

Кыргыздын көрүнүктүү инсаны Насирдин Исановдун айкелин ачкан соң Ош шаарындагы Ош кыргыз драма театрына барды.
Сапардын алкагында Мамлекет башчысы театрдын ишмердүүлүгү менен таанышып, таш экспозицияларды көрүп чыкты, бул күндөрү Эгемендүүлүк күнүн майрамдоонун алкагында театрда өтүп жаткан Кыргызстан элинин ассамблеясынын маданий борборлорунун «Ош — достук шаары» көргөзмөсүнө барды.




Бул жерде Президент Садыр Жапаров Кыргызстан элинин ассамблеясынын атынан келген ар башка элдин аксакалдары менен баарлашып, алардын каалоо-тилектерин, акыл-насааттарын угуп, аларды Кыргызстандын Эгемендүүлүк күнү менен куттуктап, бекем ден соолук жана узун өмүр каалады.
Мамлекет башчысы өсүп келе жаткан муундарды ата-бабадан калган каада-салтты жана үрп-адаттарды урматтоого, асылдыкка жана мекенчилдикке тарбиялоодогу аксакалдардын татыктуу ордун баса белгиледи.
Андан соң президент Садыр Жапаровго түрдүү экспозициялар көрсөтүлдү.





Окшош макалалар
Муниципалдык 2 бала бакча мамлекеттин балансына ɵтʏп, кɵрʏстɵндɵрдʏ брондоонун тарифин жогорулатуу маселеси колдоо таппай калды
Кытай-Кыргызстан-Ɵзбекстан темир жолу – кылым долбоору
Акыркы 10 жылда кургак учукка чалдыккандардын саны кескин азайды