8 сентября, 2024

Тоолук талант

Кара-Кулжа районунун Терек-Суу айылы кадимки Чакан-Таш тоосунун тʏбʏндɵ жайгашкан. Эстесем, биз жолуканда Нургелди 6-класста окуйт эле. Кезинде “Мен кыргызстандык экениме сыймыктанам”, “Ысык-Кɵл досторун чакырат” аттуу кароо-сынактарда аккордеон менен ырдап жеңишке жетишкен тоолук жигит Ошко студент болуп келди дегенди угуп, азыраак маек курдук.

Ныязалы атындагы Ош мамлекеттик музыкалык окуу жайынын вокалдык искусство бɵлʏмʏнʏн 1-курсунун студенти Шайлообаев Нургелди:

“Айылдагы Нургелдини жакшы деп ойлойм”

-Келечекке койгон максаттарымдын баары музыка жаатында. Ушул бойдон кетсе дейм. Мен ʏчʏн азыр баары ойдогудай. Окуудан сырткары онлайн немис тилин окуп жатам. Бул окуу жайды бʏткɵндɵн кийин Германиядан музыкалык билим алып келсем деген тилегим бар. Мурункуга салыштырмалуу ɵткɵɵл курактан кийинки, азыркы кездеги ʏнʏм такыр башка. Чакан-Таштагы Нургелдиге кɵнʏп калганга азыр бул жакта бир аз кыйынчылыктар болуп атат. Бул жакка да ɵз каалоом менен келгенмин. Бул жактын да жашоосун жашашым керек. Шаардын жашоо-шартына бир аз кɵнбɵй жатканга байланыштуу Чакан-Таштагы Нургелдини жакшы деп ойлойм. Шаардын жакшы жери ɵзʏңдʏ ɵнʏктʏрʏʏгɵ кɵбʏрɵɵк убакыт бɵлɵсʏң.

“Кичинекей кезимде аккордеон аябай оор болчу”

-Аккордеонду  коңшу айылдагы Маманов Эрназар агайыман ʏйрɵнгɵнмʏн. Эки жылда ойноп калдым. Бирок, бардык ырларды 3 жылда ойногонго жетиштим. 1-2-класстан баштап ийримдерге катыштым. Кичинекей кезимде аккордеон аябай оор болчу. Ырдай албай кыйналат элем.

 “Ырдагым келип, сагынып калам”

-Рыспай Абдыкадыровдун ырларын, патриоттук ырларды кɵбʏрɵɵк ырдайм. Тʏгɵлбай Казаков, Болот Миңжылкыев, Керим Тураповдун ырлары да жагат. Аккордеондон башка аспаптарды деле жакшы кɵрɵм. Комуз черткенди ʏйрɵнʏп баштадым. Сʏрɵт тартканга дагы кызыгам. Ырды болсо, кээде жазгым келгенде жазам. Спорттун волейбол тʏрʏн калтырбай ойнойм. Бирок, аккордеон кɵбʏрɵɵк жагат. Аккордеон группасы толуп калгандыгына байланыштуу вокалдык искусство бɵлʏмʏнɵн сабак алып жатам. Кышка жакын аккордеон группасына которулсамбы деген ойлорум бар.

“Чоңойгондо кыргыздын керегине жараган уулу болом”

-Чоң атам, “чыгармачылыгыңды дагы ɵнʏктʏрʏш ʏчʏн жакшы окуш керек. Эң башкысы, тартиптʏʏ, адамгерчиликтʏʏ, сылык бол, жаман сɵз сʏйлɵбɵ. Бирɵɵ жаман айтып атса дагы, ʏндɵбɵй кетип калыш керек”, -деп айтат. Чоңойгондо кыргыздын керегине жараган уулу болгум келет. Чоң атама, агайларыма, айылдаштарыма кɵп жардам берем. Бардык балдарга эч качан артка чегинбестен, болгону алдыга гана аракеттенип, бир нерсенин артынан тʏшʏшсɵ дейм.

Чоң атасы Шайлообай Мамаков:

“Мен уулумду кɵтɵрмɵлɵй берейин, уулум элин кɵтɵрсʏн”

-Балалуу болгуча, балалуу болгондон кийин чоңойгуча шашат экенсиң. Окуса, жакшы адам болсо, неберелʏʏ болсом дейт экенсиң. Кыргызда “балаңды бɵлʏп тынасың да, небереңден ɵлʏп тынасың” деген жакшы сɵз бар го. Небере деген мойнуңа минип, каякка болсо, чоң ата деп жумшай берет экен. Нургелди тили чыккандан эле булдурап-чулдурап ырдай берчʏ. Шок бала эрте токтолот экен. 2-классынан баштап аккордеонго кызыкты. Ар кимдин аккордеонун сурап берем. Бир-эки кʏн коюп алып кетип калат. Анан Оштон аккордеон алдырып бердим. Ɵзʏнʏкʏ болгондон кийин каалаган убакта пайдаланып калды. Агалары да Астанадан берип жибериптир, аяш атасы бир аккордеон белек кылыптыр. Аккордеонго зарыгып жʏрʏп, аккордеону кɵбɵйʏп калганда бирин коңшубуздун небересине белек кылды. Каерге чакырса, кандай конкурс болсо алып барам. Ɵнɵрʏ жакшы. Кудай буюрса, ʏмʏтʏбʏз чоң.

“Аккордеонун кɵтɵрʏп барып берчʏмʏн”

-Ийримге барганда аккордеонун кɵтɵрɵ албайт болчу. Сабагы башталарга жакын аккордеонун кɵтɵрʏп барып, классына киргизип коюп, сабагы бʏтɵр маалда кайра барып аккордеонун кɵтɵрʏп келип жʏрдʏм. Концерттерге  кел десе да кɵтɵрʏп барып, кайра алып келем. Эми чоңоюп, ɵзʏ кɵтɵрʏп барып келгенге жарап калды. Башында “азыр сен такшалгыча колдонулган эле аккордеон алып берем. Качан жакшы тартып, ырдап калганыңда жаңысын алып беремин” деп убада бергенмин.

Бʏкалча  Маматали кызы