19 мая, 2024

Бетке арналган косметикалык жана ʏй шартындагы маскалар

Жайдын ысык мезгилинен кийин териңиздин абалы кандай? Дагы деле ашыкча кургап жатса, кошумча нымдаштырууга, коллаген камтыган каражаттарды колдонууга убакыт келди. Кʏзʏндɵ беттин терисине кам кɵрʏʏ, витаминдер менен азыктандыруу кышкы мезгилге даярдык экенин унутпаңыз. Тɵмɵндɵ дарыканадан сатып алынган же ʏй шартындагы маскалардын бет терисине канчалык зарыл экендиги жɵнʏндɵ сɵз кылабыз.

Беттеги тешикчелердин пайда болуусу

ʏй шартындагы маска болобу же косметикалык маскалар болобу колдонордон мурда бет терисинин абалын билип алган маанилʏʏ. Мисалы, косметикалык маскалар ар тʏрдʏʏ болот – гель, кездеме (оозу жана эки кɵзʏ ачык), крем жана порошок абалындагы чопо (глина). Бирок, кɵпчʏлʏк айымдар мындай косметикалардын арасынан ɵзʏнʏн маскасын тандоодо кыйналышат. Мисалы, майлуу беттер порошок тʏрʏндɵгʏ ак чопону колдонсо болот. Анткени анын курамында цинк, магний, кремний жана минералдык туздар бар. Беттин тешикчелерин ашыкча майлардан тазалап, жылтыроосун азайтат. Туура эмес тамактануудан, стресстен, уйкунун жетишсиздигинен, тамеки, алкоголь сыяктуу жаман адаттардан май бездеринин иштɵɵсʏ начарлап, мурунда, бетте тешикчелер пайда болот. алардын кеңейип кетʏʏсʏ жагымсыз кɵрʏнʏштʏ пайда кылып, макияждын тегиз сиңбей калышын шарттайт.

Чоподон жасалган косметмалык масканын тʏрлɵрʏ

Чопонун ар бир тʏрʏ микроэлементтердин уникалдуу топтомуна ээ. Ал эми косметологияда чополорду тʏсʏ боюнча айырмалоо салтка айланган. 

Жашыл чопо. Безеткиге каршы идеалдуу табигый каражат, сезгенʏʏ элементтерин жоготууга таасир этет.

Кɵк чопо же балырлардын топтому. Чарчаган кургак териге сунушталат.Терини сергитип гана тим болбой нымдаштырып, жылтыроосун камсыздайт.

Бозгуч-кʏрɵң чопо. Бул легендарлуу чопо бир гана Марокконун кɵлдʏʏ райондорунан казылып алынат. Ошондуктан анын экинчи аталышы “марокко чопосу”. Анын ɵзгɵчɵлʏгʏ 100% табигый минералдардан туруп, денеге эле эмес баш терисине да сʏйкɵлɵт. Ак чопо сыяктуу чогулган кирлерден жана ашыкча майлардан тазалап, теринин ийкемдʏʏлʏгʏн жогорулатат. Вулкандын негизинен келип чыккан кара чопонун да пайдалуу касиеттери ушуга окшош.

Кызыл чопо. Тʏсʏ темирдин жана жез аралашмаларынын мазмунуна байланыштуу. Мындай микроэлементтер теринин микроциркуляциясын жакшыртат. Кычышуудан, грибоктун терс таасиринен сактайт.

Кызгылт чопо. Кызыл чоподон айырмасы курамында жездин аралашмасы жок. Жашартуучу таасирге ээ. Беттеги бырыштардан арылгыңыз келсе бул сиздин тандооңуз.

Сары чопо. Курамында теринин суу балансын нормалдаштырган калий жана натрий ошондой эле теринин ийкемдʏʏлʏгʏн сактоого жардам берген темир бар.

Майлуу бет териси тынбай тазалоого муктаж

Ашыкча май тешикчелерди жаап, сезгенʏʏгɵ, ар кандай безеткилердин пайда болуусуна алып келет. Кирге толгон тешикчелерди ʏй шартында эң жɵнɵкɵй тазалоого болот. Ал ʏчʏн 1 аш кашык унга 3 аш кашык айранды аралаштырып бетке сʏйкɵңʏз. 20 мʏнɵттɵн кийин жылуу сууга чайкоо керек.

Ун, бал, лимон аралашмасы

Мындан сырткары жумуртканын агы, 1 чай кашык бал, 1 чай кашык лимон суусун аралаштырып, атайы щетка же кол менен териге сʏйкɵңʏз. Бетте 20 мʏнɵт турууга тийиш. Эскерте кетчʏ жагдай, масканы пахта менен эмес атайы щеткасы же кол манжалары менен сʏрткɵн туура.

Ромашка менен картошка крахмалы

Ромашканы кайнатып, 2 чай кашык суусуна ушундай эле ɵлчɵмдɵ бал кошуңуз. Бетке сʏртʏлгɵндɵн кийин 20-25 мʏнɵт туруусу керек. Мындан сырткары алча менен картошка крахмалынын аралашмасы жана жʏгɵрʏ уну кошулган маскалар да майлуу беттер ʏчʏн.

Майлуу беттерге арналган мɵмɵ-жемиштер

Айрым кыз-келиндер жеген мɵмɵ-жемиш же жашылчанын баарын бетке сʏйкɵгɵн пайдалуу деп ойлошот. Мында теринин кургак же майлуу экенине карап мɵмɵ-жемиштер да тандалат. Майлуу бетке ананас, апельсин, кулпунай, лимон жана помидорду мʏмкʏн болушунча майдалап, маска катары териге сʏрткɵн оң. Лимондун ɵзʏн гана колдонуу сунушталбайт. Тагыраагы, лимон кошулган маскаларды тандаңыз. Эскерте кетʏʏчʏ жагдай ʏй шартындагы же косметикалык маскаларды такай колдонууга болбойт. Жумасына 1-2 жолу 10-15 мʏнɵттɵн колдонуу жетиштʏʏ.

Кургак жана жогорку сезгич тери ʏчʏн

Кургак тери бат тырышып, декоративдик косметиканы колдонгондо жакшы сиңбей ыңгайсыздык жаратат. Кургак териге арналган ʏй шартындагы маскалар:

Бал менен алоэ. Алоэнин бир чоң жалбырагынан алынган ширесине бир чай кашык бал менен жумуртканын сарысын аралаштырып, бетке сʏйкɵйсʏз. Кургагандан кийин жууп, муз менен сʏртʏңʏз. Аталган маска рецебиндеги алоэнин ордуна лимон колдонсо да болот.

Зайтун майы, кʏрʏч, сʏт

Кургак терилер жумуртканын сарысын сʏйɵрʏ талашсыз. Ага зайтун майын же тазаланбаган ɵсʏмдʏк майынан 1 чай кашык аралаштырып маска жасаңыз. Ошондой эле 2 аш кашык кʏрʏчтʏ 200 мг сууга кайнатыңыз. Бышкандан кийин блендердин жардамында майдалап, 2 кашык сʏт менен 1 аш кашык зайтун майын кошосуз.

Бадыраң кургак терилерге жагымдуу

Бадыраңды кыргычтан ɵткɵрʏп, майлуулугу жогору айранга аралашатырыңыз. Териде кургаганга чейин кармап, андан кийин жылуу сууга чайкалат. Авокадо – бул уникалдуу жемишти кʏнʏмдʏк рационго киргизʏʏ керек. Теридеги суюктуктун оптималдуу деңгээлин сактап турган майларга бай. Терини нымдап гана тим болбостон, анын картаюусун кечеңдетип, бир калыпта турууга жардам берет. Авокадонун курамында антиоксиданттар, глутатион, магний, К витамини, фолий кислотасы жумуртканын сарысынан да кʏчтʏрɵɵк касиетке ээ. 

Нормалдуу териге бардык маска ылайыктуу

Эгер сиздин бет териңиздин кургак же майлуу экени билинбесе бул жакшы. Адатта мындай терилер нормалдуу. Бирок, идеалдуу терини бузуп албоо ʏчʏн кам кɵрʏʏгɵ туура келет. Демек, нымдаштыруучу, сергитʏʏчʏ, азыктандыруучу маскалардын баарын колдонууга болот.

Айжылдыз Тойчиева