды айтып койгон. Бирок биз андай эмес экенбиз. Заман ɵткɵн сайын майдаланып баратат баары. Адам да майдаланат экен. Биз эми бʏкʏлʏ, же тубаса тʏшкɵн Токтогул, Арстанбек, Калыгул акындардан эмеспиз. Биз ɵнɵрдʏ, ɵнɵр ээлерин кɵрʏп алып ичибиздеги чымыныбыз ойгонуп, аракет кылып жʏргɵн акындарданбыз. Келечекте буюрса акындыктын вазыйпасын, милдетин, жʏгʏн кɵтɵрɵ билген, сезе билген акындардан болсок экен дейм.

— Сизге ким менен айтышуу  кыйын?

— Акындардын баары менен эле айтыша берсек  болот. Эч ким менен айтышуу мага кыйынчылык жаратпайт. Бизде чучукулак тартылат. Кимге туш болсок чыга беребиз. Мага ɵзʏмдɵн кʏчтʏʏ акын менен айтышкан жагат. Кʏчтʏʏ акын менен айтышып жеңилип калсам, эртеңки кʏнʏ дагы-дагы ɵзʏмдʏ камчылап, дагы иштɵɵмɵ, умтулуума жакшы болот деп ойлойм.

—  Ош сизге кандай таасир калтырды? Ош жɵнʏндɵ сурашса эмне айтмаксыз?

— Ош  Кыргызстандын экинчи борбору деп аталган  эң берекелʏʏ шаар. Эли дагы кең пейил. Мурдараак ɵткɵн айтыштарга эл аз келчʏ. 2014-жылы эл батпай калган. Анан быйыл, 2023-жылы эл батпай калды. Мындай айтыштар Ошто эле эмес, Баткенде ɵтʏш керек. Таласта, Жалал-Абадда, жети облуста ɵтʏш керек. Ошондо жети облустун эли, келечек муун дагы ошолорду кɵрʏп, угуп, кɵɵдɵнʏнɵ жугуп ɵссɵ жакшы муун тарбияланат деп ойлойм. Кыргыз тилин чанбаган, кыргыз тили менен сыймыктанган уул-кыздар ɵссɵ дейм.

— Маегиңизге рахмат. Бар болуңуз!

—  “Ош шамы” гезитинин жалпы жамаатына терең ыраазычылык билдирем. Ушинтип ɵнɵрпоздорду элге жеткирип, багын ачып жʏрɵ бериңиздер.

Бʏкалча Маматали кызы