27 июля, 2024

Ɵзʏн тɵмɵн баалоо – ɵзʏмчʏлдʏктʏн экинчи жагы

Оштун айтылуу чайханасында бир аял телефондо сʏйлɵшʏп жатат: “Баланча деген ырчың менден бешбетер капкара, кɵзʏ бʏтʏк, ɵңʏ серт неме турбайбы!” Бул эмнени билдирет, аял ɵзʏн анча сулуу эмес деп эсептейт, ɵзʏнɵ салыштыруу иретинде башка бирɵɵнʏн сулуу эмес экенине ынанып, ага кошуп бирɵɵнʏ ынандыруу менен алек. Мындай адамдарда ɵзʏн-ɵзʏ баалоо тɵмɵн. Кээ бир адам ɵзʏн-ɵзʏ ашыкча барктаса, айрымдар ɵзʏн баалабайт, тɵмɵн сезет. Кыскасы, бул адамдын ɵзʏн сыйлоосу, кадырлоосуна жараша кулк мʏнɵз. Биз ɵзʏн сыйлоону жогорулатууга жана ɵзʏңʏздʏ баалоого, чечимдериңизди урматтоого жана жеке чектерди коргоого ʏйрɵнʏʏгɵ жардам бере турган бир нече тажрыйбаларды топтодук.

Ɵзʏн тɵмɵн баалоо бала кезинен башталат

 “Ɵзʏн-ɵзʏ тɵмɵн же жогорку сыйлоонун себептери менен кʏрɵшʏʏдɵн мурун ɵзʏн-ɵзʏ сыйлоо эмнени билдирерин тʏшʏнʏʏ керек. Бул сиз жана сиздин жɵндɵмʏңʏз жɵнʏндɵ пикириңиз Азыр ɵзʏн-ɵзʏ сыйлоо инсандын эң маанилʏʏ психологиялык ресурсу катары кабыл алынат”, -дейт психолог Насир Атабаев.

-Ɵзʏн тɵмɵн баалоо ишенимиңизди жана мотивацияңызды жоготуп коюшу мʏмкʏн. Мезгил-мезгили менен ɵзʏңʏз жɵнʏндɵ пикириңизге таасир эткен себептерди аныктай аласыз. Эң кеңири тараган себептердин айрымдарына токтолсом, зомбулук, орой мамилелер же жалгыздык кирет. Мындай себептер кɵп болушу мʏмкʏн, кээде ɵзʏбʏздʏн тɵмɵн баалообузга эмне себеп болгонун ɵзʏбʏз аныктай албайбыз.

Мугалимдери, достору, бир туугандары, ата-энеси, жада калса кɵргɵн-билген чɵйрɵ терс да, оң жагынан да таасир этет. ʏй-бʏлɵдɵ мактоонун, жылуулуктун, сʏйʏʏнʏн жоктугу. Балада ʏй-бʏлɵдɵ аны жакшы кɵрɵм, баалайм жана кабыл алам деген ишеним жок болгондо ɵзʏнɵ ишеним жоголот.

 “Сен муну кыла албайсың, колуңдан келбейт”, “ʏнʏң жок, ырдабай эле кой”, “Айтматтын баласын кара чыкыйып жʏрɵт, сенин кебетең кантет, сен деле ошондой бол” деген сыяктуу сɵздɵрдʏ айтуу баланын ɵзʏнɵ болгон ишенимин тɵмɵндɵтɵт. Тескерисинче, “биз деген Баланчаевдербиз, ушул айылдын аты чыккандардын урпагыбыз, ошого жараша иш туткула, тигинткенге болбойт, минтпе” сыяктуу  текеберленʏʏ ɵзʏнɵ болгон ишенимдин ɵтɵ аша чаптырып жиберген учур да балага терс таасир этет. Сизге башкалардын ишенимин актоо кыйын болгонсуйт. Ошентип, ɵзʏңʏздʏ аң-сезимдʏʏ тʏрдɵ жемелей баштайсыз. Ɵзʏмдʏн эле мисалымда айтсам, быйыл мектепти бʏтʏргɵнʏбʏзгɵ 20 жылдыкка мектепке бардык. Ошондо бир классташым айтып жатат: “силер го тереңдетилген класста окудуңар, бизди жалаң начар окуган, экзаменден ɵтпɵй калгандарды ɵзʏнчɵ бɵлʏп коюшту. А булар начар класс “академиктер”деп аташып, ошол боюнча бааланбай бʏттʏк” деди. Бул жерде мектеп жетекчилиги, мугалимдери тарабынан туура эмес бɵлʏштʏрʏʏнʏн натыйжасында окуучуларда ɵзʏнɵ ишенбестикти жаратып, канча окуса да бааланбай кɵмʏскɵдɵ калып кеткен тɵмɵн баа берʏʏ башкы себеп болуп калганы анык.

Ɵзʏңдʏ тɵмɵн баалоонун эң кɵп таралган себептеринин дагы бири адамдын мʏнɵзʏ болушу мʏмкʏн. Кээ бир адамдар жɵн эле терс ой жʏгʏртʏʏгɵ кɵбʏрɵɵк жакын болушса, башкалары ɵзʏн ɵзʏ баалоонун такыр башка деңгээлин белгилешет.

Бир нерсени ɵзгɵртʏʏ кыйындай сезилиши мʏмкʏн, бирок акырындык менен жакшыртууга аракет кылса болот.

Жок деп айтууну билʏʏ кажет

Уялып калуудан же ката кетирʏʏдɵн коркуп, ɵз оюңузду айтууну канчалык кɵп токтотосуз? Кырдаал талап кылбаган учурда деле «кечиресиз» деп канча ирет айтасыз? Бул адамдын ɵзʏнɵ болгон ишенимин суутуп, ɵзʏн тɵмɵн баалоону кʏчɵтɵт.

* Сизге ɵзʏңʏздʏн муктаждыктарыңызды, каалоолоруңузду жана сезимдериңизди биринчи орунга коюу кыйынга турат. Башкалардын каалоолору ʏчʏн ɵз каалооңузду курмандыкка чаласыз.

* «Кечиресиз» деп айтуу же кадимки кʏнʏмдʏк аракеттер ʏчʏн ɵзʏн кʏнɵɵлʏʏ сезʏʏ. Кечирим сурабай турган абалда деле сиздин ооздон бул сɵз чыкпашы керек. Себептʏʏ абалда кечирим сураңыз.

* Ɵзʏңдʏ эч нерсеге татыктуу эместей сезбе.

* Сиз ɵзʏңʏздʏн тандооңузду жасоодо кыйналасыз.   Бир жумушту аткарарда кʏмɵн саноо менен баштайсыз.

 * Ɵзʏнɵ сын кɵз менен кароо. Кɵбʏнчɵ адамдар сиздин ушул иш-аракеттериңизди терс кабыл алып, сындашат.

*Критикалык ички диалог. Ɵзʏң менен сʏйлɵш. Дайыма ɵзʏңʏзгɵ туура баа бериңиз.

* Кээ бир адамдар жок деп айтуудан карманышат.  Ɵзʏң каалабаган нерсеге жок деп айтууну ʏйрɵнʏʏ кажет. Мисалы, сен баргың келбеген отурушка сунуш тʏшсɵ дароо эле жок, барбайм деп айтууга болот.

Ɵзʏн тɵмɵн баалоо эмнеге алып келиши мʏмкʏн?

Эгерде сизде ɵзʏн-ɵзʏ сыйлоо сезими тɵмɵн болсо же ɵзʏңʏзгɵ ишенбесеңиз, коомдон жашынып, жаңы нерселерди жасоону токтотуп, сизге кыйын болуп кɵрʏнгɵн нерселерден качып каласыз.

Кыска мɵɵнɵттɵ оор кырдаалдардан качуу ɵзʏн коопсуз сезʏʏгɵ жардам берет. Бул терс натыйжага алып келиши мʏмкʏн, анткени бул сиздин шектенʏʏлɵрʏңʏздʏ жана коркууларыңызды кʏчɵтɵт.

Ɵзʏн тɵмɵн баалоо менен жашоо психикалык ден соолугуңузга зыян келтирип, депрессия жана тынчсыздануу сыяктуу кɵйгɵйлɵргɵ алып келиши мʏмкʏн.

Ошондой эле тамеки чегʏʏ жана ɵтɵ кɵп ичимдик ичʏʏ сыяктуу пайдасыз адаттарды ɵрчʏтʏшʏ мʏмкʏн.

Ɵзʏн баалоону кантип жогорулатса болот?

 Ɵзʏн-ɵзʏ сыйлоо сезимин жогорулатуу жɵнʏндɵ эмнени билишиңиз керек.

Кесипкɵй жардамга кайрылыңыз

Терапевтке кайрылуу адамдарга ɵзʏн тɵмɵн баалоонун себебин аныктоого жана тʏшʏнʏʏгɵ жардам берет. Психология кɵйгɵйдʏ ар кандай ɵңʏттɵн кароого жардам берет.

Кɵнʏгʏʏ

Йога сыяктуу кичинекей физикалык иш-аракеттер чындыгында мээдеги серотониндин деңгээлин жогорулатып, ɵзʏңʏздʏ тынч сезʏʏгɵ жардам берип, ɵзʏңʏздʏ кʏчтʏʏ сезип, оң чечим чыгарууга жардам берет.

Ден соолукту биринчи орунга кой

Акыл менен дененин тыгыз байланышы бар, ошондуктан биз ɵзʏбʏздʏ физикалык жактан дени сак сезсек, бул биздин ɵзʏн-ɵзʏ сыйлообузга, ошондой эле эмоционалдык сезимибизге оң таасирин тийгизет.

Максаттардын тизмесин тʏзʏңʏз

Кʏн сайын, жумада же ай сайын максат коюуну адат кылып алыңыз. Башка адамдардын муктаждыктары, талаптары жана ɵтʏнʏчтɵрʏ сизди жолдон чыгарып албаш ʏчʏн аларга карманууга аракет кылыңыз.

Чечим чыгарууга убакыт бɵлʏңʏз

Кээде ɵзʏбʏзгɵ: “Биз муну каалайбызбы?” деген суроону бергенде, ɵзʏн-ɵзʏ сыйлоо абдан маанилʏʏ. Ɵзʏңʏзгɵ суроо берип кɵрʏңʏз: «Мен чындап эле ушундай кылгым келгени ʏчʏн ооба деп жатамбы же бул адам мени жактырганы / мага муктаждыгы ʏчʏнбʏ?»деген сыяктуу. Мисалы, кандайдыр буюм сатып алууда сатуучудан «семиз кɵрсɵтʏп койбодубу?», «тʏсʏ мага туура келдиби?», «жараштыбы?» деп сурабай эле ɵзʏңʏзгɵ жарашканын кɵрʏп туруп ошол буюмду сатып алыңыз.

Ɵзʏңʏздʏ мактап, сʏйɵ баштаңыз

Мактоо жазууларын ʏйдɵ, офисте, унаада же кɵп убакыт ɵткɵргɵн башка жерде калтырыңыз.

Мисалы, “Мен сулуумун, ɵзʏмɵ ишенем, ийгиликтʏʏмʏн, татыктуумун!” Бара-бара бул сɵздɵр сизге жат кɵрʏнбɵйт, сиз аларды сезип, ишене баштайсыз!

Медитация баштаңыз

Азыр ʏйдɵ медитация жасоого жана ишенимге ээ болууга жардам бере турган кɵптɵгɵн медитация класстары жана колдонмолору бар. Демиңиздин астына ырастоолорду айтуу менен медитацияны кʏнʏмдʏк тартипке айландырыңыз, бул сɵзсʏз тʏрдɵ ɵзʏңʏздʏ жакшы сезип, ɵзʏн-ɵзʏ сыйлоо сезимиңизди кɵтɵрʏʏгɵ жардам берет.

Салыштырууну токтот

Эмне ʏчʏн бул адамдын кылганы, айтканы, кийгени мен ʏчʏн абдан маанилʏʏ? Муну минималдаштыруунун конкреттʏʏ жолу — социалдык медианы колдонууну азайтуу. Социалдык тармактарсыз бир нече кʏн эс алыңыз. Инстаграм, тик-ток, ютуб кɵрбɵй, ɵзʏңʏзгɵ жаккан иш менен алектениңиз.

Эс алуунун сʏйʏктʏʏ жолун табыңыз

Бул ɵзʏн-ɵзʏ сыйлоону ɵзгɵртʏʏнʏн, ɵзʏңʏзгɵ инвестициялоонун жана ɵзʏңʏздʏ сыйлоонун эң сонун жолу. Кээде ɵзʏңʏзгɵ кичинекей белектерди берʏʏ же жакшы аткарган жумушуңуз ʏчʏн сыйлык берʏʏ пайдалуу.

Ал эми балаңыздын ɵзʏнɵ болгон баасын жогорулатуу ʏчʏн ушул эле ыкмаларды жакшы сɵз менен айтып, алкап, аткартыңыз. «Мен сага ишенем», «сен мыкты тандоо жасадың», «мага бул жасаганың жакты» сыяктуу айтор, чын жʏрɵктɵн айтылган шык берʏʏчʏ сɵздɵр арбын эмеспи.

***

   «Ɵзʏн-ɵзʏ тɵмɵн баалаган адамдардын кɵбʏ ага татыктуу»

    Жордж Карлин

***

“Мен ар дайым ɵзʏмдʏ тɵмɵн баалоо менен кʏрɵшʏп келем. Менимче, ар бир адам муну башынан ɵткɵрɵт. Менде кɵптɵгɵн кемчиликтер бар.»

 Анжелина Жоли

                              ***

“Жɵнɵкɵйлʏк эч кимди кооздобойт.”

 Михаил Лабковский

                             ***

«Адамдын тагдыры анын ɵзʏн- ɵзʏ баалоосу менен аныкталат.»

 Генри Дэвид Торо

                           ***

«Ɵзʏн тɵмɵн баалоо — ɵзʏмчʏлдʏктʏн экинчи жагы. Ɵзʏн тɵмɵн баалаган адам дайыма кɵңʏл бурууга жана баары жакшы экенин тастыктоого умтулат.»

Энтони Хопкинс

                                     ***

«Дʏйнɵ сиздин ɵзʏн-ɵзʏ сыйлооңузга маани бербейт. Жашоо сизден ɵзʏңʏздʏ ишенимдʏʏ сезгенге чейин ишти бʏтʏрʏʏнʏ талап кылат.»

 Билл Гейтс

                               ***

«Суроо: сулуу болгуңуз келеби же бактылуу болгуңуз келеби? Жообуңуз экинчиси болсо — сырткы кɵрʏнʏшʏ боюнча эмес, ɵзʏн-ɵзʏ сыйлоо боюнча иштɵɵ керек. Ɵзʏңдʏ кандай гана келбет менен сʏй, ошондо сенин сырткы келбетиң чындап эле каалагандай болушу мʏмкʏн! Бул мыйзам. Гоголь айткандай, «…сен караны сʏйɵсʏң, ошондо баары акты сʏйɵт».

«Текеберчилик жакшы эмес. Бул ɵзʏн тɵмɵн баалоодон же убактылуу, ʏстʏртɵн жетишкендиктерден келип чыгат. Ушул терс сапаттарды эстейли. Келгиле, ɵзʏбʏздʏн кемчиликтерибизди аңдап, реалдуу мʏмкʏнчʏлʏктɵрʏбʏздʏ баалап, жалпысынан биз ɵзʏбʏздʏн артыкчылыгыбызды айтып жаткандардан эч кандай айырмабыз жок экенин тʏшʏнɵлʏ.

  Далай Лама