27 июля, 2024

Педагог, психолог Рано Акматова: “Бала басып, сɵзгɵ тʏшʏнɵ баштагандан ɵз алдынча болууга ʏйрɵнʏʏ керек”

Адатта психологдор менен байланышуу кыйынга турат. Заман талап кылып аткан соң биз да окурмандарыбызга пайдасы тиер деп ойлодук. Сиз ɵз алдынча адамсызбы, же дагы эле кɵз каранды абалдасызбы? Ɵзʏңʏз жɵнʏндɵ билгиңиз келсе, макаладан кыя ɵтʏп кетпеңиз.

Ар бир бала ʏчʏн ɵзʏнʏн апасы психолог

Ар бир бала ɵзгɵчɵ. Бир ʏй-бʏлɵдɵ чоңойгон 5 баланын мʏнɵзʏ, темпераменттери ар башка. Психолог ушинтип айтты деп эле бардык балага бирдей мамиле кыла берген болбойт. Ар бир бала ʏчʏн ɵзʏнʏн апасы психолог. Бала психологиясын тʏшʏнʏʏ убакытты жана кʏч-аракетти талап кылат. Бала ɵз алдынча басып, сɵзгɵ тʏшʏнʏп калган убактан бут кийимин тиздирʏʏ сыяктуу иштерди дайындап, ɵз алдынча болууга  ʏйрɵтʏʏнʏ баштаңыз. Ар бала ар кандай ɵнʏгɵт. Кɵбʏнчɵ 3-4 жаштан баштап ɵнʏгʏʏсʏнɵ жараша иштерди бɵлʏп берʏʏ керек.ʏйдɵ бардык ʏй-бʏлɵ мʏчɵлɵрʏ иш кылат го. Ошолор менен катар эле балага да бир иш бɵлʏп берсеңиз, ал ишти дайым жасап, жоопкерчилик алып ʏйрɵнʏп калгандан кийин дагы башка ишти кошсоңуз болот.

Кɵз каранды болуудан ɵз алдынчалыкка ɵтʏʏ — стресс

Бала бала кезинде ɵз алдынча болгонго ʏйрɵнбɵсɵ, чоңойгондо ɵз алдынча болууга кɵп жыл убактысын кетирип алат. Чоңдордо кɵз каранды болуп жʏрʏп эле ɵз алдынча болуу стресске алып келет. Жашоосун башаламандыкка алып келбеш ʏчʏн майда нерседен баштап ɵзʏн тарбиялаш керек. “Мен ɵзʏм ушундаймын, колумдан келбейт” деп ɵзʏн баалабай калат. Бул жерде тууган-уругу, жакын адамы жардамга келиши керек. Ар бир адамдын ɵзгɵчɵлʏгʏ бар. Ɵзʏнɵ болгон ишеним абдан маанилʏʏ. 

Кɵз карандылык жашоого кандай таасир берет?

Ɵз алдынчалыкка ʏйрɵнбɵгɵн бала жашоосунда башка адамдарга кɵз каранды болуп калат. Ɵзʏнʏн максатына жетʏʏ ʏчʏн эмес, башкалардын максатына жетʏʏ ʏчʏн аракеттенет. Ɵзʏнʏн ыраазычылыгы, ɵзʏнʏн кызыкчылыгы ʏчʏн эмес, башкалардын кызыкчылыгы ʏчʏн жашайт. Анын максаты башкалардын мактоосун угуу гана болуп калат. Бул ɵтɵ ɵкʏнʏчтʏʏ нерсе. Башкалар “жакшы сɵз айтса, мени мактаса, менин кылганымды байкаса”  деген нерселер менен чектелет. Ɵмʏрлʏк жарына, иштеген жериндеги башчыларына кɵз каранды болот. “Иштен айдабаса экен, мени жек кɵрʏп калбаса экен” деп ɵмʏр бою тынчсыздануу менен жашайт. Тынчсыздануу менен жашаган адам агрессивдʏʏ болот, ачуусу тез келет, ɵзʏнɵ ишенбей баштайт. Жашоого нааразы болуп,  жашоонун ырахатын татпай эле, кыйналып жашап ɵтɵт.

Баланын ишеними качан жоголот?

Балага ɵз алдынча болууну ʏйрɵтʏʏдɵ энелер баланын жаш курагын эске алыш керек. Кичинекей балага алы жетпей турган ишти берип койсок ал менин колумдан келбейт экен, мен жакшы иш кыла албайм деп дайыма чоңдорду кʏтʏп калат. 2 жашар балага оюнчугуңду жыйна, 4 жашар балага бут кийимдерди тиз деген сыяктуу иштерди дайындасак болот. Айрыкча ɵспʏрʏм куракка келгенде балдардын бою ɵсʏп кетет. Бул кезде баланы чоңойду деп ɵзʏбʏзгɵ теңеп алабыз. Чоң иштерге жумшай баштайбыз. Алар аткара албай калышы мʏмкʏн. Ошондон ɵз алдынчалуулук, ишеним жоголот. Бою ɵскɵн менен баланын психикасы бала бойдон болот.

Баланы ойду-келди, улам башка ишке жумшай берʏʏ эмнеге алып келет?

Биринчи жолу жасаганда ɵзʏнʏн эркине коюп, анан акырындан кайсыл буюм кайда турат, кандай кылып жыйнайт баарын бир-бирден кɵрсɵтʏп берʏʏ зарыл.  Андан кийин такыр баланын ишине жасап бʏткɵнчɵ аралашпай туруу туура. Баланы ишке жумшап, жарымына жеткенде “кел, мен бʏтʏрʏп коем, сен башканы кыла бер” деп башка ишке жумшап койсок  бала туруксуз, жалкоо боло баштайт. Себеби, бала бир ишти аягына чыгарып, ошол иштин жыйынтыгын кɵрʏш керек. Бʏтпɵй туруп эле улам бир ишке жумшай берʏʏ  баланын ишке болгон каалоосун жоготот. Андан кɵрɵ ишти жасап бʏткɵндɵн кийин “карачы балам, кандай сонун кылып жасадың, муну сен кылдың, кандай сонун болуп калды” деп балага ишинин жыйынтыгын кɵрсɵтʏп коюу туура. Бул нерсе баланы кубантат.  Бул кубаныч балага дем-шык берет. Ойду-келди, ишти аягына чыгартпай башка ишке жумшай бергенибиз биздин катабыз. Сɵзсʏз аягына чыгара турган иш бериш керек.

Баланы урушуу тарбиялообу?

Баланы ɵз алдынчалыкка ʏйрɵтʏʏ кɵп убакытты талап кылган процесс. Бала ар кандай нерсени ɵзʏнʏн темпинде ʏйрɵнʏшʏн унутпаш керек. Кээ бир балдар акырын, кээ бирлери тез ʏйрɵнɵт. Айрым балага 100 жолу кайталаш керек, кээ бир балага 1 жолу айтуу жетиштʏʏ. Буга чыдаш керек. Балага ишениш керек. Жасаган мамилебизден бала калыптанат. Мисалы, математикадан 9 эсепти туура чыгарып, бирɵɵнʏ ката чыгарып койду, же бир жерин булгап койду. Биз биринчи  эле катасын кɵрɵбʏз да, урушабыз. Канча туура жооптор калып кетти. Туура чыгарганына басым жасап, “сен ушунчасын туура чыгарыпсың, эми муну дагы туура чыгара аласың, сенин колуңдан келет” деп шыктандырышыбыз керек. Туура эмес жерлерин кɵрсɵтʏп, уруша берʏʏ ʏйрɵтʏʏ, тарбиялоо эмес.

“Качан адам болосуң?” Кантсе адам болот?

Ата-энелер сʏйлɵгɵн сɵзʏнɵ кɵңʏл бурушу зарыл. Эрте менен бала уйкусурайт. Биз деле уйкусурайбыз. Бирок, биз ɵзʏбʏздʏ урушпайбыз. Баланы эле уруша беребиз. “Сен уйкучусуң, качан адам болосуң” деп кʏнʏгɵ айта бергенден кийин элестетсеңиз, кʏнʏгɵ “уйкучусуң” дегенди уккан бала, мен уйкучумун, жалкоомун деп кабыл алып калат. Биз баланы жакшы адам болсун десек, ойлонуп сʏйлɵшʏʏ керек.

Психологдон кеңеш

1. Балдар психологиясы тууралуу китептерди окуу, макалаларды жана окуу материалдарын окуу,  видеолорду кɵрʏʏ  балдар психологиясын тʏшʏнʏʏгɵ  жардам берет.

2. Балдарга жана алардын жʏрʏм-турумуна кылдат байкоо жʏргʏзʏʏ алардын эмоцияларына жана аракеттерине кандай факторлор таасир этерин тʏшʏнʏʏгɵ жардам берет.

3. Балдар менен баарлашып,  алардын сезимдерин жана ой-пикирин сурап билʏʏ алардын ички дʏйнɵсʏн жакшыраак тʏшʏнʏʏгɵ жардам берет.

4. Зарыл болгон учурда педагог же балдар психологу менен кеңешʏʏ баланы тарбиялоо, колдоо боюнча тереңирээк кеңештерди бере алат.

5. Баланын сезимдерин жана муктаждыктарын жакшыраак тʏшʏнʏʏ ʏчʏн ɵзʏңʏздʏ анын ордуна коюуга аракет кылыңыз.

6. Балдар ар кандай экенин жана ар биринин ɵзʏнʏн уникалдуу ɵзгɵчɵлʏктɵрʏ, муктаждыктары бар экенин унутпаңыз.

7. Баланы ойду-келди жумшай бербеңиз. Эртеден кечке ар тʏрдʏʏ ишке жумшап, бул аракет 3 саатка созулган болсо, баланын эрктʏʏлʏгʏ жоголот. Анан баланы жумшаганда артынан барып жардам берип, же ɵзʏбʏз бʏтʏрʏп коёбуз. Биз муну балага жардам берип коюу деп ойлошубуз мʏмкʏн. Бирок бала муну “апам мага ишенбей атат, мен кыла албайм” деп кабыл алат жана ɵзʏнɵ болгон ишенимин жоготот.

Маматали кызы Бʏкалча