8 сентября, 2024

Мʏлк сатуудагы 10% киреше салыгы: кайсы учурда тɵлɵнɵт?

Жарандар: Эгерде мен 500 миң сомго унаа сатып алып, кайра 550 миңге сатсам пайда катары келген 50 миң сомго киреше салыгын тɵлɵшʏм керек. Бирок унааны оңдоп-тʏзɵɵгɵ кеткен чыгым да бар, салык тɵлɵодɵ аны кантип кɵрсɵтɵбʏз?

Ата-энеден мураска калган ʏйдʏ сатууда салык кандай чегерилет?

Курулуш компаниялары ремонтсуз берген тɵрт дубалды ɵзʏбʏз жасалгалап анан сатабыз да, анын чыгымы да эске алынабы?

Редакцияга келип тʏшкɵн жогорудагы суроолорго мамлекеттик салык кызматынын Ош шаары боюнча башкармалыгынын сектор башчысы Абдырай уулу Асылбек жооп берет.

“Мʏлктʏ пайдаланууда календардык жыл эске алынат”

-Салык кодексинин 191-беренесинин 6-пунктунда кɵрсɵтʏлгɵндɵй киреше салыгынан бошотулган тараптар деп анын менчигиндеги ʏй же транспорт каражатын бир жылдан ашуун пайдаланып, анан саткандар тапкан кирешесинен алынуучу салыктан бошотулат. Эгерде автоунаа, батир, ʏй, жер болобу сатып алып бир календардык жыл ичинде кайра сата турган болсо киреше салыгын тɵлɵɵгɵ милдеттендирилет.

Тараптар унаа же кыймылсыз мʏлктʏ оңдоп-тʏзɵɵдɵн ɵткɵргɵн болсо, анын уста менен келишими болуусу керек. Уста кɵрсɵткɵн кызматын счет-фактуранын негизинде кɵрсɵтɵт. Автоунаа тетиктерин сатып алса, ага да счет-фактура кɵрсɵтʏʏ керек.  Жылдын жыйынтыгы менен курулуш материалдарына жана тетиктерге кетирген чыгымдарын декларацияда товардын ɵздʏк наркын жана канчага сатылганын кɵрсɵтʏп, анан салыгын тɵлɵйт.

Ал эми ата-энесинен мураска калган ʏйдʏ бир жылдын ичинде сата турган болсо, ал ʏйдʏ акысыз алган болуп эсептелет да сатып жаткан сумманын баарына 10% киреше салыгын тɵлɵɵгɵ милдеттендирилет. Жогоруда айтылгандай ʏйдʏ ɵзʏнɵ каттап, оңдоп-тʏзɵɵгɵ кеткен чыгымын, курулуш компаниялары менен же курулуш материалдарын сатып алган дʏкɵн менен келишип, счет-фактураны кɵрсɵтсɵ, чыгымдалган сумма салыктан бошотулат.

Чет ɵлкɵдɵн бир адам бир транспорт каражатын алып келʏʏгɵ мʏмкʏнчʏлʏгʏ бар. Алып келген унаасын бир жыл ичинде сатпай турган болсо, салык тɵлɵбɵйт. Эгер бирден ашуун унааларды ɵзʏнɵ каттатып алып келип, саткандан пайда кɵрʏп жатса бул киши салык тɵлɵɵчʏ болуп эсептелет.

Мʏлктʏ сатуудагы маанилʏʏ маалымат!

Батир, ʏй же унаа сатууда тɵмɵнкʏлɵрдʏ эске алуу керек:

Эгерде мʏлк 1 жылдан аз убакытка менчигинде болуп, аны кайра саткан учурда андан алынган кирешеден киреше салыгын тɵлɵɵ керек.

Эгерде мʏлк 1 жылдан кийин сатылган болсо, анда мʏлк канча суммага сатылганына карабастан, салык тɵлɵɵ талап кылынбайт.

Мисалы, мʏлктʏ 3 миллион сомго сатып алып, бир жылдын ичинде кайра 3,5 миллион сомго сатты дейли. Киреше 500 миң сомду тʏздʏ жана бул суммадан 50 миң сом киреше салыгы тɵлɵнʏшʏ керек.

Бул жаңы норма эмес. Ал Салык кодексинин мурунку редакцияларында да болгон, бирок 2022-жылга чейин ээлик кылуу мɵɵнɵтʏ 2 жылды тʏзʏп келген, ал эми азыр бул мɵɵнɵт 1 жылга кыскарган.

2022-жылдан баштап киреше салыгы курулушка, жасалгалоого жана оңдоого кеткен чыгымдарды алып салгандан кийин эсептелет (чыгымдарды тастыктаган тиешелʏʏ документтер болгон учурда).

“Кадастр” жана “Унаа” мекемесинин маалымат базалары Салык кызматынын маалымат базасына интеграцияланган. Бул мʏлктʏ сатып алуу-сатууларга талдоо жʏргʏзʏʏгɵ жана салык мыйзамдарын бузуу учурларын аныктоого мʏмкʏндʏк берет.

Маанилʏʏ! Эгерде салык органынын чечими тапшырылган учурдан тартып 15 кʏндʏн ичинде салык калдыгынын толук суммасын жана туумдун жарымын тɵлɵсɵ, туумдун калган 50%ын тɵлɵɵдɵн бошотулуу мʏмкʏнчʏлʏгʏ бар.