19 мая, 2024

АТА-ЭНЕЛЕРДИ ТYЙШƟЛТКƟН КИТЕП МАСЕЛЕСИ

Жаңы окуу жылы башталганы турат. Мектепке даярдык кызуу жʏрʏп жаткан кез. Ата-энелер арты бир, алды беш баласын ээрчитип, окуу куралдарын, кийим-кечесин сатып берʏʏ ʏчʏн базар аралап, бир чети кымбатчылыкка кейисе, экинчиси балдары окуй турган китеп-дептерлердин кɵбʏн сатып берʏʏгɵ мажбур. “Мурун 10 дептер, 1 альбом, калем-карандаш гана алчубуз, анан мектептен китептер берилчʏ. Азыр сатып беришиң керек болгон тизме ɵтɵ эле узун, китептерди да сатып аласың” деген ата-энелерди кезиктирʏʏгɵ болот. Мындан улам “Эмнеге китептер жыл сайын жаңыланып жатат? Былтыр алып берген китеп быйыл жараксыз” деген суроолор ата-энелерди тʏйшɵлтɵт. Биз жооп табууга аракет кылып кɵрдʏк.

Ата-энелер эмне дейт?

Гʏлмира айымдын кызы быйыл шаардагы жеке мектептердин бирине 1-класска барат. Мектеп аларга керек болуучу окуу куралдарын тизмесин берген. Оштогу дʏкɵндɵрдʏн биринен баарын алып чыкканын айткан каарманыбыз жалпы 8 миң сомго жакын каражат жумшаган.

-Мектеп эки-ʏч китебин сатыкта жок, ɵзʏбʏздɵн аласыңар деп 2 миң сомго жакын акча тɵлɵдʏк. Ал эми бир жылдык керектʏʏ окуу куралдары, китептери деп тизме беришкен, ага ашык-кеми 6 миң сомдун тегерегинде акча сарптадык. Албетте, балаңдан эч нерсе аябайсың, бирок окуу куралдары эле 8 миң сомдон ашарын билген эмесмин, таң калдым, — дейт Гʏлмира айым. Баласы жакшы билим алуусу ʏчʏн жеке мектепке бергендиктен, бардык талабын аткарууга макул болгонун кошумчалады.

Атын атагысы келбеген ата-энелердин бири ʏч баласы мектепте окуганын, математика китебин ʏчɵɵнɵ ʏч башка сатып берʏʏгɵ мажбур болгонун билдирди:

-Балдарым орус класста окушат. 1-4-класстарга чейин математика китептерин 800 сомдун тегерегинде сатып бердик. Бирок, бирɵɵсʏнʏкʏ кийинкисине жараган жок. Автору бир эле, ичтерин салыштырып карап да чыктым. Болгону мурункусунда мисалдардагы адам аттары орусча болсо, кийинкисинде кыргызча аттарга алмаштырышкан, анан кошумча тесттер берилиптир. Башка балдардын билимине таасир эте турчу ɵзгɵрʏʏ деле кɵргɵн жокмун.

Ата-энелердин басымдуу бɵлʏгʏ китеп, жумуш дептерлерин чыгарууда кимдир бирɵɵнʏн “бизнеси” жʏрʏп жатат деп ойлошот. Анткени сатып алуучу китептердин баасы кымбат, кɵчʏрмɵ вариантын алып берсе, мугалими жаратпай койгон учурлар да кездешет экен. Бул тууралуу шаардагы мамлекеттик мектеп-лицейлердин биринде баласы окуган Жамила айым билдирди:

-Балам 1-класста англис тили сабагынан Оксфорддун китебин окушту. Китептин баасы 1800 сом дешти. Ата-энелер базардан кɵчʏрмɵсʏн 500 сомго таап алып келишсе, мугалим ал китепти окутпай турганын айтып каршы чыкты. WhatsApp-тайпаларга кɵчʏрмɵ вариантын алып келгендердин тизмесин жɵнɵтʏп, уяткарган болду. Оригинал китепте диск менен кошо бир бетинде жармаштырчу чаптама (наклейка) бар экен. Мугалим ошол себептен тʏп нускасын талап кылып жатканын айтты. Ата-энелер макул болуп алып беришти. Бирок, диск бир да жолу пайдаланылган, суралган жок. Чаптама болсо балдардын тилди ɵздɵштʏрʏʏсʏнɵ анчейин деле таасир эте турганчалык эмес. Мындан улам ата-энелерде ар тʏрдʏʏ ойлор жаралат да, — дейт ал.

“Айрым китептер гана жарабай калуусу мʏмкʏн”

Бул маселелерге жооп алуу максатында Ош шаардык билим берʏʏ башкармалыгынын адиси Барчынай Айдаровага кайрылганыбызда, мектептер менчик тʏрʏнɵ карабай, министрлик бекитип берген окуу китептери менен окутуу жʏргʏзʏлɵрʏн, окуу китептеринде маселе жаралбай турганын айтат:

-2023-2024-окуу жылында  жетишпеген окуу китептер боюнча ата- энелерде кɵйгɵй болбойт. Себеби Кыргыз Республикасынын Ɵкмɵтʏ тарабынан жаңыланып кайрадан стандарттын негизинде 1-4-7-8-класстар ʏчʏн окуу китептери акысыз берилгени жатат. Бирок, ушул эле класстарга кээ бир жетишпеген китептерди ата-энелер сатып беришет. Ал китептер быйыл гана иштетилет. Кийинки жылы дагы ушул китептер кайрадан иштелип чыккандан соң ɵкмɵт тарабынан толук басмадан чыгарылып акысыз берилет. Ошондуктан ата-эненин сатып берген китебинин айрымдары гана жарабай калышы мʏмкʏн, баары эмес.

Мисалы, быйылкы жылда 7-8-9-класстар ʏчʏн география жана биология китептери жаңыдан иштелип сатыкка чыкты. Жаңы китептер басмадан чыкканда алар сɵзсʏз тʏрдɵ усулдук иштелмелери менен кошо жарык кɵрɵт.

Мугалимдер ата-эне сатып берген эле китептерди окута бербейт. Ошондуктан ата-эне китеп сатып берерден башта бул жылы кайсы китептерди окушарын класс жетекчиден тактап алганы оң.

“Жылда стандартка ɵзгɵртʏʏлɵр кирет, ага жараша жаңы кɵнʏгʏʏлɵр иштелип чыгат”

-Жыл сайын жаңы окуу жылынын алдында август кеңешмеси ɵтɵт. Кеңешмеде предметтер боюнча ɵкмɵт тарабынан бɵлʏнгɵн сааттардын негизинде календардык иш план, окуу китептеринин тизмеси менчигине карабастан талкууга коюлуп аны ишке ашыруу боюнча талкууланат.

Орто билим берʏʏчʏ мекемелерде менчигинин тʏрʏнɵ карабастан  бирдиктʏʏ пландын негизинде мыйзам чегинде окутулат.

Буга чейин 2016-жылы 5-6-класстарга китеп чыкса, андан бери 2021-жылы информатика китеби басылып чыгарылды. Ошентип жылына 1-2ден китеп апробациядан ɵткɵрʏлʏп, басылып чыгып, жаңы китептердин катарын толуктоодо. Жыл сайын бардык китептер жаңылоого каражат талап кылынат эмеспи. Ошого ылайык, министрлик бекитилген тартипте китептерди жаңылоодо. Быйыл мамлекет тарабынан англис тили китеби 7-9-класстарга жаңыланды. Себеби жыл сайын стандартка ɵзгɵртʏʏлɵр кирет, ага жараша жаңы кɵнʏгʏʏлɵр иштелип чыгат.

Мамлекет тарабынан берилген ар бир китепке ижара акы тɵлɵнɵт. 2023-2024-окуу жылы ʏчʏн китептер толук келип, азырынча окуучулардын колуна тʏшɵ элек. Бирок, сентябрга чейин келип тʏшɵт.

Англис тили боюнча эки багытта окуу китептери бар. Оксфорд тарабынан берилген китептердин баасы кымбатыраак, 900-1100 сомго чейин. Аны пилоттук мектептерде балдары окуган ата-энелер камсыз кылат. Ал китептин оригиналында бир жолу пайдалана турган окуучулар ʏчʏн интерактивдʏʏ кɵнʏгʏʏлɵрʏ бар. Кɵчʏрмɵсʏндɵ мындай кɵнʏгʏʏлɵр жок. Айырмасы ошондо. Ал эми ɵкмɵт тарабынан О.Балута авторлук кылган китептер сунушталган.

“Мурункудай тартип менен эле окута берʏʏ болбой калат”

№52 “Кыргыз-Тʏрк достугу” мектеп-лицейинин директору Дамира Курбанбаева заман талабына ылайык, окуучулар ʏчʏн ʏйрɵнʏʏгɵ ыңгайлуу болгон ɵзгɵртʏʏлɵр, толуктоолор киргизилгендиктен, ушундай маселе жаралып жатканын айтат:

-Китептерди мамлекеттен ижарага алып жатпайбызбы. Биз ижара акысын топтоп тɵлɵйбʏз, мамлекет кайра бизге китеп чыгарып берʏʏдɵ. Ошол эле учурда кɵп китептердин автору ɵзгɵрʏп кетʏʏдɵ. Мында биз эч айла кыла албайбыз. Министрлик тарабынан кандай китеп сунушталып бекитилсе, ошол китеп менен окутууга милдеттʏʏбʏз. Кээ бир китептер балдардын жашына туура келбей, татаал берилип, баланын ɵздɵштʏрʏʏсʏнɵ кыйын болуп калганда, министрлик карап чыгып ыңгайлуу болуусу ʏчʏн жаңы китептерди сунуштайт. Азыр эми билим сапатын кɵтɵрʏʏ максатында балдарды окутууда ыңгайлуу болуусу ʏчʏн кɵптɵгɵн жаңы нерселер иштелип чыгып, сунушталып жаткандыктан, ушундай кырдаал тʏзʏлʏп жатат. Мурунку эле тартип менен чыгара бергенде туура болбой калат.

Мектебибиз окуу китептери менен окуучуларды 100 пайыз камсыз кыла албайт. Бирок аракеттер кɵрʏлʏʏдɵ. Мурда камкорчулар кеңеши бар эле, алар менен биргеликте жетишпеген китептерди сатып алып, мектептин китепканасына ɵткɵрʏп берчʏбʏз. Азыр ал жоюлгандыктан, ата-энелер ɵздɵрʏ жетпеген китептер менен балдарын камсыздоодо.

“Балдардын кол жазмасын, сɵз байлыгын ɵстʏрʏʏгɵ жардам бере турган китептер жарык кɵргɵн”

“Жетиген” мектеп-лицейинин директору Зайнидин Момонов кɵбʏнчɵ башталгыч класстардын окуу китептеринде маселе жараларын айтат. Анткени жогоруда ата-энелер белгилегендей, бир гана жолу колдонууга ыңгайланышып калган. Бирок, анын ɵз артыкчылыгы бар экенин кошумчалады:

-Негизи окуу китептеринин жетишсиздиги боюнча ɵлкɵдɵ маселе бар. Себеби толук камсыздоо кыйын болууда. Азыркы учурда 5-6-класстарга гана Билим берʏʏ жана илим министрлиги толук тʏрдɵ окуу китептерин жеткирип берген. Бизде да аталган класстарда окуган ар бир окуучу 12-13тɵн китеп алат жана 25 сом ɵлчɵмʏндɵгʏ жылдык ижара акысын тɵлɵйт. Ал эми 7-класстан 11-класска чейин китептер жетишсиз. Ɵзʏбʏздʏн китеп фондубуздагы китепти окуучуларга жеткиргени аракет кылдык. Башталгыч класстарга келсек, чындыгында чоң маселе бар. Себеби башталгыч класстын окуучулары ʏчʏн айрым китептер бир гана жолу колдонууга ылайык болуп чыгып калган. Мисалы, математика, орус тилинин жазуу дептери сыяктуу. Бул бала ʏчʏн абдан ыңгайлуу. Дептерлерди деле колдонушат, бирок мындай китептер балдардын кол жазмасын, сɵз байлыгын ɵстʏрʏʏгɵ бир топ жардам бере алат. Бирок, мындай китептерди окуучуларыбызга жетиштʏʏ санда сатып бере албагандыктан, ата-энелерге сунуштайбыз.

Андан сырткары мектебибиз “мектеп-лицей” болгондуктан, атайын Оксфорддун “Family and friends” окуу китеби колдонулат. Бул китептерди толук тʏрдɵ мектеп сатып алган. Жетпей калган учурда толуктоолор киргизилип турат. Аталган китеп сʏрɵттʏʏ келип, окуучуларга англис тилин ʏйрɵтʏʏдɵ жакшы жардам берет. Китептин баасы 1600 сом турса керек. Ата-энелер алгачкы 2-3 жылда ɵздɵрʏ сатып алып бергендиктен, кийинки учурда мектеп ɵзʏ сатып алган. Бирок, кийинки жылы да окуучулар пайдалануусу ʏчʏн китептеги жаза турчу жерлерине уруксат бербейбиз, — дейт Момонов.

Жумагʏл Кочкорбай кызы