19 мая, 2024

ХИМИОТЕРАПИЯ: тынчсызданууга негиз жок

Химиотерапия деген эмне, ал кандай кɵрʏнʏштɵ болот, ашыкча коркууга негиз барбы? Ош облустар аралык онкология борборунун химиотерапия бɵлʏмʏнʏн башчысы Зейнеп Сулейманова айтып берет.

“Химиотерапия –  залалдуу шишикти дары-дармек менен дарылоо ыкмасы”

-Онкологиялык ооруларда шишиктин тʏрʏ залалдуу жана залалсыз болуп бɵлʏнɵт. Залалсыз шишик ɵзʏ айтып тургандай эле адам ɵмʏрʏнɵ эч кандай зыян келтирбейт. Залалдуу шишик, тактап айтканда “рак” оорусу. Залалдуу шишик бардык органдарда пайда болушу мʏмкʏн. Кайсы органда пайда болуп, кандай клеткадан ɵсʏп чыкканына жана стадиясына карап, дарылоо ыкмалары аныкталат. Негизи онкологиялык оорулар чоң ʏч ыкма менен дарыланат. Алар: операция жолу, химиотерапия жана нур терапиясы. Америка жана Европа ɵлкɵлɵрʏндɵ залалдуу шишик оорусу дары-дармек менен дарылоо ыкмасы (лекарственная терапия) деп эсептелинет. Анын ичинде химиотерапия, иммундук терапия, таргеттʏʏ терапия, гормондуу терапия жолдору бар. Акыркы жылдары таргеттʏʏ терапия менен иммундук терапия ɵтɵ изилденʏʏдɵ. Жаңы дарылар, жаңы ыкмалар чыгып жатат. Нур терапия (радиотерапия) — бул ыкманы радиолог дарыгерлери дарылашат. Тилекке каршы, азыркы учурда Ош шаарында радиология аппараты жок. Ошондуктан нур ыкмасы менен дарылоону жʏргʏзʏʏгɵ бейтаптарды Бишкек шаарына “Улуттук онкология борборуна” жɵнɵтɵбʏз.

Химиотерапиянын тʏрлɵрʏ:

-Химиотерапия: неоадьюванттык, адьюванттык жана паллиативдʏʏ болуп бɵлʏнɵт. Операцияга чейинки химиотерапия бул — неоадъюванттык химиотерапия деп аталат. Ал шишик чоңойгондо, лимфа бездерине тараганда аны кичирейтʏʏ максатында берилет. Мындай дарылоо учурунда залалдуу шишик кичирейет жана кээде толук жоголуп кетиши да мʏмкʏн. Адьюванттык эмес химиотерапия залалдуу клеткалардын ɵсʏʏсʏн басаңдатат,  бул албетте, шишиктин стадиясынан кɵз каранды. Адьюванттык химиотерапия болсо операция жолу менен дарылангандан кийин берилет. Паллиативдʏʏ химиотерапия залалдуу шишик оорусу ɵтʏшʏп кеткен стадия менен ооруган бейтаптарга ылайыкталган. Химиотерапия бир гана кан тамыр аркылуу берилбейт, ал таблетка, порошок тʏрʏндɵ жана ошондой эле ич кɵңдɵйʏнɵ, ɵпкɵ кɵңдɵйʏнɵ да куюлат.

Бʏгʏнкʏ кʏндɵ онкологиялык дартты аныктоо ʏчʏн бейтапка лаборатордук-инструменталдык текшерʏʏлɵрдʏ ɵткɵрʏʏ зарыл. Ошонун ичинде эң чоң мааниге ээ гистологиялык изилдɵɵ болуп саналат. Бул изилдɵɵдɵ рактын клеткалары аныкталат. Акыркы жылдары ɵлкɵдɵ иммуногистохимиялык изилдɵɵ жʏргʏзʏлʏп жатат. Ал бизге шишик тууралуу кɵбʏрɵк маалымат берип, аны кандай ыкма менен дарылоо керектиги тууралуу багыт берет. Мисалга алсак: кɵкʏрɵк безинин рагында бир нече типтер болот, тибинин аныкталышына жана рактын стадиясына карап, гормонго кɵз каранды болсо гормондук дарылоо же болбосо таргетʏʏ ошондой эле химиотерапия жолу менен дарылоо ɵткɵрʏлɵт. Бейтаптар гормондуу дарыларды узак мɵɵнɵттɵ 5-10 жылга чейин ичишет жана сɵзсʏз онкологдун кɵзɵмɵлʏндɵ туруусу зарыл. Ɵлкɵбʏздʏн ар бир районунда онколог дарыгерлер иштешет. Быйылкы жылы биздин борбордо Кыргыз Республикасынын Саламаттыкты сактоо министрлиги тарабынан иммуногистохимиялык изилдɵɵнʏ ɵткɵрʏʏгɵ жаңы заманбап аппарат сатылып алынган. Бирок, учурда изилдɵɵнʏ ɵткɵрʏʏгɵ реактивтер биздин борбордо жок. Себеби ал реактивтер ɵтɵ кымбат турат жана жакынкы арада сатылып алынат. Ошондуктан бейтаптарга ИГХ-изилдɵɵнʏ чет ɵлкɵлɵргɵ жɵнɵтʏʏгɵ мажбурбуз. Бейтаптын каалоосуна карап Россия, Казакстан, Ɵзбекстан ɵлкɵлɵрʏнɵ изилдɵɵгɵ жɵнɵтɵбʏз. Акыркы жылдары иммуногистохимиялык изилдɵɵдɵн соң молекулярдуу-генетикалык изилдɵɵ жʏргʏзʏлʏп жатат, анда шишик ДНКнын деңгээлде текшерилет. Бирок, биздин ɵлкɵдɵ мындай анализдер жасала элек. Эгерде бейтапка молекулярдуу-генетикалык изилдɵɵ керек болгон учурда, ал чет мамлекетке жɵнɵтʏлɵт. 

Дарылоо убактысы канчага созулат?

-Залалдуу шишиктин кайсы органда пайда болгонуна жана оорунун стадиясына карап иштелип чыккан клиникалык протоколдор жана дарылоо схемалары бар. Дарылоо курсу бир кʏндʏк, бир апталык, 14 же 28 кʏндʏк болуп бɵлʏнɵт. Химиотерапия 2 айдан 6 айга чейин созулушу мʏмкʏн.

Химиотерапия алып жаткандагы кɵңʏл айлануу, кусуу себептери

-Химиотерапияда берилʏʏчʏ дары-дармектер ɵтɵ кʏчтʏʏ жана алар залалдуу шишиктин клеткаларына таасир этет. Ошол эле учурда соо клеткаларга да таасир этиши мʏмкʏн. Адамдагы кɵңʏл айлануу, кусуу, ич ɵтʏʏ, кандагы гемоглобиндин тɵмɵндɵп кетʏʏ себептери ушундан. Мындан сырткары аллергиялык реакция, чачтын тʏшʏʏсʏ, бɵйрɵк, боорго, жʏрɵккɵ терс таасирин тийгизиши мʏмкʏн. Бирок, кɵңʏл айлануу, кусуу сыяктуу белгилер бардык эле бейтаптарда боло бербейт. Бул бейтаптын иммунитетине, психологиялык туруктуулугуна, дарынын дозасына, бейтаптын ɵзʏнʏн кошумча ɵнɵкɵт дартына да байланыштуу болот. Айрым бейтаптар оор ɵткɵрʏп, тамак жебей, эч нерсени жактырбай калышат. Ошол эле учурда башка бейтаптар эч нерсени сезбей, оңой ɵткɵрʏшɵт. Негизи, ар бир бейтап химиотерапияны жеңил ɵткɵрʏсʏ ʏчʏн кɵңʏл айланууга, кусууга каршы дары-дармектер бар жана алар химиотерапияны баштоонун алдында берилет. Терапияны оор ɵткɵргɵн бейтаптар кийинки курсттан баш тарткан учурлар да болот. Бирок, ар жолку химиотерапия алганда бейтаптын абалына ар кандай таасир этиши мʏмкʏн. Биринчисинде кыйналаса, экинчисинде кыйналбай алуусу ыктымал.

“Кʏнгɵ таптакыр чыкпай коюу туура эмес”

-Бейтап убагында тамак жеп, таза абада жʏрʏп, ɵзʏнɵ жакшы кам кɵрʏʏсʏ керек. Негизи кʏндʏн ультра кызгылт-кɵк нуру химиотерапия алган бейтаптарга гана эмес, бардык адамга зыян экенин билебиз. Ошондуктан кʏн тʏз тийген учурларда сыртка чыгууга болбойт. Жайкы мезгилде ар бир адамга эрте менен 11ге чейинки, жана кечки саат 4тɵн кийнки кʏн пайдалуу. Кɵпчʏлʏк бейтаптар кʏнгɵ чыкпаш керек дегенди угуп, такыр чыкпай коюшат. Бул туура эмес, организмге, айрыкча сɵɵктɵргɵ кʏн нуру керек.

“Бейтаптар психологдун кеңешине муктаж”

-Онкологиялык дартка чалдыккан учурда ар бир адам психологиялык жактан жабыркайт. Бейтапта “бул кандай дарт, эмне ʏчʏн мен чалдыктым, эми эмне кылам, келечегим кандай болот, бул дарттан айыкса болобу?” деген суроолор пайда болот, адамды ой басат. Ошол учурда бейтап психологиялык жактан жабыркайт. Ага биринчиден болуп дарыгер, жакын туугандары моралдык жактан жардам беришет жана колдошот. Бирок кээ бир бейтаптар психологиялык жактан катуу жабыр тартып калышат, ал учурда психолог дарыгерлер менен чогуу жумуш алып барабыз. Бардык бейтаптарга ɵзʏмдʏн жеке кеңешим, онкологиялык дартка чалдыккан учурда сɵзсʏз тʏрдɵ дарыгерге кайрылыңыздар. Эгерде сиздер алгачкы I, II стадияда кайрылсаңыздар дарылануу албетте, оң жыйынтыгын берет. Ошондуктан ɵз убагында дарыгерлерге кайрылууну унутпаңыздар!

Онкологиялык борбордо тогуз курс химиотерапия алып жаткан бейтап менен баарлашканыбызда тɵмɵнкʏлɵрдʏ айтып берди.

К. А. 1993-жылы туулган.

— Москва шаарында эмгектенип жʏрʏп, ооруп калгандан кийин Ошко келдим. Менде урологиялык жактан кɵйгɵй бар экени аныкталган. Башында “бул онкологиялык оору, операция болосуң, химиотерапия алуу зарыл” деп айтышканда абдан корктум. Баш тарткым келди. Бирок, анткен жокмун, операциядан кийин химиотерапия алып, жакшы жыйынтыгын кɵргɵндɵ гана менде коркуу сезими жоголду. Бейтаптарга кайрыларым, химиотерапиядан эч коркпоңуздар. Оорудан айыгып кетʏʏ ʏчʏн ɵзʏбʏздɵн калоо, аракет болуусу зарыл.

Айжылдыз Тойчиева