19 мая, 2024

ЖЕР YЛYШYН ПАЙДАЛАНУУДА ЭМНЕЛЕРДИ БИЛYY КЕРЕК?

Жер ʏлʏшʏ — Кыргыз Республикасынын Ɵкмɵтʏ аныктаган тартипте ɵлкɵнʏн жарандарына берилʏʏчʏ айыл чарба багытындагы жер участогу. 1992-1994-жылдары жер ʏлʏшʏн бɵлʏштʏрʏʏ башталган. Ошондо ар бир айыл ɵкмɵт жеринин абалына карата: сугат жер, кайрак жер жана айдоо аянтынын ɵлчɵмʏнɵ жараша киши башына бɵлʏштʏрʏлгɵн. Бʏгʏнкʏ кʏндɵ жарандар жер ʏлʏшʏн айыл чарба багытында гана эмес, ар кандай максатта пайдаланып келишет. Жер ʏлʏшʏнɵ тиешелʏʏ бʏтʏмдɵрдʏ жʏргʏзʏʏ, болуп жаткан жагдайлар, кɵйгɵйлɵр жана анын чечилиши тууралуу “Кадастр” мамлекеттик мекемесинин Ош филиалынын каттоо бɵлʏмʏнʏн башчысы Абдумалик Турдуев редакциябызга маек курду.

-Абдумалик Жеўишбекович, алгач жер ʏлʏштɵрʏн бɵлʏштʏрʏʏ маселесинен баштасак. Кандай тартипте, кандай максатта бɵлʏнгɵн эле?

-1995-жылы айыл чарба багытындагы жерлерди ʏлʏшкɵ бɵлʏштʏрʏʏ боюнча ɵкмɵттʏн атайын токтому чыккан. Анда айыл ɵкмɵттɵгʏ сугат, кайрак жерлердин 70 пайызы элге ʏлʏшкɵ берилген. Жергиликтʏʏ бийликтин маалыматына ылайык, аймакта 5 жылдан кем эмес жашаган жарандар алуу укугуна ээ болгон. Бɵлʏнʏп берилʏʏчʏ жердин жалпы аянты такталып, жашоочулардын санына бɵлʏнгɵн. Ага ылайык, кээ бир айыл ɵкмɵттɵрдɵ 15 сотых, айрымдарында 10 сотых жер берилген.

“Кадастр” мамлекеттик мекемесинин Ош филиалында айыл чарба багытындагы жер ʏлʏштɵрʏ жɵнʏндɵ маалымат Жапалак айыл аймактык башкармалыгы боюнча гана бар. Аталган аймакта ар бир жаранга сугат жерден 5 сотых, кайрак жер 7 сотых жана чɵп чабынды 1,5 сотых жер берилген. Мисалы, ʏй-бʏлɵдɵ 5 адам болсо, 25 сотых сугат жер алган. Ал эми ошол мезгилде жердин агрардык реформасын жʏргʏзʏʏ борбору деп ар бир облустун ɵкʏлчʏлʏгʏндɵ болгон. Аларга маалыматтар берилип, анын негизинде тактоо иштери жʏрʏп, жарандарга “жер ʏлʏшʏн пайдалануу укугу тууралуу кʏбɵлʏк” деп берилген. Кийин 2000-жылы мамлекеттик каттоо системасы кайрадан тʏзʏлʏп, КРдагы жайгашкан бʏт кыймылсыз мʏлктɵрдʏ кайра каттоо боюнча токтом чыккан. Анын негизинде бардык кыймылсыз мʏлктɵрдʏн ээлерин аныктап, ар бирине идентификациялык номер берип, кадастр планын тʏзʏп, ɵзʏнчɵ дело тʏптɵлʏп, баарын бирдиктʏʏ базага киргизʏʏ тапшырмасы коюлган.

-Каттоо бир канча жыл мурун болуптур, бʏгʏн жер ʏлʏшʏ боюнча жарандар арасында кандай маселелер бар?

-Биринчи системалык каттоо шаарда, кийин Жапалак айыл аймагында болуп, Жапалак айыл ɵкмɵтʏ эки этап менен ɵткɵн. Биринчи этабында турак жай, калктык пункттарды каттаса, экинчи этабы айыл чарба багыты болгон. Аталган аймактык башкармалыктын адистери менен айылдарды кыдырып, элдин колундагы китепчелеринин кɵчʏрмɵсʏн алып, калганын архивден таап, ар бир ээн жаткан тилкеге идентификациялык номер берилип, ал номерге ээлерин каттоо боюнча иштер жʏргʏзʏлгɵн. Бирок, ошол мезгилде айыл аймактык башкармалыкта дагы, биздин мекемеде да бир аз катачылыктар орун алган. Себеби ал учурда баарынын паспортун табууга мʏмкʏнчʏлʏк болгон эмес. Ошондон улам айыл ɵкмɵт эмне деп жазса, ошондой катталган. Ал жерде айрымдардын аттары паспорттогудай эмес, каймана аттары менен укуктары мыйзамдуу деп катталгандары да болгон. Мисалы, документте Акматбек болсо Акмат деп жазылып калган. Документтерди тактаганы келгенде ушундай катачылыктар чыгып, тууралоо иштери жʏргʏзʏлгɵн жагдайлар бар. Жарандарды убарагерчиликке салбай, сотко жеткирбей эле аймактык башкармалык менен биргеликте жарандын документтерин тактап, аныктап, атайын жолдомо каттардын негизинде оўдоо иштери азыркы мезгилде толугу менен жʏргʏзʏлʏп жатат.

Бул кɵбʏнчɵ жарандар пенсияга чыгып же ʏлʏшʏн башка бирɵɵгɵ сатканда, мураска бергенде жаралат.

Ал эми ʏлʏшʏ бар бирок, чет жакка чыгып, башка ɵлкɵнʏн жарандыгын алгандар келип ата-энесине же жакын туугандарына ɵткɵрʏп берʏʏ ʏчʏн кайрылгандар да кɵп.

-Жер ʏлʏшʏн ар кандай максатта колдонгондорду кɵрʏʏгɵ болот. Маселен, ʏй куруп алгандар бар. Мындай учурда мыйзамдаштыруу иштери кандай жʏрɵт?

— КРнын Жер мыйзамынын айыл чарба багытындагы жерлерди башкаруу жана аны менен болгон бʏтʏмдɵрдʏ жʏргʏзʏʏ деген талаптарында бул жер тилкелерине ʏй курууга, капиталдык курулуштарды жʏргʏзʏʏгɵ болбойт. Бир гана айыл чарба багытында пайдаланууга деп берилген. Бирок, кээ бир учурларда жер ала албай, жарандар айласыздан турак жай куруп алгандар бар.

Булар боюнча Ош шаардык мэриясы, архитектура башкармалыгы, “Кадастр” кызматы биргеликте башкы план иштелип, айылга жакын жердеги ʏлʏш жерлерине ʏй куруп алгандар боюнча мыйзамдаштыруу иштери жʏрʏʏдɵ. Чоў сарайларды куруп, кɵп жылдык бак-дарактарды тигип алгандары да бар. Бакка уруксат, анткени 20-30 жылдан соў бак тʏшʏмʏн бергенден кийин жерди иштетсе болот. Бирок, цемент куюп, башкы планга туура келбеген курулуш иштерин жʏргʏзгɵндɵргɵ атайын кызматтар жер-жерлерде иш алып барышууда.

Ɵкмɵттʏн 2022-жылдын 31-майында №291 «Жер мунапысы жɵнʏндɵ» токтому чыккан. Айыл чарба багытындагы жерлердин мунапысына кирген жана кирбей калган жерлер да бар. Ага кирбей калган жерлердин ээлери “президенттин указы чыкты го, документ жасап беришиўер керек” деген талапты коюшат. Андай эмес, мыйзамга туура келбеген жерлер да бар. Ал ʏчʏн атайын тʏзʏлгɵн вице-мэр жетекчилик кылган мэриянын алдында комиссия бар. Арыздар ошол жакка тʏшɵт. Эгерде комиссия макулдук берсе, атайын техникалык паспорттор даярдалып, токтом чыгаруу жагы каралат. Бирок, токтомдон мурун ал жерлердин максаттуу багытын ɵзгɵртʏʏ керек. Ошондо гана мыйзамдуу болуп эсептелет.

-«Жер мунапысы жɵнʏндɵ» токтомдун негизинде кандай ɵзгɵрʏʏлɵр болууда?

-Жер мунапысы жɵнʏндɵ токтомдун негизинде бʏгʏнкʏ кʏндɵ айыл чарба багытындагы жерлерге документ жасоо ʏчʏн кайрылгандардын саны кʏндɵн-кʏнгɵ кɵбɵйʏʏдɵ. Мурда ʏлʏшкɵ документ керек дегендер пенсия, жɵлɵк пул алууда гана келишчʏ. Бʏгʏнкʏ кʏндɵ Жапалак айыл аймактык башкармалыгынын Озгур, Кеўеш, Гʏлбаар айылдарынын жашоочулары бизге кайрылып, документтерин оўдотуп, каттатышууда. Системалык каттоодон ɵткɵндɵн кийин жарандын укугу катталган болуп эсептелет. Бирок, жарандын кайрадан кайрылуусунун себеби, ошол кездеги кʏбɵлʏк жогоруда атагандай “жер ʏлʏшʏн пайдалануу тууралуу кʏбɵлʏк” деп берилсе, Жер мыйзамы кʏчʏнɵ киргенден кийин “Жер участогуна жеке менчик укугу тууралуу кʏбɵлʏккɵ” алмаштыруусу зарыл. Жер ʏлʏшʏн пайдалануу укугу менен жер ʏлʏшʏнɵ болгон жеке менчик укугунун айырмасы, биринчи кʏбɵлʏк менен жерди сатууга мʏмкʏн эмес болчу. Ошондой эле кʏбɵлʏктɵ айыл чарба жери менен болгон бʏтʏмдɵрдʏ жана чектɵɵлɵрдʏ каттоо деген графасы бар, ошого маалыматтар жазылат. Ушул сыяктуу экɵɵнʏн кɵп айырмачылыктары бар. Мурда 49 жылга деп берилсе, эми жарандар жеке менчик укукка ээ болушууда.

ʏлʏш бир эле жолу берилет, жаран эки жолу КРнын аймагынан ʏлʏш алууга болбойт. Бирок, алмаштырса болот. Маселен, жаран башка аймакка кɵчсɵ, анда жергиликтʏʏ башкармалыкка жерин алмаштырып берʏʏ боюнча кайрылса болот.

Ал эми жер ʏлʏшʏ ʏчʏн жаран жер салыгын, социалдык жана сугарганы ʏчʏн суу салыгын тɵлɵйт. Эгерде жаран айыл ɵкмɵттʏн аймагында жашап, эч жерде иштебей, кирешеси бир гана ʏлʏшкɵ байланып, анын эсебинен мамлекетке салык тɵлɵп жатабыз дегендерге пенсияга чыккан мезгилде социалдык фонд алардын акыркы жылдарда тɵлɵгɵн тɵлɵмдɵрʏнʏн негизинде пенсия тɵлɵп берет.

Жумагʏл Кочкорбай кызы