27 июля, 2024

ЖЕР КЫЗЫП, ААЛАМ БУУЛАНУУДАБЫ?

Илимпоздор ааламда табышмактуу климаттык кɵрʏнʏштɵр башталганын айтышууда. Климаттык  ɵзгɵрʏштɵргɵ эмнелер таасир бериши мʏмкʏн, тɵмɵндɵн окуйсуз.

ЭЛЬ-НИНЬО

БУУнун Бʏткʏл дʏйɵнʏлʏк метеорологиялык уюмунун изилдɵɵчʏлɵрʏ  Эль-Ниньонун, илимде али аныкталбаган, Жердин климаттык  системасындагы негизги кыймылдаткыч кʏчтɵрдʏн бири катары саналган табигый кɵрʏнʏштʏн старт алганын белгилешʏʏдɵ. Феномендин маңызы мезгил мезгили менен Тынч океандын Перудагы жээктерине жакын аралыктагы суунун капилеттен эле адаттагыдан тышкары жылууланып кетʏʏсʏндɵ жатат. Ал климатык башка факторлорго да таасир берет: шамалдын багыты,жаан- чачындын табигый убакты-сааты, атмосфералык басым ɵзгɵрɵт.

Эль-Ниньонун акыбети бʏткʏл планетаны ысыктын толкуну каптаган абалга алып келет. Феномендин мындан мурдагы фазасы 2016-жылылы байкалган жана ал метеобайкоо тарыхында эң эле кызуу кɵрʏнʏш катары калып келе жатат.

Ал 2023-жылы кайтып келет деген эскертʏʏнʏ британиялык метофистин климатологдору январда эле беришкен. Мына эми башталгандай таасир калууда.

Океандык жана атмосфералык изилдɵɵлɵрдʏн америкалык улуттук башкармалыгынын окумуштуулары феномендин мʏнɵздʏʏ белгилерин табышканын маалымдашты. Май айы ичи Тынч океандагы суунун табы орточо кɵрсɵткʏчтɵн 0,5 градуска ɵйдɵгɵ кɵтɵрʏлгɵн.

Чет ɵлкɵлʏк адистердин болжолу  боюнча, рекорддук ысык 2024-жылы кʏтʏлɵт. Анын таасиринен Австралия, Идонезия, Индия жана Африканын тʏштʏгʏн кургакчылык басат. Кытай,АКШнынАфриканын чыгыш райондорунда аномалдуу мʏнɵздɵгʏ жамгыр арбын жаайт. Аба табынын ɵзгɵрʏʏлɵрʏ штормдор, суу каптоолор жана башка табигый катаклизмдер менен коштолот.

КЫШ ЖЫЛУУ БОЛОБУ?

“Эль-Ниньонун таасири сезʏʏ белгилʏʏ бир убакытты талап кылат”,- дейт Россиянын Воейков атындагы башкы геофизикалык обсерваториясынын жетектɵɵчʏ илимий кызматкери, физика-математика илимдеринин кандидаты Андрей Киселев. “Эль-Ниньонун ɵзʏ 9-12 айга созулат.Акыбети чогулуп олтурат жана акырындык менен сезиле баштайт.Температуралык рекорддор планынан караганда,2024-жылды перспективдʏʏрɵɵк десек болот. Бʏткʏл дʏйнɵлʏк метеоролгиялык уюмдун болжолдуу эсебинде, кийинки беш жылдыктын аз дегенде (минимум) бир жылы жана беш жылдык мезгили, бʏтʏндɵй 98 пайыз ыктымалдуулугу менен, метеобайкоолордун бʏткʏл тарыхындагы эң эле ысык мезгили болот”,-деген.

Киселевдун айтканы боюнча алганда, Эль-Ниньодон кийинки интенсивдʏʏ ысык мезгил кыштан кийин сезиле баштайт. Россияга келсек, бʏткʏл Жер шарындагы орточо климаттык нормага салыштырмалуу, жылуулануу процесси Россияда тезирээк жʏрʏʏдɵ. Бул Россия кургак жер аянты боюнча дʏйнɵдɵгʏ эң ири мамлекет экендиги менен тʏшʏндʏрʏлɵт.

-Ал ортодо океан  энергиянын эң чоң аккумулятору болуп, жылдын жылуу мезгилинде атмосферадагы ашыкча жылуулукту алып, суук мезгилде кайра берет. Башкача айтканда, деңиз менен океанга чулганган анча деле чоң эмес ɵлкɵлɵрдɵ мунун эсебинен температуранын  сезимталдуураак регуляциясы болуп ɵтɵт. Россияда биз байкап жаткандай рекорддук жылуулануу сыяктуу акыбеттер сезилʏʏдɵ. Бʏтʏндɵй алганда, акыркы он жылдыкта ар тʏрдʏʏ табигый катаклизмдер: шторм, куюн, нɵшɵр жамгыр же ар тʏрдʏʏ региондордогу кургакчылык олуттуу кɵбɵйгɵнʏ байкалат. Жылуулук толкуну абанын температурасы кеминде беш кʏн бою беш же андан ашык болуп, климатикалык нормадан ашып кеткен кɵрʏнʏштɵр да, Росгидрометтин статистикасы боюнча, кɵбɵйʏп жатат. Ɵткɵн кылымдын  акыркы мезгилине салыштырганда андай абалдардын саны эки эсеге ɵскɵн,-дейт Андрей Киселев.

ААЛАМ АКЫРЫ

Астрофизиктер массивдʏʏ обьектилерди жок кылып жибере турган табышмактуу нурдануу жɵнʏндɵ кабар айтышты.

Эч нерсе тʏбɵлʏктʏʏ эмес: Британ физиги Стивен Хоккингдин  ысмы менен аталган Хоккингдин нурдануусу бир гана  кара кургуйга (черная дыра) эмес, ааламдын башка массивдʏʏ обьектилерине да тиешеси бар.Бул демек, алар да кара кургуй сыяктуу эле акырындык менен бууланып олтурушат. Мезгилдин ɵтʏшʏ менен толук бууланып, башкача айтканда, жок болуп кетет.Дʏйнɵ тʏзʏмʏнʏн бʏтʏшʏн, башкача айтканда, “акыр замандын” ушундай тартипте келишин Голландиядагы ыйык Радбода Утрехский атындагы  Неймен университетинин астрофизиктери ушундайча элестетишет.

Математикалык жол менен Эйнштейндин ыктымалдуулук теориясын жана кванттык механиканы бириктирген “британдык гений” коллегаларын кара кургуй-бул ар кандай материалдарды ɵзʏнɵ жутуп алып, сыртка эч нерсени, ал турсун жарыкты да кое бербеген обьект деп эсептелип келген болсо, чындыгында кара кургуй кванттык эффекттердин эсебинен субатомдук бɵлʏкчɵлɵрдʏ нурдантат жана ушунусу аркылуу ɵз энергиясын жана массасын жоготот. Башкача айтканда,  жок болгонго чейин нурданып тура берет деп  ынандырган. Кара кургуйлардын нурдануулары окуялардын горизонтуна жакын аймактарда, тʏшʏп калса кара кургуйдун гравитациясынан чыга албай турган чɵлкɵмдɵ пайда болот деп эсептелет. Гравитация ɵʏнɵ тартат, бирок кое бербейт. Ɵз изилдɵɵлɵрʏндɵ голландиялыктар Хоккингдикине окшогон нурдануулар окуялардын горизонтунан алыскы аймактарда деле, жɵн гана  мейкиндик менен убакыттын тканы ийрейген областтарда  да, мисалы жылдыз же планетага катарлаш жайда пайда болуп калуусу мʏмкʏн экендигин далилдешет.

-Хокингдикине окшогон нурдануулар акыры келип,  кара кургуй сыяктуу эле  айлансындагылардын бʏт баары нурданып-бууланып жок болуусуна алып келет,-дейт изилдɵɵ авторлорунун бири.

Эгерде голландиялык окумуштуулардыкы туура болсо, анда аалам чын эле биздин кɵз алдыбызда эле бууланып жатат. Бирок, анча деле шашылбай бууланууда.Биздин доорго ал жетиштʏʏ эле болот.  Эсептɵɵлɵргɵ караганда,10дун 64-даражасына чейинки жылдардан берирээкте дʏйнɵ тʏзʏмʏ жок болуп, заман акырына жетет деп айтуу туура болбой калат. Башкысы, аалам кандайдыр бир себептерден улам, тез ылдамдык менен бууланып баштабаса болду.

Аалам акырына чейинки мындан азыраак убакытты Калифорния технологиялык университетинин окумуштуулары эсептеп чыгышкан. Алардын пикиринде,  кара материалдан же кара энергиядан пайда болгон тʏртʏʏчʏ  кʏчтɵр ааламды ар кайсыл  тарабынан  жетелей качып олтуруп, аны чоң жарылууга алып келе турган  абалга дейре кеңейтип жиберет. Аалам жарылып жатып калат. Башка бардык материалдары менен 22 миллиард жылдан кийин.

Окумуштуулар тарабынан сунушталган теорияга ылайык, Саманчынын жолу галактикасы чоң жарылууга 60 миллион жыл калганда жок болот.Чоң жарылууга чейин 3 ай калганда Кʏн системасынын планеталары белгисиз тараптарга учуп  кетишет, жарылууга жарым саат калганда Жер кʏлгɵ айланат.Ал эми акыркы ирмемдерде атомдук ядролор ажырайт, башкача айтканда,жаралгандын баары  бʏтɵт…

Чоң жарылуудан же буулануудан кийин эмне болот? Балким, андан ары эч нерсе жана эч качан болбойт.Бирок, эрип же бууланып кеткен материя,анын жок болбоосу белгилʏʏ, кокусунан кайра эле сингулярдык абалга -абдан тыгыздалган  чекитке чогулуп, жаңы чоң жарылууну пайда кылуусу мʏмкʏн. Мындан 14 миллиард жыл мурдагыдай.Ошол чоң жарылуудан кийин пайда болгон Аалам ошондон бери карай бууланып жана кеңейип келе жатпайбы .

(Постскриптиум: Албетте, бул айтылгандар биздин ааламга, биздин Кʏн системалуу ааламыбызга таандык. Бирок, жалпы аалам чексиз да. Адам баласынын жалпы ааламды таанып-билʏʏ  чеги азыр  10дун 15-даражасынан азыраак ашса ашкандыр, ɵтɵ элек.  Ааламдын  адамзат таанып-биле элек чектери,салыштырмалуу айтканда,  али чети оюла элек. Алыска барбайлы, жакынкы, Жерге жакынкы эле бир мисал: астрономдор жакында эле табышмактуу космостук телону табышты. Космостук ал тело Жердин жанындагы эле катарда эки миң жылдан бери жашап келе жатыптыр…

Абдираим Мамытов