Быйыл ОшТУнун колдонмо информатика адистигин бʏтʏргɵн Меңдайым Сʏйʏнбек кызы ден соолугунун мʏмкʏнчʏлʏгʏ чектелгенине карабай кɵптɵгɵн ийгиликтерди жаратты. Меңдайым жогорку окуу жайын аяктап жатып, президенттик стипендияга татыктуу болду. Меңдайым мектепти да мыкты аяктап, “мыкты окуучу” тɵш белгисин алган экен. Каарманыбыз окуу менен бирге бизнести да мыктылап ɵздɵштʏрʏп баратат. Ал “Ozgon Rice Products” деп аталган Ɵзгɵн кʏрʏчʏнɵн чай, печенье, скраб-маска жасап, инновациялык продукциясын иштеп чыгып, аны Америкага чейин экспорттоп жатат. Алдыга чоң максаттарды койгон каарманыбыздын келечекте майыптуулугу бар жарандарга атайын фонд ачып, аларды жумуш менен камсыз кылсам деген изги тилеги бар. Анын ийгилик сырларын окурмандар менен бɵлʏшʏʏнʏ туура кɵрдʏк.

– Саламатсыңбы, Меңдайым? Президенттик стипендиат болупсуң, куттуктайбыз. Дегеле ушул даражага жетишʏʏдɵ кандай сезимдер болуп жатат?
– Саламатчылык, рахмат. Президенттик стипендияны алуу оңой эмес, кɵптɵгɵн эмгектерди, билимди талап кылат. Менин бул стипендияны алуумдун негизги максаты грамота же акча ʏчʏн эмес, коомчулукта укук-мыйзам баарына бирдей экенин, майыптыгы бар жарандар дагы дени сак адамдар сыяктуу эле окуу жайга тапшырып, алар да ушундай деңгээлге жетсе болорун далилдɵɵ. Бул максатым аткарылды, бардык адамдарга ʏлгʏ болот деген ойдомун. Президенттик стипендияны алуу мага стимул болду, жашоомо дагы да болсо ʏмʏт кошула баштады. Анткени, стипендиядан кийин «мен бул сыйлыкка жетише алдым, демек мындан да чоң ийгиликтерди багындыра алам» деген ойлор менен жашап калдым.
– Ийгиликке жетʏʏ ʏчʏн кɵп эмгектенсең керек?
– Ийгилике жетʏʏ ʏчʏн бир гана чɵйрɵ менен чектелип калбоо керек. Мʏмкʏн болушунча ɵзʏңдʏ ар тараптан ɵнʏктʏрʏʏ абзел. Мисалы, мен университетте окуп жʏргɵндɵ эле окуу менен чектелбестен 5 долбоор менен иштеп жʏрдʏм, алардын айрымдары:
-2021-2022-жылдпры “Таасир этчʏ коридордогу айылдарды инвестициялоо ассоциациясы”-коомдук бирикмени жетектедим.
-«MamaCashe »долбоорунда тренер болуп иштеп келем.
-2020-жылдан бери «CASA-1000» долбоорунда “Коомдук кабарчы жана коомдук фасилитатор» болуп иштеп келем.
-2021-жылдан «UZGEN United» кайрымдуулук фондунда катчымын. Ушул аракеттеримди баалоо менен президенттик стипендиат боло алдым.

– Окуу менен кошо бизнести да кошо алып кетет экенсиң. Экɵɵнʏ кантип ʏлгʏрʏп айкалыштырып жатасың?
– Азыркы учурда окуу менен бизнести бирдей кошо айкалыштырып жатам. “Ozgon Rice Products”-инновациялык продукцияны иштеп чыккам. Тиричиликте кʏрʏчтɵн жɵн гана катардагы тамак-аштарды колдонууну гана билсек, “Ozgon Rice Products”-инновациялык продукциямда Ɵзгɵн кʏрʏчʏнɵн печенье, кʏрʏч чай, скраб-маска иштелип чыгат. Бул инновациялык продукция болгондуктан Кыргызыстанда биринчи жолу чыгып жатат. Жарыкка чыкканына аз убакыт болсо да бир канча бейɵкмɵт уюмдардан гранттарды утуп алдым. Азыркы учурда продукциям Бишкек шаарында сатыкка коюлган, андан сырткары Америка, Гания мамлекеттерине да сатуулар болду. 3 айдын ичинде жакшы жыйынтык деп эсептей алам. Учурда 2 адамды иш менен камсыз кылуудамын.
Жашым 22 де болсо дагы азыртан ийгиликти кɵп багындырганга аракет кылам. Анткени, ата-энем улгайып калгандыктан алардын кɵзʏ тирʏʏсʏндɵ алар менин жетишкендиктеримди кɵрʏʏ керек.
Окууну да, бизнести да алып кетʏʏ ʏчʏн сɵзсʏз тʏрдɵ план болуу кажет. Мен бир же эки кʏндʏк план эмес, мʏмкʏн болушунча бир айдан бир жылга чейинки пландарды тʏзʏп алам. Анткени багытты туура койсоң ийгиликке бат жетесиң, убактың да бош коробойт. Анан сɵзсʏз тʏрдɵ максатка жетʏʏ ʏчʏн эч нерседен тайсалдабоо керек. Бардык тоскоолдуктардын жолун тапса болот деген принцип менен жашайм. Мʏмкʏн болушунча эрте менен турганда жакшы ниетте иш баштоо абзел.
– Ден соолугунун мʏмкʏнчʏлʏгʏ чектелген адамдар кʏчтʏʏ болот деген сɵз чын окшойт?
–2001-жылы 27-декабрда Ɵзгɵн районундагы Кашка-Терек айылында жарык дʏйнɵгɵ келгем. Учурда экинчи топтогу майыптыгым бар. Бул омуртканын кыйшайышы. Негизи бул оору мен тɵрɵлгɵндɵн кийин пайда болгон, тɵрɵт учурунда дарыгерлердин шалаакылыгы себеп болгон. Бул нерсе 5 жашымдан баштап байкала баштаган. Дарыгерлердин диагнозу боюнча «тʏйʏлдʏктʏн ичинде майыптыгы бар болуп тɵрɵлсɵ бул кыздын акыл- эси да тайкы болуш керек» деп айтышыптыр. Сураштырып кɵрсɵк биздин урук-туугандардын арасында майыптуулугу бар бир да адам жок экен. Андан сырткары 5 бир тууганымдын баары ден соолуктары чың.
Негизи менин майыптуулугум бар болсо дагы эч качан чɵгʏп, ɵкʏнгɵн эмесмин. Менде болгон нерсенин баарына ыраазы болом. Наалыбаймын, майыптуулугум болсо дагы азыркы учурда ийгиликтерди багындырып жʏрɵм. Андан сырткары мотивацияны ата-энемден алам. Дайыма мени колдоп турушат. Алар менен сʏйлɵшкɵндɵ суроо берем: “ата-апа, мени келечекте кандай кыз элестетесиздер?” дегенде. Алардын бир гана жообу бар: “келечекте сени бир компаниянын жетекчиси, элге колдоо берген эң мыкты адам катары кɵрɵм” дегенде ан сайын жашоого болгон умтулуум кʏчɵйт.

–Бош убактыңда эмне менен алектенесиң?
– Бош убактымда ɵзʏмдʏ ɵнʏктʏрʏʏ ʏчʏн китептерди окуйм, бизнесимди ɵнʏктʏрʏʏ ʏчʏн продукциямдын ʏстʏнɵн иштейм. Мындан сырткары ашканада тамактарды жасоону жактырам. Адамдар менен коммуникация тʏзʏп, ойлорду анализдеп турам. Кесибим программалоо жаатында болгондуктан бул жаатта да изилдɵɵ жʏргʏзɵм, негизи ар бир ишти жасап жатканда ошол нерседен рахат алганды ʏйрɵнʏʏ керек деп ойлойм.
–Дагы кандай пландар бар?
–Негизи мен кичине болсом да аппетитим чоң (кʏлʏп) алдыга пландарды ого эле чоң коём. Мʏмкʏн болушунча майыптуулугу бар жарандарга фонд ачып, аларды жумуш менен камсыз кылуу, алардын укугун тепселетпей коомго кошуу. Андан сырткары ɵзʏмдʏн продукциямды бренд катары чет мамлекеттерге жайылтуу. Ата-энемдин ʏмʏтʏн актоо, аларга кызмат кылуу. Эң негизгиси дагы да чоң максаттарды коюу.
– Акыркы суроо болсун, келечекте Кыргызстанды кандай элестетесиң?
–Келечекте Кыргызстанды ɵнʏккɵн ɵлкɵ, эч нерседен артта калбаган, мекенибизде жалаң илимдʏʏ-билимдʏʏ, алдыга умтулган мекенчил уул-кыздардын болушун элестетем. Буюрса, ɵлкɵбʏздʏ ɵнʏккɵн ɵлкɵ катары кɵрɵ алам.
— Рахмат маегиңе, бар бол!
Бурулай Уланбек кызы

Окшош макалалар
Генералдын Оштогу сапары: Криминалдар тыйылып, соттордун маянасы 300 миңден ашканы айтылды
Баткен окуясына 26 жыл: Эскерʏʏсʏз калган эрдик
Yч облус элин тейлеген онкологиялык борбордун стратегиясы