27 июля, 2024

Билим берʏʏдɵгʏ 5 кыз же Осековалар баяны

Мугалимдик – талыкпаган эмгекти, жоопкерчиликти, изденʏʏнʏ талап кылган улуу кесип. Мына ушундай улуу кесиптин мʏдɵɵсʏнɵн чыгып, жɵн эле мугалим болбой, окутуучулуктун ар бир тепкичин басып ɵтʏп, ɵмʏрʏн агартуу тармагына арнаган — эже-сиңди Осековалар. Эже-сиңдилердин кесиби тууралуу маектешкенбиз. 

Токтокан Осекова, ОшМПУнун окутуучусу, мамлекеттик тил кафедрасынын башчысы:

“Убакыт артка кайтса, кайра эле мугалимдикти тандамакмын”

-Окууну жаңы бʏткɵндɵ айылда бир жыл мугалим болуп иштеп, кийин Оштогу педагогикалык окуу жайга келдим. Мугалимдик кесип – пайгамбардын кесиби деп коёт эмеспи, ушундай улуу кесипти аркалоо атабыздан башталган. Эмгек жолуму айылдагы мектептен жаңы баштаган кезде окуучулардын дептерин текшерип, тʏрдʏʏ кɵрсɵтмɵ куралдарды жасап кыйналганда “атам 27 жылдан бери кантип мугалим болуп иштеди экен, мен мугалимдикти алып кете аламбы?” деп бул кесиптин оордугуна абдан капа болгон элем. Бир жылдан кийин окуучуларымы сʏйʏп, жасаган ишим элдин купулуна толгондо гана ɵз кесибими тапканымы тʏшʏнгɵм. Андан бери мына 47 жыл ɵтʏптʏр. Кайрадан жаштыкка кайрылып, кайсы кесипти тандайт элең десе мен кайра эле мугалимдикти тандамакмын. Мугалимдик кесиптин тынбай жаңылыктар менен толукталып турганы жагат. Азыркы кʏндɵ да окутуунун жаңы усулдары, санариптештирʏʏ, электрондук варианттагы кенен мʏмкʏнчʏлʏктɵр чыгып жатат.

Гульмира Осекова, 30 жыл мектеп директору болуп иштеген, билим берʏʏнʏн мыктысы:

“11 бир туугандан бешɵɵбʏз мугалим болдук”

-Билим берʏʏ тармагында 1985-жылдан бери иштейм. ʏч мектепте директорлук кызматты аркаладым. Ошентип ɵмʏр бою мектепте иштеп, быйыл пенсияга чыктым. Буга чейин мага мектепсиз жашоо жок деп ойлочумун, кɵрсɵ мектепсиз деле жашоо бар экен (кʏлʏп). Бирок, дале мектеп менен байланышып, менден кийинки жаш кадрларга насаатымды айтып, конкурстар болсо катышкыла деп кабардар кылып турам.

Кара-Кулжа районунун Алайкуу ɵрɵɵнʏндɵ, тоолуу айылда ɵсʏп- чоңойдук. Негизи 11 бир тууганбыз. Алардын ичинен бешɵɵбʏз мугалим болууну тандадык. Мектепти жакшы окуйт элем. Университетке тапшырарда менден чоң Эркегʏл деген эжеме кошуп беришти. Бишкекке бардык. Ал убакта жалпы тестирлɵɵ деген нерсе жок, тааныш издейт элек. Ошол кездеги Билим берʏʏ министри Аскар Турсунов деген киши атамдын досу болчу. Эжем “мединститутка окуйм деп айткын, сага жакшы мʏмкʏнчʏлʏк келип жатат” деп эскертти. Баргандан кийин аяш атабыз “кайсы окууга тапшырасың?” деп сураганда “мугалим болом” деп жооп бердим. Чыкканда эжем аябай урушкан (кʏлʏп). Ошондо мыкты мугалим болуп чыгарымы далилдешим керек деп ɵзʏмɵ талап койдум.

“Накта кыргыз тили мугалими болушума тʏрткʏ болгон окуя”

-1990-жылы А. Навои атындагы ɵзбек мектепте иштеп калдым. Ал мезгилде мамлекеттик тил мыйзамы жаңы кабыл алынып, статуска ээ болуп, орус, ɵзбек мектептерге киргизилип жаткан эле, мага абдан кыйын болгон. Университеттеги Тагаева Зулайка, Аширбаев деген агайлар “сен иштейсиң, колуңдан келет” деп алар менен биргеликте окутуу ɵзбек тилинде жʏргʏзʏлгɵн мектептер ʏчʏн программа жазганбыз. Аны билим берʏʏ институтунан, илимдер академиясынан ɵзʏм коргоп, мектептерге киргизгенбиз. Ɵзʏм орус тилди бʏткɵм. Окутуу орус, ɵзбек тилинде жʏргʏзʏлгɵн мектептерге кыргыз тилинен сабак берип жʏрʏп, кийин кыргыз филологиясынын сырттан окуу бɵлʏмʏнɵ тапшырдым. Кɵп ɵтпɵй ɵзбек мектептердин окуу программасына биринчи ирет “Манас” эпосу кирди. Эч эсимден кетпейт, 1994-жылы Манастын 1000 жылдыгында 5-класстагы ɵзбек улутундагы окуучуларым “Семетейдин Бухарадан Таласка аттанышы” боюнча манас айтып, облустан 1-орунду утуп алганбыз. Окуучуларым менен Бишкекке, Ысык-Кɵлгɵ жɵнɵтʏштʏ. Ошол окуя накта кыргыз тилинин мугалими болушума абдан чоң тʏрткʏ берген. “Башка улуттун ɵкʏлдɵрʏ кыргыз тилинде так сʏйлɵп, манасыбызды айтып турса андан артык эмне керек” деп ойлондум.

Кыргыз тили боюнча кайра даярдоо курсунан ɵтʏп, орус, кыргыз, ɵзбек тилдеринин грамматикасын тереңдеп ʏйрɵндʏк. Сабакты салыштырма грамматиканы колдонуу менен ɵтʏʏ учурдун талабы болгон. Сабакты баштан аяк кыргызча ɵтɵ берсең орус балдар тʏшʏнбɵй калчу. Салыштырма грамматика менен акырындап кыргызчага ɵтчʏ элек. Бир чети ал мезгилде кыргыз тилге болгон мамиле салкын болгонун моюнга алуу керек. Азыр болсо кубантарлыгы кыргыз тили негизги предметке айланды. Бирок, жалпы республикалык тестирлɵɵ жагында бир аз кɵйгɵй бар экени тынчсыздандырат. Быйыл тил мыйзамына аябагандай чоң ɵзгɵрʏʏлɵр кирди, мындай кɵйгɵйлɵр да акырындап оң жагына чечилерине ишенебиз.

“Баарыбыз курак курап, чеберчилик кылабыз”

-Мугалимдик кесиптен сырткары чеберчилик ɵнɵрʏм бар, курак курайм. Бул ɵнɵр бизге, баарыбызга апамдан ɵткɵн. Учурда сиңдим экɵɵбʏз коңшу турабыз, тынбай курак менен алектенебиз. Эже-сиңдилерим чеберчиликтен сырткары ыр, макала да жазып калышат. Мага башка улуттун ɵкʏлдɵрʏ менен иштешкен жагат. Аларга кыргыз тилин, салт-санаабызды, ʏрп-адатыбызды ʏйрɵтʏп келем. Кезинде банк кызматкерлерине, орус мугалимдерге да кыргыз тилин ʏйрɵтʏп жʏрдʏм.

Зууракан Осекова, №32 Жолон Мамытов атындагы орто мектебинин тарых мугалими:

“Мугалим болуу бала кездеги кыялым болгон”

-Мугалимдикти кантип кыялданбай коюуга болот. Анткени жалаң мугалимдердин ʏй-бʏлɵсʏндɵ чоңойдум. Атам, агаларым, эжем, сиңдим мугалим болгон. Эже-сиңдилер ай сайын милдеттʏʏ тʏрдɵ шерине ɵткɵрɵбʏз. Улуу эжем Токтоканды кербен башы деп коебуз. Шеринеге чогулганча ким кандай ийгиликтерди жаратып жатканын же иштеги кемчилдиктерибизди талкуулайбыз. Токтокан эжем китеп окугула деп бизге китептеринен бери алып келет. Адабий жана жаңы чыккан усулдук колдонмолордун баары менен кабардар кылып турат. Ɵзʏ да окуу-усулдук колдонмолордун автору. Вотсап тайпалардан каалоо-тилектерди жазышып калганда да, улуу эжебиз айрым каталарыбызды эскертип, “ар дайым колдонулган жɵнɵкɵй сɵздɵр менен жазбай ɵзгɵчɵ жазгыла, силер деген мугалимсиңер” деп айтып турат.

Айнура Осекова, №3 Ломоносов атындагы мектеп-гимназиясынын мугалими:

“Уул-кыздарым менин жолумду жолдошту”

-Менин жолуму жолдоп улуу кызым мугалим болду. Учурда Ош соода-экономикалык колледжинде эмгектенет. Уулум дене тарбия факультетинин, кичʏʏ кызым ОшМПУнун филология факультетинин студенти. Балдарым мени карап эле мугалимдик кесипти тандап алышты окшойт. Ар дайым жооптуу кесип экенин балдарыма эскертип, кеп-кеңештеримди айтып турам.

Гʏлбара Осекова, ОшТУнун информатика кафедрасынын ага окутуучусу:

“Азыркы студенттер менен иштɵɵ жеңил”

-Кичинемде Айнура эжеми кɵп эрчип жʏрɵр элем. ʏй-бʏлɵдɵ баары эле мугалим болгондуктан, мугалимдик гана кесип бар деп ойлоптурмун. Мектепти бʏткɵндɵн кийин экономика же медицина факультеттерине тапшырам деген ой болгон. Бирок, атам “математиканы жакшы окуйсуң” деп азыркы ОшМУнун физика жана математика факультетине тапшыртып койгон. Азыр эч ɵкʏнбɵйм, студенттерге билим берип келе жатам. Мурдагы студенттер менен азыркы студенттердин айырмасы чоң. Азыр ой жʏгʏртʏʏсʏ абдан кʏчтʏʏ студенттер келет. Билбегенин тартынбай сурап, суроо берип турушат. Алар менен иштешʏʏ абдан жеңил.

Айжылдыз Тойчиева