28 апреля, 2024

УЮМДАШКАН КЫЛМЫШТУУ ТОП: КYРƟШТYН ЧЕЧYYЧY УЧУРУ

Мыйзамдагы ууру Камчы Кɵлбаевдин УКМКнын аны кармоо учурунда ɵлтʏрʏлʏшʏ кыргыз коомчулугунда эле чоң резонанс жаратып жатпаганы белгилʏʏ. Кɵлбаевдин ысымы буга чейин эле алыскы АКШга чейин дайын болуп, ага карата тиешелʏʏ мыйзамдык чара кɵрʏʏ аракеттери жана сунуштары болгону да маалымдалган. Жалпак тил менен айтканда,КМШ мейкиндигиндеги кылмыштуу дʏйнɵнʏн таанымал анабашысы Камчы Кɵлбеавдин “шиши” эбак эле толгону тʏшʏнʏктʏʏ.

ТОМСОРТКОН ТОКСОНУНЧУ ЖЫЛДАР…

 1991-жылдын 31-августунда Кыргыз ССРи  СССРдин курамынан чыкканы белгилʏʏ. Бийликтин жана укук тартибинин мурдагы институттары иш жʏзʏндɵ аракеттерин токтоткон. Ɵлкɵдɵ улуттар аралык араздашуулар, чыр-чатактар арбып, коомго каршы аракеттер ылдамдап, уюмдашкан кылмыштар активдешкен. Адам уурдоо, барымтада кармоо, буюртма ɵлтʏрʏʏ, мыйзамсыз курал жана стратегиялык сырье соодасы ɵңдʏʏ кылмыштар ɵскɵн.

90-жылдарда кыргыз кылмыштуу топтору алы-кудурети жагынан орустун белгилʏʏ уюмдашкан кылмыштуу топторуна жеткен эмес, бирок саны жагынан анча деле кɵп болбогону менен, мобилдʏʏлʏгʏ менен айырмаланып турганы маалым. Кыргыз кылмыштуу топторунун тар адистештирилген локалдык-обьективдʏʏ зонасы болгон. Бирок, бир нече жылдардан кийин эле бул топтор башкаруунун татаал иерархиясына,универсалдуу жана тар адистешкен, аракеттенʏʏнʏн кенен масштабына жана талаасына ээ чыккан кылмыштуу дʏйнɵгɵ чейин ɵсʏп жеткен.

1993-2001-жылдар аралыгында кол салуу жана ɵз ара териштирʏʏлɵрдʏн натыйжасында уюмдашкан кылмыштуу топтордун лидерлери Самат Аксимбаев, Имангазы Шамиев, Рашид Алканов, Ханапи Чегиров, Жамал Искаков ɵлтʏрʏлгɵн. Мындан тышкары,1996-жылдын апрелинен июнь  айына чейинки аралыкта ИИМдин пропускалар  бюросунун жанында, эки жолу  Бишкек ИИБнин жанында жана ошондой эле Аламʏдʏн райондук прокуратурасынын жанында жардыруулардын сериясы жʏз берген. Айрым маалыматтарга караганда, бул жардыруулар шаардыктардын жʏрɵгʏнɵ кол салып коюу максатында жасалган, бирок жардырууларды эч ким  мойнуна алган эмес жана аларга айып табылбаган бойдон калып кеткени маалым.

1996-жылдын жайында ИИМдин алдында уюмдашкан кылмыштуулукка жана бандитизмге каршы кʏрɵшʏʏ боюнча Башкы башкармалык тʏзʏлгɵн. Андан тышкары, Бишкек ИИБнин алдындагы Кылмыш изилдɵɵ бɵлʏмʏнʏн базасында ɵз алдынча башкармалык да тʏзʏлʏп, дурус иштерди жʏргʏзгɵн. Ал кездерде республиканын борбор калаасында киши ɵлтʏрʏʏ жана криминалдык териштирʏʏлɵр кɵп болуп, коомчулукту дʏрбɵлɵңгɵ салып турган. Полковник Шейшенбек Байзаков жетектеген бул башкармалык автономиялык структура катары 2001-жылга дейре иштеген. Бул мегилдин аралыгында башкармалыктын кызматкерлери тарабынан 1600 оор кылмыштын бети ачылып, 52 бандиттик топ жок кылынган, 43 криминалдык авторитеттер соттолгон.

ЭКИ МИҢИНЧИ ЖЫЛДАРДАГЫ КРИМКЫРДААЛ

2002-жылдын башынан тартып 2005-жылдын июнуна дейре Кыргызстанда 25 буюртма киши ɵлтʏрʏʏ жана адам ɵмʏрʏнɵ кол салуу катталган. Бул кылмыштардын курмандыктарынын арасында ишкерлер, саясатчылар, милициянын начальниктери, криминалдык “авторитеттер” жана кылмыштуу топтун катардагы мʏчɵлɵрʏ да болгон. Болгондо да 2003-жылы бандиттер тогуз буюртма киши ɵлтʏрʏʏнʏ ишке ашыршса, 2004-жылдын ʏч айында эле андайлардын саны алтыга жеткен. Эки миңинчи жылдын башында ИИМдин Кылмыштарды издɵɵ башкы башкармалыгын жетектеп турган Айтбек Сакуевдин маалымдашынча, бул кылмыштар Ички иштер министринин жеке кɵзɵмɵлʏндɵ болгон жана алардын айрымдарынын бети ачылууга жакын эле калган. Бирок, кандайдыр бир себептер менен кылмыштардын изи сууп кеткен. Анын айтымында, Кыргызстандын кримдʏйнɵсʏндɵ таасир чɵйрɵсʏн талашуу этабы  ɵтʏп кетти. Рэкет жана акча доолап, алдамчылык менен майдараак бандиттик топтор алектенишет. Ал эми ири уюшкан кылмыштуу топтор наркобизнесте атаандашышат. Республикабыздын тʏштʏктɵгʏ тʏндʏктʏк топтордон ɵзʏнчɵ тургансыган  наркобизнестик кылмыштуу топтор бул аймактарга наркотиканы анча деле кыйналбай ɵткɵрʏп жʏрʏшкɵн. Бирок Бишкекте транспорттук бардык тʏйʏндɵр бар экендигине байланыштуу, криминалдык талаш-тартыштар жана териштирʏʏлɵр ошонун айынан чыгаары тʏшʏнʏктʏʏ. Казакстан, Россия, андан ары Европага наркотиканы ким жеткирет деген маселеде териштирʏʏлɵр кɵп болот. Бишкекте наркобизнестин ɵтɵ чоң масштадагы акча айлантуусу жʏргʏзʏлɵт. Мыйзамдагы ууру Камчы Кɵлбаевдин УКМК тарабынан жʏргʏзʏлгɵн атайын операциясынын жʏрʏшʏндɵ ɵлтʏрʏлʏшʏ бул маселеге кандай жана канчалык мɵɵнɵткɵ чекит коет, айтууга же болжоого азыр  эртелик кылат.

ЭКСПЕРТТЕРДЕН ЭКИ ООЗ СƟЗ

Атайын кызматтын ардагери Таалайбек Жумадыловдун пикиринде, Камчы Кɵлбаевдин “ыйык тɵрʏ” бош калбайт. “Кылмыштуулук дʏйнɵнʏн бардык ɵлкɵсʏндɵ бар жана Кыргызстан андан четте кала албайт”,-дейт ал. “Дʏйнɵ тʏрдʏʏ тʏстɵ-кызыл, кара. Эмгектик, чыгармачылык ишмердʏʏлʏктɵр бар, криминалдык ишмердʏʏлʏк да бар. Болуп ɵткɵн окуялардан кийин жɵн гана таасир чɵйрɵсʏн бɵлʏштʏрʏʏ жʏрɵт. Кылмыш чɵйрɵсʏ ар дайым ɵкʏм сʏрɵт жана басып-жанчуу бир гана сталиндик режим же репрессиялар менен мʏмкʏн. Буга ким даяр? Тʏрмɵ бекерден пайда болгон эмес. Ыйык тɵр бош калбайт жана эгерде кылмыштуулук бар болуп турса, аны дайыма басып туруучу адамдар да боло берет”,-дейт ардагер чекист.

Республиканын экс-премьер-министри, Кыргыз Республикасынын экс-ички иштер министри Феликс Куловдун пикири боюнча, болуп ɵткɵн атайын операция- кокустук эмес. “Ачык булактардан алынган маалыматтарга караганда, бул операцияны бир эле жолку акт деп атоого болбойт”,-дейт ал. “Ага коопсуздук боюнча Улуттук комитетинин узакка созулган иштери ɵбɵлгɵ болду. Муну окуянын изи сууй электе эле бир топ кримтɵбɵлдɵрдʏн мыйзамдагы ууру статусунан баш тартканы жагдайындагы билдирʏʏлɵрʏ айтып турат. Бул ишке даярдык башынан  олуттуу кɵрʏлгɵн. Буга кошумча, азыр ага (Кɵлбаевге-ред) таандык делген миллиард долларлык тʏрдʏʏ кыймылсыз обьектилердин чоо-жайы аныкталууда. Бул дагы иштин тыкыр жана кɵп убакыттан бери жʏргʏзʏлʏп келгенинен кабар берет”.

“Отуз жыл ичинде Кыргызстанда жана Борбордук Азияда ОПГ( уюмдашкан кылмыштуу топтор) мыкты ɵнʏктʏ”,-дейт саясат талдоочу Кубат Султанбеков. “Ырас, алар мурда деле бар болчу, бирок дал ушул жылдарда бʏтʏндɵй трансулуттук болуп чыга келишти.Мындай чараларды кɵрʏʏнʏ бийликтен  эбактан бери эле кʏтʏп келгенбиз, мына эми жыйынтык бере баштады. Массалык маалымат каражаттырындагы маалыматка караганда, буга окшогон кɵрʏнʏш Казакстанда да болуп ɵткɵн”. Эксперттин пикиринде, трансулуттук кылмыштуулукка каршы кʏрɵштɵ Борбордук Азиянын бардык мамлекеттери  биригʏʏсʏ жакшы жыйынтыктыктарды берээр эле. Башкысы, бул башталган кʏрɵш кагаз же сɵз жʏзʏндɵ гана улантылбашы зарыл.

“Кылмыштуулук, тилекке каршы, жашап жатат. Ал буга социалдык себептер жана шарттар болгонго дейре жашай берет”,-деп белгилейт Феликс Кулов. “Кеп бул кылмыштуулук кандай деңгээлде экендигинде жатат. Мисалы, Японияда кылмыштуулук абдан тɵмɵнкʏ деңгээлде — эч ким кошелек уурдабайт. Бирок, ал ɵлкɵдɵ наркотрафик жана притондорду кɵзɵмɵлдɵп турган яхудза да бар. Азыр элдин коопсуздугун ойлонуу керек бул кылмыштуу топтор бʏткʏл мамлекеттик бийлик системасын тебелеп-тепсеп кетпеши керек. Сɵз жок, мындай аракеттери менен бийлик ɵзʏнɵ оңор эмес упай топтоо ниетинде  иштеп жатат. Бирок, бул нормалдуу кɵрʏнʏш. Ырас, алдыда дагы кɵп иштер турат жана алар  эркинен ажыратылган жайлар менен байланышкан. Бул маселелерде дестаблизацияга жол бербɵɵ зарыл. Ал эми Кɵлбаевдин саясатка аралаша баштаган таржымалын мен тиешелʏʏ оперативниктерден угуп калдым, Кɵлбаев 2020-жылдагы саясатка аралашкан эмес”.

 Абдираим Мамытов