19 мая, 2024

Балетти ɵз алдынча ɵздɵштʏргɵн Айбийке 

Балет 15-кылымда Италияда пайда болгон. Балет сɵзʏ италиялыктардын “ballo” деген сɵзʏнɵн алынып, бизче “бий” дегенди тʏшʏндʏрɵт. 19-20-кылымдарда алдыңкы ɵлкɵлɵрдɵ улуттук маданияттын ɵнʏккɵн тʏрʏнɵ айланган. Балет — ыргактуу кыймыл аракет аркылуу кандайдыр ойду кɵрʏʏчʏлɵргɵ жеткирʏʏ. Мына ушундай татаал сахна ɵнɵрʏн ʏч жашында ɵз алдынча ɵздɵштʏргɵн Жумаева Айбийке жɵнʏндɵ сɵз кылабыз. Эске сала кетсек каарманыбыз азыркы учурда машыктыруучусу жок болсо да ɵз алдынча машыгып, бийди таштабай келет.

Каарман тууралуу:

Жумаева Айбийке Азаматовна, Ош облусуна караштуу  Ɵзгɵн районунун Куршаб айылында туулган. ʏй-бʏлɵдɵ беш бир туугандын улуусу. Ысмайыл Бектемиров атындагы орто мектебинин 9-классынын окуучусу.

“Балет бийчилери сыяктуу бутумдун учуна туруу кыйын болду”

-Айбийке, балетке кантип кызыгып, канча жаштан баштадың?

-Чоң энемдин колунда ɵсʏп-чоңойдум. Алардын айтымында 3 жашымда эле бийдин тʏрлɵрʏнɵ кызыгып, ʏйдɵ да, бала бакчада да бийлей берчʏ экенмин. Балет бийчилери сыяктуу бутумун учуна турууга бир жылдай убакыт кетти. Тагыраагы, он жашымда бул кыймылды ɵздɵштʏрдʏм. Албетте оңой эмес, буттун учуна турганга чейин кɵп эле кыйналдым. ʏйдɵгʏлɵр “эмне кыласың жаныңды кыйнап, жɵн эле койчу” деп айтып жʏрʏштʏ. Ага карабастан аракетимди токтоткон жокмун жана кʏткɵн жыйынтыкка жете алдым.

«Бишкекте эки жыл окудум»

-Балетти улантуу ʏчʏн борбор калаага барган экенсиң…

-Ооба. 4-классымда “Ысык-Кɵл досторун чакырат” аттуу эл аралык этно карнавалга барып, бийлеп 4-орунду алдым. Калыстар тобунун катарында балет мастериЖамийла Сыдыгуловна дагы олтурган экен. Биз бийлеп бʏткɵн соң мага келип, “сен балет мектебине окугуң келеби?” деп сурады “ооба” деп жооп бердим. Эжей ошол жерден ар кандай бий кɵнʏгʏʏлɵрʏн жасатып кɵрдʏ. Сынактан кийин ʏйгɵ келип, ата-энем менен сʏйлɵшʏп уруксат алып, Бишкекке жɵнɵп кеттим. Эки жарым жылдай борбордогу Чолпонбек Базарбаев атындагы мектепте окудум. Шартка байланыштуу кайра айылыма кайтканга туура келди. Бирок балетти токтотпой, кʏн сайын ɵз алдымча машыгып турдум.  Азыркы учурда улуттук бийлерди дагы бийлейм.

-Бий аркылуу кандай ийгиликтерге жетише алдың?

-Кɵптɵгɵн ийгиликтерге жетиштим деп айта алам. Кичинекей кезимден баштап эле эл алдына чыгып жʏргɵндʏктɵн сахнага чыкканда толкунданбай, ɵзʏмдʏ эркин кармай алам. Андан соң “Мен Кыргызстандык экениме сыймыктанам” аттуу сынакка катышып, райондук турдан областтык турга барып, 2-орунду багындырдым. Кийинки жылы ошол эле сынактан дагы 2-орунду алдым. Капаланып, ыйлап олтурган элем. Нуралиева Дилярам деген эжейибиз мени таанып калып, жаныма келип, “мен сени Ысык-Кɵлгɵ алып барам, сен ыйлабагын” деди. Ал жакка да барып катышып келдим. Эжекем себептʏʏ Бишкекке барып окудум. Кайра ɵзʏмдʏн мурунку окуган мектебиме 2021-жылы келдим. 2022-жылы “Ысык-Кɵл досторун чакырат” конкурсуна бардым. Ɵзбекче “ʏч баатыр” деген бийди бийлеп, 2-орунга ээ болдум. Быйылкы жылы дагы катышып, жакынкы эле кʏндɵ Бишкектен келдим. Келечекте ушул тармакты аркалап кетсем деймин.

Чоң энеси Гʏлнара Маткасымова:

“Талантын эрте байкадык”

-Гʏлнара эже, небереңиздин бийге шыктуулугун байкап-колдоп келет экенсиз…

-Албетте. Негизи ырга, бийге шыктуулук, ата-тегибизде бар. Ошол талант кызыма ɵткɵнбʏ деп ойлойм. Кичинекей кезинде эле ырдап-бийлегенге шыктуу болчу. 3 жашынан баштап таланты билине баштады. Ошондо эле ыр-бийге кызыгуусу кʏч эле. Качан тамакка олтурган кезде, босогодогу килемчеге туруп, сахна элестетип бийлей баштачу. Кол чаап, сʏйʏнʏп кɵрчʏ элек. “Кечке колуңду кыймылдатып жʏрɵсʏң”  деп атасы урушуп калчу эле. “Бийлегиси келип атса, тек кой” деп мен болушчумун.

ʏч жашында, бала бакчага барды. Майрам эже (директор) кызымдын талантын байкап, жаңы жылда биринчи жолу бакчада бийлетти. Алгач индия бийине бийлеп жʏрдʏ. Майрамдарга карата коюлган иш-чараларда бийлеп, белектерди утуп алчу.

Куршаб айылында Ата мекендик согуштун ардагерлерине айыл ɵкмɵт тарабынан иш-чара уюштурулуп, Айбийкени чакырышты. Барсак, кызымдын бийлей турган музыкасы жок. “Индия музыкасы болсо коё бер” дедим. Кантер экен деп карап турам. Музыканы угуп, ошого жараша бийлей баштады. Сʏйʏнʏп, ичимден кубанып жаттым. Сахнадан эч тартынбады. Кичинекейинде эле “бул жакты карап бийлейсиң”- деп, сахнага алып чыксак бийлеп кетчʏ. Ошол ʏчʏнбʏ айтор бир жерге алып барып бийлеткенден коркпойбуз. Бийлеп кетет деп ишенебиз.

“Колдоо кɵрсɵткɵндɵргɵ рахмат”

-Ɵзʏңʏздɵрдɵн башка дагы кимдер колдоо кɵрсɵтʏп турат?

 -Ысмайыл Бектемиров  атындагы мектебинин директору, ата-энелер фонду атайы Айбийкеге формасын тиктиргенге акча бɵлʏп берип турушат. Ɵзгɵчɵ окуу бɵлʏмʏнʏн башчысына да рахмат. Формасына жардам берип, тиктирип беришти. Айыл ɵкмɵт дагы жардам берип быйылкы сынакка барып келген жол киресин да камсыздады. Кызымды колдоп, эки жылдан бери кɵп деле оорчулук болбой калды. Мектеп жамаатына, айыл ɵкмɵткɵ ыраазычылыгыбызды билдиребиз. Талантын баалап, жардам берип жатканына рахмат.

-Бийден башка дагы кандай ɵнɵрлɵрʏ бар?

-Кичинекей деп ɵзʏм колдоо кɵрсɵтʏп, кайсыл жакка барбасын кошо жʏрдʏм. Мугалим жоктугуна байланыштуу ɵзʏ даярданчу эле. Таласбек кызы Айдай деген хореограф Куршабка келин болуп тʏшʏптʏр. Бийдин техникаларын билгендиктен, ошого барып жʏрдʏ. Ал убакта Айбийке бийдин техникаларын билчʏ эмес. Андан мурун техникасы жок деп Оштон ɵтпɵй калган. Айдай эжекеси даярдап, кийинки жылы ɵтɵ алды. Ошону менен жылда кароо-сынактарга, фестивалдарга катышып келет. Ɵзгɵн районунда кандай иш-чара ɵтпɵсʏн кызымды чакырышат. Телевидениеге да чакырып жатышат. Ошто дагы бир сынак болуп, бийлеп барып калды. Сынактын жʏрʏшʏндɵ атайы суроо-жооп оюну болуп, кызым чыгып ырдап калды. Дагы бир талантын байкадык. Айылда комуз менен дагы алектенет. Чеберчилик жагынан дагы бар. Кɵргɵн нерсесин жасаганга шыктуу. Кол ɵнɵрчʏлʏккɵ дагы кызыгат. Жиптен моюн орогуч, баш кийим сыяктуу нерселерди токуп калат.

Балет бул – кылдат искусство

• Балет бут кийимдери кɵпкɵ чыдабайт. Балерина жылына орто эсеп менен ʏч жʏзгɵ жакын балет бут кийимин алмаштырат.

• Балериналар чындап эле абдан сымбаттуу, ал тургай арык болуш керек. Балеринанын орточо салмагы 50 килограммдан ашпайт.

• Бир тутумду жасоо ʏчʏн 15 метрдей тюль керектелет, ал эми иштɵɵгɵ бир нече кʏн кетет.

• Балет бийчилиренин арасында профессионалдык ырым-жырымдар бар. Кɵптɵгɵн балериналар сол буту менен гана кийинʏʏ бɵлмɵсʏнɵ кирʏʏгɵ аракет кылышат.

• Бир спектаклде балет бийлеген адам жалпысынан бир тоннага жакын салмакты кɵтɵргɵн менен барар.

• Балеттеги эң чоң кемсинтʏʏ – бул гʏлдʏн ордуна сахнага ыргытылган шыпыргы.

• 2001-жылдан бери Тʏркмɵнстанда балетке тыюу салынган.

• Дʏйнɵдɵгʏ эң атактуу балет спектакли – “Ак куу кɵлʏ”.

• Италия балет искусствосунун мекени. Ал жерден Францияга келип, кийин Европага тараган.

• Алгач балетти эркектер гана бийлешкен.

• Балет артисттеринин карьерасы эреже катары эрте бʏтɵт. 35 жашында балет солисттери расмий тʏрдɵ пенсия ала башташат, кордебалет бийчилери 40 жашта. Бирок алар дароо эле сахнадан кетпейт.

Таңсулуу Сʏйʏнали кызы