27 июля, 2024

“Мен аялмын дɵңгɵлɵктʏʏ дʏйнɵдɵ, Жашайм ʏнсʏз бул тагдырга кʏймɵнɵ”

Бʏкадича Акимжан – 1983-жылы Ноокат районуна караштуу Кыргыз-Ата айылында тɵрɵлгɵн. 2000-2005-жылдар арасында Ош мамлекеттик университетинин теология факультетин аяктаган. 2005–2008-жылдары Анкара университетинде педагогика тармагында аспирантурасын, 2016-жылы докторантураны бʏтʏргɵн. Учурда жогорку окуу жайда мугалим. ʏй-бʏлɵлʏʏ, эки уулдун энеси.

—  Ырларыңыздын кɵпчʏлʏгʏ кусалык, ыза сыяктуу сезимдерди чагылдырат экен.  Эмне ʏчʏн?

— Ырларда кусалык темасы басымдуулук кылары туура. Чет жерде жашап, иштеп жʏргɵндɵн кийин бул сезим ар бир адамдын жʏрɵгʏндɵ жашаса керек. Менин жашоомдун ɵзɵгʏ кусалык деп койсом деле болчудай. Мектепти бʏткɵндɵ эле чет ɵлкɵгɵ окууга кетип, ошол бойдон четте калып кеттим. Мекенге болгон, ата-эне, бир туугандарга, эли-жерине болгон, дос-туугандарга болгон кусалык  жʏрɵгʏмдʏн тʏпкʏрʏндɵ турат. Ошол балким, ʏмʏт отун жагып, алдыга умтулууга тʏрктʏ берет. Ыза болсо кусанын жан шериги. Куса болгондо жетип бара албайсың, жакшылык-жамандыкта аралаша албайсың дегендей ошолор ызаны пайда кылса керек. Ыза менен кошо таарыныч, тагдырга, ɵзʏңɵ, жашоого. Кɵɵдɵндɵгʏ кɵлкʏгɵн ойлор ырга айланып олтурганы ошондон улам.

— Аялдар темасы боюнча айтып бериңизчи.  Кыргыз аялдарынын турмушу жɵнʏндɵ.

— Аялдар темасы учурдун актуалдуу  темасы десек жаңылбайбыз. Баарыбызга маалым болгондой,  сырткы миграциянын басымдуу бɵлʏгʏн аялдар тʏзɵт. Турмуш тʏйшʏгʏн артынып алып, балам, ʏй-бʏлɵм деп жʏрʏп аялдар кɵп жерде ɵзʏн экинчи, ʏчʏнчʏ планга коюп, ɵзʏн унутуп коюшат. Аял аздектелбесе, сыйланбаса коом ɵзгɵрбɵйт. Анткени коомдун негизги кыймылдаткыч кʏчтɵрʏнʏн бири аял. Аял ɵзгɵрсɵ аалам ɵзгɵрɵт.  Аялдардын мойнундагы жʏгʏн тең бɵлʏшɵ турган мезгил келди окшойт. Тең салмактуулук сакталып, аялдын коомдогу ɵз орду баркталуусу тийиш деп ойлойм. Ырларымда аялдар темасына ɵзгɵчɵ басым жасап келем. Анткени мен ɵзʏм аялмын. Ошол кɵч жолун улаган кɵчмɵн калктын урпагы катары аялдын тʏйшʏгʏн да, азабын да, жыргалын да татып келе жатамын.

—  Мигранттар темасына да кайрылыпсыз. Ɵзʏңʏздʏ мигрант сезесизби?

— Мигрантмын ооба. Канча жылдан бери четтемин.  Мекендин да, четтин да ɵгɵй кызымын дечʏмʏн ɵзʏмʏ. Бул куса-ыза толгон учурларда айтылып калчу кеп. Мигранттын тʏйшʏгʏ, арманы, сагынычы, жыргалы кɵп. «Булбулду алтын капаска койсо, мекеним деп сайраптыр» деп коюшат тʏрк эли. Ошол сыңарындай четте баары жакшы болсо деле, Мекенге болгон кусалык тынчыбайт. Ɵксʏй бересиң. Мен ɵзʏмдʏ дагы эле арча жытуу, бийик тоолуу айылымда жʏргɵндɵй сезе берем. Мен тоолорду сагына берем. Миграциянын кɵйгɵйлɵрʏнʏн бири бул бизден кийинки муун, биздин балдарыбыз ɵз эне тилине, ɵз эли жерине, каада салтына ɵгɵй болуп калгандыгы. Бир муун ɵсɵт журтуна ɵгɵй болуп. Мен ʏчʏн эң чоң  кɵйгɵй ушул. Ɵзʏнʏн тегин билбей калабы деген убайым. Мигрант аялдардын тагдыры экинчи кɵйгɵйлʏʏ маселе. Чет жерде кандай кʏн кечирип жʏрɵт, келечеги, ден соолугу, ʏмʏтʏ, тилеги баары бʏдɵмʏк. Ошол бʏдɵмʏк ойлор тынчымды кɵп алат.

—  Кыргыз аялзаты катары сиздин жан дʏйнɵңʏз кандай?

— Менин жан-дʏйнɵм кыргыз аялзаты катары жаралуу. Ошол эле учурда кайраттуу.  Кɵчмɵн аялдын ааламдашкан дʏйнɵдɵ кээде алсыз кыйкырыгы болом, кээде шаңдуу чакырыгы. Биздин кɵɵнɵрбɵс элдик мураста сакталып калган кɵп нерсени дʏйнɵ эли жаңы таанып билип жатканы сыймыктандырат. Аалам менен айкалыша албай, аксап турган жактары жанымды кейитет.

— Азыр жан дʏйнɵңʏз  кандай?

— Азыр жан дʏйнɵм тынч. Издеген кɵп суроого жооп таба баштадым. Ɵзʏмɵ жаңы дʏйнɵ, жаңы багыт таап, азыр ошонун артынан кызыгуу менен изденип жʏрɵм.

—  Аялзаты катары буулугуудан, ʏй-бʏлɵлʏк рамкадан кантип чыктыңыз эле? Келин болдуңуз да.

— Кыйын суроо экен. Кантип чыктым? Ошол рамканын ичинде аябай кɵпкɵ жʏрдʏм. Ɵзʏмдʏ издей баштаганда анан жан дʏйнɵм ырлар менен  тынч ала баштады. Мендеги рамка бир эле ʏй-бʏлɵ менен чектелип калган жок. Ɵзʏм диний тармакта билим алсам, анан жазгандарым бул болсо деп. Ɵзʏм менен ɵзʏм кɵп кʏрɵштʏм. Ɵзʏңдʏ таанып биле баштаганда, терең казып окуй баштаганыңда эч кандай чек сени чектей албай калат экен. Ɵзʏң ʏчʏн ɵзʏң жооп бере турган жоопкерчиликти моюндаш керек. Буулугуу болсо кɵп болот. Андайда жакшы ыр окуйм, же музыка угам же менин буулугума себеп болгон нерсенин жообун издейм, китеп окуйм. 

— Сизди эмне кысат?

— Эркиндигим чектелсе кысылам. Ɵздʏгʏмɵ чабуул жасалса, сɵзʏмɵ маани берилбесе кысылам.  Туңгуюк нерсе кысат.

— Эмне эркин кылат?

— Ишеним эркин кылат. Бʏт жердеги ишеним, мамиледеги, ʏй-бʏлɵдɵгʏ, жумуштагы, достордун ортосундагы ишеним. Ошолордун ичинен эң эле аялуусу Кудайга болгон ишеним. Ɵзʏм дин жаатында окусам дагы  бул нерсенин маанисин, жаңыча маңызын эми аңдап билдим десем болот. Жараткан менен ширелишкен жакын мамиле тʏздɵн тʏз ата-эне менен болгон мамиледен кɵз каранды экен. Бул эми терең маселе.

Маматали кызы  Бʏкалча

ДƟҢГƟЛƟКТYY АЯЛ

Дɵңгɵлɵгʏ – турмуш жʏгʏ моюнда,

А кʏнɵɵсʏ ыйбаа-ызаат оюнда,

Эркек улук, эркек ыйык деп жʏрʏп,

Кɵп кордолду аял турмуш жолунда.

Дɵңгɵлɵктɵ ташы – турмуш муштуму,

Мелтиреген эне – чындык учугу.

Мерездиктер чакалаган суу болуп,

Тɵгʏлʏʏдɵ баштан-аяк утуру.

Кыргыз аял – дɵңгɵлɵгʏ мойнунда,

Ой-кыялы, ʏмʏттɵрʏ койнунда.

Жаакка чаап турмуш ɵзʏ тынымсыз,

Кол байлаган ишенимдер жылчыксыз.

Ɵлдʏ бʏгʏн… ɵлдʏ аял жʏрɵгʏ,

Муз каптады жылуу-жумшак тʏнɵгʏ.

Тирʏʏ ɵлʏк энелерди эстетип,

Аял турат… ʏнсʏз, ыйсыз тʏнɵрʏп.

Унчукпаган урса-соксо турмушу,

Улутунуп кайыл-дʏйнɵ турушу.

Ушаланып уч-кыйырсыз ааламга:

“Уккула!” – дейт, ачуу чындык ушуну!

Мен аялмын дɵңгɵлɵктʏʏ дʏйнɵдɵ,

Жашайм ʏнсʏз бул тагдырга кʏймɵнɵ.

ОЙ ТОЛГОО

Кɵɵдɵндɵ таарыныч… кусалык бар,

Узун жол… кɵңʏлдʏ улагыс, тар.

Кɵксɵɵсʏ кегимдин алынганда,

Кимдендир кечирим сурагым бар.

Жʏрɵктɵ кетпеген ызалык бар,

Кектесе кɵмɵкɵй чыдагыс, зар.

Кɵп нерсе кʏтпɵгɵн ɵмʏрʏмдɵн,

Кɵңʏлдʏн сыныгын сурагым бар.

Санаадан кетпеген убагым бар,

Сан ойду жектеген курагым ал.

Сапырып сенделген сезимдерди,

Сапарга жалгыздап чыгарым бар.

Бʏтʏмгɵ келбеген чечимим бар,

Чайналып бʏтпɵгɵн кечигʏʏм ал.

Каректе карааны калган ʏчʏн,

Кайрадан негедир кечиргим бар.

Жашоодон тʏңʏлгɵн убагым бар,

Аскадан таш болуп кулагым бар.

Ааламдан айласыз кетер кʏнʏ,

Артымда не калды… сурагым бар?

МИГРАНТ

Дʏйнɵнʏн бир бурчунда шарактаган,

Метронун ʏнʏ зээнин мазактаган,

Мигранттын кɵңʏлʏндɵ муң-зары бар,

Кʏлсɵ да, кʏлкʏ ууртуна жарашпаган.

Жуурулуп дʏйнɵ менен баратса да,

Жулунган ойлор дилди канатса да,

Журтуна ɵгɵй болуп бир муун ɵсɵт,

Мезгили ɵз ɵкʏмʏн талашса да.

Маңдайдан сылабаган мээрим тɵгʏп,

Мекендин кансыраган алын кɵрʏп.

Мигранттар бычак мизин басып барат,

Тагдырдын буйругуна араң кɵнʏп.

Дʏйнɵнʏн бир бурчунда шарактаган,

Ызы-чуу эзип дилди мазактаган.

Мигрантты мите курттай кемирет ой,

Тумандап кɵңʏл бугун таратпаган.

АЙТКАНСЫДЫ

Карегиңе катылган канча сырды,

Бир карашын кайталап айткансыды.

Куса менен арзуунун ʏйʏн кɵздɵй

Чагылышкан карегим баскансыды.

Качандыр бир жоготкон ошол сени,

Карап кɵзʏң… эски изин тапкансыды.

Кадалганын канчага эстей албайм,

Калып кетчи… кайра деп жаткансыды.

Сыйкыр бардай колуңда жалын болуп,

Бар турпатым алоолоп жаткансыды.

ʏнсʏз тиктеп карегиң кайра-кайра,

“Сʏйɵм сени эркем!” деп айткансыды.