27 июля, 2024

Каныбек Осмоналиев: “Тилибиздин тазалыгы ʏчʏн кʏрɵшɵлʏ”

Ардактуу мекендештер!

Коомдук цивилизация ɵнʏгʏʏнʏн эң жогорку чегине жетип турган кездеги бийиктигин да тилдин кубаты аркылуу туюндуруп берет. Эл коомдун бир бɵлʏгʏ, элди эл кылып турган анын тили экенине тереңден баа  берʏʏгɵ мезгил келип жетти. Ар бир тил ɵзʏнʏн табиятынан бузулбай сакталышы керек. Илим жана техника, электроника доору гʏлдɵп турган кезде биз аз жерден   эң баалуу ыйык тилибизди жоготуп алуу чегине жакындай тʏштʏк. Анткени смартфондун кʏчʏ тилдин касиетин,  негизги кубатын сʏрʏп чыгарып коё жаздады.

Тил адамдын басып ɵткɵн тарыхый доорун, жашап жаткан коомун ошондой эле  эртеңки тагдырын  да аныктай турган кудуретке ээ жана улуттун улут болмогунун негизги белгиси! 

Тилсиз мамлекет куруу да мʏмкʏн эмес, ал эми тили болбосо миңдеген кылымдар жашап келген эл болсо да,  аларды жок болуп кетʏʏ тагдыры кʏтɵт.  Тилге абдан кɵңʏл бɵлʏп жатканыбыздын негизги себебинин бири биз жашап жаткан коом, адамдык таасир. Мунун мааниси тереңде…

Урматтуу мекендештер, жакында Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан «Кыргыз Республикасынын мамлекеттик тили жɵнʏндɵ» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамы кабыл алынып, 2023- жылдын 17-июлунда Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров кол койду. Бул тарыхый учур, жаңы Кыргызстанды куруунун бир ɵңʏтʏн ээлейт.

Кыргыз эли дʏйнɵ элдеринин ичинен да эң байыркы сап башында турабыз. Конституциялык макамга ээ болгон Мыйзамды  кабыл алуу ʏчʏн биз узак жол бастык. Эми жан дʏйнɵбʏздʏн эң эле баалуу азыгы болгон  тилибизди сактоого, коргоого, аздектеп колдонууга ар бирибиз милдеттʏʏбʏз.

Эзелтен тил баарлашуунун негизги куралы болуп келет, мамлекетибиздеги тил саясаты улуттар аралык ынтымакты бекемдɵɵнʏ, эне тилибизди коргоону, ɵнʏктʏрʏʏнʏ жана колдонууну кɵздɵйт! 

Кыргыз тили – мамлекет тарабынан эле колдоого эмес, колдонулууга  муктаж. Жалпы калайык-калк жапатырмак колдоого албаса, жалаң мыйзам кабыл алуу менен тилибиз ɵнʏкпɵйт. Тил ɵзʏнʏн ички ɵнʏгʏʏ мыйзамдарына  баш иет жана туруктуу эрежелердин ченемин сактайт.

 Кʏн сайын, саат сайын, бала бакчадан тартып мамлекеттик кызматкерге чейин коомдук турмуштун бардык тармактарында, иш кагаздарынын жʏгʏртʏлʏшʏндɵ, жалпы укуктук  ченемдик актыларды жазууда, илим тармактарында мамлекеттик тилди колдоно албасак эгемен экенибиздин белгиси  кайсы? Тилибиздин  кʏндɵн-кʏнгɵ ааламдашуу доорунун таасиринен улам сʏрʏлʏп бара жаткандыгы жалганбы?! 

Эне сʏтʏ менен берилген – эне тил “Манас” шедеврине катылган, ал муундан-муунга уланып келаткан нарк-насил, каада-салт, улуттун ɵзɵгʏ экендигин айкындап турат.  Тилибиздин тазалыгы ʏчʏн кʏрɵшɵлʏ, аны байыталы, баалуулукту сактай  билели. Ɵз тилиңде эки сɵз билбесең, улутуңду кантип айтасың?

Урматтуу мекендештер, ким болбосун, кайсы улуттун же кайсы кесиптин ээси болбосун ɵз тармагында мамлекеттик тилдин ɵнʏгʏшʏнɵ кайдыгер болбойлу. Ар бирибиз ɵз алдынча ойлонолу, изденели. Ата-бабалардан аманат калтырылган улуу мурасыбызды сактап, келечек муунга татыктуу калтыралы!     

Заманыбыздын залкары Тʏгɵлбай Сыдыкбеков атабыздын «Тил – маданият башаты. Эне тилин билʏʏ башкы маданият. Ɵз эне тилин эң сонун билʏʏ, калган тилдерди колунан келишинче жакшы билʏʏ зарыл» — деген сɵздɵрʏ таамай айтылган. Буга маани бербей коюу  мʏмкʏн эмес. 

         Тилди мажбурлап эч ким сʏйлɵтпɵйт, тилди ар бир адам улутка болгон урмат менен   ʏйрɵнɵт жана мамлекетине болгон сʏйʏʏсʏн билдирет. Ɵзʏн-ɵзʏ сыйлай албаганды эч ким сыйлабайт.

Урматтуу мекендештер, биз бул багытта чечкиндʏʏ кадамдарды жасоого даярбыз. Жалпы мекендештерди кайдыгер карап турбай, намыстуулук менен тилибизди коргоого жана колдонууга чакырам!..

Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Мамлекеттик тил жана тил саясаты боюнча улуттук комиссиянын тɵрагасы Каныбек Осмоналиев