27 июля, 2024

XXI сессия: Жерди сатып эмес, сактап калалы

Ош шаардык Кеңешинин кезексиз XXI сессиясы ɵткɵрʏлдʏ. Сессияга Ош шаарынын мэринин орун басарлары, шаардагы мекеме-ишканалардын, муниципалдык аймактык башкармалыктардын жетекчилери, укук коргоо органдарынын жана жалпыга маалымдоо каражаттарынын ɵкʏлдɵрʏ катышышты.

Сессиянын кʏн тартибинде:

— Ош шаарынын муниципалдык менчигиндеги жер тилкелерин сатууга мораторий жарыялоо жɵнʏндɵ;

— “Ош шаарынын муниципалдык менчигиндеги мʏлктɵрдʏ алмашуу жɵнʏндɵ” Жобону бекитʏʏ жɵнʏндɵ;

— Ош шаарынын жергиликтʏʏ жамаатынын Уставын бекитʏʏ жɵнʏндɵ;

— Ош шаардык Кеңешинин 2023-жылдын 13- сентябрындагы “Ош шаарынын жергиликтʏʏ жамаатынын элдик курултайын ɵткɵрʏʏ жɵнʏндɵ”№164 токтомуна ɵзгɵртʏʏлɵрдʏ киргизʏʏ жɵнʏндɵ;

— Кара — Суу районуна караштуу Кызыл — Кыштак айыл аймагынын муниципалдык менчигинен 3 гектар жер тилкесин Ош шаарынын муниципалдык менчигине ɵткɵрʏʏгɵ макулдук берʏʏ жɵнʏндɵ;

— Ош шаарынын Жапалак айыл аймагындагы жер мунапысынын субьектисине бекитилип берилʏʏчʏ жер аянтынын ɵлчɵмʏн бекитʏʏ жɵнʏндɵ;

— Жергиликтʏʏ бюджеттен акча каражаттарын бɵлʏп берʏʏ жɵнʏндɵ;

— Туруктуу депутаттык комиссиялардын курамдарына ɵзгɵртʏʏлɵрдʏ киргизʏʏ жɵнʏндɵ, ошондой эле башка кошумча маселелер каралып, талкууланды.

Жаңы депутаттар менен толукталды

Сессияны баштардын алдында Ош шаардык Кеңешинин тɵрагасы Салман Назылбеков жаңы депутаттык мандат алган “Улуттар Биримдиги” депутаттык фракциясынын мʏчɵлɵрʏ Гулсара Турдубаеваны, Талантбек Кадыровду, Аскат Токтосуновду депутаттарга тааныштырды. Ош шаардык Кеңешинин ишмердʏʏлʏгʏн жакшыртууга салым кошкондугу ʏчʏн депутаттар: Х. Исамовага, Б.Арзыбаевге, М.Абдыманаповго, Ж.Ормоновага, Д.Абдуллаевге, М.Маматовго, Б.Жолдошбаевге

 Ош шаардык Кеңешинин ардак грамоталарын тапшырды. Андан соң сессия ачык деп жарыяланып, сессиянын кʏн тартибинин долбоору каралып, депутаттардын сунуштарынын негизинде анда белгиленген 10 маселенин ичинен 2 маселе алынып салынды жана бир маселе кошумча киргизилди. Жыйынтыгында, 9 маселеден турган сессиянын кʏн тартиби бекитилип, талкууланды.

Муниципалдык менчикте 2 млн. 316 миң чарчы метр жер бар

Ош шаарынын мэринин орун басары З. Юсупов Ош шаарынын муниципалдык менчигиндеги жер тилкелерин сатууга мораторий жарыялоо жɵнʏндɵ токтом долбоорун тааныштырып, мэр да, мэрия да жер сатууга мораторий киргизʏʏ керек деген пикирде экенин билдирди.  Бул токтом долбоору эң эле узак талкууланды. Кээ бир депутаттар мораторий киргизʏʏнʏ колдосо, айрымдары экономикалык жагын эске албай жатабыз дешти. 

Медер Абдыманапов:

-Шаардын жерин сатып эмес, сактап калалы. Жерлер сатылбашы керек. Бʏгʏнкʏ кʏндɵ муниципалдык менчик башкармалыгы кайсы жерде жер бар же жок экенин ɵздɵрʏ билет, ачыктык жок, ɵздɵрʏнɵ жаккан ишкерге ижарага берет,-деди. Шаардык муниципалдык менчик башкармалыгынын башчысы К. Имарова калаада муниципалдык менчикке караган 2 млн. 316 миң чарчы метр жер бар экенин билдирди.

Эсенбек Арзиев:

-Мораторий киргизсек сɵзсʏз тʏрдɵ жарандардын жашоосуна, бизнеске терс таасирин тийгизет. Ипотекалык ишканага гана берилсин, калгандарына берилбесин деген мораторий болбойт да. Муниципалдык ишканага да, жеке менчикке да бирдей каралышы керек. Биз бɵгɵттɵп эмес, мыйзам менен иш алпарышыбыз кажет.

Тɵрага С.Назылбеков “Токтом долбоору чийки келген. Бул токтомду кабыл алып койсок эртең сɵзсʏз тʏрдɵ талаш-тартыш маселелер чыгат”,-деген оюн билдирди. Жер сатууга мораторий киргизʏʏ боюнча бир топ талкуу болуп, бирок токтом долбоору артка кайтарылды.

Ош шаарынын мэринин орун басары Замир Юсупов “Мэрдин, мэриянын позициясы жер сатпай эле тынч иштеп туралы деген максатта 3 жылга мораторий киргизʏʏ сунушун билдирдик, комитетте каралып, сессияга кайра карала турган болду. Кийинки сессияга да сунуштап кɵрɵбʏз”,-деп билдирди.

Эки чоң социалдык имарат кайтарылды

 Сессиянын жʏрʏшʏндɵ депутат Болот Баетов эки ири имарат кайтарылганын белгиледи:

-Шаардык Кеңештин тарыхында бул биринчи жолу болушу, биз уттук. Шаардын балансына эки чоң социалдык имарат кайтып отурат. Данияр Аманович, Салман Сатыгулович баш болгон депутаттар чуркап жʏрʏп бул иш жыйынтык берди. Бири шаардык диспансер, экинчиси СМУТТдагы бала бакча кайтты.

Депутат Бекболот Арзыбаев стадиондун жеринин жеке менчикке ɵтʏп кетиши боюнча буга чейин маселе кɵтɵргɵнʏн айтып, тагдыры эмне болуп жатканына кызыкты:

-Мен бул маселени 5-6 ай мурда кɵтɵргɵм.  Биз стадиондо ири масштабдагы футбол ɵткɵрɵ албайт экенбиз, себеби тɵрт тарабы ачык болуш керек. Жер тилкеси сатылып кеткен. Биз кимдин убагында кимге сатылганына чейин маалымат бергенбиз.

Эл ɵкʏлʏнʏн суроосуна Ош шаардык прокуратурасынын коррупцияга каршы кʏрɵшʏʏ жана мыйзамдардын аткарылышын кɵзɵмɵлдɵɵ бɵлʏмʏнʏн башчысы Канат Насипов жооп берди:

 — Бул боюнча иш козголгон эмес. Себеби иш эскирип кеткен. Мыйзамда кылмыш-жаза процессуалдык укук талабы. Мɵɵнɵттɵрʏ бар, ал мыйзам талабы, биз укук коргоо жана тергɵɵ органдары аткарууга милдеттʏʏбʏз. Эгер эскирʏʏ мɵɵнɵтʏ келсе кылмыш куугунтуктоого жол берилбейт же кылмыш кыскартылат. Бирок биз ошол мыйзамсыз кɵрʏнʏштʏ эске алып, жел тилкелерин кайтарып, жерди калыбына келтирʏʏ ʏчʏн сотко доо арыздарды келтиргенбиз. Бʏгʏнкʏ кʏндɵ сотто каралып жатат.

 Б.Арзыбаев:

-4 факт боюнча иш козголду деп жатасыздар. Муниципалдык менчик башкармалыгы соттошуп жатат, бирок мэриянын ичинде  аралашкандар да бар да. 

К.Насипов:

-Бул иштер жакында эле козголду, тергɵɵ жʏгʏзʏлʏп жатат. Тергɵɵнʏн жыйынты менен тийиштʏʏ кызмат адамдарынын жоопкерчилиги каралат. Тергɵɵнʏн кызыкчылыгы ʏчʏн кимдерге козголгонун айта албайм, бирок факт тʏрʏндɵ козголгон. Мэриянын кызмат адамдары да бар, тергɵɵ органдары иликтеп, кимдин кʏнɵɵсʏ болсо жоопкерчиликке тартат.

Ошентип кʏн тартибиндеги 9 маселе талкууланып, тиешелʏʏ токтом кабыл алынды. Ал эми “Жергиликтʏʏ бюджеттен акча каражаттарын бɵлʏп берʏʏ жɵнʏндɵ” маселе да кайрадан карап чыгуу ʏчʏн сессияга сунуштаган тараптар жактан кайтарылып алынды.