19 мая, 2024

МЕН АЙТПАСАМ, СЕН АЙТПАСАҢ, АЛ АЙТПАСА…

БИЙЛИК ЖАНА ОППОЗИЦИЯ

Саясат ɵз табиятына жараша,ɵз субьектилерине таандык тʏрдʏʏ ой-пикирлерди, идея-сунуштарды, кызыкчылыктарды, турумдарды(позицияны)  талап кылат. Бул кырдаал албетте, бийликте турган жана аны ээлɵɵгɵ  умтулган  кʏчтɵрдʏн (аларды оппозициячы, диссидент деген термин менен аташат)  ɵз ара мамилесинде кɵп кырдуу кɵйгɵйлɵрдʏ, олуттуу маселелерди жана маани-маңызы жагынан алганда, алардан кем калбаган суроолорду жаратат.

Постсоветтик ɵлкɵлɵрдɵ бийлик жана оппозиция  маселеси абдан эле аз изилденген, изилденсе  да конкреттʏʏрɵɵк деп эсептелген жол-жобого чукак болуп жаткан темаларга кирет. Бул советтик доордо кɵп жылдар бою жалгыз партия-КПСС бийлик башында болуп,анын идеологиясыын чегинен чыгып, башкачараак жʏгʏртʏлгɵн ой-пикир, сунуш, идея, турум шарт-кырдаалга ылайык басылып-жанчылып тургандыгы менен да тʏшʏндʏрʏлɵт.

Жетимишинчи-сексенинчи жылдардын расмий пропагандасында борбордук аталган тезистердин бири болуп советтик элдердин моралдык-саясий биримдиги эсептелгени белгилʏʏ. Бийлик оппоненттери ɵзʏлɵрʏн коомго каршы койгон бир сандырактай кɵрсɵтʏлгɵн. Белгилей кетʏʏ керек, аталган тезистин ɵзʏ да сандырактык дегенден башкага жарабайт. Саясат менен моралды,азыр бизде анча-мынча болсо да  байкалып жаткандай, бир категориядан кароого мʏмкʏн эмес, эклектизмдин кɵрʏнʏш болуп калат, экɵɵсʏнʏн жолдору жана максаттары башка-башка тʏшʏнʏктɵргɵ кирет.

Канткен менен социологиялык иликтɵɵлɵр кɵрсɵткɵндɵй, диссиденттердин кɵз караштарын тигил же бул деңгээлде ал кездеги коомчулуктун басымдуу эле бɵлʏгʏ колдогон.Бийликтин оппозицияны  куугунтуктоо саясаты бул феноменди тʏбʏнɵ жете изилдеп-иликтɵɵгɵ тоскоолдук кылган.Бийлик жана оппозиция темасы постсоветтик мезгилде гана кеңири оозго алына баштаганы маалым.

КЫЙЫН ТЕНДЕНЦИЯ

Эгемендʏʏлʏк жылдарындагы Кыргызстандын ички саясатында коомчулуктун ой-ɵрʏшʏнʏн ɵнʏгʏʏ деңгээлине жараша  азырынча кыйгап же буйтап ɵтʏʏгɵ мʏмкʏн  эместей сезилген бир кыйын тенденция  калыптанып калды десе болот. Ал – мамлекеттик бийликти басып алууну максат кылган аракет.Мындай теңирден тескери аракеттерди басып же белгилʏʏ убакытка дейре басаңдата туруунун ылайыктуу ылаажысын табуу жагында ушул кезге дейре оозго аларлык жаңылык жоктугу ɵкʏндʏрɵт. Оппозициялык кʏчтɵргɵ басым-кысым кɵрсɵтʏʏнʏн баягы эле эски усулдары дале кʏчʏнɵн тая элек. Бийликке оппоненттик кʏчтɵрдʏ жана тараптарды тʏрмɵгɵ олтургузууга чейин жеткирген мындай усул эскирмек турсун, жаңы тʏс алып бараткандай сезилет. Кызыгы, андайдан олуттуу саясий упай алып калууга позициячылар да, оппозициячылар да бирдей кызыгышкандай таасир калууда. Муну албетте, саясаттын эл аралык практикасынын сыналган нормасы десе да болот.

Жаралуу, ɵнʏгʏʏ жана  калыптануу фазаларынан ɵтʏп бʏткɵн бул тенденциянын келечегин айтуу кыйын, бирок  кыргыздын жаңыдан кɵгɵрʏп келаткан саясий майданына эч кандай кɵрк кошпоосун башынан эле белгилеп коюуга туура  келет.

Факт деген факт, бул ɵжɵр нерседен качып кутула албайсың, ʏстʏбʏздɵгʏ эле кылымдын алгачкы он жылдыгында болуп ɵткɵн эки жолку мамлекеттик тɵңкɵрʏштɵр аталган тенденция кыргыздын жарды- жармач саясий аң-сезиминде катуураак калыптануусуна,ура-патриот удулунун тереңирээк сиңдирилишине олуттуу роль ойноп бергени талашсыз.Тилекке каршы, бʏгʏн деле бийлиги баш, оппозициясы каш болуп  дегендей,  кыргыздын саясий айдыңда  ошол эле оңбогур  эски пластинкалар ойнотулуп жатат.Мунун жаңы мисалы-Мадумаровго байланышкан чыр-чатактар жана анын шылтоосундагы ар кандай талаш-тартыштар.

Коомчулукта бул жагдайда азырынча бир тараптуу пикир калыптана элек. Дегеле,бир тараптуу калыс пикир жарала коет деп айтууга да бир топ эле эртелик кылат, ал ʏчʏн коомчулуктун , анын ичинде башкаруучу  элитанын да саясий маданиятынын ɵнʏгʏʏсʏ дагы бир тиешелʏʏ кондицияга кɵтɵрʏлʏʏсʏ шарт.

Эске сала кетели, 2-сентябрда парламенттеги “Бʏтʏн Кыргызстан” фракциясынын лидери Адахан Мадумаров камакка алынган. Ага оор — “Мамлекеттик чыккынчылык” деп аталган берене боюнча айып тагылууда.Тергɵɵ судьясы Тилек Турдукулов аны УКМКнын тергɵɵ абагына жɵнɵткɵнʏ жана Мадумаров ал жайда 24-октябрга чейин кармалары маалымдалган.

 Кылмыш ишинин деталдары азырынча намаалым, бирок Адахан Мадумаровдун ɵзʏнʏн жана анын адвокаттарынын айтымында, бул иш Кыргыз Республикасы менен Тажикстан  Республикасынын ортосунда 2009-жылы тʏзʏлгɵн чек аралык протоколго байланышкан. Мадумаров ал кезде Кыргыз Республикасынын Коопсуздук Кеңешинин катчысы болуп турганы белгилʏʏ. Чыры токтобой жаткан ал кандай документ?

2009-жылдын жазында Мадумаров ɵлкɵбʏздʏн Коопсуздук Кеңешинин катчысы болуп турган. Ал жана анын тажик коллегасы Амиракул Азимов кыргыз-тажик делегацияларынын жолугушуусунун жыйынтыгы боюнча эки коңшулаш ɵлкɵлɵр ортосундагы чек армаселесин жɵнгɵ салууга байланышкан документке, атап айтканда, протоколго Тажикстандын Хожент шаарында кол коюшкан. Протокол  тогуз пункттан турат. Арадан бир топ жыл ɵткɵнʏнɵ карабастан, протоколдогу экинчи пункт чырдын башы бойдон калып келе жатат. Анда кыргыз тарап тажик тараптан 275 метр жерди кɵпʏрɵ салуу ʏчʏн 49 жылга ижарага алаары кɵрсɵтʏлгɵн. Тажик тарап бул тилкени ижарага бердиби, демек “биздики” кылып келет. Юридикалык жактан алганда, маселенин чоо-жайы чын эле ошондой болуп калган. Муну каала-каалаба, Мадумаровдун популисттик кадамы дегенден башкача атай албайсың. Албетте,бардык эле башка саясатчылар катары Мадумаров деле саясий популизмге муктаж жана татыктуу экенин калыстык ʏчʏн белгией кетʏʏ деле ашыкчалык кылбайт. Бирок, популизмдин да алды-арты чектелʏʏ болору талашсыз. Алдыда укуктук, артында моралдык жоопкерчиликтер бар экенин тажрыйбасы жетиштʏʏ Мадумаровдун да аңдабай калганы албетте, ɵкʏнʏчтʏʏ.

Мадумаров ɵзʏ  бул протоколго кол коюу ошол маалда туура болгон деп эсептейт. Анын жʏйɵсʏндɵ эгер антпегенде ошол кездерде эле Лейлек району менен Сʏлʏктʏ шаары анклавга  айланмак. Мадумаровдун белгилешинче, ал протокол Кыргызстандын парламентинде  колдоо тапкан эмес жана кыргыз-тажик чек арасын делимитациялаштыруу жана демаркациялоо боюнча сʏйлɵшʏʏлɵрдʏ жʏргʏзʏʏгɵ тоскоолдук келтирбейт.

Протоколго кол колгандан бери 14 жыл ɵттʏ. Бирок, маал-маалы менен кыргыз-тажик чек ара чырлары чыккан моменттерде Мадумаровдун оппоненттери анын жоопкерчилиги жагдайындагы маселени кɵтɵрʏп жʏрʏшɵт. Бирок, териштирʏʏ иши мынчалык олуттуу баскычка жете элек болчу. 2019-жылы ал кездеги парламенттин вице-спикери  Жеңиш Разаков УКМК чек ара маселесин, анын ичинде Мадумаров кол койгон протоколдун чоо-жайын териштирип баштады деп билдирген. Ал эми Мадумаровдун  ɵзʏнʏн айтуусу боюнча, тыкыр текшерʏʏдɵн кийин бул иш жабылган.

Иштин азыр кайрадан териштирилип баштаганын Мадумаров жана тарапташтары азыркы бийликтин иш-аракеттерине Мадумаровдун сын айтканы менен тʏшʏндʏрʏʏгɵ аракеттенишʏʏдɵ. Бул эми канчалык туурадай кɵрʏнбɵсʏн, таптакыр башка мʏнɵздɵгʏ категорияга кирип кетээри белгилʏʏ. Алдыңда минбар-микрофон, артыңда калдайган калк жана чɵнтɵгʏңдɵ расмий ыйгарылган  мандат турса, бийлик дарегине сын айтып калуунун ɵңʏтʏн ким кое берсин. Кеп сын айтканда эмес, кеп сынды кандай тон менен айтканда да жатарына баам таштоо кыйын эмес.

ƟГYЗ ƟЛБƟСYН, АРАБА СЫНБАСЫН…

Ошентип, болору болуп, боесу канды. Мадумаров УКМКнын тергɵɵ абагында. 24-октябрдан кийинки тагдыры кандай чечилет, кудай билет. Мындай окуя Кыргызстандын саясий тарыхында алгачкы ирет болуп жатпагандыктан, а-бу деш кыйын. Кандай болгондо да артында калдайган калың журттун олуттуу эле кɵрʏнгɵндɵй бɵлʏгʏ турганына карабастан,”Бʏтʏн Кыргызстандын бʏткʏл элди бийликке каршы тʏп кɵтɵрʏʏгɵ ресурсу деле жок. Ага анда жана башкысы- калкта каалоо бар деп да айтуу кыйын. Арты кандай аяктарын ким билсин,азыр бийликтин уусу жʏрʏшʏп, элестʏʏ айтканда, ити чɵп жеп  турган маал, баралын берсин. Мындай шарт-кырдаал албетте, ээленип алган эпсиз эмоциядан этият болууну позициясына да, оппозициясына да эскертет. ”Бечелге жɵтɵлдʏн кереги не?” дегендей, экономикалык, социалдык маселелерге эми астейдил кɵңʏл бурула баштаган кезде мындай майда-барат маселелерди маанисиз эле кɵбʏртʏп-жабырта бербестен, кыргыздын консенсуска келʏʏ жаатында эзелтен бери айтылып келе жаткан “Ɵгʏз ɵлбɵсʏн,араба сынбасын” деген накылындай иш тутулса, бардык ишти ийгилик коштойт деген ишеним бар.

Абдираим Мамытов