19 мая, 2024

АЙТПАСА КИМ БИЛЕТ, ЖАСАБАСА КИМ КƟРƟТ?

Кылымдын кыйыр жолунда кылычтын мизине, найзанын учуна, жебенин огуна, душмандын сʏрʏнɵ, наадандын запкысына, узуну канча болсо, туурасы да ошончо болушун каалаган державалардын кысымына карабай улуттун улуулугун даңазалап, ушул кʏнгɵ чейинки урпактарга урабай жетип келген тилибизге жʏз ыраазы, миң таазим кылам. Жанын садага чаап, тилибиз ʏчʏн тике туруп ɵлʏмдʏ тосуп алган аталарыбыздын арбагы, руху бизден ыраазы болсун, бирок бул айтканга оңой болгону менен аткарууга келгенде опол тоодой оор, нар тɵɵгɵ жʏктɵсɵк араң кɵтɵрɵ алгыс жоопкерчилик турат. Албетте, ар жылы эле тилибиз ʏчʏн миңдеген суммалар, балким материалдык каражаттар каралып, ыр, бий, концерт коштолгон программалар байма-бай уюштурулуп, комузчулар кʏʏ чертип, кызыл-тазыл кɵйнɵкчɵн бийкечтер чимириле бийлеп, артынан тил тууралуу кɵркɵм окуулар окулуп, аягында желекти желбиретип, кол чабуулар астында кудум эле окшош, кулакка куюп, мээге кыттай уюп калган “Кыргыз тили кылымдарды карыткан, Эч ким аны ɵчʏрɵ албайт тарыхтан” деген девизди айтуу менен жыйынтыктайбыз, ошол бойдон кыргыз тилин ɵнʏктʏрʏп жатабыз деп ойлойбуз. А чынынды ар бирибиз билип эле турабыз, бул жолдор балчыкка окшош, кʏн тийгенде жалтырай берет, бирок жакын барганда гана анын балчык экенине ынанып, бармак тиштеп калабыз…

“Кийиз  кимдики болсо, билек ошонуку”, дегендей, кыргыз тили жана адабияты мугалимдерин жакынкы кʏндɵрʏ “режиссер” кылсак аткара алат, керек болсо укмуш сценарист да чыгат, бирок анын окуучусу ката жазат, ɵз пикирин так айта албайт, кепке кемтик, сɵзгɵ сɵлтʏк, жада калса тыбыштардын катарын баамдап, ɵзʏнчɵ чакан текст жаза албайт, бирок тил майрамына карата сонун концертти дал ушул кыргыз тилчи мугалим даярдашы керек! Кылымдарды ашып, кыйрабай кыргызга жеткен биздин тил, кыргыз тилчи мугалимге керекпи?! Ал кыргыз элинин майрамы, а кыргыз тилчи жогорудагы зарылдыгы бар, келечекте окуучу ʏчʏн, инсан ʏчʏн, адам тилин табуу ʏчʏн, коомдук талкууда адам катары пикир жаратуу ʏчʏн зарыл болгон актуалдуу маселелер менен алектенсин, ага мʏмкʏнчʏлʏк берели.

Токто!

Мен ушул жерде атайын ɵзʏмдʏ басып, оюмду калчап, пикиримди пакизалап, адабияттагы стилдей, атайын чегинʏʏ же пессимист эмес, оптимист ойлонгон жаатка ыктап, кɵптʏн жалпы эмес, кɵптʏн алпы катары жаңы ой баштоону туура таптым. Анткени, мен сыяктуу толтура пикир айтып, тоодой тʏйшʏк, ырааты аз, ызырынганы кɵп маалымат, ойлорду айтышат, баары эле зарыл, керек, болсо, шарт, ушундай, милдеттʏʏ деген катаал кырдаалдын талаптарына басым жасаган пикирди карманат. Анткени сын айткандай оңой иш жок болгон чыгар, демек катардагы кыргыз уулу, мамлекеттин атуулу жана кыргыз тили багытында эмгектенген кызматкер катары аткарууга мʏмʏн болгон конкреттʏʏ, реалдуу сунуштарды айтууну туура таптым. Бирок бул жогорудагы оюма каршы чыккандык эмес, бул жазуудагы чыгармачылык стиль жана ойду жеткирʏʏ тʏйʏнʏн ачуунун бир жолу, ʏстʏндɵгʏ ойлор да маанилʏʏ чындыктар жана учурдагы орчунду маселелер. Биздин айта турган сунуштарыбыз жана конкреттʏʏ пикирелерибиз ишке ашырууга мʏмкʏн экендиги менен айырмаланат, анткени жɵн гана кыялга кызыгып, эйфорияга малынган кереметтей кɵрʏнгɵн ойлор эмес, анда биздин айта турган сɵзʏбʏз ушул:

• Ар улуттун ар тʏрдʏʏ дини бар, бирок бирден гана тили бар. Эң эле бери дегенде адам ɵзʏнʏн улуу элинин алдында карыз катары, ата-бабалардын мурасын сактаган жаран катары ɵз тилине болгон чырайлуу сʏйʏʏнʏ кабылдашы керек. Ал ʏчʏн ага дем, дух бере турган жагдайлар керек. Демек, элибизге сʏйʏʏ чакыра турган эфирлерди, тил ʏчʏн жан берген атуулдарды, кыргыз элинин элиталары болгон интеллигенттерди чагылдырган кыска роликтерди смартфондук жана сыналгы багытында байма-байма кɵрсɵтʏʏ зарыл.

•Социалдык тармактарда, интернет желесинде, сырткы кɵрнɵк-жарнактарда кашкайып кɵрʏнʏп турган каталар тилге болгон мамилени айгинелеп турат. Ошондуктан, азыркы агымдын мʏмкʏнчʏлʏгʏн пайдалануу кажети келип  чыкты. Смартфондор ʏчʏн компьютер, соц.тармактар, электрондук почталар жана жалпы эле бардык жерде ката жазылган жазуулар (М: турукту — туруктуу) ɵз дарегине жетпей, качан гана туура жазылганда гана иштей баштай турган программаны тʏзʏп чыгуу зарыл. Ал ʏчʏн IT тармагынын ɵкʏлдɵрʏ жана атайын программисттердин кызматы керектелет. Албетте бул чоң каражатты талап кылат, бирок ɵз чыгымын эселеп актайт, анткени ката жазган адамдын жазууларынын, кайрадан оңдолуп жаткан мезгилинде канча бир минималдуу пайыз ушул программанын финансылык картасына тʏшɵт, а бул ɵз чыгымына карата болгон тɵлɵмдʏ актоо менен элибиздин сабаттуу жазууга ʏйрɵнʏʏсʏндɵ опол тоодой ишти аткарат.

•Бизди бир кʏнʏ артыбыздагы муун эскерет. Кудум эле биз аталарга ыраазы болуп эстеп жаткан сыңары. Бирок, келечек муун ʏчʏн биз тил жаатында эмне жасап жатабыз ошол да абдан маанилʏʏ. Балдардын бал тилине ылайык анимациялык мультфильмдерди, баатырларыбыздын элестерин чагылдырган фондорду, кыймылдуу тасмаларды кыргыз тилинде жаратып, ага кошо дʏйнɵлʏк деңгээлдеги эң белгилʏʏ балдарга кызыктуу болгон тасмаларды котормо студиялар аркылуу иштеп чыгуу да аларга абдан зор пайдасын берет.

•Кыргыз тили ушунчалык бай тил, бул талашсыз чындык. Бирок, сʏйлɵɵ маданиятыбызда анын байлыгын пайдалана албай жаткан кʏнɵɵ бизде. Башка улуттун ɵкʏлʏ араңдан зорго эптеп эки ооз кыргызча сʏйлɵп жатканы, тилибиз ɵнʏгʏп, башка улуттар да сʏйлɵп калды деп мактанууга далил болуп бере албайт. Тилибиздин байлыгын кɵрсɵткɵн керемет сɵздɵрдʏн топтомун китепче катары чыгарып, маанилʏʏ иш-чараларда колдонуу менен анын бʏт ɵлкɵгɵ, окуучуларга, студенттерге жана коомдун жалпы ɵкʏлдɵрʏнɵ таралышын камсыз кылуу иштерин жʏргʏзʏʏ максатка ылайык негиздʏʏ.

•Китеп окуу конкурстары, дал азыркы уюштурулган сынактай тилге, адабиятка, улуттук баалуулуктарга ыктаган сапаттуу иш-чаралардын жогорку масштабда ɵткɵрʏлʏп турушу да тилдин улам жаңыланып бийиктикке сапар алышында орду бар. Аны менен катар басмаканалар менен иштешʏʏдɵ, окуу китептерин чыгарууда балдарга жакын, аларга кызыктуу болгон маалыматтардын топтолушун сɵзсʏз кɵзɵмɵлгɵ алуу зарыл. Анткени, балдар тилибизди оор, татаал тили катары бала кезинен тʏшʏнʏп албашы керек, бул кооптуу жагдайды жаратат.

•Саясий эрк! Бул эки же ʏч адамдын аракети менен максатка жетпейт. Мамлекеттик негизде каралып, атайын чечим чыгарыла турган чечим кабыл алуу шарт. Кыргыз тилин конкреттʏʏ тʏрдɵ орус тилинен же башка тилден кыйла бир жогору турушун камсыздап беришибиз керек! Расмий тилге ыктап убара тартпай койгонубуз оң, ырас эне тилинде кɵңʏл жылытарлык кеп козгоп, баяндама жасап, маалымат бере албаса, демек анын кызматтык абалын эске алуу зарыл, кыргызга кʏйбɵгɵн атуул, кызматын деле жарытып жарык бербеши турган иш. Бирок, бул куугунтук эмес, аларга шарт, мʏмкʏнчʏлʏк тʏзʏп берʏʏ керек, ошого карабай тилин булдуратып, кооз тилге кɵлɵкɵ тʏшʏрɵ беришине каршы чаранын болушун камсыздаган оң.

Албетте, бул айрым деталдуу сунуштар, бирок тек гана уюштурулуп жаткан сынактын шарапатына арналып жазылган боюнча калып кетпешин камсыздоо зарыл. Аткарууга арбын иштерибиз толтура, бирок ага карабай тынымсыз аракет жасай берʏʏбʏз керек. Эң башкысы – эне тилди чын жʏрɵктɵн сʏйʏʏ, баарынан жогору турат, ошол сʏйʏʏнʏ жандырып бере алсак биздин умачтай кɵздʏ ачкан утушубуз ушул болот.

Биздин адам болуп жашашыбыз, атуул катары ɵмʏр сʏрʏшʏбʏз ʏчʏн кепилдик болуп берген КЫРГЫЗ ТИЛИ ар качан аруу, таза, нурданып, ар бир жʏрɵккɵ сʏйʏʏ тартуулап жашасын, МЕН кыргыз тилинин кереметине суктанам жана кадырлоого чакырам.

Ош мамлекеттик педагогикалык университетинин

мамлекеттик тилди ɵнʏктʏрʏʏ боюнча башкы адиси

Исамидин уулу Бектурали