8 сентября, 2024

СУПЕР КААРМАНДАР

Мурат кинодогу супер каармандарды аябай жакшы кɵрɵт. Алар кайдан-жайдан жетип келип, адамдарга жардам беришет. Мен да ошолордой кыйын болсом. Бирок кандай жардам берсем болот? — деп адатынча ойлонуп отурган.

Мына ушул убакта сыртта кʏбʏр-шыбыр кʏчɵдʏ. Мурат тартып отурган супер каармандардын сʏрɵтʏн коё коюп, сыртка жɵнɵдʏ.

Мал короодо ата-энеси менен ак халатчан ʏч киши жʏрʏптʏр. Медициналык мээлей жана бет каптарын кийип укол даярдай башташты. Мурат уколдон аябай коркот. Кайра артына качмак болуп, бирок анткен жок. Уколдон корксо, кантип супер каарман болмок эле. Бул ирет эч нерседен коркпой, алардын жанына тʏз барууну чечти.

– Уйларыбыз ооруп калдыбы, эмнеге аларга укол сайып жатышат?

– Жок,  болгону эмдеп жатабыз, – деди ветеринар Кадыр байке.

– Эмдɵɵ деген эмне?

– Эмдɵɵ – бул ооруну алдын алуу. Жакында тɵрт тʏлʏк мал жайлоого чыгат эмеспи. Ал жерге башка жактардан канчалаган мал келет. Вирустук ооруларды жугузуп албоо ʏчʏн вакцина берип, ʏлгʏрʏшʏбʏз керек. Мал аман болсо, эл аман болот да, – деди ветеринар байланып турган уйду эмдеп жатып.

– Кандайча? Эмне ʏчʏн мынтип айтып жатасыз? – деп бала таң кала сурады.

– Бул сɵздʏн маанисин табуу ʏчʏн муздаткычты жакшылап карап кɵрчʏ, – деди ветеринар жылмайып. 

        Мурат ашканага  кирип, муздаткычты карай баштады. Кʏндɵгʏдɵй эле азык-тʏлʏктɵр турат. Башка эч нерсе таппаган соң кайра жаап жɵнɵмɵк болду. Эртең менен бɵбɵктɵрʏ Нурлан менен Айжан муздаткычтагы айранды алып ичкендерин эстеди. Дароо Мураттын  оюна бир нерсе тык этти. Бул айранды апасы кечээ уюткан эле. Аны албетте, сʏттɵн уютат да. Муздаткычты жакшылап караса, айрандан башка каймак, быштак, сыр бар экен. Баарын  дасторконго коюп, бɵбɵктɵрʏн  чакырды. Алар адатынча, эшиктин алдында  кʏчʏк менен ойноп жатышкан эле.

– Нурлан, Айжан, мени жакшылап уксаңар. Мен маанилʏʏ нерсени издеп жатам. Силерге бир суроо – ʏй жаныбарларынан дагы кандай азыктарды алабыз?

Алар дасторкон ʏстʏндɵгʏ азыктарды жакшылап карап, муздаткычтан эт менен  сʏттʏ алып чыгышты.

– Ушул кантип оюма келбеди экен, – деп Мурат бɵбɵктɵрʏнʏн жардамына ыраазы болду.

Эртеси ал мектептен келе жатып, Кадыр байкенин ʏйʏнɵ барды. Мурат муздаткычтагы ʏй жаныбарларына тиешелʏʏ азыктарды санап берди.

– Кɵрдʏңбʏ, уулум, эт, сʏт азыктарын кʏнʏмдʏк турмушта кеңири колдонобуз. Эгер мал ооруп калса, булардын баарын жей албай калмакпыз.

– ʏй жандыктары кандай оорулар менен ооруйт? – деп сурады Мурат.

– Чынында, алардын тʏрʏ кɵп.  Негизгилерин айтып берейин. Мисалы, уйлар бруцеллез, шарп, сибирь жарасы, кара сан сыяктуу оорулар менен оорушат. Булар ɵтɵ коркунучтуу вирустук оору болуп саналат. Айрымдарын таптакыр айыктырууга болбойт, улуттун келечегине да олуттуу зыян келтириши мʏмкʏн. Ошондуктан жыл сайын ар бир уйдан кан алынып, оорунун белгилери бар же жок экени лабораторияда текшерилет. Ооруну алдын алуу ʏчʏн вакцина беребиз. Малдын башка майда-барат ооруларын дарылоого болот, – деп тʏшʏндʏрʏп берди Кадыр байке.

 Аңгыча Кадыр байкенин  чɵнтɵк телефону шыңгырап, “мына, баратам” деп шашылып калды.

– Бизди коңшу айылга чакыртып калышты. Кечээ бирɵɵнʏн жылкысы ооруп, дары-дармек жазып берген элем. Бʏгʏн барып асма уколун сайып келишибиз керек.

– Жылкылар да асма укол алышабы? – деп Мурат таң калды.

– Ооба, алар да адам сыяктуу. Зарыл болгон учурда ветеринардык клиникаларда ʏй жандыктарына операция да жасалат.

Мурат короодогу итибиз, мышыгыбыз да ооруп калышса, эмне болот деп ойлонуп калды.  

ʏйʏнɵ келип  бɵбɵктɵрʏ менен чогуу интернет булактарынан маалымат издей баштады.

– Ой-ой! Иттен, мышыктан эхинококк жана альвеококкоз деген мите курт адамдарга жугат экен.

– Эгер мал союлганда, анын оорулуу ɵпкɵ, боорун итке берип койсо, ит, мышыктын ичинде курт пайда болот. Ал эми сыртка чыкканда, мɵмɵ-жемиш, жашылча-жемиштерге жугат. Анан адам жемишти, ит, мышык кармаган колдорун жуубай тамак жесе, мите курт ага да жугат турбайбы, – деди Мурат корккон ʏн менен.

Нурлан менен Айжан кɵздɵрʏн  чекчейтип, угуп отурушту.

– Биз колубузду дайыма самындап жууйбуз, – деп актанып да жиберишти.

– Андан ары уккула,  бул курттар адамдын боорун, ɵпкɵсʏн, мээсин жабыркатат. Ошондуктан иттерди, мышыктарды маал-маалы менен ветеринарга алып барып, ɵз убагында вакцина алдырып туруу керек. Жаткан жерин дезинфекциялап, дайыма тегерек-четин таза кармоо зарыл.

– Дезинфекция деген эмне? – деп Айжан кайрадан маалымат карай баштады. – Бул атайы каражаттар аркылуу микробдорду жок кылуу экен.

Мурат кабатырланып, кʏчʏгʏнɵ, мышыгына тез арада вакцина алуу керектигин атасына айтты.

Эртеси ветеринарлар келип, кʏчʏктʏ, мышыкты кармап вакцина берип кетишти. Мурат бɵлмɵсʏнɵ келип, буга чейин тарткан супер каармандардын сʏрɵттɵрʏн ʏстɵлдʏн ʏстʏнɵн жылдырып койду.

Ветеринарлардын жасаган иши  эсинен кетпей,  чыныгы супер каармандар ушулар турбайбы деп ойлоду. Ак кагазга ветеринарларды кооз кылып тартып, четине “супер каармандар” деп жазып койду…

Айжылдыз Тойчиева