18 октября, 2024

Пенсиянын орточо ɵлчɵмʏ республика боюнча 9354 сомду тʏздʏ

2023-жылдын 1-октябрына карата пенсиянын ɵлчɵмʏ жогорулады. Бʏгʏнкʏ кʏндɵ пенсиянын орточо ɵлчɵмʏ республика боюнча 9354 сомду тʏзɵт, бул пенсиянын мурдагы ɵлчɵмʏнɵн 1692 сомго кɵп. Ош шаарында 28 миңге чукул пенсионер бар.

Пенсиянын кɵлɵмʏ кандай тартипте индексацияланат?

Пенсионерлердин жашоо деңгээлин андан ары колдоо максатында, «Мамлекеттик пенсиялык социалдык камсыздандыруу жɵнʏндɵ» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 7-беренесине ылайык, «2023-жылдын  1-октябрынан тартып пенсиянын камсыздандыруу бɵлʏктɵрʏнʏн ɵлчɵмдɵрʏн индексациялоо жɵнʏндɵ» 2023-жылдын 13-сентябрындагы №235 Кыргыз Республикасынын Президентинин Жарлыгын ишке ашыруу максатында, КРнын Социалдык фондунун башкармасынын 2023-жылдын 15-сентябрындагы № 62 токтому кабыл алынды.

Токтомдун негизинде «2023-жылдын 1-октябрынан тартып пенсиянын камсыздандыруу бɵлʏктɵрʏнʏн ɵлчɵмдɵрʏн индексациялоо тартиби жɵнʏндɵ» Нускаманын долбоору бекитилди. Социалдык фондунун региондук органдары ушул Нускаманы негизинде иш алып барып,  2023-жылдын 1-октябрына чейин ɵз убагында кайра эсептɵɵнʏ жана жаңы ɵлчɵмдɵгʏ пенсияларды тɵлɵɵнʏ камсыз кылды.

2023-жылдын 1-октябрына чейин чектелген пенсиялардын камсыздандыруу бɵлʏктɵрʏнʏн ɵлчɵмдɵрʏн индексациялоо коэффициенти КРнын Президентинин 2023-жылдын 13-сентябрындагы №235 Жарлыгына ылайык 30 000 сомго чейинки пенсиянын камсыздандыруу бɵлʏктɵрʏн 1,38 индексация коэффициентине пенсиянын камсыздандыруу бɵлʏгʏ бирок 500 (беш жʏз) сомдон кем эмес ɵлчɵмʏндɵ кɵбɵйтʏлдʏ, ага 3,9млрд сом каралган. Эгерде пенсияны жогорулатууга Социалдык фонддун каражаттарынан ушул жылдын 3 айына 3,9 млрд сом каралса, 2024-жыл бул сумма кошумча 16,2 млрд сомду тʏзɵт. Ошону менен бирге пенсия республикалык бюджеттин катышуусуз толугу менен республикалык Социалдык фондун каражаттынын эсебинен жогорулатылат.

Мисалы, Ч.М.Бабагулов курагы боюнча пенсия алуучу, 2023-жылдын 1-октябрына карата пенсиясынын ɵлчɵмʏ 4598 сомду тʏзɵт, анын ичинде пенсиянын базалык бɵлʏгʏ – 3170 сом, пенсиянын камсыздандыруу бɵлʏгʏ – 1228 сом, электр энергиясы ʏчʏн компенсация – 200 сом. 2023-жылдын 1-октябрынан тартып тɵмɵнкʏдɵй тартипте  индексацияланат:

 Индексациялоого чейин2023-жылдын 1-октябрынан тартып индексациялоодон кийин
Базалык бɵлʏк 3170 сом 3170 сом
Индексациялоого жаткан пенсиялардын камсыздандыруу бɵлʏктɵрʏнʏн суммасы (ЖЭ1+ЖЭ2) 1228 сом1228 сом
Электр энергиясы ʏчʏн компенсация200 сом200 сом
2023-жылдын 1-октябрдан тартып индексациялоонун  ɵлчɵмʏ——1228*1,38=1694,6 сом (+466,6), бирок 500 сомдон кем эмес
Тɵлɵɵгɵ пенсиянын жалпы ɵлчɵмʏ4598 сом5098 сом ( 3170+1228+500+200)

Э.К.Алыбаевге 2021-жылдын 1-июнунан тартып курагы боюнча пенсия чектелген, 2023-жылдын 1-октябрына карата пенсиясынын ɵлчɵмʏ 5259 сомду тʏзɵт, анын ичинде пенсиянын базалык бɵлʏгʏ – 3170 сом, пенсиянын камсыздандыруу бɵлʏгʏ – 1889 сом, электр энергиясы ʏчʏн компенсация – 200 сом. 2023-жылдын 1-октябрынан тартып тɵмɵнкʏдɵй тартипте индексацияланат:

 Индексациялоого чейин2023-жылдын 1-октябрынан тартып индексациялоодон кийин
Базалык бɵлʏк3170 сом3170 сом
Индексациялоого жаткан пенсиялардын камсыздандыруу бɵлʏктɵрʏнʏн суммасы (ЖЭ1+ЖЭ2) 1889 сом1889 сом
Электр энергиясы ʏчʏн компенсация200 сом200 сом
2023-жылдын 1-октябрдан тартып камсыздандыруу бɵлʏктɵрʏн индексациялоо  ɵлчɵмʏ 1889*1,38=2608,8  (+717,8)
Тɵлɵɵгɵ пенсиянын жалпы ɵлчɵмʏ5259 сом5976,8 сом (3170+1889+717,8+200)

Пенсиянын топтоо бɵлʏктɵрʏ боюнча аткарылган иштер

КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 20-майындагы №261 токтомуна ылайык, жеке камсыздандыруу эсебинен топтоо бɵлʏгʏндɵ пенсиялык топтоолору бар жана жеке турак жайы жоктугуна байланыштуу бʏгʏнкʏ кʏндɵ ипотекалык насыясы бар адамдарга, ошондой эле расмий никеде турган алардын жубайларына пенсиялык топтоолорду алуу укугу ыйгарылган. Мындан сырткары, расмий тартипте жумушсуз деп таанылса ʏч айдан ашык эмес мɵɵнɵткɵ жумушсуздук боюнча жɵлɵк пул катары калктын жашоо минимуму ɵлчɵмʏндɵ (2022-жыл 7800 сом) жана ɵмʏрʏнɵ олуттуу коркунуч туудурган оор ооруларга чалдыккан жарандар да пенсиялык топтолгон каражаттарынан арыз берип ала алышат.

Бул укуктарды колдонуп, 2023-жылдын 1-октябрына карата Ош шаардык Социалдык фонд башкармалыгына пенсиянын топтоо бɵлʏгʏнɵ топтолгон акча каражатын алууга укугу бар 1636 жаран кайрылып, аларга 8 млн. 981 миң 111 сом тɵлɵнʏп берилди. Анын ичинен 37 жаран багуучусунан ажырагандыгынан кийин кайрылып, фонд башкармалыгынан 1 млн. 101 миң 425 сом тɵлɵнʏп берилген.

Ал эми бул жылдын 1-октябрына карата ипотекалык насыя алып жаткан жана мурдагы ипотекалык насыяларын жабуу максатында камсыздандырылган адамдардын жеке камсыздандыруу эсептеринен инвестициялык кирешелерди эске алуу менен 150 жаранга топтолгон акча каражаттарынан 24 млн. 083 миң 234 сом тɵлɵнʏп берилди. Ошондой эле расмий тартипте жумушсуз деп таанылган 4 жаранга ʏч айдан калктын жашоо минимуму ɵлчɵмʏндɵ жалпы суммасы 70 400 сом жɵлɵк пул катары каражат чегерилген.