13 мая, 2024

Сыныкчы Мурат Осмонов: “Ар бир омуртка бир орган менен байланышта болот”

Мануалдык терапиянын негизги максаты – жылып кеткен омурткаларды дары-дармексиз калыбына келтирʏʏ. Азыркы мезгилде химикат кɵп болуп, кальций азайып бара жаткандыктан адамдардын муун омурткалары тез-тез чыгып кетип жатат. Каарманыбыз мануалдык терапия менен 20 жылдан бери алектенген Мурат Осмонов.

Мануалдык терапия бул ɵнɵр дагы, кесип дагы

-Мага сыныкчылык эч кимден ɵткɵн эмес, ɵзʏмдʏн кызыгуум, каалоом менен келип калгам. 2003-жыл май айы эле. Телевизордон чыгыш медицинасы боюнча кыска жарнама чыгып, мага кызыгууну жаратты. Таң калдым, биздин Кыргызстанда дагы ушундай мектептер бар турбайбы деп барууну туура кɵрдʏм. Кɵптɵгɵн кыйынчылыктар менен издеп жʏрʏп, акыры Медер Итибаевтин колуна келип тʏштʏм. Ал чыгыш медицинасынын адиси эле. Дарбазадан кирерим менен эле жашы улгайып калган аялдар, кишилер, жаш балдар, орто жаштагы кыздар- балдар машыгып жатканын кɵрдʏм. 2003-жылы келип, 2004-жылдын жарымында инструкторлукка жетиштим. 2006-жылы Медер агай Алматы шаарына инструкторлукка сунуштап, 2008-жылга чейин иштедим. Ден соолукту чыңдоо гимнастикасы йога, цигун, арыктатуу ыкмасы боюнча сабактарды ɵтʏп жʏрдʏм. Ош шаарына келип, Юго- восток кичи районунда бир  медициналык борбордо иштеп калдым. 4 жарым жыл иштеп, кɵп тажрыйбага ээ болдум. Расул деген досум аркылуу Кытайдын ʏрʏмчʏ шаарында мануалдык терапия боюнча курс бар экендигин билдим. 2017-жылы Алматыга барып, ал курс боюнча окудум. Кайра Ошко келип, ишимди уланттым.

“Сɵɵктɵр бышыкталуусу ʏчʏн химикаттарды азайтуу керек”

-Бул тармакты бʏгʏнкʏ кʏнгɵ чейин практикалап келем. Бизге ар кыл оору менен келишет. Азыркы мезгилде грыжа жана омуртка оорулары абдан кɵбɵйгɵн. Себеби кальцийдин жетишсиздиги, кыймылдын аздыгы. Олтуруп иштегендерде айрыкча кɵп кездешип жатат. Негизи эле адамдарда кальций тɵмɵндɵп кетти. Бул дагы пайдалуу продукциянын аздыгынан деп ойлойм. Мисалы, таза эмес химикат, дрожжини жеп жатабыз. Дрожжи сɵɵктɵгʏ калцийди кууп таштайт. Ошого жараша адамдардын ден соолугуна карап гимнастикаларды беребиз. Омурткалардын жылгандарын карайбыз, карышууларды  кетиребиз. Мисалы, моюн омурткасы жылып калган болсо, оору башка же колго берет. Бел омурткасы жылып кала турган болсо, сɵзсʏз бутка берет. Табарсыкка да  бериши ыктымал. Омуртка сɵɵктʏн жылып калышы сɵзсʏз тʏрдɵ орган менен байланышта. Негизги  мануалдык терапияда омурткага кɵңʏл бурабыз.

“Алгачкы кардарым 200 сомго баалаган”

-Мен бул ишти алгач баштаган кезде кичинекей жерден кабинет алып баштаганмын. Ал кезде мануалдык терапия жɵнʏндɵ элдин тʏшʏнʏгʏ анчейин жок эле. 15-20 кʏн эч ким жок болсо да иштеген жериме барып кечке чейин олтуруп келет элем. Ошол учурда 60 жаштан ɵтʏп калган эже келди. “Сен кандай массаж жасайсың?”- деди. Тʏрлɵрʏн айтып бердим. “Менин буттарым ооруйт, какшайт, сенден бир массаж алып кɵрɵйʏн дедим” деп калды. Биринчи кардарым ошол эже болгон. Болгону 50 сомго жасайт элем. Ал эжеге жагып биринчи эле массаж алган мезгилде мага “Мурат, сенин массажың арзан, кел 200 сомго кɵтɵрɵбʏз”-деп мага 200 сом берди. Мен сага эртең 7 киши алып келемин деп келе турган саатты белгилеп кетти. Ишим башталганына аябай сʏйʏнʏп ичим жылып, толкундандым. Эрте менен 9 адам алып келип, 5 кʏн катарынан жасап кирешеге чыгып баштадым. 2009-жылы май айынан баштап менин ишим башталды. Медицина менен байланышы чоң болгондуктан бизге баш оору, бел оору, бут оору, омуртка аралык грыжа, тизе  оорулары кɵп келе баштады. Ал ооруларды томографияга тʏшʏрʏп  врачтын кɵзɵмɵлʏндɵ, врачтар менен кеңешип, профилактика тʏрʏндɵ жардам берип жʏрдʏм. Бир жолку мануалдык терапияны жасашыбыз азыркы учурда 500 сомго кɵтɵрʏлдʏ. Бишкекте 1000 сомдон 3000 сомго чейин жасалат. Ош шаарында элдин жагдайына жараша шартын карап 500 сомдук бааны койгонбуз.

“Бир бейтапты азыркыга чейин бекер дарылап келем”

-Эң оор жаракат менен келген кардарым 2017-жылы болгон. Чоң-Алайлык Эргеш деген аке. Бул киши Г формасында келген. Бешинчи, тɵртʏнчʏ омурткаларынын биринде  9 мм.  экинчисинде 12 мм. грыжа менен келген. “Мен сенин дарегиңди угуп келдим, менде грыжа бар, дарылап берсең болот эле”,- деп калды. Ал кишинин акыбалы аябай эле оор. Томографияңызды кɵрɵлʏ, калганы Алладан шыпаа деп кɵрсɵк грыжасы ɵтɵ оор, операция жасай турган абалга келип калган экен. Мен аны жоопкерчилигиме ала албадым. Операция кылдырыңыз, алдырыңыз деп айтсам кɵнбɵдʏ. Макул деп Эргеш акени дарылоону баштадык. Ал кезде дарылоо узактыгы 10 кʏн эле, ошентсе да ал кардарымда эч эле жылыш болгон жок. “Сизде жылыш болбой жатат, башка жакка кɵрʏнɵт окшойсуз, сиздин акчаңыз кетип жатат, мен кыжаалат болуп жатамын” дедим. Ага да болбой дарылоону уладык. 9 кʏн келди, эч жылыш болбоду 10-кʏнʏ дагы келди, дагы эле жылыш болбоду. Эки тарап тең кыжаалат болуп кала бердик. Ал киши ʏйʏнɵ барып уктап калган экен. 4-5 саат аралыгында уктап кɵл-шал болуп тердейт. Турса эле Г формадагы киши тʏптʏз болуп калганын сезет. Аябай сʏйʏнʏп 5 жарымда мага чалды. Ишканама келип калды. Тʏптʏз формасында кɵрʏп аябай таң калдым. Алла шыпаа берем дегени ушул болду окшойт. Мен жɵн гана себепчи болдум. Ал киши ыраазычылыгын билдирип 100 доллар карматып, бекем кучактап, кысып кɵзʏнɵ жаш алды. Мен ал кишини азыркыга чейин бекер карайм. Айыгышына себепчи болгонума аябай сʏйʏнɵм. Ошол киши менин эң оор келген кардарым болуп калды. Качан кайсы убакта чалып келсе дагы эч жок дебестен караймын.                   

                                                                                                            

“Кɵпчʏлʏгʏ бир жолкусунда эле айыгып кетишет”

-Мануалдык терапияда козголуп калган омурткаларды ордуна койгонго аракет кылабыз. Омуртка тутумдарын тʏздɵйбʏз. Бир жолудан ʏч жолуга чейин карайбыз. Кыйшайып калуу, кысып калуу, ар кандай оорулуулар келет, аларды бир жолу гана омурткасын тʏздɵп, нервтен ажыратып койгондон кийин жакшы болуп калышат. Кокус кармап калгандар бир жолу келишет. Бир аз ɵткɵрʏп алгандар эки же ʏч жолу, аралыгы жумасына бир жолу болот. Кɵпчʏлʏгʏ бир жолкусунда эле жакшы болуп экинчи кайталанбай калышат. Мен сага 5 жыл 3 жыл мурун келгем, ошол боюнча жакшы жʏрɵм дегендер толтура.

 Таңсулуу  Сʏйʏнали кызы