19 мая, 2024

Круиз лайнеринен башталган тажрыйба, Алай тоолорунда уланган ишкердик

Акыркы жылдары Европага агылган жаштардын саны ɵстʏ. Алардын басымдуу бɵлʏгʏн студенттер тʏзɵт. Жайкы каникулда же атайы келишимдер менен барып, кɵбʏнчɵ тейлɵɵ тармагында иштеп келишет. Эл-жер кɵрʏп, тил ʏйрɵнʏп, алган тажрыйбасы менен ɵз ɵлкɵсʏндɵ ишкердик баштагандары да арбын. Алардын бири Актилек Кантемиров. Кезинде Круиз лайнерине иштɵɵ ʏчʏн барып, бир нече жылдан кийин ɵлкɵдɵ туризм боюнча иштɵɵнʏ чечкен. Учурда Алай тоолорунда ат саякатын уюштуруп, туристтерди тейлеп келет.

-Актилек, Круиз лайнеринде кандайча иштеп калдыңыз?

-Ош мамлекеттик университетинин дʏйнɵлʏк тилдер жана маданият факультетинде окуп жʏргɵн кезде Европа, Америка ɵлкɵлɵрʏнɵ кызыгуу башталган. Бирок, 1-курсту аяктагандан кийин шартка байланыштуу 2014-жылы окуудан академиялык ɵргʏʏ алып, Россия жергесине иштегени бардым. Ал жерде иштеп жʏрʏп  Украина аркылуу Круиз лайнерине жумушка баруу мʏмкʏнчʏлʏгʏ жаралган. Круиз лайнер – негизи туристтерге арналган саякаттоочу кеме болуп саналат. Ошентип белгилʏʏ убакытта кемеге барып-келип иштеп жʏрдʏм. Ал ортодо окууму уланттым. Барып-келген тыныгууларды кошпогондо жалпы 3 жылдай ошол жакта иштепмин. Кеме Европанын ичинде болсо, бир саякаты жети кʏндɵн он тɵрт кʏнгɵ чейин уланышы мʏмкʏн. Белгиленген шаарларды айланып чыгат, кээде Европадан Азияга ɵтɵт. Ошол учурда деңиз ʏстʏндɵ 10 кʏндɵп жʏрʏп калат. Токтогон шаарларында бизге да 5 саатка чейин сыртка чыгууга мʏмкʏнчʏлʏк болор эле. Мен кемеде тамак-аш жагын тейлеп, кызмат кɵрсɵтʏʏ боюнча иштедим.

-Кеме кайсы ɵлкɵгɵ таандык? Кыш мезгилинде да иштей береби?

-Негизи Мальта ɵлкɵсʏнʏн атынан чыгат. Бирок немистерге таандык делет. Алар салыгын жеңилдетʏʏ ʏчʏн Мальтанын атынан чыгарат деген кептер бар. Бирок, саякатчылардын басымдуу бɵлʏгʏн да немистер тʏзɵт. Кеме мезгилге карабай кышын-жайын иштейт. Кыш мезгилинде Индонезия, Малайзия же араб ɵлкɵлɵрʏндɵ жʏрɵт.

-Чет ɵлкɵнʏн таасири кандай болду, кандай тажрыйба алдыңыз?

-Ар кандай улуттагы адамдар менен иштештик. Ар бирибиздин маданиятыбыз, тʏшʏнʏктɵрʏбʏз ар башка болчу. Алардын бизге пайда алып келе турган жактарын алганга аракет кылдык. Мисалы, немистер ар бир ишке так мамиле жасашат. Круиз кемесине 3500-4000ге чейин конок чыкса, анын 1000ден ашуунун жумушчулар тʏзɵт. Кеме токтогон кезде  конокторго да, ишчилерге да “саат мынчада жɵнɵйбʏз” деп эскертип чыгарат. Эгер бир адам ошол убакытка келбесе, “5-10 мʏнɵт кʏтɵ туралы” деген нерсе жок, сумкаларын сыртка чыгарып коюп, кетип кала беришет.

Евразия, Африка, Австралия континенттеринде болдум. Кээ бир мамлекетке барганда биздин ɵлкɵ да ушундай ɵнʏксɵ экен деп суктанасың. Кээ бирине барганда тескерисинче, Кыргызстандай ɵнʏгʏп келе жаткан ɵлкɵң бар экенине сыймыктанасың. Мисалы, Мадагаскарда жергиликтʏʏ тургундардын кабыргалары саналгыдай арык, тепкичтен чыгып баратса буттары бир тарапка ооп, сынып кеткидей абалда турат экен. Африка ɵлкɵрʏнʏн да кɵпчʏлʏгʏндɵ жашоо-турмушу аябай оор. Менимче аталган ɵлкɵлɵрдʏн мынчалык жакырчылыкка кептелʏʏсʏнɵ кезинде басымын ɵткɵзʏп турган кʏчтʏʏ ɵлкɵлɵрдʏн таасири чоң. Белгиленген убакыт аралыгында бир аздан жардам берип жʏрʏп, алардын психологиясын “иштебесем да жардам беришет” дегенге кɵндʏрʏп койсо керек. Ал эми ɵздɵрʏ табигый байлыктарын казып кете берген. Чынында бул ɵлкɵлɵрдɵ табигый ресурстар ɵтɵ кɵп. Болгону сабатсыздыктын айынан ɵздɵрʏ пайдалана албайт. Бир чети коррупциянын да кʏчтʏʏлʏгʏ элдин жакырчылыгына негизиги себеп болгон.

-Учурда Алай тоолорунда ат менен саякаттоону уюштурат экенсиз, бул ишкердикти баштооңузга эмне себеп болду?

-Чет ɵлкɵдɵн быйыл январь айында келдим. Негизи ɵзʏмɵ ат ʏстʏндɵ саякаттоо абдан жагат. Педагогиканы бʏткɵн менен туризм боюнча билимим жок, бирок, чет ɵлкɵдɵ жʏрʏп бир аз тажрыйба алып келдим десем болот. Бир чети студент болуп жʏргɵн кезде туристтерди кабыл алуу боюнча Алайга барып практика кылган элем. Азыр жɵɵ треккингдер да ɵнʏгʏп жатат. Ошол эле учурда аттарга да басым жасоо керек деп ойлойм. Себеби, башка элдер бизди кɵчмɵн эл деп билишет. Кɵчмɵндɵрдʏн маданиятын, турмуш-тиричилигин кɵргʏсʏ келишет. Биз аны евроремонттолгон мейманканалар менен бере албайбыз. Аларга кыргыздын боз ʏйʏ, улуттук кийимдери, оюндары, кармаган жылкы, топоздору кызык.

Туризм бизде ɵнʏкпɵй жатат дегенден алысмын. Ошол эле учурда тʏзʏлгɵн шарттар мыкты деп айтуу кыйын. Мисалы, чакан туристтик базаларды иштеткен ишкерлер бири-бирине атааңдашып, “мен жакка турист келбей калса эмне кылам деп кыжаалат болушу мʏмкʏн”. Чын-чынында ɵтɵ кɵп турист келсе тейлей албай калабыз. Даараткана, жуунучу бɵлмɵ, ашканага кɵңʏл буруу зарыл. Тейлɵɵ да чоң мааниге ээ. Бизде белгилʏʏ эле кафе, ресторандарга кирип, эки адам эки башка тамак буюртма берсе, даяр болгонун алып келе берет. Биринчи адам жеп бʏткɵнчɵ экинчи адам кʏтʏп отуруп калат. Бул албетте, эки тарапка тең ыңгайсыз. Туризм ɵнʏккɵн ɵлкɵлɵрдɵ эки адам келип отурса, тамактарын тең алып келишет. Эгер бирɵɵсʏнʏкʏ даяр болуп калса, кардарга бербей жылытуу жайында кармап турушат. Анан эки официант бирдей убакта эки жагынан алып келип, тамакты коюп беришет. Биз да тамак-аш жагын тейлɵɵнʏ контролго алсак болот. Мындан сырткары тазалыкка кɵңʏл буруу зарыл. Туристтерди кабыл алган жайлоолордогу боз ʏйдʏн тегерегинде желим пакет, желим бɵтɵлкɵ сыяктуу ашыкча нерселер жатпашы керек. Анан баягы эле даараткана менен жуунучу жайдан кɵйгɵй бар. Коңшу ɵлкɵдɵн эле чыгып, жайлоолордо тʏнɵп кеткиси келген туристтерге ушул нерсе тоскоол болот.

-Ат менен уюштурулган турлар Алай тоолорунун кайсыл жерлерин кыдырат? Жолдо тамак-аш маселеси кандай болот?

-Беш кʏндʏк турда ат менен чыккан бир тайпа Жылы-Суу деген айылдан баштап, Сары-Ой, Ак-Тɵр, андан ары Мурдашка ɵтɵт. Тʏшкʏ тамагы менен жатаканасын биз камсыздайбыз. Эрте мененки жана кечки тамактарын даярдоо боюнча жайлоодогу боз ʏйлɵргɵ алдын ала маалымдап коебуз, ошол жактан сатып алышат.

Белгилей кетʏʏчʏ нерсе, жыл башынан бери коңшу ɵлкɵлɵрдɵн ɵзбекстандык саякатчылар менен кɵп иштештик. Биздин турлар келген тайпалардын баарына жагып жатты. Андижандан чыккан саякатчылардын айтымында Ташкентте да биз сыяктуу, бирок тоолору жапызырак жерлер бар экен. Саякатчылар ал жакка барууга беш сааттап жол жʏрɵбʏз дейт. Ал эми Кыргызстанга келгенде чек арага чейин 30-40 мʏнɵт, Алайга чейин бир саат гана убактыларын коротушат. Баарына ыраазы болгон коңшу ɵлкɵнʏн саякатчылары чек арада гана кɵпкɵ кармаларын айтышты. Муну туризм министрлиги сунуштап, тийиштʏʏ тараптар менен туристтерди кɵпкɵ кармабай ɵткɵрʏʏ жагын караштырса жакшы болчудай.

Айжылдыз Тойчиева