27 июля, 2024

Кɵмʏртектин нейтралдуулугу жоголсо эмне болот?

Акыркы жылдары абанын булганышы Кыргызстанда эле эмес, ири шаарлардын баарында кɵйгɵйгɵ айланды. Организмге, айрыкча дем алуу жолдоруна, ɵпкɵгɵ олуттуу зыян келтирген тʏтʏндʏ кантип алдын алабыз,абадагы кɵмʏртек жана анын нейтралдуулугу деген эмне? КРнын жаратылыш ресурстары экологиялык жана техникалык кɵзɵмɵл министрлигинин Ош регионалдык башкармалыгынын башкы инспектору Адилбек Матысаков жооп берет.

Кɵмʏртектин пайда жана зыяны

-Кɵмʏртек – адам баласы турмуш-тиричиликте кенен колдонгон зат болуп саналат. Отундарды, ɵсʏмдʏктɵрдʏн чириндилерин, кɵмʏрдʏ жылуулукка пайдаланабыз. Бул жагынан албетте, адамдарга пайдалуу. Бирок, экинчи жагынан абага чыккан кɵмʏр кычкыл газы ден соолукка зыяндуу. Абадагы кɵмʏртектин нейтралдуулугу жоголгондо адамдардын дем алуусуна терс таасирин тийгизет. Кʏндʏн нуруна да тоскоолдук кылат. Кышта эл жылуулукка муктаж болгондуктан тʏтʏндʏн кɵлɵмʏ кɵбɵйɵт. Буга от казандардан сырткары завод-фабрикалар, автоунаалардын кескин тʏрдɵ кɵбɵйʏшʏ да себеп болууда.

“Эми ишканаларды текшерʏʏгɵ барганда алдын ала билдирме берилбейт”

-Тʏтʏн борбодо эле эмес, биздин шаарда да кɵйгɵй бойдон калууда. Тʏтʏн менен байланышкан жылдагы кɵйгɵйлɵргɵ Жогорку Кеңештин депутаттары, Экологиялык жана техникалык кɵзɵмɵл министрлиги тарабынан атайын долбоорлор иштелип чыккан. Жогорку Кеңеш тарабынан колдоо таап мыйзамга киргизилди. Мурда автоунааларды, ишканаларды, кыш мезгилде жагылуучу от казандарды текшерʏʏгɵ барганда 10 кʏн мурда билдирʏʏ жɵнɵтɵр элек. Азыр шаардагы мончолор, жеке медициналык клиникалар да ɵз от казандарын куруп алышкан. Жаңы мыйзам боюнча алдын ала эч кандай билдирме жɵнɵтпɵй туруп текшергенге мʏмкʏнчʏлʏк берилди. Антпесе буга чейин билдирме барганда, алып салган фильтрлерин кайрадан коюп, биздин барышыбызга баары дайын болуп калчу. Жогоруда аталган мыйзам кɵйгɵйдʏ чечʏʏгɵ оң таасирин тийгизет деп ишенебиз. 

“Катализатору жок унааларга мыйзам чегинде чара кɵрʏлɵт”

-Учурда биздин кызматка жаңы аппараттар келген. Кичи автобустардын фирмаларына барып тʏшʏндʏрʏʏ иштерин жʏргʏзʏп жатабыз. Эгер катализатору жок автоунаалар аныкталса, мыйзам чегинде чара кɵрʏлɵт. Ошол себептен жаңы мыйзам кабыл алынды. Айта кетʏʏчʏ нерсе, жакында лабораториябызды аккредитациядан ɵткɵргɵнʏ турабыз. Автоунаа текшерʏʏчʏ приборлор жаңы берилгени менен от казандарды текшерген приборлорубуз абдан эски. Ошону жаңылап берʏʏ боюнча учурда министрликке кат жолдоп жатабыз.

Айжылдыз  Тойчиева