19 мая, 2024

Актёр Кутман Шаршентегин: “Улуттук” деген статус ʏчʏн Ошко келгенмин”

Ɵнɵрдʏ кесип тутунган актёр Кутман Шаршенов менен маектешип, ар бир кесиптин ачуу-таттуусуна чыдоо гана ийгиликке жеткирерин тʏшʏндʏк.

“Ар бир 3-4-киши ырдап чоңоёт”

-Кутман мырза, сиз ʏчʏн чыгармачылык кесиппи же ɵнɵрдʏ кɵрсɵтɵ билʏʏбʏ?

— Кɵпчʏлʏк “окуп жʏргɵндɵ эле тарак кармап алып ырдачумун” деп интервью бере беришет. Мен ага кошулбайм. Антип ар бир 3-4-киши ырдап, ойноп чоңойгон болушу мʏмкʏн. Аны ушунчалык талант деп айта берген болбойт. Чыгармачылык мен ʏчʏн кесип. Балким, ошол ʏчʏн бул ойго кошулбайм.1989-жылы Бишкекте тɵрɵлгɵнмʏн. ʏй-бʏлɵлʏк жагдайга байланыштуу чоң атамдардын колунда, Токтогулда чоңойдум.  2018-жылы окууну бʏттʏм.

“Ырчы болгум келчʏ”

-Кичинекейимде мен деле ырдаганмын. Б. Борбиев, С. Бейшекеев, Г. Сатылганова сыяктуу атактуу ырчылардын жаш кези биздин бала кезибизге туш келет. Ошол кездеги хит ырларын ырдачумун. Ырдаганда кандай эми, тоого чыгып, уй кайтарып, кой кайтарганча ырдачумун да. Кийин окуп жʏргɵндɵ чын жʏрɵктɵн ыр менен машыга баштадым. Мени жакшы тааныгандар, ʏй-бʏлɵм, тең-туштарым билишет. Ырчы болгум келчʏ.

“Апа” деп кайрылам”

-Ырчы болом деп окууга тапшырдыңызбы анан…

-Мектепти бʏткɵн кезде кайсыл кесиптин ээси болорумду деле билчʏ эмесмин. 2008-жылы мектепти аяктаганда Бишкектеги 100-лицейге авто электрик болом деп тапшырдым. Карала-торала болуп эле машина оңдоп жʏрʏшсɵ, мен буга окубайм деп кетип калдым. Бишкекте актёр байкем шаарга барган кезде театрга барасыңбы деп спектаклге алып барып калчу. Жалаң таланттуу, мыкты актёрлордун ойногондорун сахнада 2-3 жылдап кɵрдʏм. Кийин окууга тапшырганда “Таалай аке, мен дагы театрга окуйм десем, башка эле окууга тапшырсаң болмок” деди. Менин кɵк беттигимди ʏйдɵгʏлɵр жакшы билчʏ. “Кой, болбойт. Тапшыра турган болсо алып барып тапшыргыла, убакытты кетирбей” дешти. Кыргыз Республикасынын эл артисти Замир Сооронбаев, Калича Сейдалиеванын колуна тʏштʏм. Калича Сейдалиева эжекем менин чыгармачылыктагы апам. Апа деп кайрылам. «Бул баланын ʏнʏ бийик экен, ырдайт экен калганын ɵзʏбʏз тарбиялап алабыз» деп директорго чейин айтып жʏрʏп окууга ɵткɵргɵн. Т. Абдымомунов атындагы кыргыз улуттук академиялык драма театрынын алдында атайын театралдык окуу жай бар. 4 жылдык училище. Мен ошол училищеден актер жана кино артисти болуп бʏтʏп чыктым. Окуп жʏргɵндɵ театрга кɵп басым жасаган жокмун. Кɵбʏнчɵ вокалга,  кошумча заманбап бийге барчумун. Калича Сейдалиева эжекем “сен театрга герой болосуң” деп айта берчʏ.

“Кыргызстанда ʏч эле улуттук театр бар”

-Эмгек жолду кай жерден баштадыңыз?

-Алгач Бишкек шаардык Арсен Ɵмʏралиев атындагы драма театрында 3 жыл иштедим. Жашоо шартыма байланыштуу ɵз эрким менен жумуштан чыгып, 8 ай театрда иштеген жокмун. 2016-жылы Ч. Айтматов атындагы орус улуттук драма театрында спектакль ойнодум. Жомокторду ойнодук. Контракт менен иштеп жʏрʏп, бош орун болбогондуктан театрдан чыктым. Улуттук театрда окуп, улуттук театрда иштеп калгандыктан, дагы келечекте улуттук театрда иштейм дедим. Кыргызстанда 3 эле улуттук театр бар. Анын бири Ошто. Менин Ошко келип калышыма себепкер Ош улуттук драма театрынын “улуттук” деген статусу болгон.  Ошол мени жетелеп келген. Андан бери бешинчи жылга аяк басып атат.

“3-4 айлап иштеп, каражат жоктугунан коюлбай калды”

-Ошко келип иштеп калганыңызга 5 жыл болуптур, кайсы кейипкерди ойнодуңуз, атап ɵтсɵңʏз?

-Басып ɵткɵн жол тарых. Бишкекте 40тан ашык спекталде роль жараттым. Мактанып айтам. Ошко келгенде Л. Бакыбаеванын апрель окуясы боюнча спектаклинде баш каарман Таалайдын ролун ойнодум. Суранчы Жетимишовдун “Кубат бий” чыгармасында Кокон хандыгынын кийинки ханы Эрдене бийдин ролун ойнодум. Дагы 2-3 спектаклди 3 ай 4 айлап иштедик, бирок  каражат тартыш болгондуктан коюлбай калды. Ошко келген жылдардан бери  кɵздɵй бир да жолу бош, ролу жок жʏрʏп калган жокмун. Азыр мамлекет да театр, маданият тармагына жакшы кɵңʏл бɵлʏп жатат. Кɵптɵгɵн спектаклдар коюлууда. Театрда биздин сʏрɵттɵрʏбʏз тарых таржымалыбыз менен кошо коюлду. Бул дагы бизге шык берʏʏдɵ.

“Тарых жараттык”

-Ошто канча спектакль койдуңуз?

— 4 спектакль койдум. Мар Байжиевдин “Тɵрт адам” драмасын коюп, студенттер менен барып, “Эң мыкты дебют” наамын утуп алдык. “Он экинчи тʏн” комедиялык драмасын койдук. Жалил Садыковдун “Ɵлʏп тирилгендер” драмасын коюп тарых жараттык. Себеби, Кыргызстандын тʏштʏк аймагынан, окуу жайдан биринчи жолу  “Улуттук эргʏʏ” сыйлыгына ат салышып,  “Эң мыкты спектакль” жана “Эң мыкты аялдын образы” деген наамды утуп алдык. Баш-аягы 70  миңдей акчалай сыйлыгы менен чоң ийгиликке жетиштик. Кудай буюрса, кʏз айларында “Жаңыл Мырзаны” сахналаштырайын деп жʏрɵм. 2019-жылы театрга кызматка келгенден кийин ОшМУда Киноакадемия жаңы ачылып, режиссура боюнча сабак берип калдым. 5 жылдан бери биринчи бʏтʏрʏʏчʏлɵрʏбʏз ийгиликтʏʏ бʏтʏп чыкты. Ар кандай сынактарда Ош мамлекеттик университети каражат жагынан жакшы колдоду.

“Студенттер аброюма шек келдирдиң деп жакалашып…”

-Студенттердин аракеттери кандай?

-Таланттуу студенттер угат, бирок тез эле керсейип кетишет. Айрымдардын аракети кʏчтʏʏ болот. Аракет кылып атса дагы физикалык кыймыл-аракети кайсыл бир персонажга туура келбейт. Бирок болбой эле аракет кыла бергендер бар. Ошолордон бир нерсе чыгат. Эгер студент роль чыгара албай атса, пикир келишпестиктер болот. Эгер студент чын эле роль чыгара албай атканын тʏшʏнсɵ жакшы. Кээ бир студенттер менин аброюма шек келтирдиң деп, жакалашып, кээ бири менен мушташып кеткен кʏндɵр дагы болду. Аны ачык эле айтам. Мунун баарын мугалим катары кечирʏʏгɵ, кечиримдʏʏ болууга туура келет экен. Бир жолу кечирʏʏ – акылдуулук, эки жолу кечирʏʏ – айкɵлдʏк, ʏч жолу кечирʏʏ – акмакчылык деген принципти колдоном.

“Башкы ролдорду профессионал эместер ойноп калышат”

-Кандай ойлойсуз, бизде кантип кинонун сапатын жогорулатса болот?

-Кыргызстанда кинонун сапатын жогорулатыш ʏчʏн операторлор арасында атаандаштык пайда кылыш керек. Акыркы чыгып жаткан кыргыз кинолорун кɵрʏп отуруп профессионал адам катары кʏлɵм, кээ бир окуяларына кайгырам. Керсейе бербейм. Жакшы жагын алыш керек, жаман жагын унутуп коюш керек. Кыргызстанда азыр кɵбʏнчɵ башкы ролдорго профессионал эмес адамдарды тартып туруп, эпизоддорго профессионалдарды коюп алышат.  Башкы персонаж окуяны алып кете албай, эпизоддогулар кɵтɵрʏп жатат. Башкы каарман жакшы алып кете албагандыктан кинонун сапаты начар.

“Эмнеге Курманжан датка эмес?”

-Кыргыз киносу кайрадан жанданып, резонанс жараткан эмгек катары кайсыны атай аласыз?

-“Курманжан Датка” киносун айтар элем. Ал жерде Азиз Мурадиллаев Алымбек датканы ойноду. Ал киши эл ичине Алымбек датка болуп сиңип кетти. “Эмнеге Курманжан датка эмес?” деген суроо бар. Бул суроого кесипкɵй адамдар жооп беришет. Биз башка элден айырмаланабыз. Себеби, эң байыркы элбиз. Тарых- таржымалыбызды чукуп чыгып дагы кɵп кɵлɵмдʏʏ кинолорду тартса болот. Мен дагы кинодогу персонаждардан таасирленем, кээ бир персонаждарга ɵзʏмдʏ окшоштурам. Мен дагы бир тарыхый кишиге окшошмун.

Бʏкалча  Маматали кызы